Кыргызстандын жайыт комитеттери GPS системасындагы заманбап
шаймандарды колдоно баштады
Кыргызстандын жайыт департаменти - өлкөнүн жайыт аймактарынын чек араларын GPS системасындагы заманбап аппараттар менен тактап аныктоо максатында 10 даана GPS шайманын сатып алып, аларды ар бир облустан келген жетектөөчү адистерге таркатып берди.Аппараттарды таркатаар алдында департаменттин ГИС адиси Нурбек Чымбылдаев аларга GPS шайманы деген эмне? Жайыттардын чек ара аймактарын аныктап, тактоо ишинде аларды кандай кылып колдонууга болот? - деген суроолор боюнча түшүнүк берди.Региондон келип окуп кеткен ал адистер эми жер жерлердеги жайыт комитеттерине түшүндүргөн окутуу иштерин жүргүзүп, жайыт комитеттеринин чек ара аймактарын тактоого жардам берип жатышат.Негизи эле бул аппараттын иштөө өзгөчөлүгү кандай экендиги тууралуу ГИС адиси Нурбек Чымбылдаевге кайрылдык.

- Нурбек мырза мындай заманбап шаймандар менен иштөө бизге өзгөчө жаңылык болуп жатпайбы.Булардын артыкчылыгы кандай?. Жайыт комитеттери бул аппаратты кантип колдоно алышат?

- GPS дегендин өзү (англ. Global Positioning System -GPS Джи Пи Эс деп окулат) которгондо белгилүү бир жердин жайгашкан так ордун өзгөчө тактык менен аныктай турган глобалдык система деп аталат. Мисалы бир жерге туруп алып ал жерден координатын аныктасак, GPS аппараты спутниктер аркылуу өзү турган жерин аныктап алатдагы координаты белгилуу болот. GPS шайманы бар адам дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун өзү турган жердин координатын так аныктап алса болот. Мисалы жайыт комитеттери өздөрүнө таандык жайыт жерлердин аймагы канча гектар экенин тагыраак билгиси келсе GPS аппараты менен ошол чек ара аймагына барат дагы GPSти иштетип алып, чек араны бойлой кыдырып жөө болобу, атка минип алыппы же, машина менен болобу, чек ара менен кыдырып чыгат. Баратканда улам улам ар бир бурулуштардан, бийиктиктен, ылдыйыштан, ар бир чекитти белгилеп кете берсе ошонун бардыгы GPS шаймандын эсинде сакталып кете берет. Же болбосо киши биринчи баскан чекиттен тартып акыркы чекитине чейинки маршруттун бардыгы жол сыяктуу чийилип кете берет дагы канча километр экени билинет. Эгер кимдир бирөө кайсы бир аймактын, жайыттын, кварталдын же айдоо жердин аянтын так билгиси келсе GPSти иштетип алып бурчтарды (точка катары) басуу аркылуу ошол аймакты кыдырып чыгат. Аянтты айланып бүткөндөн кийин бир бурчтан экинчи бурчка чейинки киши кыдырып өткөн аймактын бардыгы сызык түрүндө көрсөтүлүп калат. Жыйынтыгында ал жердин көлөмү канча гектарды түзөөрү так белгилүү болот.

- GPS аппаратын иштетүү үчүн эмне кылыш керек? Май куюлабы же электр энергиясы менен заряддалабы, кандай?

- Бул аппаратты колдонуу эң жөнөкөй. Көлөмү деле,иштегени деле кадимки мобилдик телефон сыяктуу эле. Белгилей кетсем азыр баасына, сапатына карата мындай GPS шаймандарынын эки түрү бар.Бир жыштыктагы жана эки жыштыктагы деп бөлүнөт. Координатты тактоодо 1-3 миллиметрлик гана айырма кетирип, өзгөчө жогорку тактык менен ченеп бере турган бир жыштыктагы GPS шаймандарынын эң арзаны азыр 16-20 миң АКШ доллары турат. Белгилей кетүүчү нерсе азыр Жайыт департаменти тарабынан колдонулуп жаткан шаймандар - эки жыштыктагы GPS GARMIN моделиндегилер. 300-520 АКШ доллары турат, булар менен чек араны тактоодо миллиметрлик өзгөчө тактыкты бере албайт. Так орунду 3төн 5 метрге чейинки айырма аралык менен берет. Бирок колдонууга абдан оңой келет. Жайыттардын чек ара аймактарын тактоодо бул жетиштүү.

- Демек ушул GPS GARMIN деген түрүнүн көлөмү кадимки чөнтөк телефондой эле турбайбы, көтөрүп алып каалаган жерге бара берет экенсиң.Колдонгону кадимки мобилдик телефондой элеби же буга кошумча жанына ар дайым ноутбуук же компьютер ала жүрүш керекпи?

