Айыл чарбасын өнүктүрүүгө арбын техника керек
Жүргүзүлгөн реформалардын эпкини менен менчиктештирүүгө берилип, чачылып, бүлүнгөн айыл чарба тармагын кайра баягы деңгээлге жеткизүүгө жылдар топтому керектелүүдө. Жылдар топтомунун ар бир бүктөмүндө айтып бүткүс түйшүктөр менен маңдайынан тамчылаган дыйкан -фермердин ачуу тери жатат.

Сөз чындыгынан бузулбайт демекчи, алгач айыл чарба техникалары менчиктештирилип, анан, анын керектүү тетиктери иштен чыкканда, кайра ордун тургуза албаган кедей дыйкандарыбыз сатып жиберип, айтор айыл жеринде трактор менен комбайндар карааны азайып эле калбадыбы. Ошондон улам гектарлаган жерлер кысыр калып, айдалбай, канча түшүм мезгилинде жыйналбай талаада чачылбады дейсиз. Аталарыбыз айткандай төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун дегендей, колдо болгондорду жоготуп алып, антаңдаган күндөр келген. Акыркы эки жылдын аралыгында мамлекет айыл чарбасына чындап көңүл бура баштады десек туура болор. Алгач дыйкандарды колдоо багытында жылдык 9% үстөк менен насыя берип, жазгы талаа- жумуштарын убагында бүткөрүүгө кам көрдү. Быйыл болсо жылдык үстөгү 7% менен дыйкандарга, ага улай эле мал чарбасына да ушундай жеңилдиктеги насыяларды таркатты. Насыяларды колунда барлар алып жатат,- дегени менен кандай болгон күндө да элеттик дыйкандар алды.

Мындан бир жыл мурда айыл чарбасындагы техникалардын 92%ы эскирип, иштен чыкса, учурда жаңыланып жатат дешке негиз түзүлүп отурат. Август айынын акыркы жумаларында Өкмөт үйүнүн алдында республикабыздын бардык аймактарынан дыйкандар өкүлдөрү чогулуп жаңы тракторлордун ачкычтарын алышты.
Дыйкан-фермерлерге жаңы техникаларды тапшыруу аземин Айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович ачып, андан ары сөздү Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановго берди.

- Дыйкандардын айыл чарбасында үзүрлүү иштешине чоң көмөкчү болор техникаларды жеңилдетилген шартта жылдык үстөгү 6 % менен 7 жылдык мөөнөткө берүү каралган.
Салыштырмалуу айтканда 2009-жылдары айыл чарбасына 45 млн. сом каралган болсо, 2012 жылдын 7 айында 140 млн. сом бөлүнүп отурат. 140 трактор лизингге берилди. Азыр 80 млн сом бөлүнүп, 71 трактор берилип жатат. Андан тышкары Япония мамлекетинен келген насыядан да 115 млн. сомуна айылдыктарга тракторлорду берүү үчүн макулдашуулар жүрүп жатат, анын негизинде 120 трактор лизингге берилмекчи. Түркиядан келген насыядан 235 млн. сому да айыл чарбасын техника менен толуктоого жумшоого багытталып 225 трактор лизингге берилет. Айыл Банк аркылуу жыл сайын 150 млн. сомго, ар жылы 160 трактор дыйкандарыбызга лизингге берилип турмакчы. Айыл чарбасын өнүктүрүү багытында республикада 14 атайын үрөнчүлүк чарбасы түзүлгөнү белгилүү. Аларга АКШ мамлекетинин ЮСАИД программасы аркылуу 13 дан эгиндерин жыйноочу комбайндар менен 52 ар түрдүү айыл чарба техникалары берилмекчи. Алгачкы 3 комбайнды бүгүн тапшырабыз. Ушул 14 үрөн чарбасы келечекте Кыргызстандын айыл чарбасын алдыга сүрөгөн локомотив болот деп ишенемин.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келген дыйкан Өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишине дыйкандардын атынан ыраазылык сөзүн айтып, жакшы бышкан бир боо данды белекке тапшырды.
Өлкөбүздүн экономикалык абалын жогорулатуунун бирден бир ачкычы айыл чарба техникаларынын оң абалда болушу. Ошол күнү бул сапка тизилген тракторлордон башка да "Агро Маш Холдинг Тех-Сервис" уюмунун алып келген техникалары дыйкандарды кайдыгер калтырбай, кызыгууларды жаратып турду. Бул уюмдун аткарган иши, техникалары туурасындагы материалдарды гезитибиздин кийинки сандарынан окуп каласыздар.

(Материал Ө.Бабанов Премьер-министрдин, А.Жаныбеков Айыл чарба жана мелиорация министринин милдетин аткарып жаткан учурда даярдалган)




