Кыргыз оюмдарында көп сырлар жатат
Улуттук атрибуттарыбыздын бири болгон кыргыз оюмдарынын ар бири өзүнчө сөз кылууга татыйт. Ар биринде табиятка жакын, көчмөн рухтуу ата-бабаларыбыздын ой-санаалары,кыял чабыттары, жашоо тиричилиги камтылып тургансыйт. Тилекке каршы алардын сырын биз - кийинки муундар жакшы билбей калдык. Ошондой болсо дагы кыргыз деген улуу журттун тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын окуп, изилдеп, эң сонун чечмелеп берчү таберик дүйнө күткөн замандаштарыбыз бар. Биздин бүгүнкү мейманыбыз - И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаев.

"... булар мусулман да, капыр да эмес"
- Октябрь Эркинович, улуттук оюмдарыбыз тууралуу айтсак сөз арбын, бирок өкүнүчтүүсү ошол татына оюмдардын сырын, маанисин билип-билбей келебиз, ушул багытта кеп баштасак?
- Туура, бул кыргыз оюм-чиймелери улуттун баалуу байлыгы болуп эсептелет.Тилекке каршы ошол баалуу кыргыз оюмдары бүгүнкү күндө баштапкы баалуулугун жоготуп, кандайдыр бир символикалуу же көркөм кооздук берүүчү нерсеге айланып калды. Мисалы, ХХ кылымдын башында Кыргызстанга келип кеткен сүрөтчү-изилдөөчү Рындиндин чогулткан материалдарын карай турган болсок, Cуусамыр, Тогуз-Тородон чогулткан материалдардын негизинде кыргыздардын оюмдары 3 миңден 4 миңге чейин жеткен. Азыркы күндө салыштырмалуу айтсак, техникасы өнүгүп жаткан Япониянын оюмдарынын 8 гана түрү бар. Андыктан кыргыз оюмунун ар бири бул жөн гана көркөм сүрөт эмес, бул кыргыз элинин летописин, бай маданияты менен тарыхын баяндаган бир окуя болуп саналат. Мисалы, баарыбызга белгилүү - кыргыз бул жарым көчмөн, көчмөн эл болгондуктан малга жакын болуп, анын ичинде кой жандыгын да көп баккан. Койду кыргыз эки учурда - жаз менен күздө кырккан. Ошого жараша ала кийиздер, шырдактар шырылган. Кол эмгектерин жаратууда биздин уз энелер,кыз- келиндер жаздын келишин, ала-шалбырттын берилишин, кыштын оор же жуттун болушун, айтор кандай окуялар болсо, алардын баарын чыгармачылык менен саймаларына же ала кийиздерине оюулар менен түшүрүп жасашкан. Анан ошол сүрөтчү Рындиндин эмгегин карап олтуруп, белгилүү окумуштуу Бернштам оюмдарды төрткө бөлүп чыккан экен: жан-жаныбарлардын элесин чагылдырган, өсүмдүктөрдүн, табияттын элесин чагылдырган жана турмуш-тиричиликти чагылдырган оюмдар. Мындан кыргыздардын динге болгон ишенимин көрүүгө болот. Кыргыздарды араб окумуштуулары "булар мусулманга да, каапырларга да кирбейт" деп белгилешкен. Ислам дининде адамдын элесин, сөлөкөтүн түшүрүү күнөө катары эсептелет эмеспи,анын сыңары кыргыздар дагы оюмдарында адамдын сөлөкөтүн ачык берген эмес. Мисалы "эр оюм" дейбиз, бул эр адамды түшүндүрөт.
- Эми ошол бийик маданиятыбыздын бүгүн айрылып калган жокпузбу?
- Бүгүн да ошондой салт-санаабыздын негизинде биз жашап, кармалып келебиз. Мисалы "улууну урматтаган, кичүүнү ызааттаганыбыз" да ошондон деп билем. Же болбосо улууну урматта деп жазылган мыйзамды эч жерден таппайсыз. Бизде ошондой эч жерде жазылбаган салт-санааларыбыз, мыйзамдарыбыз бар. Эми кыргыз оймочулугун айта келгенде азыркы күндө мурдагы баалуулуктарыбыз кайрылып жатканы кубанычтуу. Кызмат адамдары, эжелерибиз, апаларыбыз, жаштар болобу, той-аштарда кыргыз оюму түшүрүлгөн кийимдерди кийип алгандары жакшы көрүнүш катары бааланып жатат. Оюм- тарыхы бай, маданияты күчтүү болгон кыргыз элине гана таандык болгон нерсе деп баалай билишибиз керек. Кейиштүүсү азыр биз кыргыздын дал өзүнө тиешелүү болгон көп буюмдарыбызды башкаларга алдырып жиберип жатабыз, ошол эле боз үйүбүз баш болуп, ичкен бозобуз, жаткан бешигибиз, ойногон тогуз коргоол, керек болсо жакында Манасыбызды да алдырып жибере жаздадык.
Эми кыргыз оюмдарын башында көп көңүл бурулбай келбедиби, кандай оюм болсо деле калпагына, чепкенине же чапанына түшүрүп алмай, буга чейин анын сапатына карабай эле улуттук кийимге кайрылып, кийип алгандарына кубанып, маанай-маңызына көңүл бурбай келдик. Чынында улуттук колориттеги кийимдерге кайрылып жатканыбыз канчалык жагымдуу, кайсы бир деңгээлде патриоттук сезимдерибизди көтөрө турган, рухубузга төп келген иш чара деп кабылдасак болот. Бирок, ошол эле оюмдарды биздин уз эжелер, кыз-келиндер же теңтуштарыбыз жасап жатат, ошол жасап жаткандар ар бир оймонун чечмеленишине, сырына көңүл бөлүп койсо деген гана тилек бар. Азыр керек болсо ошол оюумдардын дагы бир шаардык, заманбап турмушка дал келген түрлөрү чыгып жатат, бул жакшы нерсе, чыгармачылык өнүгүп жатат.

