Токойду сактабасак эртеңибиз эмне болот?


Түштүк Кыргызстандын Жалалабат жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан жаңгак-мөмөлүү токойлору дүйнөдөгү башка токойлорго окшошпогон, сейрек кездешүүчү абдан баалуу токойлордон болуп эсептелгени менен анын азыркы тапта бир топ көйгөйлүү маселелери да арбын. Биз мисалга Жалал-Абад облусундагы абалды алалы. Ал аймактагы токой фондуна караган аянт 737734гектарды түзөт. Анын ичинен токой каптаган аянт 298623га, ал эми жалпысынан алганда областтын 9,57%ке жакын аянтын токойлор ээлейт. Облус боюнча 15 токой чарбасы, 4 өз алдынча токойчулук, токой коргоо станциясы жана бир базалык питомник бар. Бул токой чарбаларда 600гө жакын токойчулар жана 16000ден ашуун токой пайдалануучулар эмгектенишет.

XIX кылымда падышалык Россия Орто Азия өлкөлөрүн өзүнө каратып алгандан кийин жаңгак мөмөлүү токойлорго өзгөчө көңүл бөлүп, токойлорду сактоо, коргоо жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында Токой департаментин уюштурган. 1894-1897-жылдардын аралыгында бул департамент токойлордун жайгашуусун изилдеп чыккан. Илимий изилдөө иштеринде окумуштуулар токойлордун картайып кеткендигин, токойдун табигый калыптануусу жеткиликтүү болбогондугун, токойдо малдын ыксыз жайылтылышынын тийгизген терс таасиринен токойду сактоо зарыл экендигин аныкташкан. Ошол кезде эле негизги милдет катары падышалык өкмөт көп түрдүү мааниге ээ болгон токойлорду сактоого чоң көңүл бөлгөн. Тоолордогу токой аянттарынын азайышы жана токойлордун сейректеши, токойдун ысырапкорчулук менен пайдаланылышы орду толгус жоготууларга алып келерин белгилешкен.
Ал эми СССР мезгилинде 1944-жылы дүйнөгө белгилүү окумуштуулардан турган экспедиция кыргыз жергесине келип, узак убакыт изилдөөнүн жыйынтыгында жаңгак-мөмөлүү токойлору үчүн атайын статус берүү зарылдыгы тууралуу жогорку инстацияларга кайрылышкан. СССР Элдик Комиссариаты бул кайрылуунун негизинде 1945-жылы апрелде өзгөчө тартипте чарба жүргүзүүчү Түштүк Кыргызстан жаңгак-мөмөлүү токою боюнча токтом кабыл алган.
Азыркы мезгилде жаңгак-мөмөлүү токойлордун ролу экологиялык, экономикалык жана социалдык өңүттөрдө эң маанилүү болуп эсептелет.
Экологиялык өңүттө: өрөөндөрдү бир калыпта суу менен камсыздоо, жер кыртыштарынын эрозиялык бузулууларына жол бербөө, биотүрдүүлүктү сактоо , абаны кычкылтек менен камсыздоо.
Экономикалык өңүттө: жергиликтүү калктын токой байлыктарын туруктуу пайдалануу менен турмуш-тиричилигин өткөрүүсу жана оңдоосу, отун, чөп чабык, мөмө-жемиш, дары чөптөр, мергенчилик, курулуш материалдары, токой аянттарын ижарага алуу менен жакырчылыкты кыскартуу.
Социалдык өңүттө: дем алуу, туризм, жумуш орундары менен камсыз кылуу,
Эгемендүүлүктүн жылдарында токой чарбаларды мамлекет тарабынан каржылоо кыйындай баштаганда токой чарбалардын абалы өтө төмөндөп, бардык материалдык жана техникалык базалар эскилиги жетип жок болууда. Алсак токойчулардын мингич аттары, курал жарактары, кызматтык кийимдери, кардондор, токой жумуштарын жүргүзүүчү техникалар 20 жыл бою жаңыланган жок. Ошондуктан токойчулар өз милдеттерин аткарууда аталган көп кыйынчылыктар ишке кедергисин тийгизүүдө.