Мен мектеп директору белем?...
Ушундай кепти кызматтан келе жатып маршуруттук унаанын айдоочусунан уккан элем. Чөнтөк телефонуна кайра кайра маяк берилгенде, айдоочу күйгөндөй болуп, " Мен мектеп директору белем, өздөрү сүйлөшпөйт"- деп кейип баратты.
Союздун таркашы менен мектептерибизде дагы чоң өзгөрүүлөр болуп калды. Мамлекеттин бөлгөн каржысы эч нерсеге жетпейт деген сөз менен бардык айылдык,шаардык мектептерде оңдоо -жөндөө иштерине ата-энелер, окуучулар тартылып баштаган. Анан акча чогултуп оңдоо иштерине сыр , аки-таш алышты. Жүрүп олтуруп атайын фонд түзүлүп, мектептерде окучулардын акча чогултушу адатка айланды. Кыргызстанда куурап жашап жатабыз, деп коюп, балдарыбызды кымбат баалуу кийимдер менен атаандаша кийиндирүүгө өттүк. Мектеп мугалимдерине туулган күнүндө, кесиптик майрамдарында, мектепти бүтүрүүдө, он, жыйырма жылдыктар деп, айтор белек бечкектин түрүн тартуулап олтуруп, эл арасында жогоркудай ой-пикирдин топтолушуна жетиштик. Базар экономикасында баарысы сатылат деген ойду бекемдеп, жаш балдарыбызга жаман жорукту үйрөтүп жаткандыгыбыз жашыруун болбой калды.
Мына эми, дагы жаңы окуу жылы башталып, балдар мектепти шаңга толтуруп турат. Быйыл аз жерден айрым мектеп директорлору мектепти өз алдынча каржылоого өткөрүп ала жаздады. Канчалык окуу жайларга келишимдин негизинде акча көп төлөгөн сайын балдардын билим деңгээли ошончолук кемип жатканын эске алар мезгил келип жеткен окшойт. Аны быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн тесттерди тапшыруу жыйыннтыгы айкындап койду. Билимдүү жаштарды тарбиялоодо мектеп башкы орунда турса, абийир тазалыгы , уят- ар-намыстын адамгерчиликтин үрөнүн жаштарга сиңирип тарбиялоонун да башаты мектеп экендигин унутпасак. Ошондо гана эл арасындагы мектеп мугалимдери, жалпы окутуучулар коомунун ылдыйлап кеткен даражасын көтөрүп аларбыз. Не десек да жаңы окуу жылы кирип келди, жаш муундарга чыныгы билим, татыктуу тарбия берген алтын уя болсун. Окубастан тачка түртүп, таштанды терген, мал кайтарып,кайыр сураган наристелер жок өлкө бололу,- дегим келди.

Бетти даярдаган
Нуржамал Курманкулова




Жашоонун башаты тоолордо
Кадырлуу окурман,
"Тоолордун бир бөлүгү окшоп сезем өзүмдү, менин денем күндүн нуру аралашкан абадан, аска-таштан жана да тоо сууларынан жаралган" деп акын Байас Турал гана эмес ар бир кыргыз айтса керек. Кыргыз баласы үчүн аркайган аска зоолуу тоолор дайым жакын жана ажырагыс. Анткени кыргыздын көз ачып көргөнү мына ушул сүйкүмдүү да, сүрдүү да, сырдуу да тоолор. Кыргыздар байыртан эле тоону барктап-байырлап байлык-берекесин, жашоого маанисин аңдап билип, тоо менен киндиктеш күн кечирип келет. "Манас" эпосунда:
"Көк жалың Манас жол жүрүп,
Ат аябай мол жүрүп
Сонун эл, сонун жер көрдү,
Аркайган Ала-Тоо көрдү,
Аркырап аккан суу көрдү" ,-деп Манас бабабыздын Алтайдан Ала-Тоодо калган элин издеп келиши сүрөттөлөт эмеспи. Кыргыз дээринен эле тоонун бийигин, суунун тунугун таанып билген эл. Ошон үчүн аскасы асман чапчыган бийик тоолордон алыс кетпей, көз арткан душмандан дайым коргоп жана сактап келген. Бүгүнкү дүйнөлүк цивилизация канчалык өсүп-өнүксө адамдын жашоосу үчүн тоонун мааниси ошончолук артууда. Дүйнөнүн суу топтоочу жана сактоочу мунарасы болгон тоо аймактарында экологиялык балансты сактоо бүгүнкү күндүн актуалдуу маселесине айланды. Ал эми тоонун экосистемасын, биотүрдүүлүгүн сактоо үчүн тоо аймактарындагы калктын жашоосун жакшыртуу маселеси өзүнөн-өзү келип чыгат. Себеби, элдин жашоосу жакшы болсо токойлорду кыйып, жаратылыштын биотүрдүүлүгүн түзүүчү жан-жаныбырларды жок кылууга өтпөйт. Ошондой эле экологиялык таалим-тарбия маселеси да бүгүн маанилүү. БУУнун чечими менен мына ушул тоолуу аймактарга колдоо көрсөтүүчү Тоолуу өлкөлөр шериктештиги уюму түзүлгөн. Аталган уюм эмне иш кылат жана кандай жардам көрсөтөт булар туурасында анын Борбор Азия боюнча координатору Элбэгзаяа Батжаргал менен маегибизден окуп билсеңиз болот. Менимче, биринчи кезекте уюмдун тигил же бул жардамы эмес, мына ушул тоо проблемасына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруунун өзү маанилүү. Кыргыз илгертен эле тоого топук кылып, кастарлап-барктап келген эмеспи.
Окурманым, жогорудагы теманы эле улантып, экология, табигый таза айыл чарба өндүрүш туурасында айткым келет. Бүгүнкү күндө биз жерди натыйжалуу иштетүү жагынан аксап жатабыз. Жер иштеттүү маданияты, сугат маданияты булар өзүнчө эле бир окулуп бүтпөгөн китеп десем болот. Жер кыртышынын сапатын сактоо сугатты, жер семирткичтерди пайдалана билүүгө байланыштуу маселе. Биз гезитибизде мына ушул темаларда материалдарды жарыялоо менен бул жагынан аз да болсо сизге жардам кылсак деген ниеттебиз. Бүгүнкү санда басылган сугат ыкмалары жана органикалык жер семирткичтер туурасындагы материалдар сизди кайдыгер калтырбайт деп үмүттөнөбүз.
Жакында Ысык-Көлдө "Кийиз дүйнө" фестивалы өттү. Кылымдарды карыткан кыргыз кол өнөрчүлүгү кимдерди гана суктандырбаган. Фестивалга кабарчыбыз катышып кайтты. Бул туурасында материалды окуп коюуну сунуш кылабыз.

Бегим ТУРДАЛИЕВА