"Кочкор мүйүз" - кыргыздын тотеми
- Бирок ошондо дагы балага берилген оюулар, апаларга, эжелерге, эркектерге берилген оюулар, керек болсо буюмга түшүрүлө турган да оюулар бар да?
- Муну эске ала жүрүш шарт, мисалы боз үйдүн эшигине түшүрүлө турган оюуларды алсак, сөзсүз түрдө "күн" оюусу берилген. Себеби кыргыз байыртадан күнгө сыйынган, теңирчиликке берилген, жогоруда белгиленгендей "капырларга" кирбеген, бир Кудайга ишенген эл болгон да. Болгону сыйынуу эрежелери башкача болгон. Ошол эле "кочкор мүйүз" оймосун алалы, кыргыз абдан кеңири колдонуп келген оймо эмеспи, аны казактар дагы биздики деп талашып келе жатпайбы, ал таптакыр андай эмес, бул кыргызга гана таандык. Кыргыз эли бир мезгилдерде чоң мамлекет болуп турганда казактан дайын жок болчу. "Кочкор мүйүз" оюмун кыргыздын тотеми, жан-жаныбарлар менен тыгыз байланышта жашоо философиясы берилет.
Кыргыз эч качан агып жаткан сууга киринген эмес, себеби анын ылдый жагында башка элдер жашаарын билген,кыргыз көчкөндө конушун тазалап, каккан казыгын дагы жерден сууруп кеткен, колго кирген тикендей болуп, жер жарыктык дагы ыйлайт деген. Бул табиятка кылган мамилеси жана кийинки жылда келген адам же жаныбарга зыяны тийбесе деген аяр камкордугу. Дагы бир нерсе - кыргыз жайлоосун дайыма которуштуруп турган, ошондон улам жайлоо, күздөө, кыштоо деген бар. Азыр эмне болду? Жайлоо десе эле бир жерде олтуруп алып, пайда табуунун,сооданын булагы кылып алдык да ал жайыттарыбыз такыр болуп, чаңы чыгып, жайлоонун баркын кетирип жатабыз. Биз ошол ата-бабалардан калган улуу мурастарыбыз, салт-санааларыбызга кайрылып, аларды жандандырып калыбына келтиришибиз керек.

Кыргыз маданиятын кызына жасаган мамилесинен көр
Айталы,аялдарга түшүрүлгөн оймолорду карап көрсөк, көп учурда гүл өсүмдүктөргө байланыштуу болгон да. Кыргыз эли аял кишини, кызды ушунчалык урматтаган эл болгон, мындай башка улут жок. Мисалы кыз төркүнүнө барганда өзгөчө сый-урмат менен төргө олтургузат, кыз эч качан босогого олтурган эмес, кызга устукан да өзүнчө берилиши, аздектеп чачын кырк кылып өрүшү, үкүнү башына тагышы, илгертен оокаты тартыш болсо да болгон жакшы оокатын кызына бериши, азыр да ошондой, кызга баарын беребиз, азыр да балаң менен кызың болсо кызыңды окут дейт кыргыз. Же болбосо келинге кыргыздын көрсөткөн ызааты, майга, отко сыйындырып тосуп алган сыйы, келиндин келгендегиси эстен кетпейт, кайнененин камырынан деп мамиле кылышы - мунун баары кыргыздын аялга, энеге болгон ызаат сыйы деп билиш керек.Ошого жараша гүл өсүмдүгү оймолорго түшүрүлүп,аялзатына арналган. Кыргыз сөзгө маани берген, Мына, "атасы жаман аста-аста оңолот, энеси жаман эзели оңолбойт" деген, же болбосо "бир тукумду эне бузат, бир тукумду эне оңдойт" деген, ата оңдойт деген жок бул жерде. Эне айтылып жатат. Колунан да, оозунан да келген кыларман-билерман, бардык ой-кыялдарын оюмга түшүрө билген биздин энелер болгон. Мында кыргыздын аялзатына болгон мамилесинде чоң маселе жатат. Себеби баатырды да, эл башчысын да, бийди да эне тарбиялап, дайыма калыс бол деп тарбиялаган. Азыр кыргыздар оймолорду пайдаланганда бир нерсени эске албай жүрөбүз да. Ромбик түрүндөгү оюуларды азыр төрт бурчтук кылып берип коюп жатабыз, бул абдан туура эмес. Ромбик формасындагы оюунун мааниси башка - илимде аял-эркектин байланышын билдирген "көбөйүү" дегенди билдирген,төрт бурчтук түрүндөгү оймо - бул өлгөн адамдарга, "төрт тарабың кыбыла" деген, бүттү деген мааниде. Тегерек күн оюулардын берилиши - суук көздөн, жаман сөздөн сактай турган ар бир уруунун символу катары берилген. Ошондуктан оймолорду колдонууда алардын маанисине карап, олуттуу мамиле кылышыбыз керек.

Маектешкен
Жийде Асанбек кызы

Сүрөт Ш.МОҢОЛДОРОВдун
китебинен алынды