Мал дагы киши сыяктуу эле дарыланууга муктаж
Жаз келгени айылдагы эл жарыша малды тоого эртерээк жөнөткөндүн камын көрүшүүдө. Бирок, ветеринарлар малды тоого кубалагандан мурда анын ден-соолугуна көңүл буруп, жакшылап дарылап туруп жөнөткөнгө кеңеш беришүүдө. Анткени, жүдөгөн мал тоого кеткенден кийин, ал жактан тыңып оңоло албай дайыма малдын артында сылтып калып жатып, акыры кашкөй кашабаңдын курсагына илинип кетиши да ажеп эмес. Табигаттын санитары аталган жыркычтар дагы ошол илең-салаң баскан жаныбарды биринчи кууп жетип, жандуу жаратылышты оорукчандардан тазалап турат эмеспи. Эмесе, малды жайлоого айдаардан мурда кандай профилактикадан өткөрүү керектиги туурасында Сокулук районунда жашаган тажрыйбалуу ветеринар, малды жасалма уруктандыруу боюнча мыкты адис Султан Каракиновдун кеңешин тыңшасак ашыктык болбос.


- Саламатсызбы Султан байке, мына күн жылып жаздын акыркы айы башталып жатпайбы. Негизи жаз келгени малга карата кандай эмдөө иштерин жүргүзүү керек?
- Негизи фермер колдон келсе өзү жаз чыгаары менен ветеринарга келип кайрылышы керек. Азыр жакшы, көбү кайрылып, "Эмдөө иштерин жүргүзсөм дедим эле, малды жакында тоого кетирет элем, эмне кылышым керек, кандай иштерди жасаш керек?"-деп кайрылып жатышат. Эң биринчи, малды жайытка чыгараар алдында адегенде куртун түшүрүп, иммунитетин бекемдегенге кам көрүш керек. Бул уй, кой, жылкы, эчки бардыгына таандык. Анткени, көпчүлүк мал кыштан эптеп септеп чыгат, иммунитети начар болот. Көп кишилер малды бакканды билбейт, тоютка маани бербейт. Семиз, мыкты кылып, жылтылдатып кармагандын ордуна чөп-жемин үнөмдөп, эптеп жазга чыгып кетсе көк оттоп кетет эле деп шыпшынышат. Эгер мал тоого ошол бойдон кетсе иш чатак. Жайыттарга чейин ветеринарлардын жетиши кыйын да. Тоого баргандан кийин ал жактан каралбай калат.
- Ичтеги курт негизи эмнеден пайда болот?
- Курт-кумурса негизи жерден пайда болот эмеспи. Чөп көтөрүлгөндө кийин кошо чыгып малга жугат. Демек, тоого жиберер алдында 10 чакты күн мурда куртун түшүрүп тазалаш керек. Анан мал өзүн оңоп, иммунитети көтөрүлүп, түркүн оорудан сактай турган саламаттыгы чың болот. Ошондо анан кийинки эмдөөгө даяр болот.
- Куртун түшүрүү ишин алсак, ар бирине кайсы дарыларды бериш керек?
- Мисалы, койлор кыштан чыккандан кийин күн ысый баштаган сайын дене башы кычышып, котур, лишай деген сыяктуу оорулар күчөйт. Ушунун бардыгына ивермек деген дарыларды сайыш керек. Бул дарылар уйга, жылкыга, койго, эчкиге бардыгына кете берет.
- Канча өлчөмдө сайылышы керек?
- Эми инструкция боюнча мисалы, ивермектики 50 кг. салмакка дозасы 1 грамм деп эсептелет. Азыр бул препараттар Кытай, Түркия, Индия, Россия ж.б. мамлекеттерде бардыгында чыгып жаткандыктан сапаты ар кандай. Менин оюмча 1 граммды 50 кг. салмакка деген аздык кылат. Чоң койлорго 2 граммдан деп көбүрөөк эле сайыш керек. Ошондо ишенимдүүрөк болот.
- Ивермектин баасы базарда канча турат?
- 100 граммдыгы 200 сомдун тегерегинде турат. Негизи 50 сомго чейинки айырма менен ар кандай баа кармалып турат.
- Ар кайсы өлкөдөн чыгат дебедиңизби, алардын ичинен кайсынысы жакшы?
- Эми тажрыйбада бардыгы эле колдонулуп жүрөт, алардын ичинен кытайдыкы көп колдонулат. Анткени, баасы 120-150 сомго чейин болуп атат. Райондордо кымбатыраак сатылат. Эффектиси бирдей эле. Россиядан, Түркиядан чыккандардын сапаты жакшы деп айтаар элем.
