Теңир-Тоо ичи ырга, шаңга бөлөндү
Быйылкы "Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына" карата, Нарын областына караштуу бардык райондордо "Шаңдан элим, көрктөн жерим" деген аталыштагы ыр кесе майрамы өзгөчө шаң менен өтүп, жыйынтыкталды. Мында республикалык коомдук телерадио корпорациясынын атайын чыгармачылык тобу келип, ар бир райондон тандалган өнөрпоз ыр ышкыбоздорун электей иргеп, тандап алып чыгышып, ыр кесени телевидениеге тартышты. Айрыкча ажайып кооз, жер соорусу Соң-Көлдөн, Ат-Башынын Босогосунан ж.б. жерлерден калайыкты ынтымака, биримдикке, тынчтыкка үндөгөн бул ыр үлпөтүндө ар бир район өздөрүндөгү жетишкендиктерди, салттуу көрүнүштөрдү, кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн, улуттук каада-салттарды жана үрп-адаттарды даңазалап көрсөтүшүп, ыр кесенин көркүнө көрк кошушту.
Өзгөчө Нарын районунун жана Нарын шаарынын Салкын-Төр эс алуу аймагында жана Алма-Бак сейил багында уюштурулуп өткөрүлгөн ыр кесе салтанаттары жергиликтүү тургундардан тандалып чыккан таланттуу ырчылардын оюн зооктору, кыргыздын кыз узатуу жана баланы бешике салуу жөрөлгөлөрү менен коштолуп, жаратылыштын кооздугу улуттук кийимдер менен шөкөттөлүп, көргөндөрдүн көз жоосун алды. Мындай жакшы салттуу жөрөлгө, ыр кесе майрамдары улам барган сайын кеңири кулач жайып, улутту урууга бөлбөй, башка элдин намысына тийбей, бир үй-бүлөдөй ынтымакта өмүр сүрүп жашап жаткан көп улуттуу элдин ынтымагын бекемдеп, таттуу тилектерин ширелтип, элибизге тынчтык, жергебизге бейпилдик тартуулай берсин демекчибиз!

Кадыркул
Бугубаев
Нарын облусу




Арстанбек комузчу
Асан Кайбылда уулунун "Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер" деген эки томдук китеби Борбордук Азия Университетинин каржылоосу жана аталган университеттин илимий изилдөөчүсү Элмира Көчүмкүлованын демилгеси менен жарыкка чыккан. Анда аты айтып тургандай күүлөргө ойлор, пикирлер менен катар күүнүн тарыхы да жазылган.

