Талаа күнү - дыйкандарга
жакындан жардам берүү үлгүсү
Элдин курсагын ачырбай, кампасын данга толтурган дыйкандар тынымсыз аракет үстүндө болушат. Камкор дыйкан эгин талаасында бир да данын калтырбай жыйнап алгандан кийин, келерки жылдын камын көрө баштайт. Бул көрүнүш ар жыл сайын кайталанып турат.
Азыркы учурда өлкөбүздүн аймактарында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо кызуу жүрө баштаган учур. Мамлекетибизде дыйкандар менен тыгыз иштешкен "Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору" жана "Дүйнөлүк банктын, кредиттик линияны башкаруу бөлүмү" "Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн көтөрүүнү колдоо" долбоорунун үстүндө иштеп жатышат. Долбоор туурасында толук маалыматты Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун окутуу боюнча эксперти Өткүлбек Шералиев айтып бермекчи.

- Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ишке ашырылып жаткан бул долбоор, азык- түлүк кризисине каршы ыкчам аракет кылуу үчүн Орусиянын Трастовой фонду тарабынан 6.85 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каржыланып, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан башкарылып келет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 96 КҮФ (Коомдук үрөн фонду) түзүлүп, бул фонддорго 2427 фермер мүчө болуп киришкен. "КҮФ"дун мүчөлөрүнө буудай, картошка, арпа жана беденин тандалма ылгамдарынан алынып берилген. Бардык үрөндөр 684,2 тонна. Ал эми, ушул берилген үрөндөрдү жеткиликтүү өстүрүп, сапаттуу түшүм алышы үчүн 977,0 тонна минералдык жер семирткичтерди дагы алып бергенбиз.
Долбоор кардарлардын айыл чарба иштериндеги өндүрүм-дүүлүгүн жогорулатууга, жүгүр-түү капиталын каржылоого мүмкүнчүлүк түзүүгө, фермердик чарбанын өндүрүштүк каражаттарын, айыл чарба техникаларын алууга көмөк көрсөтүүдө. Ошондой эле, маркетингдик инфраструктура объектилерин каржылоого көмөкчү боло алат. Долбоордун дагы бир тармагы боюнча Кыргызгидромет аркылуу аба ырайы тууралуу так маалыматты берип турууга, көмөкчү болуга шарты бар. Мындан тышкары, фермерлерге жашылчалардын, дан өсүмдүктөрүнүн жана ар кыл өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн алып бере алат. Жашылча өстүрүүгө көп учурда айылдык аялдар тобу тартылып келет. Ошондон улам өлкөбүздө 59 айылдарында 303 аялдардын өз ара жардам топтору түзүлдү. Бул топтордо 2050 аял биригип иштеп жатат. Булар үчүн 0,349 тонна (пияз, сабиз, капуста, кызылчанын, помидор, бадыраңдын үрөндөрү) сатылып алынып, таркатылып берилди. Долбоордун дагы бир тармагы фермерлердин деңгээлин жогорулатуу үчүн окутуу иш аракеттерине багытталган.

Бүгүнкү биз сөз кылуучу маселе, так ушул фермерлерди окутуу, тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-чараларына арналмакчы.
Аталган долбоордун максатына ылайык "Коомдук үрөндүк фонддорду" түзүү жана аны жайылтуу багытындагы иш-чаранын жүрүшүндө, жакырчылыкта жашаган жеке чарбаларды жогорку сапаттагы үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздап, иш алып баруу каралган. Мына ушул иш-чаралардын негизинде Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылдык аймагында түзүлгөн Коомдук үрөндүк фондунун эгин талаасында атайын фермерлер үчүн талаа күнү уюштурулду.
Төш-Булак "КҮФнун" жетекчиси Ильич Калдыбаевдин өстүргөн арпа, буудайларын көрүү менен фермерлерге талаа сабактары өтүлдү. Албетте, "Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун",-демекчи, СКСтин Чүй-Талас боюнча кеңеш берүү бөлүмүнүн адиси, агроному Эрке Искенова фермерлерге дан өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен кандай күрөшүү керектиги туурасында кеңири айтып берди.
Дан эгиндеринен мол түшүм алуу үчүн фермерлер өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатууга дилгирлиги көрүнүп турат. Эмесе, талаа мектебинин окуу учуруна бир аз көңүл бөлөлү.

