Ишим менен сыймыктанам
Жумгал райондук УМБнын ден соолукту чыңдоо кабинетинде 2 штат ачылган. Анда медайым болуп мен жана Токтоназарова Тоня экөөбүз иштеп жатабыз. Бул жерде мен 2008-жылдын бери эмгектенем. Буга чейин ооруканада ийне сайып иштеп жүрсөм, мындагы ишим башкача болуп калды. ДЧКга жаңы киргенде "ден соолук комитети эмне, алар кандай жумуш кылышат" деп ойлоп, эч кандай айылык албай эле эл кыдырып, ар кимден ар кандай сөздөрдү угуп жүрүшкөнүнө аябай таң калчумун. Семинарларда өзүм да тартынып, эл алдында сүйлөй албай жүрдүм. Ошондо, АДК мүчөлөрүнүн жөнөкөйлүгүн, патриоттугун көрүп, өзүмдү эркин сезе баштадым. АДКда ар кайсыл кесиптеги адамдар, пенсионерлер, жумушу жок жүргөн карапайым келиндер иштешет. Учурда алар айылдарында эл оозуна алынган, таанымал адамдардан болушту. Бизге да жакын адамдарыбыздай сезилип, ынтымактуу иштеп жатабыз.
Азыркы учурда Жумгал районунда 21 АДК иштейт. Ар биринде 7-15 ке чейин мүчөлөрү бар. Баардыгында ден соолук фонддору ачылып, даталуу майрамдарда фонддун эсебинен чай уюштурушуп, белектерин тапшырып турушат. Биз АДК менен биргеликте айыл элдеринин ден соолугуна кам көрүүсүн жана оорулардын алдын алууларын түшүндүрүп, иш алып барабыз.
ДЧК-2006-жылы уюшулган. Кабинет бүт бойдон керектүү инвентарлар менен жабдылган. Айылдарда семинарлар өтүлүп, айыл элинин эң көйгөйлүү ооруларынын алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат. АДКы уюшулганда элдин көйгөйү болгон бруцеллез, анемия, йод, аракечтик, ж.б. кампаниялары менен иш алып барып, айыл элин оорудан кантип сактануунун жолдорун түшүндүргөнбүз. Азыр болсо кан басымы, грипп, пневмония, туура тамактануу, гүлазык, таза тиштер, эмдөөлөр, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, тазалык ж.б. көптөгөн кампаниялар боюнча иштеп жатабыз. АДК уюшулганда эле 14 айылга мончо, ФАПтар курулган. Тез жардам катары 1 Нива автоунаа берилген. Райондук ден соолук комитетине алар өз отчеттору беришип, бири-бири менен тажрыйба алмашып турушат. Бардык АДКда фонддор уюшулуп, жалпы суммасы 298280 сомго жетти. АДКга башка донорлор да жардам берип келет. Алсак, ГАВИден мектеп ашканалары үчүн 7 айылга муздаткыч, Бүткүл Дүйнөлүк банктан жакыр жашаган үй бүлөлөргө "Невский" сортундагы картошканын үрөнү ж.б. берилген.
АДКлар грант менен иштөөнүн да жолун жакшы өздөштүрүштү. Тактап айтсак, грант менен 5 АДК чач тарач, 5 АДК тигүү цехин, 1 АДК желимдөө станциясын, 1 АДК тегирмен, 5 АДК сүт өндүрүү үчүн уй, 3 АДК эчки сатып алышкан. Бул чакан гранттар боюнча АДКлар квартал сайын отчет беришип, андан түшкөн каражаттарды фондко чогултат.

Гүлазин Исакулова,
Жумгал району




Кургак учуктун келип чыгышына
эмнелер себеп болот?
Кургак учук өз кезегинде кургак учук микробактериясы тарабынан пайда боло турган инфекциялык оору болуп саналат жана ал бул микробду ачкан окумуштуунун урматына Кох таякчасы деп да аталат. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары аталган микробактериянын караңгы жана салкын жайда узак мөөнөт сактала тургандыгын көрсөтүүгө болот. Күн нурларынын жана хлордун дезинфекциялоочу эритмесинин түз таасири алдында ал тез өлүп, жоголот.