Мезгилдин залкар комузчусу Ыбырай Туманов кадыр түн күткөн күндөрдүн биринде Арстанбектин күүсү деп толгон-токой күү түрмөктөрүн чубай, ар биринин баянын айта отуруп черткенин уккан элек.
- Арстанбек канча күү черткен? - деп сураганымда,
Ыбыкем:
- Кудай акы, аны так айта албайм, илгери чоң комузчу Кыдыр акеден укканыма караганда, төрт жүздөн ашык күү чертсе керек, - дегени эсимде.
Окумуштуу Тазабек Саманчин бир макаласында мындан да ашырып, "500 күү черткен" деп жазганы бар. Арстанбектин күүлөрүн эсеп-чоттоого, талдоого чама-чаркыбыз жетпес, тек гана көркөм өнөрдүн чоң устаты жана чоң комузчу жаатында аз да болсо маалымат берсек деген аракет. Мына, ушул максатта акындын өмүрү, чыгармачылыгы жагдайында, анын ысмына байланышкан айрым күүлөрдүн жай-маанисин кабарлап коёлу.
Арстанбек - Арка кыргызы Бугунун Тынымсейит уруусунан. Атасы - Буйлаш, анын атасы - Чоро, анын атасы - Шопок, анын атасы - Токтогул, анын атасы - Мортуктан барып Бугу уруусунун Тынымсейитине такалат. Арстанбек 1824-жылы эки Нарындын ортолугунда төрөлгөн. 1878-жылы 54 жашында Ысык-Көлдүн тескейи Жети-Өгүздүн Чычкан деген жеринде каза болуп, сөөгү Жуукунун күн чыгышында Таш-Кыя деген жердеги туугандарынын бейитине коюлган. Арстанбек бой тартканы таякелери менен катышып тургандыктанбы, көлдөн саруу элинин Yмөтай деген кызына үйлөнөт. Арстанбектин зээндүүлүгү, тири карактыгы, айрыкча, ырга шыктуулугу, комузга шыктуулугу, борбуюн көтөрө баштагандан байкалган. Баласынын дээрин байкаган Буйлаш бий кадырколкосуна жылкы жетелетип, Айтымбет деген устага боз үйдүн уугунан улаштырып, зарылдыгына жараша турнабайдай узартып, же кыскартып ала тургандай, кулагына күмүш чөгөртүп, черткенде добушу бийик, күүгө элпек, атайын Арстанбек үчүн комуз чаптырып берет. Арстанбек орто бойлуу, толмоч келген сары чийкил, кой көз киши эле. Жайдары ачык-айрым, отурган жерин оюн-күлкүгө толтурган адамдын гүлү эле, - деп аңгемесин улаган.
Арстанбектин өз оозунан уккандарын Талип молдо дагы эскергени бар: "Атабыз Буйлаш Тынымсейит ичиндеги кадырман адамдардын бири, бай болгон. Эки катын алыптыр. Кийин энебизди Салбар кылып таштап кетет. Көчкө илеше албай жарыктык кара алачыкта жатакта кала берет. Буйлаш бий кур дегенде саан таштап кетсечи. Ошол турмушта 14-15 жашка келдим. Илешкеним ыр менен комуз. Эл жайлоодон түшкөн мезгил. "Кокон кандыгынын алык-салык жыйноочу беги келиптир, чакыртып жатат" дешип айылдагы адамдар кетип жатышат. Мен да бекке барып, кол берүүгө көңүлүм ооду. Минип барууга унаа жок. Айылда мүнөзү оор, ак көңүл адам бар эле (аты эсимде жок). "Олжо тапсам куру койбоймун" деп, жалынып-жалбарып жатып, атын минип, эл артынан жөнөдүм. Салам айтып, бек отурган үйгө кирип бардым. Эскилиги жетип, эчен жерине жамаачы түшкөн тонум бар. Башымда жүндөрү булаган эски малакай. Ыраматылык энем бир жай илешип, жылкынын терисинен булгаары ийлеп, өтүк тиктирип берген. Өтүк аты болбосо, сомдогон жыгачтай кожойгон бирдеме. Анын да апкыты майрыйып шакшактатып кийип алгам. Бек төрдө отурат. Мени таңыркай карап:
- Бул кимдин баласы? - деп сурады.
Бекти жандай отурган Буйлаш атамдын башы жерге кире түшкөнүн байкап турам.
- Буйлаш бийдин баласы, - деди отургандардын бири.
Койнумдагы комузга бектин көзү түштүбү:
- Келген жөнүңдү айтчы бала, өнөрүң барбы?
- Бекке кол берип, комуз чертсемби, дедим эле.
- Кана чертип көрчү, - деди бек.
Белимдеги аштама комузду алып, узартып (түзөтүп), күүлөп алып, салмактуу күүлөрдөн бирди черттим.
- Дагы бирди черт, - деди. Черттим.
- Менин чертмекчим менен өнөр жарыштыра аласыңбы?
- Байкаштырып көрөлү.
Дутарчы бир күүнү ойноп, аспабын мага сунду. Мен дутар күүсүн өзүндөй кайырдым.
- Балам, эми өз комузуң менен бир күү чертип, дутарчыга узат, - деди бек. Менин күүмдү чертүүдөн дутарчы баш тартып, жалтактай түштү. Менин өнөрүмдү угуп отуруп: "Мен кеткиче жанымда жүр. Тигини үй-бүлөңө алып бар, - деп бир таңгак пул бергизди. Олжону атка сылай жүктөп үйгө бардым. Ат берген боорукер адамга
чепкен жаптым... Көп өтпөй Буйлаш атам төө жетелетип жиберип бизди көчүрүп алды. Салбар энеме кайта нике кыйдыртып, үй жасатып берди"
Арстанбектин өмүрүндөгү дагы бир урунттуу окуя 1850-жылдары болгон. Буйлаш бий баш болгон эл билермандарын кыйыктап, Кокон бийлиги ичкериге алып кетет. 15-17 жашар Арстанбек атасынын артынан куба жөнөп, Алайдын билерманы Алымбек даткага жолугат. Алымбек датка Арстанбектин өнөрүн көрүп, урмат-сый көрсөтүп, өзү менен ээрчитип жүрөт. Арстанбек торгойдой безеп, булбулдай таңшып, топ ичинде ырдады. Хан алдында калтаарыбай, бектерден айбыкпай, чоочун элден тартынбай ырдады.
Орусия түпкүрүнөн жер оодарган келгиндер кабарын ырдады; Алматыдан аттанып, Ала-Тоого ыкыс койгон орус солдаттарын ырдады; эл-жер тагдырын эстеп, кан тактысын аңдыган мансапкорлордун кесепет кесирин ырдады, "акыр заманды" аңдап, "Тар заман" көйгөйүн тактап ырдады, келер замандын кедергисин олуязаададай болжоп ырдады.
Арстанбектин өнөрү ханга жакты. Алымбек датка арачы түшүп, барымтада кармалып жаткан Буйлаш бий башында кыргыздын эл жакшылары бошотулду. Арстанбек жыл мөөнөт менен ак үйлүүгө Алымбек датка көзөмөлүнө калтырылды.

"Кыргыз күүлөрү" томдугунун
2-китебинен алынды