Төш-Булак айылынын тургуну Солтонбеков Апуда:
- Бизге дан эгиндерди ар кандай зыянкечтерден коргоонун жолдорун окутуп келишет. Мага өзгөчө өзүбүздүн ата-мекендик өндүрүштөн чыккан биолигнин, триходермин сыяктуу дары-дармектери жакты. Өз огородума картошканы эгерде биолигнинге чылап туруп эккен элем. Эми картошкамдын өсүшү жылдагыга караганда жогору болуп турат.
Панфилов, Сокулук районунан келген дыйкандар Ильич баштаган "КҮФнун" эгин тааласында текши бышып, жетилип турган дан эгиндерине суктана карап жатышты. Өздөрүнө кызыктуу болгон суроолорду беришип, Эрке Искенованын ар бир дары-дармекти кайсы убакта, кандай пайдаланышы туурасындагы жоопторун жазып алгандары, учурда дыйкандардын көптү үйрөнүп, тажрыйба топтоого умтулгандыктарын далилдеп турат.
Бул жерде жалаң гана дан эгиндеринин зыянкечтери же тамчылатып суугаруу туурасында суроолор болбостон жашылчаларды, картошканы зыянкечтерден кантип коргоо тууралуу дагы сөз болду. Кадимки эрмен же шыбакты, ачуу кызыл калемпир менен кошо кайнатып, 10 литр сууга аралаштырып чачуу кадимки коларада коңузуна каршы бирден-бир дары болоорун айтканы элге жакты.
Чындыгында жылда бир түр дарыны пайдалана бергенде зыянкечтер ошого көнүп калышып, жок болбой эле көбөйө берет - дешет.
Бул жерде дыйкан-фермерлер өздөрүнө көптөгөн маалыматтарды алышты. Долбоордун алкагында түзүлгөн "КҮФдун" мүчөлөрүнүн алдыңкы дыйкандары өткөн жылы дан эгиндеринен гектарына 70 центнерден түшүм алышканын сыймыктануу менен сөз кылышты. Быйылкы кургакчылыкка карабай башка дыйкандарга караганда мол түшүм алышарына ишеним бар экендиктерин айтышты.

