Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Тоолуу өлкөлөр шериктештигине мүчө уюмдун демилгеси
Келечекте хоккей жылдыздары Теңир-Тоодон чыгат
Кыш мезгилинде тоолуу айылдарда талаачылык иштерин баштоого жана малды жайытка айдоого мүмкүн болгон жазды күтүп турмуш басаңдай түшөт. Кээ бир жерлерде клубдар жок же иштебегендиктен айылдыктарга кышында кыларга иш да жок. Өзгөчө жумушсуздуктан жана айылдагы социалдык-маданий иш-чаралар үчүн шарттын жоктугунан айылдык жаштар эригип, алкоголго берилип, атүгүл наркотикке азгырылып кетишет. Тилекке каршы кыргыз маданиятына жана менталитетине мүнөздүү эмес мындай тенденция акыркы жылдарда өсүп жатканын статистика көрсөтүүдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан 2012-жылга аныкталган рейтинг боюнча Кыргызстан алкоголду пайдалануу жагынан дүйнөдөгү 188 мамлекеттин ичинен 107-орунду ээлеген. Албетте, бул көрсөткүч кошуна өлкөлөргө караганда төмөн экенине карабай өзүбүздү сооротууга себеп жок жана алыскы айылдарда сергек жашоо образын жайылтуу зарылдыгы курч турууда.

Ден-соолук - адамдын башкы ресурсу,- дейт Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы(ТжЖПА). Дал ушул себептен ассоциация токой жана жер ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу менен катар эле социалдык мүнөздөгү иш-чараларды колго алууда. Жаңырган жылдын январь айында ТжЖПА Нарын облусунун Кочкор районунун спорт комитети менен биргеликте жана Норвегия токой тобунун колдоосу менен Теңдик айылында хоккей боюнча манасчы Сагымбай Орозбаковдун ысымындагы кубок үчүн турнир өткөрдү.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын, Нарын облусунун Кочкор жана Жумгал райондорунун командалары колдон жасалган муз талаасында хоккей ойношту. Командалардын курамында өспүрүм балдардан баштап улуураак курактагы адамдар да бар. Муз үстүндөгү кармаш хоккейчилердин өзүлөрү үчүн да көрүүчүлөр үчүн да өтө курч жана кызыктуу болду. Баарынан кызыгы күйөрмандардын бири улуу манасчы Сагымбайдын урпагы болуп чыгып, оюн учурунда транска түшүп кетип, эпостон чоролордун согуш талаасында салгылашынан үзүндүлөрдү айтып кирди. Бул хоккейчилердин кармашы канчалык кызыктуу болгондугун көрсөтпөй койбойт.
Жыйынтыгында 1-орун Чолпон-Ата, 2-орун Кочкор районунун "Ормонхан" командасы, 3-орун Жумгал районунун, 4-орун талаа ээлери "Теңдик" командасына ыйгарылды. Байгелерди жана эстелик белектерди ТжЖПАнын башкы директору Айткул Бурханов жана Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева тапшырды. Алар айыл жерлеринде маданий-массалык иштерди уюштуруу жана жаштарды спортко кызыктыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Бул үчүн зарыл инфраструктураны түзүү үчүн анча деле чоң каражаттын кереги жок деп эсептейт ТжЖПА. Мисалы, хоккей талаасынын орду камыш жыш баскан саз жер болчу. Ассоциациянын жергиликтүү мүчөлөрүнүн демилгеси жана аракети менен бул жерди тазалашып, муз аянтчасы жасалган. Натыйжада бул жер Теңдик жана ага жакын айылдардын тургундары үчүн кышында эс алчу аймактагы бирден-бир жай болуп калды.
Негизи акыркы мезгилдерде Теңир-Тоо аймагы чынында эле хоккейдин мекенине айланып, байма-бай мелдештер өтүүдө. Келечекте кыргыздын хоккей жылдыздары Теңир-Тоодон чыгаары ажеп эмес.
Ошентип, муз аянтчасынын пайда болушу менен Кочкордун базарында конькиге суроо-талап кескин өскөн. Мурда мындай товар бул жерге алынып да келчү эмес. Ал эми жергиликтүү ширеткич уста жана өтүкчүлөр үчүн конькини өтүк жана батинкага тагып берүү боюнча жаңы кызмат көрсөтүү пайда болду.
Жер ресурстарын туруктуу пайдалануунун мыкты мисалы мына ушундай ишке ашты. Ал эми анын социалдык оң таасирин айтып отуруунун кажети жоктур.
"Биздин коллегалар жана өнөктөштөр мындай иш-чараларды колдоого алат деп үмүттөнөбүз дейт Айткул Бурханов.- Бул көп деле чыгымдарды талап кылбайт. Алыс-кы аймактарда жашап жаткан элибиз мындай көңүл бөлүүгө жана тоо шартында жашоонун өзгөчөлүгүн түшүнүп колдоого муктаж".

Алма Карсымбек
Макала үчүн материалдар жана сүрөттөр ТжЖПАдан алынды




Сейдикумдагы "Умай-эне"
Базар-Коргон районунун Сейдикум айылынын тургуну Адина Абдрахмановага келгенибизде бизди эшик алдынан күлүп-жайнаган топ балдар тосуп алды, көрсө алар анын неберелери экен. Адина болсо короодогу бастырманын алдында бадыраңдарды жууп, консервалаганга камданып жатыптыр. Биз кийинки бөлмөгө баш багып, тегиз тизилип турган көптөгөн банкаларга көзүбүз түштү.

"Бул жылы менин алты балам жана неберем жазга чейин витаминдер менен толук камсыз болушту. Эмнени сата албай калсак, баарын банкага салдым, - Адина колу менен жаңсай көрсөтө шаңкылдай күлдү. - Ал турсун болгар калемпирин да салып койдум, биз мурда аны эч качан консервалачу эмеспиз, долбоордо тренингде үйрөткөндүн пайдасы тийди".
Бизди жарык маанай менен үйгө чакырып, үйдүн кожойкеси кубанычтуу күлгөнүн тыйбай, долбоорго өзүнүн катышуусун берилүү менен айтып берип жатты, муну менен бирге көп колдуу индия кудайы Мариамман (Кудай-эне, айылды жана адамдардын бакубат турмушун, айбанаттарды жана табиятты коргогон теңири) сыяктуу бир эле маалда бир нече иштерди да жасап жатты.
Биздин кой дегенибизге болбой, бөлмөдөн верандага, андан кайра бөлмөгө чуркап, тапчандын үстүнө бизге төшөк салып, дасторкон жайып, кайдан-жайдандыр үстүн бекитип койгон банкаларын алып чыгып, өзүнүн консерваларынын ар түрдүүлүгүн бизге көрсөтө, ошол эле кезде чарба боюнча балдары менен неберелерине тапшырма берип жатты. Бул "чимирикте" анын сөздөрүн блокнотко түшүргөнгө араң үлгүрүп жаттым. Бир азга тиричилигин токтото туруп, биздин жаныбызда жөн эле отуруп турганга андан суранууга туура келди. Адина макул болуп, бирок болбой эле колунан чыгарбаган уюлдук телефонун чыдамсыздык менен карап жатты. "Эртең менен кызымды төрөтканага алып кетишкен, мына эми бүлөбүздүн көбөйгөнү тууралу жаңылыкты күтүп жатам, сүйүнчү" үчүн чөнтөгүмдө акча камдап турам", - деп кайрадан шаңкылдап күлөт эже.
Ушул энергиясы ашып-ташкан жана шайыр аялды карап туруп, анын үлүшүнө далай сыноо туш келгенине араң ишенесиң. Жети жыл мурун, күйөөсү каза болгондон кийин ал алты баласы жана неберелери менен жалгыз калат. Күйөөсүнүн көзү тирүү кезинде, ал инженер болуп иштеп турганда деле алар бай жашашчу эмес, жесир калган соң андан да кыйын болду. Адина эптеп-септеп жашаганын мойнуна алат. "Кандай гана жумуш болбосун илинип, пахтада иштедим, таңдан-кечке талаада жана жеримди иштетип, огороддон башым чыкпады, карызга баттым - атасынын жоктугу балдарга билинбесин деп болгон аракетимди жасадым. Бирок баардык күч-аракетимди жумшаганыма карабай жылдан-жылга жердин түшүмү азая берди, жашаганга араңдан-зорго жетип жатты. "Мурда ар бир совхоз менен колхоздо агрономдор болуп, жердин асылдуулугуна көз салышчу, азыр ар бири өзүнүн оюна келгендей жерин иштетишет, ошонун айынан жер тосуп кетти", - дейт Адина. Ошондуктан Сейдикумга CDAнын кызматкерлери келишип, ФАОнун жана "ООН Женщины" долбоору жөнүндө айтып беришкенде ал эч кандай олку-солку болбой туруп ага катышууга макул болгондордун алгачкыларынын бири болду. Ал аз келгенсип ал ӨЖТны түзүү үчүн айылдан 40 аялды өзү уюштурууга даярдыгын айтып чыкты. Баарынан мурда долбоордо аны кызыктырганы түзүлгөн топторго үрөн гана беришпестен, ал көптөн бери үйрөнүүгө ынтызарланып жүргөн заманбап агротехнологияларга окутаары эле: "Биздин элде "Көктөн издегени жерден табылды" деген макал бар, мен дагы көптөн бери издегенимди долбоордон таптым, жер бизди баккандай болуш үчүн аны иштетүүнү үйрөтүүгө жардам беришүүдө. Бул долбоор эл үчүн, жөнөкөй адамдар үчүн, анткени мен сыяктууларды кедейликтен чыгууга окутат. Мына жакында бизге долбоордо иштегенибиз үчүн ун жана май таратышты (БУУнун Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын "Иши үчүн азык-түлүк" программасы боюнча ӨЖТнын мүчөлөрүнө активдүү иши үчүн 200 кг.дан ун, 16 литрден май бөлүнгөн) - бизге, айылдын түпкүрүндө жашаган аялдарга колхоз жоюлгандан бери мындай камкордукту эч ким жасаган эмес. Балким бул кимдир бирөөгө аңкоолук жана күлкүлүү сезилээр, бирок үйдөн бир карыш алыс чыкпай жашаган, ал турсун коңшу Ноокен районуна тажрыйба алмашууга баруу Адинанын турмушунда чоң окуя болду:" Мен алыскы Ысык-Көлгө барып келгендей болдум, - дейт ал, - мен башка адамдар кандай жашап жатканын көрдүм, жаңы көп нерселерди билдим, менин турмушум аларга кайдыгер болбогон долбоорлор боюнча адамдар менен тааныштым, мага жана менин үй-бүлөмө жардам бергиси келгендикти сезүү, көңүлүмдү көккө көтөрүп, алдыга жетелейт".
Адина дагы ӨЖТда иштөө духту гана көтөрбөй, улуттар аралык достукту чыңдаарын айтат: "Биз өз тобубузду "Ынтымак" деп атадык. Бизде өзбек жана кыргыз аялдар бирге иштешет. Мурда, долбоорго чейин көчөдөн жолукканда баш ийкешип учурашып келсек, азыр жолукканда бир туугандардай кучакташып, иши кандай жүрүп жатканын сурайбыз, жаңылыктар менен бөлүшөбүз.
Себеби долбоор баардыгыбызды бириктирди, бизде жалпы кызыкчылык пайда болду. Мен биргелешкен эмгек адамдарды туугандаштырыш үчүн айыл жериндеги бардык калкты ӨЖТга бириктирүү керек деп эсептейм, анда алардын ортосунда жаңжал болбойт!"
Биз жаңы эле меймандос Адинанын үйүнөн узап баратканда, ага акыры төрөтканадан чалышып, небере кыз төрөлгөнүн сүйүнчүлөштү. Анын кубанычында чек жок эле, а биз анын бактылуу көз ирмемине ортоктош болгонубузга кубандык. Анын үстүнө ал менин урматыма небересинин ысымын Алмахан деп коем деп калды: "Мейли ал дагы элге жакшы долбоорлор жөнүндө айтып бериш үчүн сен сыяктуу журналист болсун. Биздин балдарыбыз жана неберелерибиз бизден жакшы жашасын, биздин жерде тынчтык жана гүлдөп-өсүү болсун", - кетип баратып Адина Абдрахманованын, эмгекчил аялдын жана чоң жана бактылуу үй-бүлөнүн Умай-энесинин энелик батасын уктук.
Айнура Атабекова,
Жалал-Абад облусу боюнча CDAнын координатору:
"Аялдар - Жерде жашоонун булагы, андыктан ал өзүнүн жаратылышынан тынчтыкты жаратуучу. Кандай гана эне болбосун баарынан мурда өзүнүн көчөсүндө, өзүнүн айылында, жалпысынан өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өзүнүн үй-бүлөсүндө бакубатчылык болушуна кам көрөт. 2010-жылы июнь окуялары мезгилинде Тынчтыктын Аялдар Комитеттери курал эмес, акысыз нан таратыш үчүн көчөгө чыгышты жана адамдарды өздөрүнүн балдарынын келечеги үчүн тынчтыкты сактоого чакырышты. Жалпы эмгек аркылуу ар кыл улуттагы адамдарды бириктирүү менен долбоор айылыбызда аялуу үй-бүлөлөрдүн экономикалык жыргалчылыгын жакшыртууга гана эмес, Кыргызстандын түштүгүндө тынчтыкты калыбына келтирүүгө да салым кошуп жатат".

Алма Карсымбек





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"




Яндекс.Метрика