Суусу каныктын даны толук
Чүй өрөөнүнүн
түз жерлер
зонасында айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу режими жана үстүртөн сугаруу


1.1. Өсүмдүктөрдүн сууну керектөөсү жана сугат жөнүндө түшүнүк
Сугат режими - бул жаратылыштык-климаттык жана чарбалык шарттары боюнча белгилүү бир гидромодулдук райондун сугат маданияты үчүн бекитилген сугаттын эсептик мөөнөттөрүнүн, сугаруунун саны жана нормаларынын жыйындысы. Ал белгиленген эсептик жылы суу менен камсыздалуусу жана гидромодуль менен мүнөздөлөт. Гидромодуль - бул сугарылуучу аянттын бир эсептик гектарды бир жолу сугаруучу сугат суусунун чектелген эсептик чыгымы. Ал бир өсүмдүк үчүн жана сугаттын тиешелүү санына бардык гидромодулдук район аймагына бирдей тең болот. Сугат системасында сууну керектөө - суу агымынан кайтаруусуз түрдө суу ресурстарын пайдалануу. Ал сууну маданий жана тоо өсүмдүктөрүнүн жана кыртыштан буулануусунун жалпы керектөөсүнөн түзүлөт.
Бул болсо гидрометрологиялык шарттардан, өстүрүлгөн өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүгүнөн, агротехниканын деңгээлинен, кыртыштын сапатынан, түшүмдүүлүктөн, суу ресурстарынын бар болушу жана башкалардан көз каранды.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сууну керектөөсү, нымдуулуктун табигый ресурстарынын - жаан-чачын, жерден чыккан сууну сиңирүүсү, өсүүнүн (вегетациянын) башталышына карата топтолгон нымдуулук запасы жана эгерде талаада табигый нымдуулук жетишсиз болсо жасалма суу берүүнүн(сугаруунун) эсебинен камсыз болот.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн табигый нымдуулук ресурстарынын камсыз болуу шарттары оптималдуу(жетиштүү), жетишсиз (кошумча сугарууну талап кылган жетишсиздик) же алардын ашыкчалыгы( ашыгын участканын чегинен тыш жакка буруунун талап кылган) жана нымдуулук менен камсыздуулук болушу мүмкүн.
Буулангандык же оптималдуу сугарууда талаадан мүмкүн болчу максималдууу буулануу жана чексиз ным запасы - нымдуулуктун бүт буулануусу жогорку чек жана суу үстүнөн мүмкүн болчу буулануу катары аныкталат.
Сугат режими - суу агымынын режими( мөөнөттөрү, л\c чыгымдары, сааттары) же ар бир конкреттүү талаага бир сугат үчүн белгиленген сугат норма боюнча кыртышты жумшартуу үчүн суу берүү.
Суу керектөөнүн бирдиги - чарбадагы пландаштырылган жана бүт сугат сезону учурунда дайыма сугат суусун берүүчү талаа же болбосо бир же бир нече которуштурулуп айдалган массивдер.

1.2. Үстүртөн сугаруунун мааниси
Үстүртөн сугаруу Кыргызстандын сугат зонасындагы салттуулук жана анын башка сугаруу ыкмаларынын артыкчылыктары үчүн гана негизги болуп саналбайт. Үстүртөн сугаруу техникасы сугарылуучу талаага белгилүү бир чыгымы жана белгилүү бир мөөнөттө(сугат режими) керектүү өлчөмдөгү сууну талаанын үстүнө тегиз бөлүштүрүү менен кыртышты өсүмдүккө керектүү суу режимин сиңирүү милдетин аткарат. Сугаруу сугат аянттарында маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө байланышкан жалпы айыл чарба жумуштарынын комплексинде агротехниканын эмгекти көп талап кылган жана маанилүү ыкмасы.
Сугаруу техникасы дайыма эле тигил же бул жердин жаратылыштык шарттарына туура келбегиндиктен суу эрозиясын пайда кылып кыртышты сазга айландырып жана туздуу кылуу менен сууну ашыкча чыгымдоо жана түшүмдүүлүктү төмөндөткөн башка терс кесепеттерге алып келет. Сугаттын ар кандай ыкмаларын жана жаңы техниканы киргизүүнү колдонуу шарттарын аныктоодо фермердик чарбалар ар бир ыкманын өзгөчөлүктөрүн, оң жана терс жактарын эске алуу менен жүргүзүшү керек.

