Балык кармап
байыгысы келет
Учурда ар ким колунан келген ишти тартынбастан жасаганга аракет көрүп калды. Алыскы, жакынкы кошуна республикаларга байлык издеп кеткендер кайтып келе баштады дегендей. Өз өлкөсүнө келип, бири майда дебестен тоок бакса, бири көлмө жасап балык багат. Ак эмгегинин үзүрүн көрүп жаткандар арбыган сайын, элдин дасторкону да берекеге толуп келе жаткандыгы көңүл кубантат.

Көңүл чордонунан орун ал­баган тармактын бири, бул балык чарбачылыгы. Эми гана элибиздин бул тармакка болгон кызыгуусу күчөгөндөй. Албетте балык чарбачылыгын да өнүктүрүүгө атайын билим керектелет. Иш тажрыйбасы барлар баштатан балык чарбачылыгынын ысык-суугуна чыдап келишет. Акыркы кезде эсепсиз кармалып, кызыл кулактардын капчыгын кампайтып жаткан байлыктын ордун толуктап, көлдөр менен көлмөлөрдөгү балыктарды өстүрүп жаткандар да ушул тармактын эмгекчилдери. Бул туурасында бүгүн азын -оолак сөз козгоп турабыз.
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Балык чарба департаментинин билдирүүсүнө караганда 9 айдын аралыгында 1525,5 га көлөмдөгү көлмөлөрдөн, 203,5 тонна балык кармалган.2012-жылдын март айында балыктарды жасалма уруктандыруу менен көбөйтүү максатындагы илимий кеңешмеде Соң-Көл жана Ысык-Көл көлдөрүнө ихтиологиялык чалгындоо жүргүзүлдү. Балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизин түзгөн балык корунун канчалык деңгээлде экендигин аныктоо максатында Илимдер академиясынын биолог-кыртыш изилдөө институтунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүнүн ихтиофаунасынын курамын аныктап, балыктардын эсебин алууну көздөп, көлдүн ар жерине 3-4 метр тереңдикте 28мм, 35мм көздүү торлор коюлду. Болгону 153 балык кармалды. Кармалган балыктар аркылуу балыктардын көбөйүш жөндөмдүүлүгүнө, жаш чамасына биологиялык анализ жүргүзүлдү. Ошондой эле балыктарды уруктандыруу мезгилинде Ысык-Көл чабактарын көбөйтүүгө эксперимент жүргүзүлдү да, 520 миң чабактар көлгө кое берилди. Департаменттин кийлигишүүсү менен суу тосмолорундагы балык чарбачылыгын өнүктүрүү багытында лосос жана сига балыктары кое берилди. Ысык-Көл, Чүй облустарынын инкубациялык цехтеринде Ысык-Көл форели 1,388 млн. даана, сига-лудога 7,800 млн. даана жана 27 млн. даана пеляди балыктары инкубацияланды.
Май айында республика боюнча 18 млн. 911 миң баалуу балык түрлөрү көлдөр менен көлмөлөргө кое берилди.
Үнсүз, колу-буту жок бул байлыктын башатын адам баласы ченемсиз кармап, өз кызыкчылыгына жумшай баштаганда, балыктар дагы коргоого муктаж болуп калышты. Быйыл эле "Кубакы", "Сосновка", "Сары-Чат" жол тосотторунан балык сатып байыгысы келгендер кармалып, колундагы байлыктары мамлекетке кайтарылды. Мисалы "Кубакы" жол тосотунан 363 кг пеляди балыгын жүктөп келе жаткан А. Ибраимов кармалган. Кармалган жаранды Балыкчы шаардык милициясына өткөрүп беришкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул бир гана мисал, ал эми кармалбай качып, эбин таап, өтүп кеткендер канча? Балыктарын базарларда эч шарты жок жерде сактап, сатып жүргөндөрдү көрүп жүрөбүз. Демек, балык кармап байыгысы келгендерге да мыйзам барлыгын эскерте кетмекчибиз.

Нуржамал
Курманкулова
(Маалымат Балык чарба
департаментинен алынды.)




Суубуз булганбаса экен…
Тоолуу өлкөбүз cууга бай келгени менен ошол табылгыс байлыгыбызды булгап алуу коркунучу бар. Чынында дагы биз өзүбүзгө эле эмес жалпы Борбордук Азия үчүн кооптуу абалда турабыз. Анын себеби республикадагы кен иштетүүдөн калган уран калдыктары сакталган жайлардын абалы. Ушундай актуалдуу маселени караган " Борбордук Азиядагы уран калдыктары: тобокелчиликтин алдын алууга биргелешкен аракеттер" деп аталган эл аралык конференция Бишкекте өттү. Ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев катышты.


