Салттуу билимдердин сапары карыбайт
"Кыргыз Республикасындагы жайыткерлик салттуу билимдерди сактоого жана өткөрүп берүүгө көмөктөшүү" долбоору
Долбоордун координатору Күлүйпа Акматова

Дүйнө элдери ар дайым алдыга умтулуп, жаңы багыттарды издеп жаңы саамалыктарды жаратып жаткан менен, жер шарында климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши сыяктуу жаратылыш көрүнүштөрү адамзатты ойлонууга түрткү берип, алмустактан бери эле аныкталып, калыптанып калган жаратылыш менен болгон аяр мамилени, муундар арасындагы салттарды, жакшы жөрөлгөлөрдү изилдеп, аларды жыйнап, чогултуп заманга ылайык мезгилде колдонууга муктаждык жаратууда. Бул көрүнүш биздин өлкөдө Союз тарагандан бери жанданып, элибиз нукура кыргыздын жүзүнө, элдик кадаа -салттарына кайрыла баштады десек болор.

Элдин арасында сакталып, көмүскөгө бой урган мындай салттардын жанданышына АКШнын "Кристенсен фондунун" каржылоосу менен иш алып барган "Рурал Девелопмент Фанд" (мындан нары РДФ) фондунун салттуу билимдерди, ата-бабалардын көчмөн турмушу жөнүндөгү сырларды жыйноо, талдоо жана жайылтуу боюнча иш алып баргандыгы чоң кызыгууну жаратты. РДФ тарабынан биздин өлкөдөгү, ошондой эле Түркиядагы жана Кытайдагы салттуу билимдерди сактоочулардын оозунан көп сандаган методдор, рецепттер, технологиялар, таржымалдар, легендалар жыйналып алынды.
РДФ салттуу билимдерди сактоо жана өткөрүп берүү жөнүндө кызыгышкан жана кам көрүшкөн бардык адамдар менен уюмдарды бириктирүүчү жайыткерлик Тармакты түздү. Бул тармактын алкагында мал жаюунун ар кандай амалдары, малдарды колдо болгон жаратылыш каражаттары менен дарылоо, дары чөптөрдү колдонуунун эрежелери жана рецепттери, күлүктөрдү жана жорголорду таптоонун сырлары, бийик тоолуу шарттарда топоздорду кароо, төөлөрдү тиричиликте жана көчтөрдө колдонуу, көчмөн жашоонун каада-салттары, жаштар үчүн тарбиялык оюндар жөнүндө бүт топтолгон тажрыйбаны, билимди, маалыматты бириктирип, жалпылап чогултууга көңүл бурулду. Жаңыдан түзүлгөн тармак "Кыргыз эл акыл казына" ата-бабаларыбыздын кеменгерлигинин мурастарынан дагы эмнелерди сактап калууга жетише тургандыгыбызды, азыркы малчыларга алардын тоолордун катаал шарттарында жашоосун, биздин ата-бабаларыбыз жаратылыш менен бирге жашоонун ырахатын иликтөө менен жашашкандай коопсуз жана жагымдуу кылууга багытталды.
Тармакты түзүүдө алгач формалдуу эмес жолугушуу болду. Он адамдын башын бириктирген бул жолугушуу РДФтин "АК-Таш" эс алуу борборунда уюштурган жайыткер машыктыруучулардын тренингинен кийин өттү. Эч болбосо ишти Чүй облусунун деңгээлинде биргелешип иштөөдөн баштоо туура деп белгиленди.
Алгачкы салттуу билимдерди таратуу иштери жаштардын арасынан дилгир болуп, конкурска катышып: ""Мен билген мыкты жайыткер" деген дил баян-эссе жазып, жеңип алган кесипчилик окуу жайларынын жана жогорку окуу жайланынын студенттерин чогулткан Жайыт мектебинен башталды. Биринчилерден болуп салттуу билимдерди Жайыт мектеби аркылуу таратуу идеясын РДФ алып чыкты. Жайыт мектебин РДФ эксперттери жана "Кыргыз эл акыл казына" тармагынын жайыткерлеринин жетектөөсү алдында 4 жайлоо: Солтон Сары (Нарын), Килемче (Жумгал), Тастар-Ата (Ысык-Көл, Көк-Ойрок (Чуй) болуп өттү. - Анда күлүктөрдү жана жорголорду үйрөтүү жана таптоо, бийик тоолуу шарттарда топоздорду жаюу, жайыттарды ата-бабалардын технологиялары боюнча рационалдуу пайдалануу, көчмөн ашкана, табигый боео, боз үйдү тигүү жана сактоо, ажы кооздоо, малды дарылоо, кыргыздардын көчмөн турмушундагы салттар жана үрп-адаттар, биздин аталарыбыз менен чоң аталарыбыз колдонушкан дары чөптөр жөнүндө ойлорун ортого салышты. Ар бир жайлоодо эки күн бою "Жайыт мектептеринде" теориялык сабактар жана эки күн практика өткөрүлдү. Жайлоолордо өткөрүлгөн, мындай мектептердин окуучулары болушкан кесиптик-техникалык лицейлердин, айыл чарба колледждеринин студенттери ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан тажрыйбаларды билип жана үйрөнүп калышты. Ал күндөрдө өткөрүлгөн тажрыйбалар алардын турмушунда кереги тийери шексиз.
Салттуу билимдердин чыныгы маңызы эмнеде? - деген суроого кайрылсак ал төмөнкүдөй чечмеленет.
Салттуу билимдер - бул жашоо чөйрөсү жөнүндө билимдер жана практикалык көндүмдөр, алар материалдык эмес да, материалдык да формада калыптанган жана тарыхый түзүлгөн жамааттар менен муундан муунга берилет, энеси - кызына, атасы - баласына окутат. Алар бардык элдердин улуу баалуулугу болуп саналышат жана курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайык үзгүлтүксүз өнүгөт.
Кыргыз элинде бай, көп кылымдык маданий мурас топтолгон. Кыргыз элинин салттары жана үрп-адаттары тарыхый өнүгүүнүн татаал жолун басып өттү. Жакшы шарттарды издөө менен кыргыздар көчмөн жашоо образын баштан өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө ар кандай этностор менен маалымат, маданий баалуулуктарды алмашышкан, ошол эле учурда мурдагы муундардан эң баалууларын жана мыктыларын сактап калышкан.
Тилекке каршы совет мезгилинде кыргыздын салттуу маданиятынын уникалдуу билимдери окумуштуулар менен иликтөөчүлөрдүн жетишерлик көңүл буруусуна татыган эмес. Бул алардын көпчүлүгүнүн жоголуусуна алып келген. Жыл өткөн сайын бул салттарды билишкен жана унутушпаган улуу курактагы адамдар улам азаюуда. Мына ошондуктан аларды кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн кыргыздын салттуу билимдерин жана баалуулуктарын документтештирүү жана сактоо өтө маанилүү. Ушул негизде кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын, салттуу билимин камтыган "Салттуу билим малчыларга жардам" аталган сегиз китептен турган серия чыгарылды. Бул китептер колуна тийген ар бир окурман кыргыздын ата-бабалардан келе жаткан мал багуунун сырларын, күлүк таптап, куш салуунун усулдарын, көчмөндөрдүн ашканасынын сыры менен кырынан кабаралат. Ошондой эле малды дарылоонун сырларын да, табигый боёкторду алуу, алар менен боёнун да усулдарын үйрөнүп, пайдалана алышат.

