Суунун касиети
Улуттук ырым-жырымда
Назарова Шарапат - ажы,
Баткен шаарынын тургуну:
Суу - жашообуздун булагы жана дүйнөдөгү бардык нерсени адалдап, арамдыктан, оорудан, кирден тазартып туруучу касиетке ээ. Мусулман баласы беш маал намазынын алдында суу менен даарат алабыз, ушунун өзүндө кандай керемет нерселер жатат. Алыстан сапар арытып келген жакындарыбызга чөйчөккө суу куюп, үч ирет түкүртүп чачып, артын каратпай үйгө киргизебиз. Бул болсо аны ар кандай жаман нерселер ээрчип келген болсо, суу тазалап кетсин дегенибиз, бысмылладан баштап "мээнетиңе аллах, өзүң шыпаа бергин!" деп кудай-таалага тиленебиз.
Кокус түндө жаман түш көрүп, көкүрөгүбүз өйүй турган болсо эрте туруп агын сууга же шаар жеринде крандагы cууну агызып "ушул суу менен жамандык кошо кетсин, cуудай таза, тунук сезим калсын" деп тилейбиз. "Түштүн мойну кылдай болот" - дешет, андыктан жамандыкты алыс кууп, жан дүйнөгө жарык шоола издеп, түштү дагы жакшылыкка багыттап жоруганыбыз оң. Бул учурда cуудан өткөн дары жок.
Үйдө бала-чака чочуп, эти ысып калганда улуу муун билет, көсөөнү же орокту отко ысытып алып, балага жакын алып келип, кызып турган темирге суу бүркүп учуктап койчу. Азыр шаар жеринде суунун өзү менен деле күн чыгаар алдында жана ай толгондо тилек айтып учуктап жүрөбүз. Кээде катуу ооруп, бир топко арып азгандар болот, түштүктө мындай учурда сууга бир тал ачуу калемпирди салып алып, 3 күндөн 7 күнгө чейин учукташат.
Суу - өмүр. Денеде суу калбай калганда адам каза болот. Медицинада дагы дени таза адам күнүнө 2 литр таза суу ичип турушу керек деп айтылат. Суу бойлоп, деңиз жээгинде, дайра боюнда көп сейилдеген адам ушунчалык ырахат менен жаны жай алып, дем алуу, жүрөк кан-тамыр, нерв системалары калыбына келип, көңүлү сергийт.

Даярдаган Жийде Асанбек кызы




Окумуштуунун изилдөөсүндө
Япониянын атактуу окумуштуусу жана дарыгери Масару Эмотонун бир жолу буту ооруп, ар кандай дарылар жардам бербей койгонун көргөн бир таанышы, атайын даярдалган суу менен дарылоосун сунуш кылат. Чындап эле Масару ал сууну пайдалангандан кийин дарыга караганда заряддалган суу оң таасир берип, бутунун оорусу жакшы болгонун көрүп, суу кандайча дарылык касиетке ээ болуп, адамды оорудан айыктыраарын изилдей баштайт. Көп жылдык изилдөөнүн натыйжасында суу информацияга жараша структурасын өзгөртөөрүн, адам баласы 80% суудан тураарын жана ар кандай информацияга ээ болгон суу адамдын денесиндеги суунун структурасын өзгөртөөрү тууралуу айтып, көптөгөн далилдерди келтирет. Масару Эмото 1999-жылы "Послание воды" аттуу китебин жарыкка чыгарып, сенсация жаратат. Окумуштуу сууну ар кандай сөз менен заряддап, тоңдуруп, кристаллын сүрөткө тартып алып, сөзгө жараша суунун кристаллы ар кандай формага өзгөрөөрүн сүрөттөрү менен далилдеген.
Ошондой эле ар бир сөз терс же оң энергияга ээ экенин, ар улуттун сөзүнүн космостук талаада өз күчү, толкуну, термелүүсү бар экенин изилдеп чыгат. Улут канчалык байыркы болсо, сөздөрү ошончолук күчтүү энергияга ээ. Ошондуктан кыргыздар тилибиз жоголсо, дилибиз жоголоорун унутпагыла. Жада калса музыка да ар кандай энергияга ээ. Мисалы, классикалык угумдуу, жагымдуу музыка адамды айыктыруучу касиетке ээ болсо, оор рок музыка жан дүйнөнү талкалап, өлүмгө чейин алпараарын окумуштуулар эчак далилдеп чыгышкан.
Япон окмуштуусу мөңгүнүн, булактын сууларын кристалга айландырып көргөндө, адам таң калаарлык кооз болоорун сүрөткө тартып алган. Ал адам көп жашаган мегаполис шаарлардын же ар кандай агрессия көп шаарлардын суусуна караганда, тынч жашаган шаарлардын суулары тазараак экенин билген. Хлор менен тазаланган суулар адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизээрин да айтып чыккан.

Лариса Асанбекова,
парапсихолог, академик




Салтпы же өнөкөтпү?..
Улуттук нарк-насилибизди айта келгенде кыргыз сыймыктанчу эң сонун, башка эч бир элдерде кезикпеген каада-салттарыбыз арбын. Ошол эле учурда эл арасында бара-бара калыптанып, салт ордуна өнөкөткө айланган, ойлонтоор иштерибиз да жок эмес. Мисалы кыргыздын өлүк коюу жана той берүүсү деген эки учурду карап көрөлү.