Уран калдыктары көмүлгөн жайлардын абалы эч кимге жашыруун эмес жана бул жерлердин деградацияланышы узак жылдардан бери аймактык кооптуулукту жаратып келгени ырас. Анын негизгиси да агын cууларыбызга байланышкан. Себеби көптөгөн уран калдыктары сакталган жайлар cуу ресурстарына жакын, бул болсо миллиондогон адамдардын өмүрү менен ден-соолуктарына узак жылдарга таасирин тийгизүүчү потенциалдуу массалык жана экологиялык катастрофага алып келиши толук ыктымал. Кудай сактасын дейли, жер титирөө, сел жана жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктар боло берсе чала иштетилген бойдон эптеп септеп көмүлгөн уран калдыктары орду толгус чоң кырсыктарга алып бараары дайыма кооптондуруп келүүдө. "Биз буга жол бербешибиз керек. Андыктан убакыттан уттурбай чогуу аракеттениишибиз зарыл, калдыктарды рекультивациялоону жана консервациялоону канчалык артка калтыра берсек ошончолук транс чек аралык коркунуч өсө берет"-деди Жоомарт Оторбаев. Учурда Кыргызстандын өзүндө эле жалпы көлөмү 286 млн. тонна келген 92 уран калдыктары сакталган жайлар бар. Бул жайлар жыл өткөн сайын улам кооптуулугу артып, абалы начарлап баратканынан урап, четинен кемирилип, эч кандай экологиялык эрежелердин талабына жооп бербей келет.
Ал эми уран калдыктарына жакын жашаган жергиликтүү эл ишсиздиктин айынан ден-соолуктарынан ажыраса да ушул калдыктарда күнүмдүк тиричиликтерин өткөрүп келе жатышпайбы? Бул жерлерде социалдык жана инженердик инфраструктуралар толугу менен кайра баштан өнүктүрүүгө абдан муктаж. "Биздин өлкө бул радиоактивдүүлүк коопсуздугуна каршы комплексттүү ишти баштоодо адамдарды, финансылык жана башка ресурстарды тартууга толук даяр. Азыр биз консультациядан практикалык ишке өтүүдө айрым долбоорлор аркылуу элибизге зыян келтирбей турган аракеттерди баштай алабыз"- дейт кыргыз өкмөтүнүн өкүлү.
Республикада бул күндө экологиялык жактан абдан кооптуу абалда деп саналган аймактарга Майлы-Суу, Миң-Куш, Кажы-Сай жана Ак-Түздөгү уран калдыктары сакталган жайлар кирет.
Бул калдыктар көмүлгөн жайларды кайра иштетип, реабилитациялоо үчүн бардыгы болуп 38 млн. АКШ доллары талап кылынат. Анын ичинен Майлуу-Сууга 16,8 млн. доллар, Миң-Кушка - 16,9 млн. доллар, Кажы-Сайга - 3,7 млн. доллар жана Шекафтар кыштагы үчүн 1,5 млн. доллар акча каражаты сарпталмакчы.

Жийде
Абдымамытова




КӨЛ КУРУЛДУ, КӨЛ МЕНЕН КОШО КӨЙГӨЙ ДА ТУУЛДУ

"Төрт-Күл" суу сактагычы курулганда баткендиктердин төбөсү көккө жете кубанышкан учур артта калды. Андан бери 40 жыл өттү. Көлдүн шарапаты менен Баткен районунун өнүгүүсүндө чоң өзгөрүүлөр болду. Даамы жана дарылык касиети менен дүйнө жүзүнө таанылган Баткендин өрүгү менен жүзүмү элди-жерди даңазалап, береке-байлык алып келди. Элибиз байыды, бирок…