(Уландысы 6-бетте)




"Кыргыз республикасында жайыткерлик салттуу билимдерди сактоого жана өткөрүп берүүгө көмөктөшүү" долбоору жөнүндө маалымат
Долбоордун максаттары:
o Инновациялык курсту иштеп чыгуу жана кыргызстандын атайын тандалып алынган эки айыл чарба кесиптик лицейинин базасында киргизүү аркылуу элет жааматтарын экологиялык, экономикалык, маданий жана социалдык өнүктүрүүнү колдоо үчүн салттуу жайыткерлик билимдерди сактоо жана өткөрүп берүү:
o Калыптануу стадиясында турган "Кыргыз эл акыл казына" жайыткерлик тармагынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Долбоордун катышуучулары:
o РДФ
o КОЖО-Бөкөнбаев КЛ. №81
o КОЖО- Беловодск КЛ.№28.
o "Кыргыз эл акыл казына"

Долбоордун өнөктөштөрү:
o КРнын ББжКТББА;
o STAR долбоору;
o КРнын Айыл чарба министрлигинин Жайыттар департаменти.

Долбоордун негизги иш чаралары:
o Салттуу билимдер боюнча окуу курсун иштеп чыгуу, сыноодон өткөрүү жана КОЖО тармагынын эки: ТОҢ районунун Бөкөнбаев айылындагы жана Москва районунун АК-Суу айылындагы айыл чарба лицейинде киргизүү;
o Жаңы окуу курсун өлкөнүн башка айыл чарба кесиптик лицейлеринде киргизүү;
o Сынамык лицейлер менен бирдикте улуттук деңгээлде семинар өткөрүү;
o Окутуучуларды "Кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы салттуу билимдерди эң мыкты окутуучу" номинациясы менен сыйлоо;
o Тармакты өнүктүрүү боюнча окутуучу семинарларды иштеп чыгуу жана өткөрүү жана аны күчтөндүрүү үчүн каражаттарды тартуу аркылуу КЭАК жайыткерлик тармагын бекемдөө;
o Лицейлердин окуучуларын жана Тармактын жайыткерлерин салттуу билимдерди видео жазуу жана геомаркировкалоо методдоруна окутуу;
o Жолугушуулар жана долбоорду тааныштыруу аркылуу мамлекеттик саясатты калыптандыруучу кызмат адамдарынын жана башка олуттуу кызыкдар тараптардын салттуу билимдер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.







Пикир: