Кыргызстан - органика аймагы
Алдыңкы технология: биогаз орнотмосу көп маселенин башын ачат
Кыргызстан акыркы 20 жылдан бери эле өз алдынча мамлекет катары экономикалык өнүгүү аракетин көрүп келди. Бирок азырынча анын жыйынтыгы ооз толтуруп айтарлык эмес, көз көрүп сүйүнгүдөй эмес... Азыркы учурда да өлкө бийлиги экономикалык өсүшкө өбөлгө болчу энергетикалык, транспорттук ири долбоорлорду ишке ашыруу аракетин көрүүдө.

Бирок ошол эле учурда карапайым элдин жашоо-турмушун жеңилдетүүгө жана жакшыртууга түздөн-түз байланыштуу жана экономикалык кайтарымдуу жаңы технологияларды ишке киргизүүсүз толук кандуу өнүгүү мүмкүн эмес. Айыл элинин бакубат жашоосу колдо болгон ресурстарды акыл-эс жана сарамжал менен пайдаланууда жатат. Азыр айылда малдын башын көбөйтүп, короо толо мал кармагандар кудайга шүгүр көп. Айталы, колунда 10-15 бодо мал, 50-60 кой, жылкы, тоок багып бардар тирилик кылып жатат дейли. Алар өзүлөрү ичип-жегенден тышкары сүтүн, этин сатып пайда көрүп жатышат. Ошол эле учурда малдын кыгынан да пайда табуу кимге жакпайт? Малдын калдыктары санитардык абалды бузуп, ар кандай жугуштуу оорулардын козгогучтарынын көбөйүшүн, курт-кумурскалардын пайда болушун шарттайт. Малдын кыгын жаңысында жер семирткич катары колдонууга болбойт. Айылдыктар кайсы бир бөлүгүн көң кылып пайдаланышат. Ал эми биогаз орнотмолорун иштетүү менен мал чарбасын калдыксыз жүргүзүүгө мүмкүн болуп, кык бут алдында тебелендиде калбайт, айлана-тегерек тазаланат. Андан биринчиден, биогаз өндүрүлсө, экинчиден, табигый таза жер семирткич алынат. Азыркы кезде жер кыртышынын бузулуусу жетер жерине жеткенин адистер айтышууда. Биожерсемирткичти колдонуу менен биз жерибизди сактап, табигый таза азык-түлүк өндүрүп, калк саламаттыгына да кам көргөн болобуз. Жыйынтыгында малдын кыгы да киреше булагына айланат. Экономикасы дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытайда жерге түшкөн бир жалбыракты да жөн калтырбаган калдыксыз технология кадыресе көрүнүшкө айланган.

Биогаз орнотмосу
деген эмне?
Биогаз орнотмосу деген жылчыксыз бекитилген жабык сыйымдуулук, анда белгилүү температурада органикалык масса - малдын кыгы менен суу аралашмасынын ачытылышынан биогаз алынат. Биогаз орнотмосунан иштетилип чыккан кык экологиялык таза өтө натыйжалуу жер семирткичке айланат.
Кыргызстандын шартында кичи, орто жана ири дыйкан чарбаларына эсептелген биогаз орнотмолорун "Флюид" коомдук фонду сунуш кылууда. Биогаз орнотмосун иштетүү өзгөчө ири чарбалар үчүн ыңгайлуу жана алар пайдасын да бачым эле көрө алышат.

Орто чарба адам биогаз орнотмосун колдоно алабы?
Негизи короодо 3-5 саан уй болсо эле анда реактору 5 метр/куб көлөмүндөгү биогаз орнотмосун иштетүүгө болот. Бирок анын көлөмү жана баасы (5-6 миң доллардын тегерегинде) арзаныраак болгону менен ал 3-3,5 жылда барып өзүн-өзү актайт. Ал эми реактору 25 метр/куб көлөмүндөгү биогаз орнотмолору өзүн 1,2 жылда эле актаса, 250 метр/кубдугу 6 айда өзүн актайт экен.
Ал эми бул үчүн канча кык керек? Мисалы 1 саан уй күнүнө бок-сийдиги менен орточо алганда 35-40 кг кык берет экен. Демек, колдо 20 уй болсо (мындан тышкары, короодогу жылкы, кой, тоокту эске алганда) күнүнө 1 тонна кык алууга болот. Орточо нымдуулукка ылайыкташкан режимдеги реактору 15 метр/куб дук биогаз орнотмосу күнүнө 1 тонна кыкты кайра иштетип, 30 метр/куб газ, 1 тоннага бир аз жетпеген экологиялык таза жер семирткич чыгарат. Ал эми 30 метр/куб биогаз 100 метр/квадрат турак-жайды жылытууга жана 5-6 адамдан турган үй-бүлөгө тамак бышыруу жана жана ысык суу менен камсыз кылууга жетиштүү.

Биожерсемирткич түшүмдүүлүктү көтөрөт
Биогаз орнотмосунан иштетилип чыккан жер семирткичтин артыкчылыгы азот жана башка заттар мурдагы органикалык формасы боюнча сакталып калгандыгында. Ал жер кыртышынын физикалык касиетин жакшыртып, түшүмдүүлүктү бир кыйла көбөйтөт.
Биожерсемирткичти айыл чарба өсүмдүктөрүнө пайдалануунун натыйжалары боюнча жетишерлик сыноо тажрыйбалары жүргүзүлүп, картошка, помидор, бадыраң, арпа, кант кызылчасы, пахта, төө буурчак жана башка өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн тажрыйбалар түшүмдүүлүктүн кес-кин өскөнүн, же болбосо эң аз дегенде 15-20%дан баштап 2-3 эсеге чейин өскөнүн көрсөткөн. Анын ар бирине токтолуп отурбай, мисал үчүн 2004-жылы Сокулук районундагы "Бакыт" фермердик чарбасы 1 гектарга 2 тонна био жер семирткичти колдонуу менен гектарынан 60 центнерден түшүм алганын айтсак жетиштүү деп ойлойм. Биожерсемирткичти кол менен (чака, лейка ж.б.) чачуудан баштап чоң системаларга чейинки технология менен колдонууга болот. Жер семирткичти чачуунун кыйла үнөмдүү жолу сугат системасы аркылуу кыртышка жиберүү эсептелет.

Айылдыктарга арзан газ жана жер семирткич
Азыркы кезде бизде өнөр жай зоналары үчүн жылына Өзбекстандан 1 куб/метрин 15 сомдон 300 млн.куб газ сатып алабыз. Ал эми республикабыздагы чогултууга мүмкүн болгон 7,5 млн. тонна мал кыгы 200 млн. куб газ жана 7 млн. тонна суюк түрүндөгү органикалык жер семирткич берет. Бул айылдардагы 300 миң үй-бүлөлөрдү биогаз жана республикабаздагы 1 млн. 200 миң гектар айдоо аянтыбызды толук камсыз кылчу жер семирткич менен камсыз кыла алат. Азыркы учурда бизге жылына 300-400 миң тонна жер семирткич керектелет жана анын баасы 25 сом болгондо бизге дыйкандарды толук камсыздоо үчүн 250 млн. доллар акча керек. Албетте, муну мамлекеттин да, дыйкандардын да керектүү өлчөмдө сатып алууга чамасы жетпейт. Эми салыштырып көрүңүз: азыркы учурда дыйкан-фермер чарбаларда коюлган биогаз орнотмолору аркылуу жылына 2 млн.куб газ, 100 миң тоннадай жер семирткич алынууда. Суюк түрүндөгү био жер семирткичтин 1 тоннасы 150 сом( 1 кг 15 тыйын), биогаздын 1 куб/метри 2,5 сом.

Бегим Турдалиева




"БИО-БАНдын" сапаттуу жер семирткичтери
Россиялык "БИО-БАН" ишканасы 1995-жылы негизделген жана экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугунун маселелерин чечүү менен алектенет.

Ишкана "Флора-С" деп аталган экологиялык таза кургак торф-гуминдик жер семирткичин ойлоп тапкан. Ал гумин кислоталарынын уникалдуу жогору концентрацияланган аралашмасы болуп саналат жана анын негизинде курамында топурактагы жана өсүмдүктөрдөгү патогендик микрофлора менен күрөшүүчү табигый бактериялар Bacillussubtilis (штамм ВКПМ В-7048) штаммы бар "Фитоп-Флора-С" препараты чыгарылган.
Бул препараттарды комплекстүү колдонуу менен биз кыска убакытта: топурактын түзүлүшүн калыбына келтирип жана түшүмдүүлүктү жогорулата алабыз, гумустун терс балансын төмөндөтөбүз, айыл-чарба жүгүртүмүнөн чыгып калган жерлерди кайтарабыз, алардын агробаалуулугун жогорулатып, топурактын суу-физикалык жана физико-химиялык касиетин жакшыртабыз, кычкылдануусун, карбонаттуулугун жана туздануусун азайтабыз, уулуу заттарды коопсуз деңгээлге чейин түшүрүп, нефть төгүлүүнүн, химиялык заттардын өсүмдүктөргө болгон терс таасирин жок кылабыз, уруктарды микробиологиялык деңгээлде брака чыгарабыз, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн 20-40%, кээ бир учурларда 90%га чейин жеткирип, түшүмдүн жетилүү мөөнөтүн кыскартуучу, жыйналган түшүмдүн 85-95%ынын сакталышын камсыз кылуучу, өсүмдүктөрдө жана топуракта чирип кетүү оорулардын жок болушун, кайра иштетүү продуктыларынын (сок, консервалар, шараптар ж.б.) сапатын арттыруучу оптималдуу өсүшүн вегетациянын бардык фазаларында камсыз кыла алабыз, теплица кожолуктарын калыбына келтирүү жана алардын иштөө көйгөйлөрүн чечип, анын ичинде теплицанын ичиндеги топуракты алмаштырып туруу жана термикалык иштетүүнү жоебуз, өсүмдүктөрдү негизги оорулар комплексинен (тамыр чириги, ак кебер, жалган ак кебер, фомоз, фитофороз, фузариоз, котур, антракноз, боз, ак, мөмө жана башка чириктер) арылтабыз, адамдар жана жаныбарлар топтолгон жерлердеги, анын ичинде курорттук жээктерде санитардык-эпидемиологиялык абалды азайтабыз, балыктардын урук чачуусуна (нересть), икра жана майда балыктардын жашап кетүүсүнө, табигый жана жасалма көлдөрдөгү балыктардын жашоого жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөбүз, цианобактериялардын (көк-жашыл балырлардын) токсикалык таасирин төмөндөтөбүз, суу жээктер чийимин бекемдейбиз, жерлердин чөлгө айлануусун токтотуп, кыска мөөнөттө өрт, суу ташкыны, сел ж.б. кырсыктардан кийин топурактын түшүмдүүлүгүн жогорулата алабыз, мегаполистердин жашылдандыруу максатында колдонулган өсүмдүктөргө болгон токсикологиялык таасирин төмөндөтүп, алардын кызмат мөөнөтүн узартабыз, мал чарбасында колдонулуучу тоюттардын аш болумдуулугун, жаныбарлардын иммунитетин, жогорулатабыз, ошону менен бирге өндүрүлгөн эттин сапатына терс таасирин тийгизүүчү антибиотик жана дары препараттарын колдонуу зарылдыгын төмөндөтөбүз, жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн аркасында каалаган региондо экологиялык таза продукция ала алабыз.
Бул препаратты өткөн 2012-жылда республиканын айрым жерлеринде колдонуп, анын чыныгы сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк болду. Мисалы, Ош облусунда Шарк айыл өкмөтүнүн Нажат дыйкан чарбасы пахта аянттарына препараттарды колдонуп көрүшкөндө дээрлик бардык аянттан түшүмдүүлүк 20%дан 40%га көтөрүлгөн. Башкача айтканда препарат колдонулган аянтта 45 центнерден, ал эми минералдык жер семирткичтер себилген аянттарда 32 центнерден айланып, топурактын анализин текшергенде себилген аянтта 7,5 мг/кг фосфор, себилбеген аянтта 3,1мг/кг фосфор чыккан. Натыйжада фосфор эки эседен жогору көбөйүп, препараттын фосфорду өсүмдүк алалбай турган курамынан инерттик абалга өткөрүп, өсүмдүктүн толук кандуу азыктанышына шарт түзгөн. Ошондуктан бул препараты колдонгондон кийин жерге фосфор жер семирткичин берүүнүн зарылчылыгы жок экендигин тастыкталды. Жогоруда белгиленген препараттын сапаттары анык экендиги байкалды.
"Флора-С" и "Фитоп-Флора-С" препараттары Кыргыз Республикасында каттодон өтүп, эч кандай чектөөсүз колдонууга уруксат берилген.
Орточо эсеп менен бир сезондун башынан аягына чейин 1 га аянтка 1,5 кг "Флора-С" и 1,0 кг "Фитоп-Флора-С" колдонулат. Абдан арыктаган топуракты калыбына келтирүү үчүн нормасы 2-3 эсе көбөйтүлөт.

Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн байланыш телефону:
0557 00 30 65.

Ысык-Көл: 0772 567177, 0777 555313
Талас: 0773 686810
Ош: 0557 003024
Жалал-Абад: 0554 004084
Баткен: 0557 003048