Айылдык кеңеш кызматы
баюунун сырын үйрөтөт
Мал чарба жана жайытты пайдалануу долбоору боюнча Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылынын тургуну Кочкорбаева Гүлнара үч жылдан бери өзүнүн чарбасында Айылдык кеңеш кызматы (АКК) менен биргелешип, кеңеш алып иштетүүдө.
Гүлнара аялдардан эң биринчи 2003 - жылдан бери АКК мүчөсү, ошондон бери АКК аркылуу өткөзүлгөн баардык окууларга, демонстрацияларга, талаа окууларына катышып келет.
Алган билимин өзүнүн чарбасын өркүндөтүүгө колдонуп келет. Чарбасында 10 уй, 6 баш торпок, 100 баш кою бар. Мындан тышкары жерди иштетүүдө дагы эмгеги зор. Гүлнаранын өзүнө тийиштүү 10 га сугат жери, 20 га арендага алып иштетет. Гүлнара кесиби боюна мугалим, "жерди туура иштетүүгө, убагында айдап, малалап себүүгө, урукту тандоодо, малдын жугуштуу ооруларын алдын алып дарылоодогу биринчи жардамды көрсөтүүдө АКК аркылуу көп кеңештерди алдык" - дейт өзүнүн сөзүндө Гүлнара. АКК кеңешчиси Нуржанга чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. "Мал-чарба жана жайытты пайдалануу долбоору менен үч жылдан бери иштеп келгендин жыйынтыгы" - дейт Гүлнара. Уйлардын оорусу азайды, убагында вакцина жасоого тырышабыз, сарайларды дезинфекциялап таза кармайбыз, уйлардын желинин жууп таза кармоого, мастит болбоого көмөк көрсөтөбүз. Ушундан улам - чарбадан көп пайда алууга болот экенин түшүндүк.
Ушундай долбоорлор дагы көбүрөөк болуп, мүмкүн болсо кененирээк жер-жерлерге жайылтса жакшы болоор эле.

Н. Рыспаева, АКК кеңешчиси




Үзүлгөндү улаган, жоктон барды кураган
Сөз боло жүргөндөй союздун тарашы менен Кыргызстандын бардык айылдарында алешемдик пайда болду. Эл абдырап эмне менен алектенерин билбей калды. Өзгөчө айылдык эр азаматтар ишти кантип баштаарын билбей башын кашып олтурганда, түйшүккө жакын аял заты биринчи баш көтөрдү. Ошолордун бир тобу Ысык-Ата районунун Токтоналиев айыл өкмөтүнүн келиндери болду. Турмуш күрөшүнө бел байлап, билек түрүнө киришкен Бүбүмайрам Сариева 1997-жылдан баштап чакан долбоорлор менен иштеше баштады. Ишти кантип өнүктүрүп, айылына кандай пайда алып келгени жөнүндө өзү айтып бермекчи.

- Ысык-Ата районунун "Жер казар" айылында аялдар "Алга" деген коомдук бирикме түзүп иштеп жаткандыктан мен дагы алардан үйрөнүүнү чечтим. Ошентип 2000-жылы алгачкы долбоорубузду ишке ашырдык. Ал мезгилде айылыбызда 23 суу чыккан колонка бар болсо, ошонун үчөөсү гана иштеп, калгандары иштебей калган эле. Жаш балдардан тартып карыларыбыз да таза суу алууда кыйналып жүрүшкөн. Долбоорубузду ПРООН колдоп айылдагы жаңы көчөлөргө да 4 колонканы кошуп суу чыгарып алдык. Ага кошумча суу чарбагын оңдоп -түздөп ишке киргиздик. Иштин башын баштап алгандан кийин кайра изденип олтуруп, элетти өнүктүрүү программалары менен иштеп жаткан башка уюмдарга да барып жүрдүк.

ФАПка жабдуулар жаңыланды
Элдин саламаттыгын карап көзөмөлдөгөн медициналык ФАПтын керектүү жабдыктары жок медициналык тейлөөдө мүчүлүштүктөр болуп келген. Экинчи долбоорубузду ушул багытка бура алдык. Натыйжада ФАПка керектүү толук комплекти - ручкадан тартып халат, гинекологиялык креслого чейин алынды. Азырга чейин элдин кызматында иштеп жатат. Ошого улап Норвегиянын элчилигинин колдоп, каржылоосу менен ФАПтын айланасы тосулуп, маданий түргө келтирилди.