- Сиздер ушул дарыларды сайып, көп колдонуп жүрөсүздөр да, бирок, натыйжа бербей калган учурлар болду беле?
- Андайлар да болот. Мисалы, котур, лишай деген убагында сайылбагандан улам өтүшүп кеткен учурлар болот. Койдун жүнү түшүп айласы кетип, тырманып, кашынып эле калган учурда дозасын көбүрөөк кылып же кайра кайталап эки жолу сайганга туура келет. Негизи жылына эки ирет, жазда анан күздө кылып эки сыйра колдонуш керек. Бул ивермек теридеги, өпкөдөгү курттарды жок кылат. Боор менен ичегидеги, карындагы курттарды түшүрө турган дарылар башка. Буга болсо биз Албен, Албендазол, Албенол деген дарылардын таблетка түрүндөгүсүн колдонуп жүрөбүз. Негизи колдон келсе бул эки түрлүү мите курттардын экөөнө тең сайыш керек. Бирок, ортосунда интервал болушу зарыл. Аралыктарын 8-10 күндөн тыныгуу кылып сайган туура.
- Ивермекти суук кезде сайса болбойбу?
- Боло берет. Мал кышкы убакта бир жерде камалып көп туруп калат эмеспи. Ошондо кашынып, түркүн мите курттар чыга баштайт. Ошого карата сөзсүз сайып коюш керек. Эмдөө менен бирге сайганга болбойт. Адегенде малдын иммунитетин көтөрүү үчүн курттарынан тазалап алыш керек. Бул дарылар сайылгандан кийин курттарынан арылып, малдын саламаттыгы ашыкча жүктөн кутулгандай болуп жыргап калат.
- Жугуштуу оор ооруларга каршы эмдөөнү качан сайыш керек?
- Эмдөөлөрдүн бардыгын чогуу сайып койсо деле болот. Эмдөө болгондо сибирь жарасына, ящурга, пастерелез (кара өпкө), ж.б. ооруларга каршы сайылат. Ящур, сибирь жарасы, бруцеллез, оспа, чума дегендин бардыгына өкмөт вакцинаны бекер камдап берет. Райондук ветеринария департаментинен алса болот. Мисалы, кара өпкө качан пайда болот? Күн ысып, чаң пайда болгондо кой жөтөлүп, өпкөсүн кагып калат. Чаң жутуп, ысыкта жүдөп, акырындап начарлап кете берет. Ошону менен күзгө келгенде начарлап болбой калат. Демек, кыштан кыйналып калат. Андан тышкары, азыр ЭМКАР деп кой эчкинин көзүнө дары тамызып жатпайбызбы. Бодо малда сарык оорусу - лептоспероз деген да оору бар. Мунун дарысы бардык аптекаларда эле сатылып жатат. Фермер ушуну алдын-ала билип, аптекадан сатып алып профилактикалык иш аракеттерди жүргүзүшү керек.
- Мисалы, бруцеллез боюнча алсак, фермер уйун текшерип көрсө, таза деп чыкты дейли. Кийин ага кайра кандай жол менен бруцеллез жугуп калышы мүмкүн?
Ар кандай жол менен пайда болуп калышы мүмкүн. Кан аркылуу жугат, шилекей аркылуу жугат. Бруцелездун вирусу кышкы суукта да өлбөй жата берет. Биздин климатта ашып кетсе 38-40 градус суук болот. Бруцеллездун вирусу муну чыдап көтөрүп кетет.
- Албен, Албендазол деген дарыларды айтпадыңызбы, алардын баасы канчадан?
- Эми булардын таблетка түрүндөгүсү, порошок сымалы, суюк түрүндөгүсү, литрлеп сатылганы болуп калат. Баасы ар кандай. Малдын саны көп болсо ошого карата арзаныраак айланат. Баланча башка мынча сомдон айланып калат экен деп көп учурда литрлеп сатылат. Аптекадан дүң баада алып келип, анан фермерлер менен кеңешип, ылайыктуу бир бааны коюп макулдашып алып иштейбиз.
- Жайыт комитеттери менен чогуу иштеп жатасыздарбы?
- Жок азырынча иштей элекпиз, бирок, бул биздин алдыдагы келечек пландарыбызда бар. Жайыт комитеттери тарабынан азырынча ушундай элдин малына чогуу биргелешип кам көрөлү деген демилге боло элек. Андай сунуш болсо биз аны колдоп, ишти жакшыртып кете турган мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Малдар таза болуп, жайыттар дагы деградациядан сакталат эле. Негизи колдон келсе ошондой жумуш кылыш керек. Анткени, мал дайыма байкоодо болот. Мал кайсы убакта эмделди, кайсы жайлоого барды, ал жактын ветеринардык коопсуздук маселеси кандай дегендин бардыгы көзөмөлдө болуп жатпайбы.
