Европада кыргыз боз үйүндө той беришет
Ысык-Көлдүн түштүгүндө атактуу Кызыл-Туу айылы жайгашкан. Айыл эли көчмөн кыргыздын салттарына катуу берилгендиги менен өзгөчөлөнөт. Көптөгөн айылдыктар жакшы турмуш издеп чет жактарга кетип жаткан шартта, кызыл-туулуктар боз үй жасоо менен жашоосун гүлдөтүшүүдө. Бул жерде "ким кол өнөрчүлүгү болсо ал өлбөйт" деген накыл кеп кеңири жайылган.

Азыркы учурда айылдагы 405 түтүндүн 102си боз үй жасоонун чеберлери болуп, аймакта гана эмес, өлкөнүн тышында да кеңири белгилүү болуп калганы качан. "Биздин боз үй жасоочулардын чеберчилиги Кызыл-Тууну дүйнөгө гана таанытпастан, дүйнөлүк деңгээлде "боз үй дүйнөсү" деген жаңы түшүнүктүн калыптанышын шарттады",-дейт айыл аймагынын башчысы Азамат Бердиматов. Ал өзүнө боз үйдүн бардык атрибуттары сыяктуу эле табият менен толеранттуулук жана көтөрүмдүүлүк принциптеринин негизинде шайкеш жашоону да камтыйт". Буга кошумча катары ата-бабаларыбыздын ынанымында чоң мээнет менен кошо боз үйгө кут, касиет кире тургандыгын айтып коюубуз керек. Баса, айыл 20-30-жылдардагы коллективдештирүү мезгилинен кийин экономикалык жетишкендиктерден улам колхоз жеңип алган Кызыл Туудан кийин ушундай аталып калган. Бүгүн деле айылда ал мезгилдерден калган үйдүн маңдайын пролетардык символика - кызыл жылдызчалар менен кооздоо сакталып келет.
Кызыл-Туулук Дамир Жакшылыков: "Биздин айыл Ысык-Көлдөн 13 км алыстыкта жана үч тарабынан тоо менен курчалып турат. Бул дээрлик 1500 айылдыкты курортук туризмдин эсебинен пайда көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бирок боз үй жасоо кол өнөрчүлүгү менен алектенгендиктен мында экологиялык жана этнографиялык туризмди өнүктүрүүгө шарт бар. Бүгүнкү күнгө чейин Кылыз-Тууга жакын жерде биздин доорго чейинки мезгилдерге тиешелүү таш жазуулары (петроглифи) жана дөңсөөлөр сакталып калган. Айылда баатыр Эр Табылдынын күмбөзү сакталуу турат. Ишеним боюнча анын канынан өсүп чыккан талдарды эл өзүлөрүнүн коргоочусу катары эсептешет".
"Сиз билесизби, Кызыл Туунун мурунку аталышы орустар келген 19-кылымга чейин теректер өсүп турган ыйык Ак-Терек деп аталган. Азыркы кезге чейин кыргыздар Ак-Терек аймактагы бардык өсүп турган дарактардын сактоочусу жана коргоочусу деп эсептешет". -"Бул жерден силер чоң өсүп турган дарактардын ордуна көнүмүш картина болуп калган дүмүр кашааларды көрөсүздөр, -дейт айылдын тургуну Балыкчы Молдалиев. - адат боюнча ар бир үй-бүлө талдын чырпыгын тигип, ал боз үй жасоо үчүн уук-керегелерге керек болот. Айылдагы бардык эркектер менин атам, чоң атам сыяктуу илгертен эле тал өстүрүү менен алектенсе, аялдар табигый материалдар болгон жүндөн жана айлана-тегеректе өскөн камыштан боз үйдүн жасалгасын жасашат".
Боз үй жасоочулардын кол өнөрчүлүгү айылдыктарды гана эмес, алардын балдарын, Бишкекте же башка аймакта жашаган туугандарын да багып жатат. Бир боз үй 6-7 миң долларга бааланып, алдын-ала төлөнүп коюлат. Бүт үй-бүлө мүчөлөрү боз үй жасоо менен алектенишет жана бул элдик кол өнөрчүлүк муундан-муунга өтүп турганын түшүндүрөт. "Мага боз үй жасоону чоң атам, атам экөө үйрөткөн. А бүгүн менин балдарым Эридан жана Нурбек менден кем эмес боз үй жасаганды билишет-дейт алардын атасы Сапар Исмаилов. - Менин өмүрлүк жубайым Гүлбара Токсонбаева шырдак шырып, аны келиндерине үйрөтөт. Неберелерим да кичине кезинен катар отуруп алып уздардын өнөрүн үйрөнүшөт".
