Малы соонун - жаны соо
Сузак районундагы болгон окуяны биздин ветеринария тармагыбыздагы бир системалуу иштин жоктугу катары карасак болот. Эске сала кетсек, бул аймакта сентябрь айында эч көзөмөлсүз, текшерилбей, контрабандалык жол менен алынып келинген чечекке каршы эмдөөчү вакцинаны колдонуудан улам миңдеген койлор кыргынга учураган. Акыркы маалыматтарга таянсак райондо 2082 баш кой бул эмдөөдөн кийин кырылып олтурат. Кыргынга учураган малдар чечек менен ооруган эмес, аймакта чечек дарты пайда болду деген эч кандай белги да жок. Мунун баары элдин маалымдуулугунун төмөндүгүнөн келип чыккан. Түзүлгөн кырдаалдан кийин өкмөттүк комиссия иштеп, саламаттыкты сактоо тармагы менен биргелешкен ыкчам аракеттер жасалган. Биз бул окуядан кийинки абалдан кабар алуу үчүн Мамлекеттик ветеринария департаментинин алдындагы жаныбарлардын ден-соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азиз Абдиев менен баарлаштык.

- Азиз Сапарович, айтыңызчы, элибизди бир сыйра тынчсыздандырып алган бул окуяга баа берилип жатабы?
- Бизде кудайга шүгүр, чечек оорусунан жабыр тарткан же бул дарттын чыгып кетиши сыяктуу коркунучтуу абал түзүлө элек. Сузактагы абал дагы элибизге так маалымат жетпегендиктин айынан болду. Боордош Өзбекстанга жанаша жашаган эл андагы массалык малдын кырылып жатышын оору деп кабыл алган жана бул илдеттин алдын алуу максатында алигидей аракет болгон. Бул ошол вакцинаны эч текшерүүдөн өткөрбөй туруп, өз алдынча сатып келип элге тараткан адамдын жоопкерчилиги. Жеке ветеринардык аптекасы бар адамга көзөмөлдүк кылууга биздин эпизоологдордун укугу да жок. Айтып өткөнүмдөй республикада чечек оорусу чыккан эмес, жазында Токтогул районунда чечек дарты пайда болду эле, аны дароо дарылоо менен токтоткон элек. Жыл аягына чейин пландуу түрдө жалпы малды дарылоо жүрмөк. Ортодон мындай окуя чыга калып элдин баарын чочутту. Атайын өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгы чыгаар алдында турат.
- Эми бул окуя элге да, ветеринарларга да сабак болушу шарт, эгер жугуштуу оору кокустан чыгып калса адегенде кандай чара болуш керек?
- Эми чечек сыяктуу оорунун эпидемиясынан кудай сактасын! Мындай шартта атайын адистердин ыкчам аракети зарыл. Азыр Сузакка саламаттыкты сактоодон да, атайын өкмөттүк комиссиядан да көп адамдар барып, керек болсо кырылган малдын жанында карап, басып көрүп жатышпайбы? Биосанитардык коопсуздук эрежесине ылайык чечек чыккан жерге эч ким минтип кенен басып аралашпайт. Атайын гана адистер, атайын биолабораториялык кийимдери жана жабдыктары менен абдан кылдат аракеттерди көрөт. Зооноздо мындай эпизоотикалык жугуштуу оору чыкканда малдан 10%дан кем эмес жоготуулар болору каралган. Ал эми малдан адамдарга жугуусунан кудай эле сактасын. Сузакта кырылган малдын этин жегендер туурасында кооптонуулар болду. Бирок, чынында мал чечек менен ооруган эмес, ошол гана коркунучтан сактап калды.
- Ветеринариядагы оор абал эч кимге жашыруун эмес. Кандай кылганда мындай окуя кайталанбашы керек, адис катары көз карашыңыз?
