"Тяньши" продукциясынын өзгөчөлүгү жана керемети
Тибет медицинасынын негизги максаты жана милдети - адам узак өмүр сүрүп, ар дайым саламаттыгы чың болсун жана бактылуу жашасын деген түшүнүктү камтыйт. Муну камсыз кылышы үчүн өзүнүн саламаттыгын жана ден-соолукту камсыз кыла турган негизги принциптерди жакшы билиши зарыл. Анткени, баш жактарын кыркып же үзүп койгондо отоо чөптөрдөн арыла албаган сыяктуу эле дарттын таасирлери менен күрөшкөндө адам оорудан айыгып кете албайт. Эң башкысы, ошол оору эмнеден пайда болгон себебин билип, анын түпкү тамыры эмне экенин тактап, ошону жойгонго аракет кылуу керек. Тибет медицинасынын өзөгүнө кайрыла турган болсок, оорулардын эң эле көп таркалган себеби - туура эмес тамактануу менен туура эмес кыймыл аракеттен улам болот экен.

Медицинанын тарыхчысы, Индиялык философ Д.Синх: "Индиялык дарыгерлер оорулуу адамды алгач диета менен сакайтууга маани беришет, эгерде ал эч кандай жардам бере албаса гана дары-дармектерди колдонууга өтүшөт. Анткени индиялык дарыгерлер дарылардын адамдын организмин акырындап ууландыра турган жактарын жакшы билишкен" - деп бекемдейт. Байыркы Индия макалында "Эгерде сен отузга чыкканда өз организмиңди өзүн дарылай турган дарыгер болгонго үйрөнбөсөң, өз өлүмүңдү өзүң жакындатканың" - деп таамай айткан жагы бар.
Саламаттыкты чыңдоо маселесине келгенде Батыш мамлекеттеринин көз карашы "алмаштыруу" деген түшүнүккө жакын. Башкача айтканда эскисин жок кылып, ордуна жаңысын кой дейт. Дары-дармектер дагы ушундай ролду аткарат. Жыйынтыгында адамдын организминдеги биохимиялык зат алмашуу процесстерин акырындатып же жогорулатып коё турган дарылар чыкты. Жыйынтыгында дарыгерлер түрдүү таблеткалардын, түрдүү ийнелердин жардамы менен ооруну басаңдатып, дарт менен адамдын өз организми күршпөстөн дарылар күрөшө турган эрежени камсыздап коюшту. Адамдын денесиндеги температураны басаңдатып түшүрүү, тамак оору, баш оору, ич өткөк, кан басымынын жогорулашы, шишик ооруларынын күч алышы деген илдеттердин бардыгы заманбап дары-дармектерди ичүү менен басылып, дарыланууда. Бирок, мындай болгондо медицина - дарттын келип чыгыш себебин, түпкү тамырын биротоло жок кылыш үчүн күрөшпөстөн ооруну анча узак эмес убакытка, убактылуу токтотуп гана коёт экен. Демек, Батыштын дарылоо эрежесине ылайык дарттын түпкү өзөгү менен күрөшүү, аны таптакыр жок кылуу иши жүрбөгөндүктөн улам, убактылуу басылган оору акырындап күчөп отуруп, аягында баш бербеген өнөкөт илдетке айланып кетүүдө.
Ал эми, Кытай медицинасы саламаттыкты чыңдоонун өзөгүн адамдын дене түзүлүшүндөгү тең салмактуулуктун бузулушун калыбына келтирүүдөн издейт. Алардын дарыгерлери "Кылымдары бою тамак-аш азыктары түркүн оорулардын алдын алып, адамдын ден-соолугун чыңдап, сактап гана турбастан, адамдын кайсы бир учурда жоготуп алган саламаттыгын калыбына келтиргенге дагы жөндөмдүү" - деп окутуп келишет.
Тяньши" корпорациясы бүгүнкү күнү заманбап биотехнологиянын жетишкендиктеринин натыйжасында, байыркы рецепттердин артыкчылыктарын эске алуу менен ден-соолуктуу чыңдай турган бир нече продукцияларды өндүрүүдө. Албетте, алардын негизги өзөгүн салттуу кытай жана тибет медицинасы түзөт. Алардын арасында картаюу процессин акырындатып, рак ооруларын басаңдаткан, ичеги-карындардын иштешин жакшыртып, иммунитетти бекемдеген, терини жакшыртып түрдүү илдеттерден сактаган жана башка бир топ пайдалуу нерселерди камтыган каражаттары бар. Тяньши" компаниясы 1996-2000-жж. аралыгында өзүнүн илимий изилдөөлөр борборунун жана университетинин тажрыйбасына таянып, Кытайдын илимдер академиясы менен биргеликте бир нече изилдөө иштерин жүргүзүү максатындагы иш-чараларга 10 млн. АКШ долларын сарптаган. Жыйынтыгында сапаты жагынан жогору турган биоактивдүү кошулмасы бар заманбап каражаттардын бир нече түрү пайда болду. Биоактивдүү кошулмасы бар препараттарды колдонуу - азыркыдай дүйнө жүзү тынч эмес болуп турган кырдаалда, адам баласынын турмушунда жаңы мүмкүнчүлүктү гана бербестен, туура тамактанууга жол ачып, саламаттыгы чың жана бактылуу бакубат турмушту баштан кечирүүгө шарт түзүүдө. "Тяньши" продукциясы - табигый негизде жасалган тамак-аш азыктарынан болгондуктан, организмге жакшы сиңип, аларды колдонгон адамдын саламаттыгы жакшыра түшкөнү саналуу күндөрдө эле байкалат. Кыскача айтсак, мындай продукция абдан жогорку тазалоо процессинен өткөн экологиялык жактан таза азык кошулмалары десек болот. Буларда эч кандай "химия" жок.