1.3. Сугаттын
рационалдуу ыкмалары
Үстүртөн сугарууда кыртыштык-рельефтик шарттарына, талаалар боюнча сууну бөлүштүрүүнүн жана анын кыртышка түшүү мүнөзү боюнча алда канча рационалдуу төмөнкүдөй түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:
Бардык ар түрдүүлүгү менен жөөктөр боюнча сугаруу; тилкелер боюнча суу жиберүү.
Негизи жөөктөр боюнча сугаруу алда канча прогрессивдүү болуп эсептелет, себеби талаанын үстүндөгү түздөн-түз суу басуу аянтын дээрлик жок кылып, ошол эле учурда сугатты жетиштүү нормада ишке ашырууга мүмкүндүк берет жана кыртыштын структурасын сактайт; оор кыртыштар үчүн өзгөчө маанилүү болгон кыртыштын жумшаруусун камсыздайт. Каптатып сугарууга салыштырмалуу кыртыштын үстүнөн суунун бууланып жоголуусун кескин азайтат; салкын аба-ырайы учурунда чоң маанилүү болгон кыртыштын температурасын көтөрүп, мындай аянтты кеңейтет.
Сугатты майда (10...17 см) жана терең (17...25) жөөктөр боюнча айырмалоого болот. Майда жөөктөр боюнча сугаруу (айдоонун 3-4 катар ыкмасында) пияз, сабиз, шалгам, калемпир, баклажан, бадыраң, помидор айдоодо колдонулат. Бул жөөктөрдүн туурасы 50...60 см болгон учурда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогору түшүмдүүлүгүн камсыз кылат.
Эңкейиш аянттарда терең жөөктөр боюнча шаркыратып сугаруу жүгөрү, картошка, кант жана тоют кызылчасы, көп жылдык чөптөр, күн карама, соя, төө буурчак, кылкандуу дан эгиндерин айдоодо колдонулат. Мында кыртыштагы тамырдын нымдуулугу жөөктөрдүн жээктери жана түбү аркылуу сакталат.


Майда жана терең жөөктөр боюнча сугаруу алардын эки башка түрү менен өзгөчөлөнөт:
Өтмө жөөктөр боюнча сугаруу; жайылып кеткен жөөктөр боюнча сугаруу.
Өтмө жөөктөр боюнча сугаруу кыртыштын нымдалуусу жөөктөр боюнча агып жаткан суудан жүрүүсү менен мүнөздөлөт. Ошон үчүн өтмө жөөктөр менен сугарууда сугарылып жаткан аянттан тыш жерлерди суу капташы мүмкүн. Эрозиялык көрүнүштөрдү токтотуу жана сугаттын сапатын жакшыртуу максатында өтмө агын жөөктөр боюнча сугаруунун эки технологиясын пайдаланышат:дайыма шаркыратып сугаруу; өзгөрүлмө шаркыратып сугаруу.
Дайыма шаркыратып сугаруу бир топ алгылыксыз сугаруу болуп саналат. Мында кыртышка жана эңкейиштерге суунун чыгымы жөөктөр боюнча сугаттын бүт жүрүшүндө кетет. Сугат суусунун 30- 55%ы жөөктөрдүн аягында каптап, сугаттын (нымдуулукту сиңирүүнүн) башында жогору, аягында азаят. Бул түшүмдүүлүккө жана эрозиянын күчөшүнө терс таасирин тийгизет. Ал эми өтмө жөөктөр боюнча сугарууда дайыма жыбылжытып сугаруунун кемчиликтери болбойт жана кыртыш жана эңкейиштер үчүн жууп кетпегендей жүгүртүүгө чейин жетпеген максималдуу суу нормасы берилет. Мында суунун чыгымы азаят жана бул нымдалууга чейинки чыгым деп аталат.
Жайылып кеткен жөөктөр боюнча сугаруу 0,002 эңкейиште жакшы сиңирилет жана жөөктөрдүн этегинде туташтыруу жасалат. Ошон үчүн жайылып кеткен жөөктөр боюнча сугарууда нымдалуу жөөктө суу жаткан учурунда жүрөт жана сугат суусу сугаруу аянтынан тыш кетпей, берилген суунун баары сугат жөөктөрүнүн айланасында сиңирилет. Сугаруунун бул ыкмасын керектүү нормада сугаруу үчүн суу жеткирүү өтө кыйын жерлерди сугарууга пайдаланылат.
Майда жана терең жөөктөр боюнча сугаруу техникасы төмөнкүдөй сугатта (айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузуу жана сортуна жараша) ишке ашыруу мүмкүндүгүн карайт:
- Таза жөөк боюнча сугаруу
- Себилген жөөк боюнча сугаруу
- Таза жөөк боюнча жөөк аркылуу сугаруу.
Сугаттын жогорку сапатына жетишүү, сугатчылардын ишинин деңгээлин көтөрүү, суу ресурстарын үнөмдөө үчүн сугаруу жөөктөрүнүн жогору жол берилген ( эрозияга каршы) узундугун пайдалануу зарыл.






