Ат-Башы өрөөнүндө сүт өткөрүү көйгөй эмес
2009-жылы белгилүү ишкер, "Замандаш" саясий партиясынын негиздөөчүсү маркум Муктарбек Өмүракуновдун демилгеси менен Ат-Башы айылында сүт заводунун курулушу башталган.Ал мурдагы РТС мекемесин жери менен кошуп сатып алып, ичине сүт заводун, имарат жайларды салдырат. Ошол жылдары көптөгөн ишкерлердин арасынан Б.Абышовдун ишмердигин жана жеке сапатын баалап жана ага ишеним артып, ушул аталган сүт заводунун эки тизгин, бир чылбырын колуна карматат.
Ошентип 2010-2011-жылдары заводдун курулуш иштери жүргүзүлүп, өткөн 2012-жылдын жай айларында гана ишке берилет. Негизинен бул завод бир суткада 5 тоннага чейин сүт азыктарын чыгарууга негизделген.Союз тарагандан бери жеке эле Ат-Башы району эмес, жалпы эле Нарын областы боюнча сүт продукциялары - сыр, сары май, каймак май сыяктуу азыктарды өндүрүүчү ишканалар жокко эсе болуп келген. Эми минтип алгачкы саамалык ирээтинде Ат-Башыда ачылган сүт заводу бир катар ишкерлерди ойго салууда. Себеби, союз тарагандан бери карай сүт өндүрүү иши солгундап, анын ордуна арак-шарап чыгаруучу заводдор шакылдап иштеп,карысы да, жашы да мас дегендей, жуткан абабыз да арак жыттана баштаган мезгилдер өттү. Эмесе "Ат-Башы сүт" заводунун директору Абышев Бейшенбек Муканбетовичке кеп кезегин ыйгаралык.

"Биздин сүт иштетүүчү заводдун негиздөөчүлөрү маркум М.Өмүракуновдун бир тууган иниси Самар Өмүракунов жана "Замандаш" партиясынын төрагасы Эмил Өмүракуновдор болуп эсептелет. Албетте, ишти жаңыдан баштоонун өзүнчө машакаты бар. Биз негизги ишибизди окуп, үйрөнүүдөн баштагандыктан кыйынчылыктарды жеңил басып өттүк десек болот. 30 адамды жумушка кабыл алуу менен гана чектелип калбастан, сүттү кабыл алуучуларды, технологдорду, лаборанттарды жана башка керектүү адистерди Бишкектен, Нарындан атайын тиешелүү окуулардан окуттук. Айрыкча бизге сүттүн тыгыздыгын, майлуулугун, сапатын так өлчөө талап кылынат. Мындан тышкары тажрыйба алмашуу максатында Чүйдөгү, Беловодскидеги, Бишкектеги жана Талас областындагы сүттү кайра иштетүүчү заводдорго чейин барып, билбегендерибизди тартынбастан үйрөнүп, иш тажрыйба алмашып, таанышып чыгып, өзүбүз кыйла жакшы натыйжаларга ээ болдук десек болот. Биз эми мындан ары карай 5 тонна сүттү иштетүү менен гана чектелбестен, келечекте 10 тоннага чейин өндүрүүнү пландап жатабыз. Ушуга карата, тиешелүү жаңы жабдууларды алып, ичтерин кайра реконструкциялоонун үстүндө иштөөдөбүз.

Топоздун сүтүнөн
сыр чыгарабыз
Бирок, биз учурунда бир нерсени эсепке алган эмес экенбиз. Ат-Башыда уйлар жазгысын гана туугандыктан, жай мезгилинде гана сүт болуп, кышкысын азайып иш токтоп каларын ойлонбоптурбуз. Ошондуктан, азыр айрым фермерлер бизге кайрылышып, сүт багытындагы уйларды кармап өстүрүү менен кышкысын да үзгүлтүксүз сүт ташып келип турууга кызыгышууда. Буга дагы кошумча катары быйыл жаз алды менен балмуздак чыгаруучу аппараттарды да алып келип орнотуп, балмуздак чыгарууну да пландап турабыз.
Сүт болсо эле төрт мезгилде бирдей иштей бергенге толук шартыбыз бар. Ошондуктан быйылкы жылы Ат-Башы району менен эле чектелбестен, коңшу Ак-Талаа жана Нарын районунан да сүттөрдү топтоп, иштетүүнү колго алганы жатабыз. Биздин Нарында иш жүргүзүп келген француздардын бир фирмасы менен таанышып, алакалаш иш жүргүзүшүп жатабыз. Алар мурда Аксай, Арпа тарапка барышып, топоздун сүтүнөн сыр жасап көрүшүптүр. Анткени топоздун сүтү уйдукуна караганда эки эсеге көп майлуу болот экен. Эми биз да алардан үйрөнгөн тажрыйбабызга таянып, топоздун сүтүнөн сыр чыгарууга белсенип кирише баштадык. Француз ишкерлеринин айтуусуна караганда эгерде 50% уйдун сүтү менен 50% топоздун сүтүн аралаштырып сыр чыгарса, дүйнөлүк эталонго жарай турган, жогорку категориядагы эң мыкты сыр өндүрүлөөрүн шардана кылышууда. Ишканабызда жалпы бардыгы болуп 30дай киши иш менен камсыз болушту. Алардын түштөнүүлөрү акысыз. Ай сайын иштегендерине жараша 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин айлык маяна алышат.

Ветеринардык тейлөө
теске салынса
Биз иштеп баштаган мезгилден тарта алакан жайып, жардам сурап Өкмөткө да, жергиликтүү бийликке да барган жокпуз. Бирок, жергиликтүү бийлик бизге ветеринардык сервис иштерин жөнгө салуу боюнча жардам беришсе жакшы эле болмок. Анткени азыр эл мал жандыктарын туш келди дарылашып, ийне сайдырышып жатышкандыктан бизге кооптонууну туудурууда. Мисалы, айылдын бир тургуну саан уюна кечинде ийне сайдырып, эртеси андан саалган сүттү бизге келип өткөрүп жиберсе, биздеги 1 тонна сүткө алиги сүт аралашып кетсе, дээрлик бардык сүт жараксыз болуп калышы мүмкүн. Биз ошол көйгөйдү жергиликтүү бийликтегилерге айтып да, өтүнүп да жатып жеткире албадык. Анткени, алар элдин малын ар кайсы учурда, белгисиз мөөнөттө дарылатпай, бардыгын комплексттүү түрдө бир убакытта кезеги менен дарылатышып, анан бизге маалымат бердирип турушса жакшы болмок. Улам рыноктун шартына жараша биз да өндүргөн продукциябызды Бишкекке, андан ары карай Казакстанга чыгарсак дейбиз. Ошондо алардын талабы да катуу жана мыйзамдуу болорун сезип жатабыз. Экологиялык жактан эң таза жана сапаты боюнча эң мыкты болгон продукциябыз тышкы рыноктон да өз ордун табат деп ишенем.

Кадыркул Бугубаев,
Журналист




Максатсыз пайдаланып, 36%дык үстөгүн төлөп калбаңыз
Былтыр Кыргыз өкмөтү 7 пайыздык үстөгү менен дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн 1 млрд. сом бөлгөн. Бирок анда көпчүлүк дыйкандардын суроо-талабы аткарылган эмес. Андыктан, нааразычылыктар күч алган. Айрыкча "Айыл Банктын" айрым кызматкерлери насыянын 20 пайызын "шапка" катары алып калат деген ызы-чуулар айтылган. Быйылкы насыялоо үчүн Кыргыз өкмөтү 5 коммерциялык банк менен келишим түздү: "Айыл Банк", РСК, KICB, "Залкар", АКБ. Насыялоо суммасы дагы 4,5 миллиард сомго чыгып, бирок анын үстөк пайызы төмөндөбөй эле жогору (10 %) берилиши күтүлүүдө. Бирок насыя алуунун жолдору жеңилдегени менен шарттары катаалдашты. Быйыл берилүүчү насыянын шарттары жана өзгөчөлүктөрү боюнча 24.kg агенттиги тиешелүү адамдарга кайрылган.


Чыңгысбек Узакбаев,
Айыл чарба жана
мелиорация министри
- Былтыркы жылы насыяны убагында тарата албай калдык. Көптөгөн нааразычылыктар болду. Анткени бюджетибиз убагында бекибей, элге да түшүндүрүү иштери өз маалында уюштурулбай калган. Ошондуктан эл бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 701 миллион сомун гана алып калган. Анын 305 миллиону дыйканчылыкка берилсе, 399,5 миллиону мал чарбасына бөлүнгөн. Быйылкы жылы 4,5 миллиард сом 10 пайыз менен элге таратканы турабыз. Айыл чарба министрлиги "Бирдиктүү терезе" принцибин киргизели деп сунуштоодобуз. Эл эмне документ, кандай шартта деген суроонун баарын бир жерде бүтүрсө деген тилектебиз. Биз болушунча насыя алуу жолдорун жеңилдетүүнүн үстүндөбүз. Өкмөттүн токтомуна ылайык жеке ишкерлер, фермерлерге 250 миң сомдун тегерегинде насыя алса болот. Бирок бириккен дыйкан чарба, кооператив жана айыл чарбасын кайра иштетүү тармагына насыялоонун суммасын жогорулатууну карап атабыз.

Токтобек Акматов,
"Айыл Банктын" төрагасы
- Быйыл каржылоо үч багытта жүргүзүлөт. Биринчи жолу айыл чарбасын кайра иштетүүгө насыя каралууда. Дыйканчылыкка бир жылдык мөөнөттө берилсе, мал жана айыл чарбасын кайра иштетүүгө насыя эки жылга берилет.Чектөө 250 миң сом деп коюлду. Бул акчаны алуу үчүн 5-6 документ керек. Банкка арыз берүү, жери же мал бакканга сарайы болсо аны тастыктаган жеке менчик ээси деген документ, жубайынын макулдугу жана күрөөгө коюлчу үй жайы. Келишимге кол койгон 5 банк биригип, дыйкандага 10 пайыз насыя берүүгө макулдук беришти. Беш банктын кредиттик ресурсу 4,5 миллиарддан ашык, андан тышкары, эгерде насыя максаттуу жумшалса өкмөт 10 пайыз субсидия катары бюджеттен төлөп берет. Кардар үрөн, мал же күйүүчү май сатып алган документтердин отчетун банкка тапшырат. Банк кызматкерлери үч ай ичинде мониторинг кылып текшерип турат. Эгерде куда-сөөккө барып же тияк-биякка максатсыз жумшаса, анда жеңилдетилген 10 пайыз берилбей, анын ордуна 36 пайыз төлөп калышат. Анткени көзөмөл катуу. Былтыр Каржы министрлиги насыяны 50 миллиондон бир бөлүп, 100 миллиондон бир бөлүп төлөгөндүктөн, кээ бир чоң айылдан 3-4 гана адамга жеткендей сумма болду. Каралган акчанын 350 миллион сомун гана биздин банк таратты. Сиз айткандай, "Айыл Банктын" айрым кызматкерлери "шапкесин" алды деген маалымат боюнча биз өтө катуу көзөмөл кылабыз. Ушак сөздөр көп айтылган менен бир дагы конкреттүү фактыны көрө элекмин. Эгерде көргөн билгендер болсо айтышсын. Азырынча бул боюнча бир дагы арыз түшкөн жок. Пара алган кызматкерлер болсо катуу чара көрөбүз. Балким четин билип калсаңар, 66-51-33 телефонуна кайрылып, арыз бериңиздер. Айрым учурда кардардын башка банктарда карызы болсо деле кайрылып, нааразы боло беришет. Алтургай аялынын насыясы турса, күйөөсү алам дегендер көп. Андай үй-бүлөлөргө да берилбейт.

Айрым кыскартуулар менен
24 kg агенттигинен алынды