- Муну колдонуу чөнтөк телефондонго окшоп кетет. Өзүн менен кошо эч кандай ноутбуукту же компьютерди ала жүрүштүн кереги жок. Бир заряддап койсо иштегени 2-3 күнгө жетет. Муну азыр көбүнчө туристтер колдонуп жүрүшөт.Анткени пайдасы көп.Мисалы биздеги шаардагы көчөлөрдүн,кабаттуу үйлөр менен имараттар, дарыялар, жолдор дүйнөлүк система координатта электрондук картасы түзүлгөн. Ал гана эмес айылдагы жана жайлоого бара турган жолдордун бардыгын GPSтен кардадан жүргөн жолду көрө алсак болот. Адашпай жол таап кете бересин. Мисалы, алыс-кы Соң-Көлгө баратып Бишкектен чыгаарда иштетип койсоңуз барып келген жериңиздин маршрутуна чейин чийип берип, канча километр болгонун ашуулардын деңиз денгээлинен канча бийиктикте экенинен бери так көрсөтүп берет. Өмүрү ал жакка барып көрбөгөн кишини дагы ошол маршрут менен жөнөтүп жиберсеңиз ал дагы ошол GPS аппаратын көтөрүп алып ал жакка бейкапар барып келет.

- Негизи булардын түзүлүшү кандай болот,спутник сигналдарын кантип кабыл алат?

- GPS же GNSS системасы деп коёбуз, буларда атайын антенна болот. Ал антенна аркылуу атайын кабель же блютууз системасы аркылуу сигналдар келип эсептегичке (контроллерге) түшөт. Бул контроллер компьютер сыяктуу математикалык система менен бардыгын өз алдыча эсептеп чыгат дагы, бизге керектүү болгон позицияларды тактап берет.
Азыркы күнү Американын гана GPS системасы толук кандуу иштеп жатат. Россиянын Глонас деген системасы да толук кандуу иштегенге даяр болуп калды. Европанын Галилео деген системасы да даярданып башталып жатат. Андан тышкары Кытайдын Бейдоу деген системасы иштеген жатат. Жалпысынан негизги төрт система ушулар.

- Демек GPS шайманы менен чек араларды тактоо,кайсы бир жердин канча гектарын аныктоо абдан эле оңой болуп калат турбайбы?. Буга канча убакыт сарпталат?

- Ооба, спутник деген сигналдарды 2-3 секундда эле жөнөтөт.Бул убакытты аябай үнөмдөйт.Мурдагыдай 10 чакты адам чогулуп, улам бир шайманды ченеп өлчөп кыйналып,улам бир жагына чыгып, ары тур, бери кара дегендер жок болот. Ошондо бир эле адам бир нече адамдын жумушун өзү эле аткарып,ал гана эмес жүздөгөн точкаларды аныктап алганга мүмкүнчүлүк жаралып жатпайбы. Эми айта кетиш керек,булар биринчи пайда болгондо накта согуштук система болчу. Баллистикалык ракеталарды багыттоо үчүн, же болбосо ракетадан сокку уруу үчүн орундарды жогорку тактык менен эсептеп билүүгө колдонулган. 70 жылдары окумуштуулар муну граждандык максаттарга колдонсо болоорун далилдеп чыгышты.Кийин 80 жылдардан баштап бул геодезиялык ченеп өлчөөчү курал катары картага түшүрүү жана тактоо иштерине активдүү кирише баштады.Ток этээрин айтканда эң жөнөкөй,эң тез жана эң арзан ченеп өлчөөчү система. Азыр дүйнө жүзүндө мисалы үчүн эгин себүү, жер айдоо, отоолордон арылтуу, жер казуу, деги эле көп иштин бардыгы ушул GPS система менен аткарылып жатат. Анткени азыр көп техника заманбап шаймандар менен иштеп калбадыбы. Мисалы бульдозерист компьютер аркылуу ушул системаны ишке киргизип коёт дагы, эч ойлонбой туруп жердин үстүн сантиметрлик тактык менен мелтирете түздөп коё алат.

- Демек, буюрса бара бара айылдагы жайыт комитеттеринде чек араны тактоо маселесинде эч кандай проблема болбойт экен да?

- Жайыттарды картага түшүрүүдө бул бирден бир туура система деп ойлойм.Анткени бизде жайыттар бардыгы ачык жерде. Бул система үчүн эң башкысы ачык жер керек.Жер ачык болсо бул аппарат асмандан ошончолук көп спутниктерди көрөт дагы, координатын ошончолук сапаттуу, так кылып эсептеп бере алат. Мурдагы системалар эгер көп кабаттуу үйлөр, тоолор же коктулар болсо спутникти көрбөй калса иштебей калчу.Ал эми азыркы күнү чыгып жаткан жаңы GPS системаларында спутникти көрбөсө дагы иштей бере турган мүмкүнчүлүктөрү бар болуп жатат. Анткени аларды жерге орноткондо өзү турган позициясын же так ордун эске сактап калат дагы өтө жогорку тактыкты көрсөтө алат. Ошондуктан бул системанын кандай гана жерде болбосун, өзгөчө тоодогу ар кандай жерде дагы иштей бергенге толук мүмкүнчүлүгү бар.

Маектешкен Т.Чунгулов