Дагы бир айта кетчү нерсе, эхинококк оорусуна карата азыр өкмөт бекер таблеткаларды таркатып берип жатат. Биз муну дары алганы барганда ветеринардык башкармалыктан бекер эле алып, эл аралаганда акысыз эле таркатып берип жатабыз. Ит, мышыгыңарга берип, малдын саламаттыгына кам көргүлө. Анткени, мал өзүн-өзү дарылай албайт, тыштан бирөө келип да дарылап бербейт деп кулактарына куюп жатабыз. Бул таблеткаларды негизи колдон келсе квартал сайын берип турушу керек. Негизи малда, үй жаныбарларында мите курттар 3 айга жакын аралык ичинде кайрадан өсүп, чоңоюп жетилип келип турат. Ошон үчүн квартал сайын таблетка берип тургула деп жатабыз.
- Ушул эмдөөнүн алдында куртун түшүрүү керек дебедиңизби, бул малды семиртүүгө келгенде дагы маанилүү роль ойнойбу?
- Малды жакшы семиртүү үчүн жанагы куртту түшүрө турган дарыларды убагында сайып туруш керек. Колдон келсе мите курттарды жогото турган дарыларды ай сайын бериш керек. Мал байкуш, сүйлөгөн тили жок болсо эле эптеп-септеп кармабаш керек. "Менин ушул жерим ооруп жатты эле, дарылап коёсузбу"- деп айта албайт да. Мисалы, адам баласы ички органдарын мындай коёлу, кичине эле башы ооруса эмне болобуз. Маанайыбыз түшүп, киши жактырбай дары ичип жиберип, эс алып отуруп калабыз го. Мал байкуш деле ошондой кыйналат, ошончолук жаны сыздап ооруйт, айтайын десе гана тили жок. Ошондуктан, чарбаны мыкты жүргүзгөн киши малына кишинин саламаттыгына көңүл бургандай эле олуттуу мамиле жасап карашы керек. Ар бирине мээрим төгүп, куртунан арылтып, этинен түшүрбөй, жата турган жерин жакшы жасап, тоютун ар түрдүү кылып берип турса, кожоюнуна ал эки үч эселеп киреше бергени жатпайбы. Малдын ден-соолугу канчалык жакшы болуп, аппетити алкынып-жулкунуп турса, ошончолук ирденет. Бизде мал баккандар ойлошот, мен берчүсүн мурда эле берип койгом, көйгөй болушу мүмкүн эмес деп, кебелбей жүрө беришет. Ветеринар менен кеңешип, малынын баскан турганын байкап, ай сайын бергенде тезирээк эттенет.
- Акыркы суроом, айрым учурларда окурмандарыбыз телефон чалып калат. "Кээ бир фермерлерде тирелте эшик алдына жыйып койгон чөбү деле жок, анан эле сарайда байланып турган малдары күлтүйө семирип чыгып келет. Деги эмне берип байлап жатышат билип бергилечи" - дешет. Алар кандай дары бериши мүмкүн? Ушундай окуяларга туш болдуңузбу? Малды дарыга семиртет деген чынбы?
- Эми заман деген өнүгүп жатпайбы, ошого жараша бул жашоодо түркүндүн бардыгы чыга берет экен. Кытай ж.б. өлкөлөрдөн келген биокошулмасы бар дарылар, гормондук дарылар болуп жатпайбы. Бирок, андай дары берүү жолу менен семиртилген этте даам да болбойт. Колдоно келгенде малдын эти табигый даамдан алыс. Анан ойлонушуңуз керек, тез аранын ичинде дары менен семирткен жакшыбы же тоютун жакшы берип, сапаты мыкты эт жегениңиз жакшыбы? Бул эми көп учурда ушундай дары берип семиртишет экен деген ушактардын негизинде айтылган нерсе болушу керек деп ойлойм. Малдын этин сатып ала турган соодагер деле ушул тармакта бир нече жыл иштеп, балээнин бардыгын билген киши болот. Соодагерге андай химиялуу эттин кереги жок да. Малды семирткенге карата атайын дары бар экен кайдан алсам болот? - деп кайрылгандарга ветеринардык аптекалардын даректерин беребиз. Биздин тажрыйбада болсо гормоналдык дары дармектерди бир гана малды жасалма жол менен асылдандырууга келгенде колдонуп калабыз. Ал жанагы жасалма уруктандыруу жолдорун ишке ашырган учурда малдын күүгө келүүсүн эртерээк чакыруу үчүн керек болуп калат.

Тариэл ЧУҢГУЛОВ