Кызылча дыйкандарга көп пайда алып келет

Таза абасы, тунук суулары менен сыймыктанган республикабыздын дыйкандары, сырттан келген туристтерди экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрү менен суктандыра алышат. Союз мезгилинен бери кызылча өстүрүп келген дыйкандар, кийинки мезгилде кызылчанын түшүмдүүлүгүн жогорулата алышпай, ар кандай оорууга чалдыктырып алышкандыктан, Чүй облусунун айрым райондорунда кызылча өстүрүүгө кызыкпай да калышкан эле. Акыркы мезгилде дыйкандардын жолун кеңири ачкан Кайыңды-Кант заводу болду. Дыйкандар көп жылдан бери пайдаланып келген кызылча ылгамдарын артка сүрүп, Европадан кызылчанын жаңы ылгамдарын алып келишти. Ошону менен катар дыйкандарга кызылча өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын окутуп үйрөтүүгө багыт алышты. Бул иш аракеттерди жүргүзүүдө дыйкандар менен тыгыз иш алып барган "ТЕS"- окутуу-кеңеш берүү борбору алгылыктуу аракеттерди жүргүзө алды. Аталган коомдук уюм өткөн айда Чүй районунун Мээнеткеч айылында дыйкандарга талаа күнүн өткөрүшүп, кезектеги окутуу, үйрөтүү тажрыйба алмашууну жүргүзүштү. Чүй облусунун Кемин, Чүй райондорунан дыйкандар катышты. Кайыңды-Кант заводунун өкүлдөрү дыйкандарга кызылчаны жыйноочу техникалардын үлгүлөрүн көрсөтүп, алардын артыкчылыктары туурасында айтып беришти. Кайыңды-Кант заводунун директорунун орун басары Медетбек Умаржанов дыйкандарга кеңири түшүнүк берди.
- Кант кызылчасы дыйкандардын экономикалык абалын чыңдоодо чоң өбөлгө болуп келет. Быйыл да мурдагы жылдагыдай эле келишим менен иш алып барабыз. Мурда Панфилов, Аламүдүн райондорунун дыйкандарына жылда кызылчанын бир тоннасына 75 килограммдан шекер берип келсек, быйыл аларга 1 килограммдан кошулду. Жайыл районунун кызылчачылары 3 килограммдан кошуп алышат. Ал эми, дыйкандар айтып келе жаткан сатыктын баасын бизге антимонополия комитети азырга чейин чечип бербей келет.
Кызылчанын уругу боюнча айта турган болсок, европалык үч фирмадан алып келдик. Жогорку сапаттагы уруктар дыйкандардын кызыгуусун жаратты. Мурдагы эгип жүргөн кызылча уруктарынан айрымаланып, Астра ылгамындагы уруктагы кызылчанын өсүшү жогору болуп жатканын айтып жатышат. Негизи кызылчаны өстүрүүдө технологиялык эрежелер өтө бекем сакталышы керек. Анткени, кээ бир дыйкандар көп көңүл бурбагандыктан гербидциддерди колдонууда катачылыктарга жол берип коюп жатышат. Дагы бир айта кетчү жагдай, Панфилов, Сокулук райондорунда өстүрүлгөн кызылчалар жогорку деңгээлде десек туура болот. Ал эми, Чүй аймактагы кызылчанын өсүш деңгээли төмөн болуп турат. Себеби, гербицидди туура колдоно алышкан эмес.
Талаа күнүндө дыйкандарга эң керектүү дары-дармектерин алып келген фирмалардын өкүлдөрү дагы перепараттарын кандай колдонуш керектиги туурасында жеткиликтүү маалыматтарды беришти. "Бай жер" ЖКЧнын агроном адиси Эдил Калманбетов камыш баскан талааны кантип тазалоого болоорун сураган Кемин районунан келген дыйкан Нияз Акунга, ал үчүн "Санраунд" дарысын кандай пайдаланыш керектигин айтып берди: - Бул перепаратты жерди айдоодон мурда сээп чыгат. Беш күндөн кийин жерди айдап себүү иштерин жүргүзө берсе болот. Өстүрүлүүчү өсүмдүктөргө эч кандай зыян келтирбейт. Мына бул турган перепараттар негизинен кошумча азыктандыруучу заттар болуп эсептелинет. Өсүмдүктөрдүн тамырына жана жалбырактарына күч кубат берет, көбү жүгөрүдөн жасалгандыктан өсүмдүктөргө эч кандай залалы тийбейт.
Кызылчабы же башка өсүмдүктөр болобу азыр трактор менен дарылап жатышат. Тракторго чиркелген жабдууга дарыларды сууга аралаштырып чачышат. Ошондо дыйкандар өтө сак болуп, өзүнүн эгин талаасына келгенге чейин кайсы дарыны кандай өсүмдүккө чачты, ошону билип алышы керек. Же болбосо дары аралаштырылган бочкасын таза жууп салып андан кийин өзү даярдаган кошумча азыктарды куйганы оң. Антпеген күндө мурунку перепарат дан эгинине арналган башка багыттагы дары болуп, бул жерде зыян алып калышы толук мүмкүн.
Ушул эле күнү дыйкандар кант кызылчасынан кантип мол түшүм алууга болоорун, кантип дарылоо керектигин үйрөнүп кайтышты.

Нуржамал Курманкулова