- Ооба, ветеринария тармагында бир системалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Райондор аралык инспекциялар бар, биз ветеринардык департамент боло туруп жеке ветеринардык ишкерчилик кылгандарды текшерүүгө укугубуз жок. Көзөмөлдөөчү инспекция бизден алынып, кайра кошулуп дегендей эле бир структуралык абалга түшө албай келет. "Ветеринария жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна бергенибизге бир топ убакыт болду, каралып калса ал мыйзамда мал ээсинин жоопкерчилик жагы жөнгө салынмак. Эл дагы билип, өз малы үчүн жоопкер болгону дурус. Азыр ветеринар адистери өзү жашаган аймактарда жугуштуу дарт чыкса аны таап, тез аракеттери менен ооруга каршы күрөшүп, айыктыра алса, ага сыйлыктарды ыйгарып, ырахматыбызды гана айтышыбыз керек. Мурдагы союз маалындагыдай абал жок азыр, бүгүнкү жеңил эмес шартта ветеринарды жазалоо абалды ого бетер оорлотот. Анан албетте, эпифонд деп коебуз, дайыма бош акчалар болушу зарыл. Экинчиден, республика ичиндеги малдын кыймылын каттоону жолго коюу керек. Бизге бюджеттен жылына 1 миллион гана доллар бөлүнөт, көп учурда айыл чарба инвестициялык долбоору аркылуу колдоолор келет.
- Жогорудагы Сузактык жеке ветаптеканын ээси Талип Ташполотов кылган ишинин натыйжасынан кийин өзүн кандай сезип жатат?
- Ал колунда бар, бай адам экен, ошол кеткен чыгашалардан кийин өзү жеке жардам берүү жагын убада кылып жатат деген кабарыбыз бар. Демек уяттуу эле адам болсо керек. Ал эми кырылган малдын этин сатып же жегендер боюнча айтаарым - элдин сабатсыздыгы, аң-сезимдин төмөндүгү. Муну менен күрөшпөсөк болбойт. Элге маалымат жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жакшыртуу жагын карап жатабыз. Буга чейин дагы сибирь жарасы менен ооруган малдын этин жеген окуялар болгон. Сактансаң - сактайм деген улуу сөздү унутпасак жакшы болот эле. Кандай гана кырдаал түзүлбөсүн биргелешип абалдан чыгып, элге да, малга да жардам көрсөтүү милдетибиз деп түшүнөлү. Биздин тармакта абал оор болсо дагы иштеп жатабыз.
Ооба, малдан адамга жугуучу инфекциялык оорулардан сактануунун биринчи эрежеси - санитардык-гигиеналык тазалык. Кыргыз баласы мал жандуу калк болсок дагы көп учурда жөнөкөй ушул эрежени сактабай өзүбүздү, бала-чакабызды кооптуу абалга жеткиребиз. Малды өз убагында адис ветеринарга көрсөтүп, эмдетип турсак ал өз саламаттыгыбыз үчүн болгон камкордук. Республикадагы оорулардын алдын алуу департаменти менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин экспертизасынын биздин өлкөдөгү инфекциялык оорулар туурасындагы акыркы анализин карап көрдүк. Анда малдан адамга тез жугуучу бруцеллез оорусу менен өткөн 2011-жылы 3799 адам ооруган болсо, 2012-жылдын сентябрына карата 1902 адам ооруганы катталган, демек бул көрсөткүч эки эсеге азайган. Кутурма оорусу өткөн жылда 2 адамга жуккан болсо, быйыл бир да адам катталган эмес. Сибирь жарасы өткөн жылда 12 адамга жукса, быйыл 5ке түшкөн. Ал эми эхинококкоз оорусу болсо быйыл 4,8%га өсүп олтурат, өткөн жылда бул оору менен 686 адам ооруса, быйыл алардын саны 716 га өскөн. Кандай болгондо дагы жалаң ветеринарларга, өкмөткө карап олтурбай, ар бир мал ээси дагы малына жана жакындарынын саламаттыгына жоопкер экенин унутпаса.

Жийде Асанбек кызы