Кыргыз жаңгагы европага сатыла баштады
Кыргызстандагы жаңгак продукциясы европалык кардарларга адилеттүү соода-сатык принциптери менен (фейртрейд) чыкканы жатат. Бул жумушту донор уюмдардын көмөгү менен Кыргызстандагы "АгроЛид" коомдук бирикмеси ишке ашырууда. "Эгерде ушул жаңгакты жакшы баада сатуу жолун жакшы жолго коюп алсак, биздин жашоо турмушубуздун акыбалы гана жакшырбастан, келечекте токойдун экологиялык абалы дагы онолот эле"- дешет, Жалал-Абад облусунун токой пайдалануучулары. Жалал- Абад жаңгак токоюнун продукциясын Европага сатуу иши кандайча уюшулуп жатканы туурасында "АгроЛид" коомдук бирикмесинин директору Касеева Гульназ Кубанычбековна буларга токтолду.

- Долбоордун аталышы "Жангак боюнча кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү", башкача айтканда жаңгакты Европанын базарына чыгарып сатуу, таанытуу. Негизги максаты - акыйкаттуу соода-сатык принциптерин киргизүү менен жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болду. Негизги донорлор Голландиялык ICCO жана Германиялык GIZ уюму болуп жатат. Долбоорду ишке ашыруучулар "Fair Match Support" деген Голландиялык уюм жана "АгроЛид" кеңеш берүүчү уюму болду.
Алгач Европадагы "Интерснек" деген чоң компания Кыргызстандан жаңгак сатып алууга кызыкдар экенин билдирген. "Жөн эле жаңгакты сатып албастан "фейртрейд" (Fairtrade) же акыйкаттуу соода-сатык принциптерине ылайык сатып алабыз " - деген идея менен чыккан. Бул идеяны "Fair Match Support" деген Голландиялык уюм бизге алып келип, бизде ушундай сатып алуучу бар, келгиле иштешели деген демилге которуп, Голландиялык ICCO жана Германиялык GIZ уюмдарына кайрылып, былтыр сентябрь айында долбоор башталган. Өнүккөн Европа өлкөлөрдө ушундай акыйкаттуу соода-сатык жүргүзүү деген марка бар. Башка продуктылар менен катар бул товар турса эл ушул нерсеге чоң маани беришет. Мунун таржымалына кайрылсам, айыл чарба продукцияларын өстүрүүнүн башында карапайым дыйкандар турат эмеспи. Ортодо ортомчулар алардан арзан баада сатып алат дагы Европадагы эң акыркы сатып алуучу кардарга кымбат баада жетет. Анан бизге окшогон эле кеңеш берүүчү компаниялардын бири, "Эмне үчүн бул акыйкатсыз соода-сатык болуп жатат. Башында маңдай тери менен өндүргөн адам аз акча кармап, эмнеге бардык кирешени ортодогу алып сатарлар алышы керек?" - деп маселе көтөрүп чыккан. Анан "Келгиле бир акыйкаттуу марка жасайлы. Дыйкандарды иштетүүдө аларды кыйнап иштетүү, кул сыяктуу жумшоо деген болбосун, балдардын эмгегин пайдаланбасын, биз колдоно турган продукциялар химиялык дары-дармектер кошулбастан, таза экологиялык шартта өстүрүлсүн деген" - маселе коюшкан. Кыскасы, бардык тарабынан адилеттик менен акыйкаттык болсун деп чыгышкан. Жыйынтыгында ушул марка пайда болду. Бул маркадагы продукция башкалардан кымбатыраак сатылат. Себеби, катарлаш сатылып жаткан товар менен ортодогу айырмасы ошол начар турмушта жашаган дыйкан, фермерлерге сыйлык катары кайра кайтып барат. Бул дагы кайрымдулуулуктун бир түрү болуп эсептелинет.
Анан биздин алдыбызда токой пайдалануучулардын башын бириктирүү, уюштуруу керек деген чоң максат турду. Себеби, "фейртрейд" принциби менен сатылган продукциянын "фермерди ыраазы кылуу" сыйлыгы бир адамга же бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, уюшулган топко келет. Ал топ юридикалык жактан катталган болушу керек. Анан биз 8 токой чарбасына барып жергиликтүү элге түшүндүрүп, жыйын өткөрдүк. Иштешебиз дегендерди тандап алдык дагы жана аларды кооперативге уюштурдук. Анан уюшулган кооперативдин өндүргөн продукциясын эл аралык тамак-аштын коопсуздугу боюнча стандарттарына ылайыктап, жаңгакты кайра иштеп чыга турган компания керек болгон. Көп компаниянын ичинен "Вега плюс" деген компанияны тандап алдык. Азыр бул компаниянын эл аралык "тамак-аштын коопсуздугу стандарттары" боюнча окутуп калыпка салып келе жатабыз. "Вега плюс" компаниясы азыр дүйнөлүк рыноктун талабына шайкеш чыгышы үчүн зарыл болгон шаймандарды сатып алып, атайын цехтерин иштетип чара көрүп жатат. Булардын оюу деле ушул жаңгак продукциясы европалыктардын көңүлүнө төп келип, жакшы өтүп кетсе деген ойдо.

