Жайыттар жашоого дем берет
Өлкөбүздүн басымдуу бөлүгүн ээлеп жаткан жайыттар элибиздин жашоо азыгынын орчундуусу. Ошондуктан биздин өлкөбүздө КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчилерден болуп жайыт мыйзамы кабыл алынып, иштеп келет. Албетте, турмушка жаңы кадам таштап аралашкан жайыт мыйзамында дагы чаласы, кемчилиги бар экендигин тана албайбыз. Иштебегендер гана жаңылбайт демекчи, жайыт мыйзамын ишке ашырып жаткандар айылдарда түзүлгөн жайыт комитеттеринин кызматкарлери. Алардын аракети көпчүлүк жерлерде колдоо таап, айыл округ башчылары алакалаш иш алпарып жатат. Кээ бирлери айыл округ башчылары менен иштешүүнү жандандыра албай чоң тоскоолдуктарга учураган учурларын айтып кыйналышат. Өткөн эки айда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт департаменти жана ПРООндун "Экологиялык бүтүндүктү сактоо менен айыл жеринин жашоо-шартын жакшыртууда жайыт корун туруктуу башкаруу" долбоорунун биргелешип уюштурган визит-турдун жүрүшүндө күбө болдук.

Алгач Ош, Жалал -Абад облустарынын аймагына тажрыйба алмашууга барышкан эле, кийинкисинде Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун жайыт комитеттеринин өкүлдөрү Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарын кыдырып чыгышты. Сөз башында айтылгандай кадам шилтегенине аз гана болгон жайыт комитеттери ишти туура уюштурууга бел байлап киришкендиктерин көрсөтүп жатат.

Фактыларга кайрылсак:
Үстүбүздөгү жылы республиканын жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин маалыматы боюнча 7870455 га жайытка 11688494 баш бодо, 4264702 баш кой эчки, 345-37 баш жылкы жайлоого чыккан. Бул көрсөткүч өткөн 2010-жылга салыштырмалуу 68260 бодого, 157444 баш кой-эчкиге,1124 баш жылкыга көптүк кылат. 2011-жылы 60,0 млн. сомдон ашык жайыт акысы жыйналды. Анын ичинен жайыт инфраструктурасын жакшыртууга 30,0 млн.сом сарпташып, 1573 чакырым жайлоого мал айдоочу жолду, 252 көпүрөнү, 169 булактарды жана каптаждарды калыбына келтиришти. Ошондой эле лотокторду, суу түтүктөрүн курушуп жайыт пайдалануучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп беришти.
Жайыт пайдалануучулар бирикмелери турмушта активдүүлүктөрүн көрсөтүп, баягы союз тарагандан кийин чаржайыттыкка учураган жайыт пайдалануунун тартибин бир калыпка салып, салык төлөөдөн качып малын санаткысы келбегендер менен жакындан иш алпарып жатышат. Жайыт мыйзамын ишке ашырууда ветеринария кызматкерлери менен тыгыз байланышып иштешүү керектиги айкындалып отурат. Жайытты туруктуу пайдалануу үчүн анын сапаты да жакшы болуп турганы жакшы, демек, малчылардын жайыттарды которуштуруп пайдалануусу шарт. Ага карабастан көпчүлүк учурда малчылар жакынкы жайыттарды пайдаланып келишкен. Натыйжада жер такырланып деградацияга учураса, алыскы жайыттарда мал жетпегендиктен талааларды мал жебеген уулуу, пайдасыз өсүмдүктөр каптап келе жатат. Акча чогулткандарды ким жакшы көрмөк эле, башталышында жайыт акысын чогултууга да эл каршы болуп,өз убагында төлөбөй качып жүрсө азыр түшүнүп калышты. Алардын түшүнүшүн турмуш чындыгы шарттады. Айыл арасындагы көпүрөлөрдөн тартып жайлоолорго чыкчу жолдорго дагы жайыт акысынан кум -шагылдар төшөлүп, каптаждар оңдоло баштаганда эл өздөрү кайсы жерди оңдош керектигин, кайсы жерден суу чыгаруу керектигин айтып, жайыт комитет төрагаларына кайрыла башташты. Өзгөчө мындай көрүнүштөр түштүк аймактагы айыл округ башчылары менен тыкыз иштешкен жайыт пайдалануучулар бирикмелеринде даана байкалат. Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы райондорунун алдыңкы жайыт комитеттеринин төрагалары иштиктүү аракеттери менен элдин алкышына ээ боло баштады. Сузак районундагы "Багыш" айыл округунун Жайыт комитетинин төрагасы Маматов Кадырбек Кулданбес-Көк -Арт жайлоолоруна баруучу көпүрөнүн ишке киргизилиши үчүн 600 миң сомду жумшап берди. Чындыгында ал жерге көпүрө салыш үчүн 2млн600 сом жумшалмак. Суу чыгарууга түтүктөрдү коюп, 3 чакырым жолду оңдотуу менен жайыт пайдалануучулардын алкышына татып отурат.
Ош облусунун Кара-Кулжа жайыт комитетинин төрагасы Бегимканов Абдилазиз жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражат эсебинен Жүлгүр жайлоосуна баруу үчүн Кара-Кулжа дарыясына узундугу 25метр, туурасы 3,5 метр көпүрө салууга жетишти.
Жаңы башталган иштин кыйынчылыгы көп болоорун эске алганда , жайыт пайдалануучулардын жетекчилигине эл жалаң эр азаматтарды таңдап жатышты. Бирок, Кочкор районунун Семиз -Бел айылынын тургундары жаштайынан жер оңутун билип, малчылар менен эриш - аркак жашап көнгөн Айнура Алжанбаеваны таңдашты. Таңдаганын таңдашты, бирок акча чогултарда көпкө төлөшпөй кыйнашты. Анткени менен эр жигиттерден кем калышпаган Айнура чабандар менен тыкыз иштешип бирине жай түшүндүрсө, бирине катуу айтып ишти жылдыра баштады. 4765 шарттуу баш мал жайытка чыгат, 10 чакырым суу түтүгүн оңдошуп малчылардын керегине жарап турат.
Нарын районунун Жерге -Тал жайыт комитетинин төрагасы Алмаз Өмүров жаштыгына карабай жайыт пайдалануучулардын көңүлүнөн чыгып келет. Жайыт комитеттеринин алдыңкыларынын бири Кочкор районундагы Чолпон жайыт комитети "Чоң-Туз" жайлоосуна баруучу көпүрөнү оңдоп малчыларды ыраазы кылып отурат.
Республика боюнча беш-алты облустун жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин төрагалары жайыт комитеттеринин иши менен таанышып, кеңири пикир алышып, көргөн билгендерин ортого сала агынан жарылышты.
Түштүк жергесинде мал башы көбөйүп, элдин жашоо шарты жакшырып келе жатканын айтышты. Ошол эле мезгилде жердин ыңгайына карап жайлоолордун алыстыгын, жайыттын тардыгын баса белгилешти. Малы барларга жайыттын баркы терең билингендиктен жайыт акыларын да тезирээк төлөшүп, малды убагында дарылоого, асыл тукумдуулугун арттырууга да зор көңүл бурулуп келет. Нарын облусунда жайыт кеңири, мал башына каалашынча жетет. Жайыт жердин тартыштыгы сезилбейт. Андыктан малчылар жайыт акысын төлөөгө да шашпайт. Баягы, баягы… кыргыздын кенебестиги алигиче орун алгандыгы көрүнүп турат. Ошондуктан, Ош, Жалал-Абад, Баткендиктер жайыт акыларын жүз миңдеп чогултса, Нарын, Ысык-Көлдүк, Чүйлүк жайыт пайдалануучулар бирикмелери он миңдеп чогултат. Анткени менен иш алдыга жылып жайыттардын абалын жакшыртууга ири кадамдар жасалып жаткандыгы көңүл кубандырат. Далил катары жайыт департаментинин маалымат кызматынан алынган таблицага көз жүгүртүп көрөлүк.
Мыйзам
бизге укук берсе...