Компаниянын түзүлүшү:

Компания 1995-жылы Ли Цзиньюань аттуу адам тарабынан Кытайдын Тяньцзинь шаарында түзүлгөн. 1998-жылдан баштап корпорация эл аралык рынокко чыга баштаган. Бүгүнкү күнү "Тяньши" компаниясы дүйнөнүн 190дон ашык өлкөсүндө жана аймактарында иш жүргүзүп, бизнестин бир нече түрлөрүн камтыган ири компанияга айланды. Компания азыр АКШ, Канада, Испания, Кытай, Австралия, Малайзия, Франция жана Россия мамлекеттеринде өндүрүш базаларын түзүп иштетип жатат. Негизги өндүрүш базасы 260 миң кв.метрди камтып, Усин жаңы технологияларды киргизүү аймагы деп аталган Тяньцзинь шаарында жайгашкан.

Корпорациянын негизги ишмердүүлүгү - ден-соолукту калыбына келтирүүчү жана чыңдоочу продукцияларды өндүрүү. Продукциялар 5 миң жылдык тажрыйба тарыхы бар Кытай жана Тибет медицинасынын өзөгүнөн алынып, бүгүнкү күнү эң эле заманбап биоинженериянын ыкмаларын колдонуу жолу менен даярдалат.
Компаниянын дүйнө жүзү боюнча ардакталып бааланган сертификаттарын санап отурса сөз жетпейт. Жыл сайын улам бир жаңы бийиктикти багынтуу менен 20 кубокко, 49 медалга, 143 сертификатка жана 170 ардак белгилерине татыктуу болгон. Мындан тышкары Кашрут жана Ислам сертификаттарынын дагы ээси.

Продукциянын өзгөчөлүгү:

Экологиялык жактан таза компоненттерден турган "Тяньши" продукциясы адамдын саламаттыгын жакшыртууда организмдин кайсыл бир бөлүгүн гана дарылабастан, бүткүл организмге таасирин тийгизет. Колдонууга да оңой келип, ден-соолуктун акыбалын оңдоого болгон таасири бир нече айларга чейин уланат. Адатта муну колдонгон адамдардын бардыгы эле байкайт.

