Кечээки эмгек мигранты, бүгүнкү элдин сыймыгы
Эгемендик жергебизге алгач орногондо андан чындап эле жакшы жашоону күткөн элибиздин шаабайы бат эле сууй түшкөн эле. Айрыкча ошол 1990-жылдардан кийин өнөр жай ишканалары менен айыл чарбасы талоонго түшүп, адамдар ишинен ажырап, жаш кары дебей көчөгө сүрүлүп калгандан кийин жакшы жашоодон биротоло түңүлүшүп, чет өлкөлөргө жумуш издеп кете башташкан. Алардын алдында тумандаган азаптуу турмуш, бөтөн эл, бөтөн жердин оор сыноолору турган эле. Ошол учурда өз жеринен иштегенге иш таппай калган кыргыз жаштары "Кайдасың Россия, Казакстан", -дешип, бөтөн элдин карын күрөп, көчөсүн шыпырып, оту менен кирип, күлү менен чыккан оор күндөр өттү го алтын баштарынан… Чындыгында бөтөн өлкөлөр кыргыз жаштарын кучак жайып тосуп алганы жок. Кыргыз жаштары кандай гана азап тозокторду баштарынан кечиришпеди, бирок бардыгына чыдашты.

Ошол жаштардын катарында менин маектешим "Шалбар" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Таштанбеков Дүйшөн Мамбетөмүрович да бар эле. Нарындын бул каратоголок баласы Нарын шаарында чоңоюп өсүп, бала кезинен юрист болсом деген аруу тилеги тынчтык бербей, такай колунан китеп түшпөй жүрүп торолду. Ал орто мектепти аяктаары менен эле 1987-жылы Россиянын Саратов шаарына барып, андагы юридикалык институтка тапшырып окуп билим алып келет. Нарын шаарына кайтып келип, облустук сотко кызматка орношот. Ортодо заман өзгөрүлүп, кыскартуулар жүрүп, жумушсуз олтуруп калат. Алакан жайып олтура бербестен аракеттенип, кытайдын чаар баштыгын жонуна салып, жумушсуз жаштардын катарын толуктап, алыстан бактысын издеп, соода кылып Россияга жөнөп кетет. Алгач ал Казань шаарында базарда соода кылып баштайт. Андан кийин Бишкектен товарларды ташып жүрүп, өтүмдүү товар кайсылар экендигин аңдап билет да, өңчөй шымдарды алып чыгып сата баштайт. Ошентип сооданын аркасы менен алгач үч кийим тигүүчү машина сатып алат да тикмечилерди таап иштетет. Кийин барган сайын улам дагы кийим тигүүчү машиналарды сатып алып олтуруп, 50-60 машинага чейин санын жеткизет. Бишкекте 90 дон ашык тикмечилерди кармап иштетип, өндүргөн продукцияларын Россиянын шаарларына чыгарып сата баштайт. "Аракет кылсаң берекет" дегендей тогуз жыл шым тигүү менен шугулданып, цехин жандантып бир кыйла байып да калат. Мурда имарат жайды арендага алып иштетип келсе, кийин короо жайлуу үй сатып алып өз алдынча иштеткенге жетишет. Андан соң Кытайдын Гуанчжоу шаарына да шым тигүү цехин ачып, жергиликтүү кытайларды жалдап иштетет. Ошентип турмуштун казанында кайнап жүрүп, туулуп өскөн Нарын шаарына келген сайын жумушсуз жарандарды көрүп зээни кейийт. Апасынын да "Балам бөтөн жерге султан болгуча, өз элиңде ултан бол-деген кеп бар эмеспи. Ушул кытайларга берген акчаңды өз элиңе деле сарптабайсыңбы",- деген накыл кебин көкүрөгүнө тумардай сактап жүрөт. Ошентип акыркы 3-4 жылда Нарынга келип, ишкана ачууга ылайыктуу жерлерди издеп, иликтеп имарат жай таппай абдан кыйналат. Акыры өзүнүн карындашынын үйүн бошоттуруп, ошол жерге 15 тей тикмечини топтоп иштей баштайт. Акырындап көбөйүп олтуруп 40-50гө чукул адамга чейин жеткирип, цехке батпай калышат. Ошол цех жайгашкан көчөнүн тургундарынын бардыгына үйлөрүнө суу чыгартып бергенге да жетишет. Иштегендердин айлыктарын акырындап көбөйтүп олтурат. Азыр болсо Нарын шаарында жайгашкан союз маалындагы "Межрайбазанын" имаратын арендага алып көчүп киришкендерине 6-7 айдын жүзү болуп калды. Ошентип Дүйшөнбек кайыштай ийленип, кийиздей тебеленип жүрүп боорун жерден көтөрдү, болоттой курчуп жетилди. Анда эмесе калган кепти өзүнөн тыңдайлык:
