Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер

Жергиликтүү өнүгүү үчүн жергиликтүү чечимдер
Rural Development Fund коомдук фонду - коммерциялык эмес, бейөкмөт илимий-изилдөөчү уюм. Кыргыз тилине которгондо биздин уюмубуз: "Айылдарды өнүктүрүү фонду" деп аталат, бул аталыш анын алып барган ишинин багыттарына дал келет: социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүү, айылдарды өнүктүрүү тармагында жамааттык саясатты калыптандыруу жана долбоорлорду ишке ашыруу.

Уюмдун миссиясы - жакырчылыктын кесепетин жумшартуу, жергиликтүү талаптарга негизделген демилгелерге жана айылдын өнүгүүсүнө көмөктөшүү. АӨФ аймактарда социалдык жана экономикалык туруктуулукту колдоо боюнча салым кошуп жатат.
АӨФнын негизделгенине 2013-жылдын ноябрь айында 10 жыл болот. Илимий-изилдөөчү ишмердик талаасында 10 жыл бою иш жүргүзүү - бул он жыл бою туруктуулуктун жана сапаттын өскөндүгүнүн көрсөткүчү. Бул жылдар аралыгында бир топ иштер жасалды: айыл-чарба тармагынын ар кайсы бөлүктөрүндө түрдүү изилдөөлөр жүргүзүлдү, 20 долбоор ийгиликтүү ишке ашты, айыл-чарбасын өнүктүрүүнүн актуалдуу темалары боюнча көптөгөн тренингдер, жана сабактар, семинарлар, конференциялар өткөрүлгөн, мындайча айтканда айыл жана айыл жашоочуларынын көйгөйлөрү боюнча бир топ билимдер менен маалыматтар жыйналган.

Биздин адистик ресурстар
АӨФнын негизги күчү албетте, адам ресурстары болот. Биздин кызматкерлердин кесиптик деңгээли жөнүндө сөз кылып жатып, эксперттерибиз изилдөөчүлүк ишмердикте, айыл секторун өнүктүрүүгө тийиштүү түрдүү долбоорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө боюнча чоң тажрыйбага ээ экендигин баса белгилеген туура. АӨФнын кызматкерлери Дүйнөлүк Банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Сорос фондунун, Кристенсен фондунун, ICCO, Глобалдык экологиялык фондунун (GEF), Швейцария өнүктүрүү уюмунун, АКШ Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин (USAID), ООН Аялдар, ОБСЕ, демократияны колдоо Улуттук фонду жана башка уюмдар каржылаган долбоорлорго катышкан.
Рурал Девелопмент Фанд 10 жылдык активдүү ишмердигинде айыл институттарынын өнүгүшү, айыл-чарбачылыгы, аялдарды колдоо, жер реформалары, жергиликтүү жамааттардын фонддорун колдоо багыттары боюнча программаларды жана долбоорлорду ишке ашырган. Бир нече мисалдарга токтолсок:

Салттуу билимдерди сактоо боюнча долбоорлор
Бул айылдык, тоолук, айрыкча аз камсыз болгон калкты жаратылыш ресурстарын рационалдуу, адилеттүү, экономикалык жактан жашоодо пайдаланууга ийкемдүү салттык усулдарга таянган натыйжалуу, туруктуу жана адилет пайдалануу үчүн шарт түзүүгө багытталган. Кыргыздар өзүнүн жашоосунун көптөгөн жактары, алардын бир тобу каада-салттарда, үрп-адаттарда, жүрүм-турум нормаларында чагылдырылган боюнча илим-билимдерди чогултуп келишкен. Өкүнүчтүүсү - алардын кээ бирлери убакыттын бүктөмүндө калып, унутулууда. Ошондуктан бул долбоордун максаты - ошол билимдерди сактап калып, кийинки муун үчүн өткөрүп берүү.

Эсимде, жайыттардын табигый ротациясынын траекториясын бузуп, малдарды самолет менен ташыган учурларды. Айылда ырым-жырымдарды жана үрп-адаттарды жасоого тыюу салган кездерди, бирок биз күйөөм экөөбүз баарынан бекинип жасай берчүбүз. Мен менин балдарым жана анын урпактары өзүлөрүнө таандык болгон тамырын унутпаса дейм. Муну каада-салттар жана ырым-жырымдар аркылуу гана жасаш керек. Менин өз ата-бабамдын укмуштуудай каада-салттарын жана ырым-жырымдарын, түркүн тамак-аштарды, кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнүн ыкмаларын эсимде сактап кала алдым. Бирок кыргыздын каада-салттары жана ырым-жырымдары ушуну менен эле чектелип калбайт, буга дагы бир топ кеңири принциптер менен түшүнүктөр - жаратылышка аяр мамиле кылуу, анын белегин - жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, айланаңдагы адамдарга урмат жана сый мамиле кылуу, бала тарбиялоо да кирет.
Мен азыркы ааламдашуу, жаратылыш кырсыктары болуп турган учурда өнүгүү үчүн кыргыз калкынын кылымдар бою сакталып, өзүнүн жашоосунда пайдаланганы ыңгайлуу жана рационалдуулугун далилдеген салттык билимдери жана тажрыйбалары эске алынаарына терең ишенем. Алар жергиликтүү ресурстарды пайдалануунун, көчмөндүк мал-чарбачылыктагы жайыт жана мал багуу боюнча сейрек жана уникалдуу методдорду жана башка маселелерди эске алышат. Мен бул иштер Өкмөт тарабынан көңүл коюлуп, бейөкмөт уюмдар, жаштар жана илим изилдөөчү чөйрөлөргө жайылтылат деген ойдомун.