"АгроЛид" уюму маалымат чогулуштарын өткөргөндөн кийин 2013-жылдын ноябрь айында "Кыргыз токой байлыгы" деген кооператив түзүлгөн. Буга 5 токой чарбасында эмгектенген 200гө жакын токой пайдалануучу кирген. Кооперативдин "фейртрейд" маркасынын талаптарына туура келе турган атайын уставы да иштелип чыгып, бүгүнкү күнү ишин ийгиликтүү жүргүзүүдө.

Эллен Михель, "Туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн бирге аракеттенүү" программасынын координатору:

- Вега Плюс менен "Кыргыз токой байлыгы" кооперативинин алдында дагы көп жумуштарды аткаруу турат. Экспорт маселеси жакшы чечилиши үчүн бул экөөнүн ортосунда өз ара ишеним бекем болушу керек. Жергиликтүү адамдардын демилгеси тууралуу айтсам, башталышы жаман эмес. Кооперативдин алдына койгон стратегиялык пландары аткарыла баштаганда иш мындан дагы активдүү жүрөт деп ойлойм. Анткени, ар бир токой пайдалануучу, "Бул менин дагы ишим, максатым, буга сөзсүз салым кошуум керек"-деп өзүнө жоопкерчилик алышы керек. Мен өзүм "Экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү" - деген долбоор боюнча иштеп жатам. Мындан тышкары, биздин уюмда "Жаратылыш ресурстарын туруктуу өнүктүрүү" - деген долбоор бар. Ошолор азыр токой чарбасы багытында дагы кайсы продукцияларды өнүктүрсө болот деп изилдеп, тактап жатышат. Биздин изилдөө бүткөндөн кийин алар экономикалык жактан алганда кайсыл багыттар жергиликтүү тургундарга пайдалуу жана жаратылыш ресурстарына зыян келтирбей турганы кайсылар деп аныктап, чечим кабыл алышат. Анткени, негизги максат - жаратылыш ресурстарын туруктуу жана сарамжалдуу өнүктүрүүнү көздөйт.

Мира Субанкулова, БУУнун өнүктүрүү программасынын "Ош облусунун аймагын комплекстүү өнүктүрүү программасы" долбоорунун менеджери:

- Азыр бул аймакта кооперативди түзүү боюнча жакшы иштер башталып жатат. "АгроЛид" уюму жасап жаткан моделди бүткүл Кыргызстанга таркатыш керек. Өзүм иштеген Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасында дагы бир топ жакшы долбоорлору бар. Кооперативдин ишин карап көрүп ушул форматта иштетиш керек экен деп калдым. Биринчиден, бул кооператив фермерлердин башын бириктирет экен, экинчиден, жакшы иштеп жаткан ишкерлер аркылуу жаңы жумуш топторун орундарын түзсө болчудай. Анан Кыргызстандагы экспортко чыгара турганга ылайыктуу продукцияларды тандап, ошонун үстүндө иштегени абдан жакшы эмеспи. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат. Демек, бул форматта иш жүргүзүүнүн келечеги кең деп ойлойм. Азыркы учурда "Кыргыз жаңгагы" - деген бренд чет өлкөдө жок. Биздин өлкөдөн жаңгак чыгып эле жатат, бирок, ал жерден ошол мамлекеттин эгидасы менен башкача чыгып жатат. Азыркы ишкерлердин пикирине таянып айта турган болсом, биздин жаңгактар Иранга, Түркияга, Иракка кетип, ал жактан сорттолуп, кайра иштетилип Түрк жаңгагы же башка жактын жаңгагы деп чыгып жатат. Ошон үчүн кыргыз жаңгагы деп чыгыш үчүн эл аралык стандартка туура келишибиз керек. Келечекте Кыргызстанда чыккан продукция өз аты, бренди менен дүйнөлүк соода базарларында татыктуу орун алышы керек деп ойлойм.

Бактыбай Жоошбаев, "Кыргыз токой байлыгы" кооперативинин фейртрейд боюнча адиси:
- "АгроЛид" уюму кооперативди уюштургандан бери иш алдыга жыла баштады. Ага чейин фермерлерде бир кызыкчылыкты көздөгөн уюм жок эле, бир идеяны көздөп башын бириктиришкен эмес. Жөн гана токой чарбада токой пайдалануучу болуп иштеп, чогултуп алган жаңгактарын базарга алып келип сатып, оокат кылышчу. Азыркы максатыбыз кыргыздын токойлорунда өндүрүлгөн продукцияларын экологиялык таза продук катары сатуу, "фейртрейд" бренди менен дүйнөнүн базарларына таанылуу болуп жатат. Келечекте жаңгактан тышкары мисте, бадам, алма мөмөлөрүн жыйнап, маңыздарын чагып чет өлкөгө чыгарсак деген ой бар. Андан тышкары, дары чөптөр, аарычылыктын продукциясы ж.б. нерселер бар. Эң башкысы, булар тоолуу аймактардагы токой пайдалануучулардын жашоо турмушун жакшыртуу максатында жардам берели деп жатат да. Эл муну түшүнүп, колдошу керек.

Эрмамат Дооронбаев, Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын тургуну:

- Биз ушул "АгроЛид" уюмуна абдан ыраазы болуп жатабыз. Атайын алыстан бери келип, ушул жерлгиликтүү элге пайда болсун, жаңгагыбызды Европага чыгаралы деп жатышат. Эгер булардын азыркы түзгөн планы ишке ашса, абдан жакшы болот деп турам. Көп иштерди жасоо жагы каралыптыр. Мынакей ушуларды бапестеп чогултуп алып сатыкка чыгаруу керек деп долоно, ит мурун жана башка бир топ дары чөптөрдү жазышыптыр. Азыр алардын айрымдарын тере турган маалы келди. Бизде ошол буга чейин аларман жок болгондуктан, эл кызыгып иш кылган жок да. Дары чөптөрдү кандай чогултуп, кантип кыркып алыш керек, жыйнап кургатканда кандай жол менен дайындаш керек дегенди билбейбиз да. Ошонун бардыгын акырындап элге үйрөтүп, окутуп аларман таап берип иш кылса, биз айланайын деп эле иштешкени турабыз. Мисалы, бизде, алма, алча, жийде, мисте дегендер терилбей эле калып жатпайбы. Эгер анын бардыгы ирээти менен чогулуп, жакшынакай жыйналып сатылып турса, жергиликтүү элдин акыбалы албетте оңолуп, жашоо кызыгыраак боло баштайт да.

Тариэл ЧУҢГУЛОВ