Ичээр суусу түгөнүп, каза болгон адамдын жакындары аны акыркы сапарга узатууда колунан келген урмат сыйын көрсөткүсү келет. Мына ушунун өзүндө бир топ чиеленген суроолор туулат .Себеби "Бардын байлыгын чачам, жоктун артын ачам" деген шарт түзүлөт. Албетте, колунда бар адам бир нече мал - жылкыдан тартып, койго чейин союп, азыр үйдөн эле эмес, кафе-ресторандан элге тамак берген адатка айланбадыбы?.. Азыр мурдагыдай жыртыш айрылбай калып, жүз аарчынын түрү таркатылат. Өлүк коюлгандан кийин дагы үчилик, жетилиги, кыркы, керек болсо айрым жерлерде 52 күндүгүнө чейин жумасына мал союп куран окутушат. Муну биз баарыбыз дин жолундагы иш деп түшүнөбүз. Бирок дин өкүлдөрүнүн айтымында андай эмес экен. Бишкектеги борбордук мечиттин молдокеси Насыр Садыков мындай дейт:

Исламда маркум каза болгондо үч күнгө чейин эч кандай мал союлбаш керектиги айтылат

Пайгамбарыбыздын осуяты ушундай, каза болгон адамдын бала-чакасы, туугандары тарабынан үч күн аза күтүлөт, анан төртүнчү күнү ишке чыгып,тирилигин улантсын делет. Мындай абалда коңшу-колоңдору аза күткөн адамдарга колдоо кылып, суюк тамак жасап келип турган жакшы адаттар калып баратат. Эми садага кылып, куран окутуш боюнча айтсак - ислам дининде үчилик, жетилик, кыркы жана жумалыктары деген эч жерде айтылган эмес, кимде ким көзү өткөн жакындарына куран садага кылам десе антип белгилеп албай эле, өз мүмкүнчүлүгүнө карап, шарты келгенде өз үйүндө куран окута берсе болот. Эч качан садаганы карызга батып, кыйналып туруп жасабаш керек, ал кабыл болбойт. Колуңдан келип, мал-келиң бар болсо, артыңдагы бала-чакаңан арткан ырыскыны гана садагага арнаган абзел. Садага кылып, маркумдарга куран окутушту туура амал менен өткөргөн сооп болот. Ал эми колунда бардар адамдар дагы төрттөн-бештен мал атап cоюп, ресторандардан куран окутабыз дешсе, ал адал жол менен табылган оокат жана чын дилинен маркумдун соопчулугуна гана арналыш керек. Жөн эле элге көрүнөм, колумдагы байлыгымды көрсөтөм деген ойдогу садага кабыл алынбайт. Мындай багытты момун мусулман калкына биз - молдокелер дагы, нарктуу айыл аксакалдары дагы коомдо жайылтуунун үстүндө иштесек келечекте маркумду узатуу, аны эскерүү жагы да бир жолго салынып калаар деген ойдомун.

Экинчи жагдай - кыргыздын той бергени

Эми бизде той берүүгө шылтоо көп. Албетте, колунда бар адам агын-көгүн чачып, тойго бардык жакындарын, куда-сөөктөрүн, досторун, санаалаштарын чакырганда кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, байлыгым менен мактанып алайын деген пикирде болбосо, ак дасторкон четинде жарык маанай менен элдин ак батасын алайын десе анын эмнеси жаман деген дагы ой туулат.
Пайгамбарыбыздын айткан осуяты бар, эгер үй-бүлөдө эркек бала төрөлсө эки кой союп, кыз бала төрөлө турган болсо бир кой союп той бер деген. Биз "акыйка" деп айтабыз, бул элде "жентек" берүү ырымы. Ал эми азыр өнөкөткө айланган жашына карап, туулган күн, юбилей тойлору деген мурда дегеле болгон эмес. "Тойду тойгон берет" - деген сөз бар. Азыр эми жетишкендиктин белгиси ушул, той бергенге шылтоо да көбөйдү,-дейт Насыр молдоке.
Эгерде той ээси кыйналып, карызга батып, баланчадан кем калбайын, карыздап той өткөрүп, тойдон кийин кутулам деген жагы болбосо мунун жаман деле жагы жок. Кыргыз жалаң той-аштардан башы чыкпай, карыздап болсо дагы тиги катышымдан калбайын деген өнөкөткө өтүп алды. Көп учурда мындай абал калк турмушуна кыйынчылык келтирет. Ошондуктан "аш көп болсо каада көп" кылбай кыргыз калкыбыз улуттук салт-санаабыз менен турмуш агымынан пайда болуп, өнөкөткө айланган адаттарыбызды ажыратып ылгап алганыбыз оң.

Бүгүнкү ашыкча шаң-шөкөттүү аш-тойлорубуз башка элдерге гана эмес, өзүбүздүн кийинки урпактарыбызга да өөн көрүнүшү мүмкүн. Орунсуз-жөнсүз жөрөлгөлөр кийинки урпактарыбызга мурас болуп калбашы керек.
Жийде
Абдымамытова






Пикир: