Малчылардын күткөн адамы
Малы соонун жаны соо, дешет кыргыздар . Мал ылаңдаса жан алекетке түшүп мал доктур издеп, керектүү дарыларды тапкыча шашабыз.

Мал доктур, айылдагы кадырман карыялардын бирине айланган Дөөлөт Сатаркуловду Шекер айылынын эли дале үйдө жөн олтургузбайт. Бирде бирөөсү уй төлдөй албай жатат, - деп келсе, дагы бир атынын баспай калганын айтып келет. Анча -мынча керектүү аспаптарын алып келген киши менен жөнөп калат.
Бала кезинен дарыгер болууну эңсегенине апасынын көп ооруганы себепчи болдубу, айтор мектепти аяктагандан кийин айылга жакын деп Талас шаарындагы медициналык окуу жайдын фельдшер-акушер бөлүмүнө тапшырып окуп калды. Ал кезде элдин көз карашы башкача эле. Айылдарда окуп келгендер аз болчу. Медициналык окуу жайга тапшырып окуп жатканын айтканы менен анын кесибине анчалык терең маани бербеген агасы унчукан жок. Дарыгер болсо болду деген окшобойбу.Кызыктын бары кийин башталат.1960-жылдарда окуусун аяктап, өзүнүн айылы Көк-Сайга келип ооруканада иштеп калат. Алгач келгендерге медициналык жардам көрсөтүп, врачтын көрсөтмөсүн так аткарып жүрөт. Окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктаган Дөөлөт Сатаркулов Советтик Армиянын катарына чакырылганда дагы, ал жердеги медициналык пунктта кызмат өтөйт. Армиядан кийин айылга кайтып келген Дөөлөт Кайнар айылындагы ФАПтын фельдшери болуп дайындалат. Чакан айылдагы элдин саламаттыгына кам көрүү жаш жигиттин милдети болуп калды. Мына кызык, кантип эле өз эримден башка көрбөгөн денемди жаш догдурга көрсөтөт элем,- деген келиндер, орто жаштагы аялдар фельдшердик пунктка баруудан баш тартышат.
Инисинин кесиби дарыгер, болгондо да аялдардын төрөтүн кабыл алуучу адистикте экенин уккан агасы ачууланып алат. Айылдагылар Дөөлөттүн өз кесибин жакшы билерине ишенгени менен анын аялдардын дарыгери болгонун жактырышпайт. Ар кандай күбүр-шыбыр сөздөрдөн тажаган агасы ачуусун баса албай Дөөлөттүн кесибин алмаштыруусун катуу талап кылат. Ары-бери кетип Дөөлөт мал догдуру болууну чечет. Ошентип Казакстандын Луговое шаарчасындагы техникумга тапшырып мал доктуру болуп чыга келди. Бул окуу жайды дагы кызыл диплом менен аяктаган Дөөлөт, туулган айылына келип малдоктур болуп иштей баштаганда, кесибин алмаштырууну талап кылган агасы бул дүйнө менен коштошуп кеткен эле. Бул жетмишинчи жылдардын башы болчу. Андан бери канча суулар агып, канча жылдар алмашты. Агыны катуу суу кечип, аскасы бийик тоолорду ашып малчылардын күткөн адамына айланган. Ал кезде ар бир коктуда 4-5 короо койлор, уй фермалары болгон.
Айылдын эли малдын сакайып кетүүсүнө анчалык ишене бербей ооруп калса бычагын курчутуп чыгышар эле. Дөөлөттүн мээнети кайтып, ар кандай ылаңдардын алдын алгандыктан мал оорулары кыскарып олтурган. Малчылар менен биргелешип көк мээ болгон козулардын оорусун сакайтканда көпчүлүк ынана бербей, көпкө кеп кылып жүрүштү. Эл арасында жылкы баласынын буту сынса эч качан бүтөлүп кетпейт,анын жанын кыйнабай союуп салыш керек,-дешет. Бир ирет мындай оор жаракат алган атын союуга кыйбай ыйлактаган жаш жигиттин атынын бутун кадимки адамдын бутундай шак-шак коюп сыныктарын орду -ордуна келтирип таңып сакайтканын эл айтып жүрөт. Жакшы адистерди ротациялоо ошол мезгил талабы беле, райондон киришип жатып Дөөлөттү Чолпонбай совхозуна мал дарыгери кылып жөнөтөт. Малчылар менен тез эле тил табышып бул айылда дагы көпкө иштеп жүрүп союз таркардан мурдараак өз айлыбызга жакын Шекерге жибергиле деп, суранып олтуруп Шекер колхозунун уй фермасына мал доктур болуп келген. Шекер айылында жашап жүрүп, менчиктештирүүгө малдар бөлүнүп жатканда, кантип эми ушундай болсун, деп ичи ачышканын айтпа. Колдо болгон малдын барын үлүшкө таратып жиберген соң катар-катар жайгашкан уй сарайлар ээнсиреп кала берди.
Элдин баары өз бет алдынча оокатын жасай баштаганда Дөөлөт дагы жеке дыйкан чарбасын түзүп балдары менен колуна тийген мал -жанын алып, бошоп калган сарайлардын бирин ижарага алып чыгып кетишти. Бирок айылдын эли малы ооруса эле эшигин каккылап турат. Кайра халатын кийип аспаптарын көтөрүп элдин малын дарылап жүрдү. Анан жеке ветврач болуп иштеп калды. Учурда Дөөлөт аке бактылуу карылыктын даамын сызып небере-чөбөрөлөрүн эркелетип отурат. Жакында эле неберелерин үйлөнтүп, өзүнчө бөлүп чыгарды. Өз алдынча түтүн булаткан небереси Эрландын баласын күнүнө бир көрбөсө бөксөсү толбой турат. Байбичеси Орункүл экөө төрт уул,үч кыздын төрүндө сыйлуу коногу. Жашы жетмиштен ашканы менен айыл эли дагы эле малдарын дарылатып, кандай дары-дармек жардам берерин сурап турат.
Малы ооруса кошо ооруган кыргыздардын балдары кийинки мезгилде мал догдурлукка окубай калышты, окуса да аз санда, Өкмөт ушул жагына көңүл бурса, деген изги тилегин айткан карыя менен биз жылуу коштоштук.

Нуржамал Курманкулова





Ыктыярчылардын ийгиликтери
же бириксе бүт иш колдон келет
Ысык-Көл дегенде жээкке урунуп, анан кетенчиктеп кеткен суунун шарпындысы,өзгөчө көлдүн көгүлтүр сөөлөтү,эс алуучулар, туристтер эске келет. Сыртынан бир караганда жергиликтүү эл сезон башталганы борбордон жана коңшу өлкөлөрдөн келген туристтерди тосуу менен алектенип күн өткөрүп жаткандай таасир калтырышы ыктымал.Бирок Ысык-Көлдө жашагандардын бардыгы эле туристтик бизнес менен алпурушпайт, мал чарбачылыгын негизги кесип кылган айылдыктар жетишээрлик. Түп районунун тургундарынын ичинен туристтерден пайда түшүрүүнү көздөгөндөр аз, жокко эсе десе деле болчудай. Эл эбак эле мал асырап багуу менен деле бардар жашоого болоорун түшүнүшкөн.

Бирок бул иште деле күтүлүп-күтүлбөгөн кыйынчылыктар бар:медиктер менен ветеринарлардын билдирүүсүнө караганда мал-жандын өсүшүнө жараша зооноздук илдеттердин кыйла көбөйүшү байкалат.Мисалы,2011-жылы Ысык-Көлдүн курорттук зонасында бруцеллез менен ооруган адамдардын саны 510го жеткен, анын ичинен Түп районунда 98 киши ооруга чалдыкканы катталган. Ырас, кийинки кездери эхинококкоздун көрсөткүчү төмөндөй баштаганы байкалат.
Зооноздук оорулардын көбөйүп баратышы Түп районунун медиктери менен ветеринарларынын кызуу талкуусунун предметине айланды. Бул да бекеринен эмес, анткени бруцеллез менен ооруган Адам майып же тукумсуз болуп калышы мүмкүн экени белгилүү. "Биз медиктер менен зооантропноздук оорунун ар бир катталган кубулуштары боюнча кызыл чеке болуп талашып тартышабыз.Кээде жалпы бир орток пикирге келип, проблеманы чечүүнүн жолун макулдашпай койбойбуз"-деди иштин чоо-жайына токтолгон Түп райондук ветбашкармалыгынын башчысы Эрмек Исаев.Анын айтымында айылдык ден-соолукту чыңдоо комитети менен тыгыз иштешүү жолго коюлду.
Бүткүл Түп району боюнча 36 айылды камтыган 36 ден-соолукту чыңдоо комитети иштейт. "Биз түздөн түз медициналык жана ветеринарларга таандык болгон малды жана адамдарды антибруцеллездук вакцинациялоо маселесин чече албайбыз, бирок мүмкүнчүлүгүбүз бар.Бул болсо малдан ооруларды жугузуп алуу коркунучунан сактоого жардам бере алат",-деген ишенимде турушат ден-соолукту чыңдоо комитетинин мүчөлөрү.
Түптүн ден-соолукту чыңдоо комитети активдүү иш алып барууда. Мына ушул комитеттин демилгеси менен 2011-жылы райондо ден-соолук жылы жарыяланганы эле канчага татыйт дейсиз.Комитеттердин ишин координациялоо милдети Керимбек Муканбетовго жүктөлгөн."Биздин негизги функциябыз - үгүт иштерин жүргүзүү, калкты зарыл маалыматтар менен камсыздоо. Акыркы жылдары биз туберкулез,гипертония,бруцеллез, тамеки чегүү сыяктанган кеңири таралган ооруулар боюнча бир катар иш чараларды өткөрдүк. Бирок баары бир калк үчүн актуалдуу проблема болуп бруцеллез маселеси турууда",-дейт Керимбек Муканбетов.
Өткөн жылы Түп районунда мындай окуя болуп өттү - айылдык ден-соолукту чыңдоо комитети жөнүндө Каракол шаардык ооруканасынын кабинет башчысы Эсенаман Адыканов аңгеме куруп: - Ичке-Суу комитети айылдын тургундарын төл башталаар алдында атайы аң казууга көндүрө албай коюптур.Ошондуктан активисттер башкача бир жол табышыптыр, мектеп парламентинин жардамы менен аң казуу боюнча конкурс жарыялашат, сыйлык катары балмуздак убада кылышат.Анан кантти дебейсизби? Кызыгуу, ошону менен жардам берүү ниети, окуучулардын бири-бири менен атаандаштыгы өз кайтарымын берип, бир күндө 170 аң казылат. Мектеп балдары болсо балмуздак татышат.