"Боз үй жасоочулардын айылы үй-бүлөлүк подряддан акырындап адистешүүгө өтүүдө. Бирөөлөр керегени, дагы бирөөлөр эшигин, башкасы түндүгүн жасашат",-дейт түндүк жасоочу уста Алымбек Бекешев.
"Мен көп жылдан бери 14 устаны Жети-Өгүз районунан боз үй жасоочу материал - тал менен камсыздап турам. Ал жакта бул тал көп өсөт. А биздин айылда жетишпей жатат. Кол өпөрчүлөрдүн керектөөсүнөн талдарыбыз өсүп үлгүрбөй жатат. Бул жети-өгүздүктөргө да иш болуп калды. Алар талдарды өстүрүшөт да бир талдын бир таягын 15 сомдон сатышат. Мындан 10 жыл мурда анын бирөөсү 3 сом эле турган,-дейт кызыл туулук Раимбек Касымбаев. -Айдоочулардын ичинде да талды ташып-жеткирүүгө адистешип алышкан. КАМАЗ менен бир ирет тал басып келсе ал 11-12 боз үйдү жасоого жетет. Азыр тал өстүрүүчү-даярдоочу бригадалар да бар. Кыскасы, биздин айыл өзүнчө эле бир чоң ишкана".
"Кыргыз боз үйү көчмөн архитектуранын шедеври,- дейт атайын Шотландиядан боз үй жасоо салты менен таанышуу үчүн келген Пол Милард суктануусун жашырбай. Мен биринчи жолу 30 жыл мурда боз үй жөнүндө уккан элем, боз үй мени ыңгайлуу жана максатка ылайыктуулугу менен таң калтырды. Бул адам баласы ойлоп тапкан эң акылдуу турак-жай. Мен мурда боз үй кеңири таралган өлкөлөрдө - Монголия, Кыргызстан, Казакстанда, эч болгон эмесмин. Биринчи жолу 6 жыл мурда Кыргызстанга келип, кыргыз боз үйүнүн конструкциясын үйрөндүм. Анын салмагы оор, түндүктү көтөрүп туруу үчүн ичинен эки тирөөч коюлган монгол боз үйүнө караганда кандай жеңил жасаларына таң калгам. Мен кыргыз боз үйү анын бардык түрлөрүнүн ичинен эң өркүндөтүлгөн жакшы конструкция деп ойлойм".
"Бизге Түркиянын Президенти өзү келдип боз үй сатып алгандан кийин биздин усталарды аны Түркияда орнотуп берүүгө чакырган болчу, -дейт Кенжебеек Байсеркеев, -биздин айылда жасалган эң кымбат 3 кабаттуу боз үйдү"Манас" эпосунун 1000 жылдыгы жылында япондор 1 миллион долларга сатып алган. Азыр ал япон музейлеринин биринин көркүн ачып турат".
Бүгүн билими боюнча бак өстүрүү адиси Пол Милард өзүнүн өлкөсүндө көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу турак-үйдү жасай алганы менен таанымал. Ал өткөн жылы 12 боз үй жасаса, быйыл 6 боз үй жасаган. Ырас, бирок анын боз үйү биздин талдан эмес, ясенден (жыгачтын бир түрү), ал эми жабдыгы анын нымдуу өлкөсүнө ылайыксыз жүндөн эмес, суу өткөрбөй турган калың кендир брезент-канвастан жасалган. Биздегидей келишкен боз үй жасалгасы деле жок. Ага карабастан анын мекендештери жана башка өлкөлөрдөгү достору көптөн күткөн боз үйдү сатып алууга кезекке турушат. Алар аны бакка, таза абага эс алууга чыкканда, жайкы жаштар жана туристтик лагерлерде кемпинг катары пайдалышат. Анан калса боз үйдү кооз жаратылышта ар кандай салтанат-аземдерди өткөрүү үчүн ижарага алуу модага айланды. "Боз үйдө бир да мык пайдаланылбайт, а чогултуп алып кааалаган жерге коюп койсо болот. Менин ишим кызыктуу жана кирешелүү. Бир боз үйдү менен жок дегенде 15 миң долларга сатам. Жакында менин кызым, күйөө балам экөө Австарлиядан мени менен чогуу иштөө үчүн кайтып келгени жатышат",-дейт Пол Милард.

Ирина Байрамукова