Токойлордо жана ага жакын жайгашкан калктын турмушунун жакырланышы, көмүр, газ сатып алууга калктын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, электр энергиясынын кымбаттыгы токойлорду туш келди кыюуга алып келип, токойлор суюлуп жатат. Мунун жыйынтыгы кийинки мезгилдерде өлкөбүздүн аймагындагы табигый кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Жаңгак-мөмөлүү токойлордо 60000ден ашуун адам, бир километрге жакын аралыкта 236000ден ашуун адам, беш километр аралыкта 435000ге жакын адам жашап, токой байлыктарынан түз да, кыйыр түрдө да пайдаланышып, токойдогу жаңгактын, алманын, алчанын жана башка өсүмдүктөрдүн жемиштерин, дары чөптөрдү теришет жана өздөрүнүн тиричиликтери үчүн базарларда сатышат. Отун жергиликтүү калк үчүн токойдон алынган кирешелердин бири болуп эсептелет. Күнүмдүк тиричилиги үчүн отундун ролу аябай чоң болгондуктан, отун сатып алууга адамдардын мүмкүнчүлүгүнүн аздыгынан токойго болгон басым азыркы күндө аябай күчөп баратат. Мисалга эле Арстанбап жана Могол айыл өкмөттөрүнөн алып көрөлү. Арстанбап айыл өкмөтүндө 3200 үй-бүлө же 16 миңден ашык адам, Могол айыл өкмөтүндө 2700 түтүн же 13 миң адам жашайт. Ар бир үй-бүлө жылына 20 куб метрден отун керектейт. Ошондо бир эле Арстанбап айылы жылына 64000 куб метр отун пайдалананат. Токойго жакын жашаган адамдардын сандарын алардын пайдаланып жаткан жыгач отундардын сандарына көбөйтсөк, токойго кандай басым жасалып жаткандыгын элестетип көрсө болот, мындан сырткары кээ бир атуулдар жана уюшкан топтор, токой мыйзамын бузгандар токтобой келе жатат. Буга эң биринчи себептеринен болуп мыйзамдардын сакталбашы жана күч органдарынын кээ бир кылмышкерлердин кызыкчылыгын коргогондугу, колго түшкөн уурулардын сот тарабынан болбогон айып төлөө менен бошотулушу адамдардын арасында кылмышты жасап коюп акча берсең бошоп кете бере ишеним пайда болушу.
Экинчи себептеринин бири жумушсуздуктун күч алышы менен элдердин жашоо турмушунун кыйындашы, жаратылыш байлыктарын коргоого жана сактоого жергиликтүү бийликтин тартылбашы.
Бүгүнкү күндө токой чарбалары токой кызматкерлери эмгек акысы үчүн гана мамлекеттик бюджеттен каржыланат, ал эми токойду коргоо, сактоо жана өндүрүү жумуштары токой чарбалары өз каражаттарынын эсебинен аткарылгандыктан токой жумуштарын сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүк болбой келет. Дагы бир оор маселе - токой зыянкечтеринин көбөйүшү токойдун санитардык абалын начарлатып, түшүмдүүлүугүн төмөндөтүүдө. Биологиялык жана химиялык жол менен дарылоого жыл сайын 15 миллион сомго жакын каражат талап кылынат, бирок мындай каражаттын жетишпегендигинен токой чарбаларынын өз күчтөрү менен көрүлгөн чаралар жетишсиз болуп, зыянкечтердин жылдан жылга көбөйүүсүнө алып келүүдө.
Түштүктөгү жаңгак токойлорундагы массалык түрдө жайылып бараткан дарак илдети орус тилинде илимий аталышта "непарный шелкопряд" деп аталат, элде ал "малак" курту деп айтылат, бул боюнча дагы Жалал-Абадда токойду коргоо боюнча илимий лабораториялык станциясы бар, ага ТИКА долбоору аркылуу түрктөр жардам берип, илимпоздор бир жаңы дарылоо каражатын иштеп чыгышкан, аларды дагы биологиялык ыкмалар менен гана жоготуу каралган, себеби илгери союз маалындагыдай вертолет же самолет менен үстүнөн химиялык дары чачуунун негизинде башка чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана адамдарга да зыяны көп болоору аныкталган. Мындай зыянкечтер менен күрөшүү ар убак системалуу жүргүзүлүп, токтоп калбашы керек.