Ынкарбекова Батма, "Кыргыз эл акыл
казына" пасторалдык тармактын мүчөсү
Жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча долбоорлор жана программалар
АӨФ өзүнүн көңүлүн жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүк жана пайдалануу, жаратылыш ресурстарын коргоо жана ээлик кылуу, жаратылыш ресурстарын пайдалануудан кирешени бөлүштүрүү боюнча регулятордук иш-чараларды түзүүнүн аспектине бөлөт жана сапаттуу изилдөөлөр менен талдоолорду өткөрүү аркылуу натыйжалуу башкаруу принциптерин издөө үстүндө иштөөдө. Биз биздин урпактарыбызды эмне күтөөрү жөнүндө бүгүн ойлонушубуз керек. Биздин жаратылыш байлыгына бүгүнкү аздек мамилебиз-мамлекетибиздин экологиялык бакубаттыгы жана келечекте туруктуу өнүгүшүнүн кепилдиги.

"Токой ресурстарын Кыргызстандагы жергиликтүү жамааттарынын катышуусу менен башкарууну илгерилетүү" долбоорунун иш-чарасына катышып жатып, мен өзүмө, үй-бүлөмө жана балдарыма абдан кызыктыруучу нерсени сездим. Өзүм токойду биргелешип башкаруунун жаңы үлгүсүн апробациялоо үчүн сынамык участок катары жергиликтүү жамаатка берилген Орто-Кайыңды токой тилкесине жакын жерде чоңойгом. Акыркы жылдары токойду оюна келгендей кыюулар айылдын жашоочуларын жана анын ичинде мени да кыжаалат кылып жаткан. Тоолорду жана токойдун кыйылган жерлерин карап туруп, балдарынын келечегин ойлоп, аны үчүн камкордук кылбаган адамдарга түшүнбөстүк жана таарыныч сезими байкалып турчу.
Ошондуктан сынамык долбоор катары так биздин Кароол-Дөбө айылы тандалгандыгына сүйүнүчтөмүн. Жамаат микродолбоорлордун программасын өткөрүү убагында активдүү катышты. Мени жамааттын мүчөлөрү "Ынтымак" микродолбоорундагы топтун лидери катары талапкерликке көрсөтүшкөндө мен макул болдум. Бүгүнкү күндө жамаат Орто-Кайыңды коомдук токоюн коргоп жатат.
Эми үйүмө иштен чарчап, балдарымды кучакка алып жатып, токойду коргогонго салым кошуп жатканымды ойлогондо ыраазы болом.

Джамашев Урмат - "Ынтымак" долбоорундагы топтун лидери.
Талаш-тартыштардын
алын алуу жана жумшартуу боюнча программалар жана долбоорлор
Азыркы күнү АӨФ тарабынан талаш-тартыштарды башкаруу маселелери боюнча иш-чаралар бир нече багытта жүрүп жатат: жаратылыш ресурстарына жеткиликтүүлүк боюнча талаш-тартыштарды чечүү, жергиликтүү калктын өз алдынча башкаруу органдары жана бийлик менен өз ара аракеттешүүсүндөгү талаш-тартыштардын үстүндө иштөө, түркүн талаш-тартыштарды чечүүнүн жамааттык механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
Талаш-тартыштардын алдын алуу жана аны чечүүнү башкаруу маселесинде АӨФнын негизги принциби - жамаат тарабынан демилгеленген жана сунушталган механизмдерди киргизүү аркылуу чечүү.

АӨФнын "Баткен облусунун чет жактарында жайгашкан айыл округдарындагы кошуна мамлекеттердин жарандарына малдарды убактылуу жаюу мүмкүнчүлүгүн берүүдө чыгуучу талаш-тартыштарды төмөндөтүү" долбоорунун алкагында сунуштаган нормативдик-укуктук базага өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү кыргыз жана тажиктердин ортосундагы талаш-тартышты басаңдатат деген ишеничтебиз. Бул жайыт пайдалануучулардын Уюмуна акчалардын түшүшүн айкындайт жана анын аркасынан жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуунун эсебинен жаңы жайыттарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берип, анын аянтын да кеңейтет"
Кадыров Эргеш, Баткен облусунун
Баткен районундагы
Ак-Сай айыл аймагында жайыттарды пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы

Биздин үй-бүлө ТASKтын "Кыргызстанда талаш-тартыштын алдын алуу жана тынчтыкты орнотуу" долбоорунун алкагында уй алды. Эми менин уулум иш менен алек: ал аны багып, жемин даярдап берет. Мен сүйүнүчтөмүн, себеби ал эми бош жүрбөйт. Ал максатсыз жүрүүдөн алаксыйт жана ал талаш-тартышка аралашкандан алыс болот деп ишенем".
Эгембердиева Бубусалиха, Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагындагы топтун лидери.

"Мурда 2 га. жер тилкесин ченеш үчүн абдан көп убакыт жана күч сарпталчу, эми ага GPS навигатор менен 20-30 мүнөт гана кетет, бул жер айдоочулардын ортосундагы талаш-тартышка бат киришип чечип бергенге мүмкүнчүлүк берет. Бул жабдуу биздин убакытты сезон маалында жакшы пландаганга жана натыйжалуу пайдаланганга мүмкүнчүлүк берет."
Абдуланов Жеңиш, Зулпуев айыл өкмөтүнүн жер адиси. ("ОБСЕнин Жер жайгаштыруучу адистерди GPS навигаторлор менен иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү".) Долбоору

Рурал Девелопмент
Фанддын Командасы







Пикир:

Яндекс.Метрика