Интернет борбору ишке кирди

Айылыбыздагы келиндердин башын бириктирип, тренинг окууларды өткөрүп жүргөнүбүз менен биздин атайын офисибиз жок болчу. Анан биздин айылдан өсүп -чоңойгон шаардагы бизнесмен уулдарыбызды жардамга чакырдык. Алардын демилгеси менен "Айыл жерин шаарга теңөө"долбоорун ишке ашырдык. 2 бөлмөдөн турган Интернет -борбор ачып, ал жерден элибиздин ар кандай иш-кагаздарын бүтүрүп беребиз. Андан тышкары айылдан компьютерди үйрөтүп окутууга кириштик. Болгону бизден окугандар 300 сомдон төлөшөт. Ааламдагы жаңылыктарды да ушул жерден угабыз. Бул Интернет-борбордун ачылышына өзүбүздүн айыл округдан дагы 25 миң сом кошумча каражат жумшалды.

Дыйкандар үйүндө иш тез бүтөт

Айылдык дыйкан аялдардын экономикалык абалын жакшыртуу ар дайым биздин максатыбыз болуп келет. Алтынчы долбоорубузду баштаганда айылдык дыйкандарга чындап эле жеңилдик жараатарыбызга толук ишенген. Дыйкандар үйүндө дан азыктарын тазалап алуу мүмкүнчүлүгүн жараттык. Жүгөрү, арпа, буудайды майдалап, жемге даярдап алышат. Айыл эли колундагы малы үчүн бир-эки кап жем үчүн алыска барбас болушту.

Мигранттардын үй- бүлөлөрүнө камкордук

Орто-Азиядагы максаттуу айымдар долбоорун ООН-Аялдар программасынын колдоосу менен айылдагы мигранттардын үй -бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү долбоорун баштадык. Ал үчүн аялдарга жашылчалардын үрөндөрүн алып бердик. Ал эми ишти туура жүргүзүү үчүн жогорку билимдүү, агроном айым Кызайым Эргешова жерди пайдалануудан баштап, жашылчаларга кандай күтүм керектигин окутуп-үйрөттү. Айылдык аялдар өз огородунан алынган жашылчаларды өздөрү пайдалангандан тышкары ар кандай түрдө сатып, алды 9 миңден, 6 миң сомдон пайда көрүштү. Айылда калып өз тиричилиги менен алек болгон мигранттардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүчү уюмга Айида Жамангулова жетекчилик кылат. Бул уюмдун бардык облустарда өкүлчүлүктөрү бар. Чүй облусунан Сокулук жана Чүй, Ысык-ата райондорунан он айылды киргизген. Он айылдан 470 аял мүчө болуп кирген. Аялдар жыйналган жашылчаларынан ар кандай кыямдарды кайнатып, жемиш ширелерин жасашат. Учурда биздин айылда 72 аялдын башын бириктирген чоң топ иш алып барууда.

Кол өнөрчүлүк жаңы багытта

Бардык эле Кыргызстандык аялдардай биздин айылдын кыз-келиндери да шырдак шырып, төшөк, жууркан тигет. Эми ошол кол өнөрчүлүктү эл аралык стандартка ылайыктап өздөштүрүүнү колго алып жатабыз. Ар кандай сувенирлерди кийизден, чийден жасаганга үйрөнүп, төшөктөрдү курагандын сырын тереңдетип өздөштүргөн топ иштеп баштады. Алар өз колдорунан жаралган буюмдарды чет өлкөгө чейин чыгарып сатуу мүмкүнчүлүгүн караштырышат. Улуттук ар кандай оймо-чийме түшүрүлгөн буюмдар чынында эле көз жоосун алып кыргыздын келин-кыздарынын өнөрүн даңазалаган буюмдар болот.
Айылдын аялдары элеттин экономикасын көтөрүүдө зор күч экендигин таанытып жатат десем жаңылышпайм.

Өлкөбүздө иштеп жаткан ар кандай чет элдик уюмдар менен жакындан аралашып чакан долбоорлорду ишке ашыруу менен элге көп пайда алып келип жүргөндөр кыргыздын кыз-келиндери экендигине дагы бир ирет ынанып, сыймыктанып алдык.

Даярдаган
Нуржамал
КУРМАНКУЛОВА