Жийде Асанбек кызы



Арстанбап токою


Кыргыз жеринин табигый феномени болгон айтылуу Арстанбап-ата токойлорун көргөн да, көрбөгөн да арманда дегим келет. Мындай баалуу, табигыйлыгын сактап кала алган ажайып токойлор бизде гана кездешет. Менин чыгармачылык жолумдагы Арстанбап-ата токойлорун көрүп, аны менен таанышып, ичин аралап, ширин жемиштеринен таткандагы сезимди эч айтып жеткире албасмын. Баарынан таң калыштуусу - жергиликтүү элдин токтоолугу болду. Алар мындай баалуу байлыктын ээси катары өздөрүн бийик алып жүрүүнү билбеген жөнөкөйлүгү, жупунулугу таңдандырды. Ошол эле учурда бул токойлорго дуйнө эли суктанып, анын маселелерине көңүл буруп келишет.

Уламыш
Фергана жана Чаткал кырка тоолорунун чыгыш капталында деңиз деңгээлинен 1000 - 2300 метр бийиктикте "король токойлору" деген аталышка эгедер болгон эң сонун токой массивдери жайылып өсүп турат. Бул токойлордо грек жаңгагы, алча, алкор, алма, клен жана башка көптөгөн дарактардын түрү өсөт. Айтылуу Арстанбап дарыясынын боюнда жайылып өскөн бул жаңгак-мөмөлүү токойлор дүйнө жүзүндөгү эң ири токой массиви катары саналып, 600 000 гектар аянтты ээлеп турат. Аскалуу капчыгайларда бийиктен ылдый карай ак көбүк чачып агып түшкөн агын дайралардын шаркыратмалары бул ажайып жаратылышка ого бетер көрк берип турат.
Уламышта мындай кеп айтылат. Жоокерчилик заманда улуу колбашчы Александр Македонский жортуулдап келип, дал ушул жерде жүрүшүн токтотуп кайра артка кайткан экен. Себеби азыркы Хожент шаарын басып киргенде жоокерлеринин ичи өтүп, кырыла башташат. Колбашчынын кандуу кылычынан корккон жергиликтүү эл ага соогатка жаңгак ала барышат. Жаңгак жеген жоокерлер оорусунан айыгып, ал күчкө толо башташат. Кайткан сапарында ал жоокерлерине бул токойлордон жаңгак, алма сыяктуу жемиштерин алып кетүүгө буйруган, ошондон кийин кыргыз токоюнун жаңгактары гректерде пайда болуп, ошондон улам "грек жаңгагы" аталып калган. Эми бул ажайып жердин аталыш тарыхы туурасында айталы.
Эл оозунда айтылып калган көп уламыштардын биринде мындай деп айтылат; байыркы, эч кимдин эсинде так сакталбаган илгерки заманда Мухамбет пайгамбардын Арстанбап аттуу кызматкери болуптур. Баатыр мүчөлүү, алдуу - күчтүү кызматкерин пайгамбар дагы баалачу, анын ак кызматын көргөн пайгамбар кызматкерин жер бетинен бейиш кура турган ыңгайлуу жайды таап келүүгө буйруган экен. Арстанбап көп жерди кыдырып келип, агын дайралары кооз ушул түштүк жергесине токтойт. Болгону бул кооз жердин айланасына жашыл токойлор жетишпей тургансыйт. Арстанбап бул жерлерге токой дарактары болгон алма, өрүк, алча, бадам, мисте, шабдаалылардын көчөттөрүн эгип, багууну колго алат. Баарынан көп ал жаңгак дарактарын тигет. Бара-бара бул жайда эң сонун токой массиви пайда боло баштайт, бирок мээнеткеч багбан дагы клен, терек, мажүрүм тал, кайың сыяктуу бак-дарактарды өстүрүүнү улантат. Токой ичин ар кандай дарылык касиети бар чөптөр, жыпар жыттуу гүлдөр басып, тимеле ажайып көрктүү жерге айланат. Бул керемет жерде Арстанбап-ата абдан көп, балким миңдеген жылдарды жашап, акыры каза болот. Ошондо багбандын татыктуу эмгегин эске алып, жергиликтүү эл бул ыйык жердин атын Арстанбап-ата токойлору атап алышат. Бул күндө да республикабыздын эң баалуу, кооз токою болгон бул жер өзгөчө ботаникалык бак катары каралып келет.