Бирок, бир гана нерсе өкүнүчтүү болду деп ойлоймун, "Төрт-Күл" суу сактагычынын долбоорун ишке ашырууда орчундуу катачылыктарга жол берилгендиктен, анын залакасы азырга чейин өнүгүүгө терс таасирин берип келүүдө. Долбоор боюнча жалпы өздөштүрүлгөн жерлердин 65%ы бакчылыкка багытталып, тамчылатып сугаруу системасы жүзөгө ашырылыш керек болчу. Тилекке каршы Союз учурунда Кыргызстан мал чарбачылыгына өзгөчө маани бергендиктен, Баткендеги жаңы жерлердин 65 пайызы бакчылыкка эмес, сууну көп талап кылуучу тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө пайдаланылып кеткен. Эске сала кете турган нерсе, Баткендин жеринин шартын изилдөө боюнча ошол кездеги Союздун белгилүү институттарынын адистери он жылдай изилдөө, тажрыйба жүргүзүшүп, анан ошол тамчылатып сугаруу кабыл алынган.
Ошол мезгилден тарта Баткен районунда мурда болбогон дагы жаңы бир көйгөй туулду. Сугат тармагында тажрыйбалуу адис, жетекчи Дөөталы Ибраимовдун айтуусуна караганда бул көйгөй баарынан мурда жер астындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн келип чыкты. А суунун деңгээлинин көтөрүлүшү-жердин шагылдуу, нымдуулукту кармоого мүмкүнчүлүгү аз болгондугуна карабастан 5-6 эсеге көп cуу коюлушуна байланыштуу. "Ооруган жерди эмес, оору башталган жерди" таба турган болсок, анын башаты барып "Төрт-Күл" суу сактагычынын долбооруна туура келбеген иштердин болгондугуна такалат. Мына, ошентип олтуруп Баткен районунун суу сактагычтан жана сугат талаалаалардан төмөнкү аймактарында экологиялык бузулуулар жүз бере баштады. Ал мезгилдеги жогорку жана төмөнкү эшелондордогу жетекчилер өз абройлору үчүн экологиялык көйгөйгө карабастан, экономикалык кызыкчылыктарга жетишүүгө ат салышкан. Алар "Тоют, тоют жана тоют!" деген ураан менен ат салыша берди, а, чыныгы турмушта экологиялык кыйроо башталып кетти. Кечээ эле өздөштүрүлгөн эгин талаалары заектенүүдөн жабырланып пайдалануудан чыга баштады. Тамчы суу жок жерде сүзүп өтө турган көлмөлөр пайда болду. Баткен шаарынын төмөнкү жарымы, Параң участкасы, Кызыл-Бел, Чек, Чет-Кызыл, Кара-Бак айылдары заектенүүнүн очогу болуп калды. Айрыкча, 9 миңден ашык калк жашаган Кара-Бак аймагынын экологиялык кыйроого дуушарланышы республикага чейин белгилүү болду. Заектин кесепетинен көптөгөн имараттар бузула баштады, бак- дарактар куурады. Баарынан да жергиликтүү жашоочулардын ден соолугуна терс таасирленүүлөр болуп, ревматизм, жүрөк-кан-тамыр дарттары көбөйүүдө. Айылдагы заектенүүнү жоюу үчүн 20 дан ашык ачык жана жабык түрдөгү каналдар, 22 скважиналар, 2 кубаттуу насостук станция курулду. Азыркы учурда каналдардан башкасынын баары таланып- тонолуп, иштебей турат. Бүгүнкү күндө Кара-Бактын көпчүлүк жерлеринен 1-2 метр казганда эле суу чыгат.
Көлдөн чыгарылган суунун жарымы 20 дан ашык каналдардан бир жерге чогулуп, өзүнчө дарыя болуп Өзбекстанга өтүп кетет. Өзбек кошуналар болсо бир тыйын сарп­талбай өзү келген бул сууга суу сактагыч курушуп, жүздөгөн гектар жерлерин өздөштүрүшкөн.
Көлдүн курулушунан кийин эле туулган көйгөйлөр Баткен облус болгондон берки жылдарда да анчейин капарга алына бербей, "багылып" келип, азыр "жетилип" калды. Мен бул багытта көлдүн куруучулары М.Жолдошев, А.Камалов, дың жерчилер С.Момунов, И.Маматкулов жана башкалар менен баарлашканымда алар 13 жылдын ичинде Баткен облусунун жетекчилеринин тез-тез алмаштырылып, башталган иштердин аягына чыкпай ташталышы себептүү да социалдык-экономикалык, экологиялык көйгөйлөр толук чечилбей жаткандыгын айтышты. Чындыгында эле 13 жылдын ичинде он ирет облус жетекчиси алмаштырылды, "Төрт-Күлгө" түздөн-түз тиешеси бар суу тармактарында болсо оголе көп жетекчи, адистер алмаштырылып келди.
Болбогон бир шылтоолор менен кызматынан бошотулуп, эми кайра келген Д.Ибраимов учурда көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенип жаткан учуру. Анын айтымында 40 жылдын ичинде көлдүн астына кум толуп бүткөн. Ар түрдүү жаратылыш кырсыктарынан улам астына төшөлгөн пленкалардын ачылып, тытылган жерлери бар. Ал аз келгенсип көл жээги жазында пляжга айланып, мында келишкендерден калган бөтөлкөлөр, алардын сыныктары толтура. Санитардык абал начар.
Ушундан улам райондук суу тармактар жетекчилиги жогорудагындай көйгөйлөрдү жөнгө салуу үчүн атайын долбоорлорду түзүп олтуруп, акыры Германиялык техникалык борбордун колдоосуна жетишишти. Буюрса жакынкы күндөрдө биринчи кезекте көлдүн астына толгон кумду тазалоо, экинчи кезекте тонолуп-жоголуп кеткен скважиналарды кайрадан калыбына келтирип иштетүү жүзөгө ашканы турат.
Ошентип, көлдүн жашы 40 ка чыгып калган болсо, көйгөйдүн жашы да анын артынан калышпай келатат…

Адылбек Ахматов,
Адилбек Батыров,
Баткен облусу