"Бул имарат жайга көчүп киргенибизге аз эле убакыт болду. Союз маалынан бери киши кирбей, ээнсиреген, эскирген имаратты бир сыйра толук оңдоп чыктык жана актап сырдадык. Суусу жок эле суусун да чыгардык.Азыркы тапта 65 адам иш менен камсыз болушса, келечекте 120 адам иштегенге шарт түзүү үчүн аракеттенип жатам. Бул цехте жеке эле Нарындын тургундары эле эмес, жакынкы айылдардан да аялдар келип иштешип бала-чакасын багып жатышат. Мындан тышкары үйүндө жумушсуз олтурган айымдарды да облустук калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан жумушка тартып, аларга үйлөрүнө заказдарды даярдап, топтоп алпарып берип, үйлөрүнөн шым тиккенге шарт уюштуруп берип жатабыз. Аларга 7 пайыздык үстөгү менен аталган башкармачылык арзан кредит берүүдө. Ошонун эсебинен аларды кийим тигүүчү машина менен камсыз кылуудабыз. Ошондой эле бизде иштеп, өзүн көрсөтө алгандарга да кийим тигүүчү машина сатып беребиз. Мына бул жерге келгени бир жыл абдан эле кыйналдым. Анткени Нарындан технолог табылбай койду. Акыры айла жок Бишкектен Тоня аттуу орус технолог кызды жалдап келип иштетип жатам. Тоняга ай сайын 49000 сом айлык төлөйм, башка аргам жок. Нарын шаарынан кредит алуу мага өзүнчө азап болду.Мына мендеги болгон мүлкүмдү 105 миң долларга баалап күрөөгө койсом дагы, кредитти улам создуктуруп кечеңдетип жатып болгону 20 миң доллар гана акча каражатты араңдан зорго беришти. Эгерде минтип олтурсак кантип өнүгүп-өсөбүз? Мен өзүм Россияда да, Кытайда да ишкердүүлүк кылып келдим. Ал өлкөлөрдө ишкана ачып иштетем десең бардыгын эртеси дапдаяр кылып беришет да, иштегенге шарт түзүшөт. Ал эми бизде көз көрүнө ишкерлерге бут тосуулар болуп жатат. Азыр менде иштеп жатышкан 90 аял менден үмүт артып, айлык күтүп олтурушпайбы. Мен бул жерге менин элим, менин жерим деп келип олтурам го акыры.Болбосо мен Россиядан мындан беш эсе көп киреше таап иштей берет элем да. Мына бул жерде чыгарган товрларымды да Россиянын шаарларына саттырам. Алгач товарларды Балыкчыга же Бишкеке жеткизем. Андан соң, поездге салып 4-5 суткада Россиянын шаарларына таратып саттырам. Буга эмне деген чыгым, канчалаган акча каражат жана убакыт талап кылынат. Ушуну жергиликтүү чиновниктер такыр түшүбөй коюшту же такыр эле түшүнгүлөрү келишкен жок".
Бул аты эле айтып тургандай "Шалбар" шым тигүү цехиндеги продукциялар сапаты жагынан эң мыкты жана дизайндары заманга бап келгендиктен, Россияда анын товарларын кардарлар издеп жүрүп сатып алышаарын да жашырган жок. Мындан тышкары ишкананын короосунда коен фермасын да уюштурушуп, алардын экологиялык жактан эң таза, холестерин жок ширин даамдуу эттерин ашканада тамак жасатып, иштегендерге арзан баада тамак даярдатса, калгандарын Бишкектин ресторан, кафелерине кымбат баада өткөртүп бир кыйла көп киреше таап алышат экен. Кечээ эле Теңир- Тоонун туш тарабынан бакыт издеп сыртка кетишкен Д.Таштанбеков сыяктуу мекендештерибиз кеч болсо да өз жерине келишип, элине кызмат кылышып оорун колдон, жеңилин жерден алышып жардамдарын беришип, жумуш менен камсыз кылып жатышкандарына терең ыраазычылык гана билдирмекчибиз!