Географиялык,
демографиялык,
экологиялык абалы
Арстанбап токою Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун чыгыш тарабында жайгашкан. Райондун Ошко кеткен негизги трассасынан солго күн чыгышка бурулган жан жаңгак дарактарынын "коридоруна" туш болот. Жолдун эки тарабында өскөн жаңгак дарактары дүпүйүп, көлөкөлүү узун коридорду пайда кылган, бул Арстанбап токоюнун башталыш босогосу көргөн жанды абдан толкундатат. Кыргызстандын бул жаңгак-мөмөлүү токойлору уникалдуу жаратылыш феномени болуп саналат. Негизинен грек жаңгактары, мисте, жапайы алма, алча, алкор жана башка дарактар бул токойдун эндемик өсүмдүктөрү экендиги менен баалуу. Алардын ландшафтык, экономикалык жана чарбалык мааниси да зор.
Бүгүнкү күндө токой аянтынын ичинде 200 000 адам жана токойго жанаша жерде 1 миллион адам жашап, алардын турмуш тиричилиги токой жана токой ресурстары менен тыгыз байланышкан. Айдоо жерлери аз болгондуктан жалаң токой ичинде жашаган элдин негизги тиричилик булагы ушул баалуу табигый байлыктар экени талашсыз. Жергиликтүү эл ар улуттан туруп, анда кыргыз, өзбек, тажик, орус, немец жана башка улуттардын өкүлдөрү жашашат.Анан албетте элдин үлүшкө тийген жерлери дагы токойдо, ал жерлерде малын багышат, айдоо кылышат, чөп чабышат дегендей элдин токойго тийгизген антропогендик таасири күч. Мал жаюуну, аларга тоют камдоону, мыйзамсыз токой кыюулар токойдун деградацияланышына, ал турсун токой аянттарынын кыскарышына алып келди. Анын күбөсү - токойдун азыркы абалы - токойдун табигый калыптанышы басаңдап, өсүмдүктөрдүн жашынын балансы бузулуп, көп токой аянттарында дарактар ооруга чалдыгып, ар кандай зыянкечтер пайда болгон. Жаңгак-мөмөлүү токойлорду башкаруунун азыркы абалын толук жакшыртуу менен кайра иштеп чыгуу талапка ылайык, мындай шартта токой чарбасын стабилдүү өнүктүрүүгө болбойт. Ошол эле учурда токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана рационалдуу пайдалануунун илимий жактан негизделген жолдору бар. Мындан улам:
1. Дүйнөдө орун алган аянтынын чоңдугу, баалуулугу, уникалдуулугу жана кооздугу боюнча табигый жаңгак-мөмө токойлору бирден бир экендигине байланыштуу;
2. Жаңгак-мөмө токойлору - бул токой биотүрдүүлүгүнүн бай, табигый генофондун сактоочу;
3. Бул токойлор жергиликтүү элдин жашоосунда зор мааниге ээ;
4. Жаңгак-мөмө токойлору жер кыртышын эрозиядан сактап, жер алдындагы суулардын балансын жөндөп, атмосферага жана климатка таасир этип турат.
Андыктан мындай баалуу токойлорду ашыкча ысырапкорчулукка алып келүү анын касиеттерине терс таасирин тийгизери анык.
Жаңгак-мөмөлүү токойлордо өндүрүмдүүлүктү жогорулатууда анын тазалап кыркуу, табигый көбөйүшүнө шарт түзүү, жаңгак мөмөлөрүнүн сапаттуу жаңы сортторун өстүрүү, токойду туруктуу башкарууну пландоого жергиликтүү элди катыштыруу жагы көп айтылып келет. Албетте, жаңгак-мөмөлүү токойлордун жаратылышын илимий изилдөө иштерин улантуу менен токой чарбалардын ишин жакшыртуу үчүн шериктеш мамлекеттер аралык илимий кызматташтыкты чыңдоо, токой дарактарынын илдеттери, андагы зыянкечтер менен күрөшүүнү жолго коюу жагын да кароо зарыл.