Оору кандайча жугат?
Көбүнчө өпкө кургак учугу менен жабыркаган адамдар аркылуу жугат. Кургак учук менен жабыркап жүргөндөр менен жакын байланышта болгон адамдар, айрыкча жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле кары адамдар бул инфекцияга тезирээк кириптер болуусу мүмкүн.
Кургак учук микробактериясы адам организмине дем алуу жолдор аркылуу өпкөгө келип түшүп, анын сезгенүүсүн жаратат жана аны негизинен өпкөнүн үстүнкү оң үлүшүнөн байкоого болот. Микробактериялар алгач өпкө ткандарын андан соң бронхторду жабыркатышат. Адам жөтөлгөн маалда бөлүнүп чыккан какырык менен бирге микробдор бронхтор аркылуу айлана-чөйрөгө тарайт.
Кургак учук микробактериясы кайсы органдарды жабыркатат?
Көбүнчө аларга өпкө, бронх жана көкүрөктүн лимфатикалык түйүндөрү кирет. Кургак учук бактериясы кан жана лимфа аркылуу сөөк, ичеги-карын, бөйрөк, баш мээ кыртыштары өңдүү башка органдарга жайылат. Ал эми менингит - кургак учуктун оор формасы.
Кургак учукту кантип ажырата билүү керек?
Белгилери жабыркаган органдарга жараша болот. Кургак учуктун жалпы симптомдоруна чарчай берүүлөрдү, дене температурасынын жогорулоосун, түнкүсүн тердөө өңдүү көрүнүштөрдү киргизүүгө болот. Мындан сырткары, өпкө кургак учугунда кадимки антибиотиктер менен басууга болбой турган жөтөл коштойт.
Кургак учукту айыктырууга болобу?
Ооба, кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн атайы кургак учукка каршы дары-дармектер бар. Дарылоодон мурда доктур өпкө жана башка органдарды рентгенге тартып, кургак учук микробактериялардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн какырыкка изилдөөлөрдү өткөрүп, микробактериялардын кайсы дары каражатына сезимтал боло тургандыгын аныктап алуусу абзел.
Микробактериялардын сезимталдуулугу деген эмне?
Бул айыгуу үчүн зарыл болгон өтө маанилүү маселе. Микробактерия - айлана-чөйрөгө ылайыкташып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ тирүү организм болуп саналат. Кургак учукка каршы дары-дармектер ар кандай таасир беришет, башкача айтканда алардын айрымдары микробактериялардын бөлүнүүсүн токтотсо, башкалары көбөйүүсүн алдын алат. Ошол себептүү, микробду биргелешип жок кылуу үчүн бир эле мезгилде үч же андан көп дары каражаттары жазылып берилет. Бирок, дарылоону үзгүлтүккө учуратуу жана дарылануу режимин сактабоо, бактериялардын дары каражаттарына карата болгон коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна жакшы шарт түзөт. Ошентип, ал туруктуу мүнөзгө ээ болот да, сакайуу күмөн жарата баштайт.
Бул өңдүү микробактериялардын туруктуу формасы адамга жугабы?
Ооба, азыр мындай көрүнүштөр өлкөбүздө көп учурайт. Туруктуу формага чалдыккан адамдар какырык менен бирге айлана-чөйрөгө бактериялардын туруктуу формаларын бөлүп чыгарышат жана албетте микробдун туруктуу формасын жуктуруп алган адам үчүн олуттуу көйгөйлөр башталат.
Деги кандай кылуу керек?
Биз Сизге жакшы жаңылык айта кетели - кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн бейтаптар жазылып берилген дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алуусу зарыл. Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс экендигин билүү маанилүү.
Сакайуу үчүн дары-дармектен сырткары дагы эмне кылуу абзел?
Сакайып кетем деген ишенимдин болуусу зарыл. Мындан сырткары, бейтап өзүнчө сүлгү, идиш-аяк жана башка өздүк гигиена каражаттарын пайдалануусу керек. Какыруу учурунда өзүнчө идишке түкүрүп, такай дезинфекциялап туруу абзел.
Ар ким ар кандайча түшүнүктө жүргөндүктөн кургак учук менен жабыркаган бейтаптардын тамак-ашы тууралуу айта кетким келет. Көпчүлүк адамдар тамак-аш майлуу, калориялуу болуусу керек деп ойлошот жана кашкулак же иттин майын талап кылышат. Чын-чынына келгенде тамак-аш түрдүү болуу менен бирге жеңил өздөштүрүлүшү зарыл. Мындай тамак-ашты баасы өтө деле кымбат эмес азыктардан даярдоого болот, ошондой эле дары каражатын кабылдоодон келип чыгуучу кошумча оорулардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгоондуктан аларда В-тобундагы витаминдердин көп болуусу керектигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Алар, адатта ар бир кыргыз ашканасынан жолуктурууга боло турган талканда, жарма жана айранда кездешет.
Курамында ден соолук үчүн өтө пайдалуу болгон темир жана белок мол болгондуктан маш буурчак, төө буурчактан даярдалган тамактарды ичүү абзел. Соя, маш буурчак жана төө буурчакта кездеше турган белок күнүмдүк тамак-ашта пайдалануучу этке барабар.
Кургак учукту кантип алдын алууга болот?
Ден соолукту чыңдап, туура жана толук кандуу тамактануу менен таза абада сейилдөө маанилүү. Албетте, узак мөөнөт жөтөлүп жүргөн адамдар менен байланышпай коё туруу керек. Мындан сырткары, бойго жеткен адамдардын жылына бир маал флюорографиялык изилдөөлөрдөн өтүүсү, ал эми жаш балдарга Манту жасалышы зарыл .