Биопрепараттардын көпчүлүгү төмөндөгү ооруларды дарылоодо жакшы жардам берет:

- Онкологиялык ооруларга каршы,
- атеросклерозго каршы,
- диабетке каршы,
- аллергиялык ооруларга каршы,
- картайуу процессин акырындатат.
Көпчүлүк дары дармектерден айырмаланып колдонгондон кийин организмге терс таасирин тийгизбейт.
"Биокальций Тяньши"
препараты - дүйнөдө
биринчи орунда

"Тяньши" корпорациясы организмге сиңимдүүлүгү жагынан эң жогорку сапатка ээ болгон биологиялык жактан активдүү калцийди өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз компания. "Биокальций Тяньши" препаратынын организмге сиңимдүүлүгү 90-98% түзгөндүктөн дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюмунун алтын медалына татыктуу болгон. Бүгүнкү күнү мындай кальций препаратын чыгарып жаткан башка компаниялардын продукцияларынын сапатын ала келсек, адамдын организмине сиңимдүүлүгү аларда 40% ашпайт экен. Демек, дүйнө жүзү боюнча биринчи орунда турган, адамдын организмине эң эле керектүү зат десек туура болот. Бүгүнкү күнү өз убагында жеткиликтүү тамактанбагандан улам көпчүлүк адамдарга кальций жетишпейт. Ошондуктан, бул препараты түрдүү остеопороз ооруларында (сөөктүн сапаты начарлап кетүүсү), түрдүү аллергиялык илдеттер, диабет, моюндагы эндокриндик бездердин сезгенүүсү, жүрөк-кан тамыр, атеросклероз, онкология, нерв оорулары, омуртка-бел (остеохондроз, артроз, артрит, хондродистрофия) ооруларында, кариестин алдын алуу, гипогалактия ( бала эмизген энелердин сүтү аз болгондугу) чачтардын, тырмактардын морт болуп сынышында, безекилердин көбөйүшүндө, климакс мезгилинде жана башка түркүн ооруларга карата колдонсо жакшы натыйжа берет.
o Продукция эксклюзивдүү болгондуктан дүйнө жүзүндө аналогу жок. Ошондуктан, ар дайым суроо талап күчтүү жана ар бир адамга керектүү зат.
o Продукция экологиялык жактан таза болгондуктан курамында эч кандай гормондорду, стимуляторлорду камтыбайт.
o Продукцияны колдонуу көнүп кетүүнү шарттабайт жана организмге топтолуп кала турган эч кандай "калдыктары" жок.
o Колдонуудан кийин аллергия жана башка жагымсыз нерселерди чакырбайт.
o Биоактивдүү кошулмалардын зыяны жок болгондуктан, аны түрдүү ооруларга жана ар кандай куракта колдонсо болот. Ошондуктан, эмчектеги балага да, эмизген энеге да, кары-картаңдарга да эч чочулабай берсе болот.
o "Тяньши" продукциясынын адамдын организмине тийгизген пайдалуу жактары - аны колдонууну токтотуп койгон учуруңузда дагы 2-3 айга чейин жоголбой турат.
o Эң башкысы "Тяньши" препараттары биринчи кезекте денедеги оорунун келип чыгыш себептери менен күрөшөт. Жыйынтыгында организм калыбына келип, денедеги бузулган тең салмактуулукту өзү калыбына келтире баштайт.
o Биоактивдүү кошулмасы бар препараттар саламатыгы чың адамдарга дагы сунушталат. Анткени, адам качан гана дартка чалдыкканда чуркабастан, ден-соолугун чыңдоого алдын ала кам көрүп турушу керек.
Урматтуу окурман, дүйнө жүзүн табигый таза азыктары менен таңданткан "Тяньши" продукцияларында - адамдын организмин жакшыртуу багытындагы мүмкүнчүлүктөрү абдан кеңири. Сиз бул продукцияны колдонуп ден-соолугуңузду чыңдап, андан тышкары продукцияларды сатып акча тапсаңыз да болот. "Тяньши" продукцияларынын өзгөчөлүктөрү, ден-соолукка пайдасы, кардарлар менен иштешүү сабактары Бишкекте жана Кыргызстандын бир нече шаарларында күн сайын өтүп турат. Каалаган учуруңузда келип таанышып, ылайык көрсөңүз ушундай кереметтүү продукцияны жакшы санаалаш адамдарыңызга белекке берип же сатуу иши менен алектенсеңиз болот.

Кеп-кеңеш алуу үчүн байланыш
телефондору: Зейнегүл 0705422090, Гүлзат 0779774050, 0705774050, Жазгүл 0550705050, 0707979097.