Айылдык кеңеш кызматынан дыйкандарга жардам
2012- жылы март айында кант кызылчасын өстүрүүнүн негизги технологиясын окутуу жана иш жүзүндө талаа күнүн уюштуруу үчүн Чүй -Талас "Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондуна ГТЦ тарабынан техникалык жактан жардам көрсөтүлүп, фермерлер арасында колдоого ээ болууда.

Чүй -Талас АКК коомдук фонду уюштурган окуулар талаа күндөрү Талас облусунан Кара-Буура району, Чүй облусунан Сокулук, Чүй-Токмок, Кемин районунда пландаштырылган.
ГТЦ тарабынан Россия Федерациясынан алынып келген "Штрубе РУС" жоопкерчилиги чектелген коомдук бирикмесинин кант кызылчасынын жаңы "Аккуу", "Борислав", "Радомир", "Астро" гибриддери талаа күнүнө эксперимент катары берилди.
Бул гибриддердин башка гиб-ридге караганда айырмасы 130-140 күндүк гибриддер же 20-30 күн эрте быша турган гибрид.
Аталган ар бир районго кант кызылчасын себүү учурунда талаа күнү болуп өттү. Талаа күнүнө 35-40 фермердин катышуусунда жаңы алынып келген себүү аппараты менен "Штрубе РУС" фирмасынын адиси П.Красножонов иш жүзүндө кант кызылчасынын үрөнүнүн нормасын коюп, көрсөтүп берди.
АККнын кеңешчилери окууларды жана талаа күнүн өткөрүү үчүн ай сайын иш план түзүп өткөрүп келүүдө.
Мындан тышкары АКТЕД (Европалык Комиссия тарабынан каржылануучу техникалык кызматташтык жана өнүгүү агенттиги) менен иш алып баруудабыз.
Долбоордун негизги максаты айыл жеринде экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, инвестициялоо, фермерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана (өндүрүлгөн) айыл чарба продукциясын кичи кайра иштетүүнүн өнүгүшүн жакшыртуу болуп эсептелет.




БАЙКАЛ ЭМ-1 - айыл чарбасындагы жаңылык
Талаачылыкта жерди казуу зыяндуу. Кыртышты үстүртөн 5-15см гана иштетиш керек. Чакан огороддо бул иш кетмен менен эле жасалат. Талаада болсо жер бетин 5-10см казып айдап, ошол мезгилде Байкал-ЭМ-1 препаратын сугат менен кошо берет. Бир литр препараттын эритиндисин 500 литр сууга кошуп алып талааны сугаруу менен отоо чөптөрдөн арылтып, кыртыштагы зыяндуу курт-кумурскалар тазаланат. Кийинки этапта үрөн айдоо турат. 100литр сууга 1 литр препаратты кошуп, ага үрөндү чылап жууп алат,6-10 сааттан кийин себүү жүргүзүлөт. Мындай шартта чыланган үрөндөр жөнөкөй үрөнгө салыштырмалуу 15 күнгө эрте чыгат да кургакчылыкка, суукка, ар кандай илдеттерге каршы туруктуу чыдамкай болуп чыга келет. Мындай ыкмадан кийин буудай, арпа, күрүчтүн түшүмдүүлүгү ар гектарынан 30 центнерге чыгат.

Ал эми жашылчалардын көчөттөрүн олтургузууда атайын чуңкурчаларды казып алып,ага көчөт тигилет.Өсүмдүктөрдү жумасына бир ирет бир чака сууга бир аш кашык Байкал-ЭМ1 препаратын кошуп чачыратып сугарып туруу керек. Натыйжа дароо эле сезилет: дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү ар гектардан 30 центнер помидор, бадыраң, баклажан, калемпир, фасоль сыяктуу жашылчалар 5 эсеге көп түшүм берет.
Чүй областынын шартында эспарцет менен люцерна беделери 8 ирет чаап алынат. Картошка эгүүдө колорад коңузу, курт-кумурскалар жана башка зыянкечтер жоголуп, түшүмү 5 эсеге жогорулайт. Жемиш бактарына чачыраткаандан кийин дарак жашарып, мөмөлөрү ири тартып, даамы жакшырып, сапаттуу боло баштайт. Өсүмдүктөрдүн катуу илдетке чалдыккан учурунда жана коркунучтуу зыянкечтери менен күрөшүүдө Байкал-ЭМ5 эритиндисин пайдаланышат. Байкал-ЭМ1 препаратын туруктуу пайдалануу менен Нарын, Талас, Ысык-Көл аймактарындагы жайыттардын абалын жакшыртып, жайыт чөбүнүн өсүшүн 5 эсеге көтөрүүгө болот. Эскерте кетчү жагдай - бул учурда гербицид, пестицид жана башка химиялык жер семирткичтерди колдонууга болбойт!

Ж.Абдымамытова