Керимбек Муканбетов "Кайдан-жайдан экени белгисиз келемиш деген балакет пайда болду.Тукуму үзүлбөгөн немелер экен.Тез эле бурчамга келтирбей айыл ичине жайылып барат. Булардан кутулуу үчүн атайы аң казууга туура келди",-дейт өкүнүү менен.
Тилекке жараша бул каскактан кутулуунун аргасын издеп таптык.Адамдан амал качып кутулбайт тура, айылдыктар ичеги-карындарды эски темир флягаларга, эски темир дагараларга салышканды ойлоп табышыптыр. Ошону менен келемиштерге капкан да пайда болду.
Мен айыл комитети кол коймоюнча вакцинация өткөрүлгөндүгү боюнча отчет албаймын. Себеби, комитеттердин активисттери айылда кандай иштер жасалгандыгын, айрыкча вакцинация чындап эле барбы же жокпу, алаканга салгандай эле ачык билип турушат"- дейт биздин сөзгө кошулган ветеринардык башкармалыктын башчысы Э.Исаев. Анын айтымында айыл комитетинин кишилери айылдыктардын бруцеллез менен ооруп калган уйлары союуга жөнөтүлгөнүн сак көзөмөлдөп турушат.
Ден-соолукту чыңдоо комитетинин элет элине тийгизген пайдасы ченемсиз чоң.Комитеттердин басымдуу көпчүлүгүн аял активисттер түзөт, ошондой эле мектеп парламентинин өкүлдөрү да ишке тартылган.Биздин волонтерлордун саны 360ка жетти, орточо курагы 35ке туура келет.Эл аралык донорлор биздин эмгегибиз менен таанышып көрүп, жогору баалашты.Алар турукташтыруу гранттардын алкагында 25 миң сомдон каражат бөлөбүз деп жатышат. Биз каражатты мал чарбасына жумшоону көздөп жатабыз. Ар комитеттин өз фондулары бар.Кирешени чогултуп болочокто жүргүзүлө турган түшүндүрүү иштерине жумшамакчыбыз.
Керимбек аба белгилеп өткөндөй мамлекеттик колдоо болбосо жарандардын өздөрү зооноздук кырдаалдын жакшырышына реалдуу таасир бере алмак эмес. Элдин ден-соолугун сактоо үчүн мамлекеттик структуралар менен биргеликте иш алпаруу талап кылынаарын белгилейт.

Асель ОМУРАКУНОВА





Эхинококкоздун эсебин Самат Алиев билбесе ким билет?
Кыргызстанда 2012-жылы 886 адам эхинококкоз оорусуна чалдыккан. Бул туурасында Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин паразитология боюнча координатору Жумагүл Усубалиева "Акипресс" агенттигине билдирген.

Ал эми 2011-жылы бул оруу менен 833 адам катталган. Республиканын Башкы ветеринардык инспектору Самат Алиев мындан бир аз мурдаараак эле "Кабар" агенттигине 2012-жылы 8 айда бул оору менен республикабызда 653 адам ооруганын келтирип, мурдагы жылдарга салыштырмалуу катталган учурлар төмөндөп жатканын айткан эле. Эгерде калган 4 айга жетпеген убакытта бул көрсөткүч 220 учурга өссө республикабыздагы эпиизоотиялык абал жетишерлик кооптуу дегендикке жатат. 886 эхинококкоз оорусу менен ооругандардын 492си Бишкек, 151и Ош шаарына туура келет. Калгандары республиканын райондорунан кездешет. Тилекке каршы бул цифралар башкы ветеринардык инспектор айткандай абал жакшырып жатканын көрсөтпөйт.
Жумагүл Усубалиева Бишкекте жана Ошто бул оорунун мынчалык көп санда катталуу себебин шаарга операция үчүн аймактардан келишкендердин эсебинен болуп жатканы менен түшүндүрөт.
Эхинококкоз адам жана малдын коркунучтуу оорусу. Адам негизинен бул ооруну орулуу иттен жуктуруп алат. Ошондой эле жуулбаган жашылча-жемиш, чийки суу жана оорулуу малдан булганган жер кыртышы менен контакт болгон учурда жуктуруп алышы мүмкүн. Эхинококкоз көбүнчө боор жана өпкөнү ооруга чалдыктырат жана оорулууга операция аркылуу гана жардам берүүгө болот.

Б.ТУРДАЛИЕВА