Кадыркул Бугубаев,
Нарын областы боюнча
өз кабарчы




Малдын кыгынан акча жасап…
Бул кур бекер сөз деп ойлобоңуз. Андан көрө Чүй облусунун Беловодск айылына келип, өз көзүңүз менен көрсөңүз болот. Мында сүт фермасында бардык эле фермерлердин калдыксыз биотехнология фермасын түзүү жөнүндөгү кыялы ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Малдын калдыктар маселесинин курчап турган чөйрөгө терс таасири өсүүдө. Бирок айлана-тегеректи кыктан гана тазалабас-тан, андан киреше тапса да болот. Бул үчүн үй жаныбарлары( уй, жылкы, чочко, канаттуулар), биогаз орнотмосу жана аны иштете билүү гана керек.
Беловодск айылындагы фермер Аскар Океновдун фермасында биогаз орнотмосу Кыргызстандын фермерлерине бир топ жылдан бери колдоо көрсөтүп келген IFDC долбоорунун алкагында гранттык негизде курулуп берилген. Бизге өзүнүн билгендери менен Кайрадан жаралчу энергия булактары (КЖЭБ) ассоциациясынын мүчөсү Александр Веденев бөлүштү.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кыртыштын жок болуу процесси жүрүүдө. Себеби эле жөнөкөй фермерге кымбат баада ташылып келип жаткан минералдык жер семирткичтердин кол жеткистиги. Бирок мен 3 жыл ичинде кандай кыртыш болбосун реабилитация кыла аларымды билем,-дейт Окенов. - Ошондуктан эч бир ойлонбостон туруп жерди ижарага алдым. Анткени менде кыкты ачытуудан алынган биожерсемирткич (БЖС) бар. Ал кадимки кыктан 20-50 эсе натыйжалуу: 1 га жерге кадимки кыктан 60-80 тоннанын ордуна 4-5 тонна БЖС чачуу эле жетиштүү. БЖСны жерге чачуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн биринчи жылы 20-30%га, кийинки жылдары 10-15%га көтөрөт".
"Бир эле учурда санитардык жана экологиялык маселелер чечилет, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү да көтөрүлөт,-дейт Веденеев. Бул жер семирткичке сапаты боюнча тең келер эч нерсе жок. Мисалы, БЖСны пайдалангандан кийин буудайдын түшүмү гектарынан 13 центнерден 35 центнерге чейин көбөйдү".
- "Менин короомдо азырынча 10 уюм бар, бирок биз кышында 100 тонна кыкты чогулта алдык. Алдыда малдын башын көбөйтүү планы бар, дегеле асыл тукумчулук менен иштесем дейм. А бул үчүн акча керек. Биз акчаны уйдун кыгынан таап жатабыз. Биринчиден, минералдык жер семирткичтерди сатып алуудан үнөмдөйбүз. Экинчиден, түшүмдүүлүктү көтөрөбүз, үчүнчүдөн, БЖсны сатып (5 литрин 150 сомдон) акча кылабыз. Анан дагы теплицаны газ менен жылытууга болот, бул дагы кошумча акча табуу. Жашоо да таза жана ыңгайлуу болуп калды, кык мурдагыдай ар жерде жатпайт, а алынган биогаз үйдү жылытууну жана плитаны камсыз кылат,"-деп сөзүн улантты Окенов.
Аскар Окенов биожерсемирткичтин нымдуулугу 90%ды түзгөндүктөн ал суудай суюк жана кыртышка чачуу канчалык жеңил экенин бизге көрсөтүп берди. Аны кыртышты айдаганда, анан кийин сугарганда чачууга болот. Агрардык академияда суюк жер семирткичтерди чачуу үчүн атайын чачкычты ойлоп табышты. Ал эми "Айыл Банкында" фермерлерге мындай чачкыч техниканы алуу үчүн лизингдик программа ачылган.
"Кыргызстанда Казакстандан, Россиядан, Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди ташып келүүнүн көлөмү бир топ азайды. Биздин долбоор фермер сырттан ташып келүүгө кантип көз каранды болбоосун далилдейт",-дейт IFDC долбоорунун жетекчиси Хичмет Демири.
Адистер тарабынан мындай эсеп жасалган: 1 га айдоо жерине 3 тонна биожерсемирткич талап кылынат. Ал эми биогаз орнотмосу биогазды өндүрүп пайдалануунун жана сатуунун эсебинен 1-1,5 жылда өзүн актайт экен.

Ирина БАЙРАМУКОВА