жалбырак жер семирткичин колдонуунун пайдасы чоң
ПСИУнун "Жерди туура пайдалануу" атайын программасы
Айыл чарба өндүрүшүндөгү негизги маселе айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн көтөрүү жана калыптандыруу проблемасы болуп саналат жана ал үчүн өсүмдүк өстүрүүнүн илимий-негизделген технологиясын сактоо зарыл. Бирок акча каражатынын жетишсиздигинен биздин өлкөдө дыйкандарыбыз минералдык жер семирткичтерди, отоо чөптөргө, ооруларга жана зыянкечтерге каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн пестициддерди оптималдуу дозада колдоно алышпайт. Азыркы учурда дүйнөлүк практикада минималдуу чыгым кетирип түшүмдүүлүгүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын көтөрүүгө мүмкүндүк берген ар кандай жалбырак жер семирткичтери же өсүмүн жакшыртуучу стимуляторлор кеңири колдонулууда.
Биздин республикабызда мына ушундай бир катар препараттар бар. Алар: "Акварин", "Аквамикс", "Лифдрин", "Кыргыз Гумат", "Нутривант" жана башкалар. Бул препараттар үрөн өсүмүн тездетип, эски, көпкө сакталган үрөндүн сапатын көтөрө алат. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн экстремалдык биологиялык жана абиотикалык факторлорго туруктуулугун өстүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн орточо алганда 20-30%га көбөйтөт.
Жалбырак жер семирткичтери өсүмдүктөрдү ооруларга жана зыянкечтерге туруктуулугун жакшыртат. Ошондой эле кургакчылык, туздуулук, экстремалдык температураларга туруктуулугун көтөрөт.
Бул препараттардын эң баалуу өзгөчөлүгү анын пестициддер менен катыштыгы болуп саналат. Мында пестициддердин таасири күчөп, уулуу химикаттардын дозасын 30-40%га төмөндөтөт. Бул агроэкологиялык абалды жакшыртып жана кымбат баалуу пестициддерди сатып алуу чыгымын үнөмдөйт.
Жалбырак жер семирткичтери өсүмдүктүн иммундук системасын ишке киргизип, өсүмдүктүн күчтүү тамыр системасын пайда кылып, өсүмдүк клеткасында алмашуу процессин күчөтөт, өсүмдүктүн азык элементтеринин сиңимдүүлүгүн көтөрүп, адатта берилүүчү минералдык жер семирткичтерди дозасын 20-25%га төмөндөтөт. Мындан тышкары жалбырак жер семирткичтерин бергенден кийин өсүмдүктө тамыр системасы жакшы өнүгөт, бутактануу күчөп кыртышка терең кирип өсөт. Бул препараттардын кээ бирлери кыртыштын структурасын жакшыртып, кыртыштагы бардык микроорганизмдердин өнүгүшүнө түрткү берет. Кыртышта гумустун, кык жана компостун тез түзүлүшүн жана калыптанышын шарттап, экологиялык таза продукцияны алууну камсыздайт.

"Чүй-Талас Айылдык кеңеш кызматы"
коомдук фонду