Жайыт пайдалануучулар бирикмелерин төрагаларынын башы бириккен жерде айтар көйгөйлөрү токой чарбалары менен көп учурда талаш маселе жаралгандыгы болор эле.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Токойлуу экосистеманы өнүктүрүү департаментинин директору Б.Койчумановдун бардык токой чарба жетекчилерине жөнөткөн атайын катынан кийин токойчулар да жайыт комитеттер менен келишимге келип иштеп жатышат. Токой чарбаларынын директорулорунан да семинар кеңешмелерге чакырылып алардын да пикирлерин угушту.
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон токой чарбасынын директору Абибилла Темирбаев өз пикирин мындайча бөлүштү: - Чындыгында баарыбыздын көздөгөн максатыбыз бир - жерди, жайыттарды туура пайдаланып, келерки урпактарыбызга бүлүндүрбөй калтыруу. Токой чарбасына тиешелүү жерлерге малды жайганга келишим түзүп жатабыз, жайыт үчүн ижарага берип, андан түшкөн каражат менен биз дагы көпүрөлөрүбүздү оңдотуп, жолдорго көңүл буруп жатабыз. Мамлекеттен качан каражат бөлүнгөнүн карап олтура бербей ишибизди алдыга жылдыруудабыз. Малчыларга албетте питомник болгон жерлер берилбейт. Жайытка малдын сыйымдуулугу эске алынышы зарыл, биз ошого көзөмөлдүк кылабыз. Экологияны бузбай сактоого баарыбыз милдеттүүбүз. Ошондо жайыт комитеттери менен келишпөөчүлүк жоюлат. Биз токойчулар ижарага берген жерибизге жараша ижара акысын жайыт комитеттеринен алабыз. Жайыт комитеттери мал башына жайыт акыларын алып, иш жөнгө салынып жатат.
Жайыт комитеттеринин жетекчилери мал санагында малдарын жашыргандарга жайыт комитеттери чара көрүү жагында мүчүлүштүктөр бар дешти. - Бизге да укук берилсе, азыр эл экологдордун мыйзамына туура келбеген ишти аткарып бир талды уруксатсыз кеспей калышты. Бизде дагы ошондой болсо кана?-деп жибергендер да болду.
Бул туурасында Жайыт департаментинин директору Абдымалик Эгембердиев түшүндүрүп берди: - Мыйзамды кабыл алганда негизги тартип белгиленет, андан башка тартиптери КРнын жарандык, административдик, жер маселелери, жер жана башка кодекстерге, укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. Жайыт комитети жайытты малдын санына жараша бөлүштүрөөрүн жана малдын санын жашыргандарга жайыт чектелерин жайыт пайдалануучуга түшүндүрүшү керек.
Жайытты айдоо жерге айландырганга кандай чара колдонобуз?-деген суроо жаңырды.
Жайытты айдоо жерге айландыруу же болбосо жерди башка максат менен колдонуу КРнын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Эгерде ал өздөштүрүлгөн жерлердин эсебине атайын ыйгарым органдар тарабынан документтер берилсе, ошого жараша жер салыгын төлөшөт. Андай болбогон учурда жайыт комитети менен иш алпаруусу абзел. Жайыт жерлерин өз алдынча айдоого айландырууга жол берилбеши керек. Эгер андай учурлар кездешсе жер инс-пекциясына кайрылып, мыйзамга ылайык чара көрүлүүсү керек.

Бетти даярдаган
Нуржамал Курманкулова