Эки баскычтуу бюджет элет муктаждыгын чечет


Өкмөтүбүздө азыр элет элинин турмуш деңгээлин жогорулатууга далалат чоң болуп жатат. Ошонун бири эки баскычтуу бюджеттин ишке кириши болуп турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл жериндеги болгон көйгөйлөрдү жеринен чечип, элет элинин муктаждыктарын канааттандырууга багытталган.

Бирок турмуш чындыгы далилдегендей округ башчылары өзүнүн аймагындагы муктаждыктарды чечүүдө финансылык жактан кыйналып келишкен. Айыл округдун эсебинен райондук эсепке которуп, аларга отчет беришчү. Кайра керегин сурап отурушчу. Аны район берсе -берип, бербесе башка иштерге жумшап койгондуктан айыл округдун эсебинде акча каражаты жок болоор эле. Ушул жагдайды эске алып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык тейлөөсүн өздөрү каржылоо мүмкүнчүлүгү берилди. Бул туурасында айыл округдардын финансисттери жылуу пикирлерди айтышууда.

Ысык-Көл облусунун "Күн -Чыгыш" айыл округунун финансы бөлүмүнүн башчысы Венера Абдылдаева биз менен болгон маегинде буларга токтолду:
- Бул жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген артыкчылык болуп жатат. Мисалы, мурда биз районго киреше салыгынын 10 пайызын айыл округдун эсебине алып калганда эле 1 миллионго жакын каражат түшүп жатат. Айыл аймагындагы кен байлыктарын иштеткендер болсо андан да түшкөн салыкты биздин казынабызга калтыруу укугун алып отурабыз. Айылдын көркөмүн арттырып, башка чарбалык иштерге жумшасак болот. Ал эми ишкана- мекемелерден жалпы ишкерлерге берилген патенттерден түшкөн каражаттарды дагы айылдын кызыкчылыгына жумшоого болот. Андан тышкары категориялык гранттар келет. Мугалимдер менен дарыгерлерге айлык акылары берилет. Айыл элинин жашоо шартын оңдоп, элибиздин экономикасын көтөрүүгө чоң өбөлгө болуп турат. Бирдиктүү киреше салыгы да биздин каржыга болгон муктаждыктарды чечүүгө жумшалат. Айыл округдар өз киндигин өзү чечип калганы жакшы болду,ошол эле мезгилде райондук каржылоонун казаны какшый түшкөнү билинип калды. Ар кандай райондук деңгээлдеги иш чараларды өткөрүүдө алар кайра айыл өкмөттөрүнө көз каранды болуп калышты. Мурда райондук казынадан каражат бөлүнүп тураар эле. Принцибинде туура иш болуп жатат. Эки баскычтуу бюджет негизи айылдык экономиканы көтөрүүгө түздөн -түз пайдасын берет деп айтууга негиз бар. Жергиликтүү бюджеттин 10%ы мектептерге, алардын материалдык базасын чыңдоого жумшалат. Биздин айылдын аймагында эки музыкалык мектеп, үч орто мектеп бар. Балдардын тамак-ашына , көмүргө да каражат бөлүнөт. Теңештирүүчү грант айлык акыларга жумшалат. Болгону ошол райондук бюджеттин азайгандыгы боюнча гана кайчы пикирлер жаралып турат.
Ооба, Бишкекте республиканын бардык аймактарынан айыл округ башчылары менен финасы бөлүмүнүн башчылары чогулган чоң жыйында Финансы министри А.Жапаров так ушул эки баскычтуу бюджеттин маани -маңызына кеңири токтолуп, түшүнүктүү болуш үчүн атайын презентацияларды жасаган. "Элет өнүкпөсө, өлкө өнүкпөйт"- деген темада өткөн бул жыйын-семинарга катышкан эл дуулдап колдошту. Эки баскычтуу бюджетке өтүү менен айылдыктардын өнүгүшүнө кам көрүлөрүн түшүнгөнүбүз жакшы. Бирок ошол эле мезгилде мурдатан калыптанып калган ортоңку баскычтагы бюджет ээлеринин да талаптары менен кызыкчылыгын эстен чыгарбаганыбыз абзел.

Нуржамал Курманкулова



Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев:

"Элдин көзөмөлү жана


катышуусу маанилүү"


- Курманбек Сапарович, быйыл республикабызда эки баскычтуу бюджет системасы киргизилди. Бул системанын жакшы жагы эмнеде?
- Эки тепкичтүү бюджеттин айыл калкы үчүн пайдасы чоң. Себеби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деп айтылганы менен мунун ээси айыл калкы болуп саналат. Өлкөнүн 75- 80 млрд. сомду түзгөн жылдык бюджетинин чоң бөлүгү борбордо ак үй, көк үй, обладминистрация деп карапайым элге жеткен эмес. Эми айыл өкмөттөрүнө бюджетти, салыктарды бердик. Буюрса, быйыл эле республикабыздагы 459 айыл өкмөттүн 100-150 айыл өкмөтү бутуна тура баштайт. Себеби, жергиликтүү бюджетте акча болгондон кийин көчө тазаланып, оңдолуп, жарык өчпөй, өзгөрүүлөр боло баштаганын айыл эли сезе баштайт. Кыскасы, жергиликтүү бийлик элге жүзүн буруп, элге кызмат кылуусуна каражаттык база түзүлүп отурат. Мурда айыл өкмөтү өз аппаратына айлык берип коюп эле эч нерсе иш кылчу эмес. Каражаттын жоктугунан жолду оңдойлу, жаңы курулуштарды куралы деген демилгесиз болушкан. Азыр ар бир айыл өкмөтүнө каражат каралып жатат.

- Эки тепкичтүү бюджеттин кандай терс же ыңгайсыз жактары болушу мүмкүн?
- Терс жактары болушу мүмкүн. Биз коррупция десе эле өйдө жакта деп жатпайбызбы. Ооба, бюджеттин 80 - 90%ы борбордо калгандыктан бул жакта сөзсүз түрдө коррупция көбүрөөк. Бирок айылдыктардын көзөмөлү болбосо ал жакта да коррупциялык иш-аракеттер болушу мүмкүн. Эл айыл өкмөтүндө акча бар экенин билбей, көзөмөлсүз калса айыл өкмөт башчысы, аппараттагылар каражаттарды максатсыз, өз жеке кызыкчылыктарына пайдаланып койбоосуна кепилдик жок.

- Демек элдин көзөмөлү керек экен да.
- Сөзсүз. Муниципалдык менчик бир эле айыл өкмөттүкү эмес. Мектеп, мончо, жол, суу, клуб же башкасы болобу бул элдики, эл аны башкарууга катышуулары керек. Бюджет болсо андан беш бетер элдики. Эки тепкичтүү бюджет системасы кирип, ортодогу ортомчулук кылган органдар тышта калышты. Эми республикалык бюджеттен түз эле айыл өкмөттөрүнө барат. Айыл өкмөттөрүнүн таасири жана укуктары өстү. Айылдык кеңештер салыктарды 2-3 эсегег көбөйткөнгө укугу бар. Же болбосо салыктарды, жыйымдарды караштырып жаңы булактарды табуу алардын укугу.

- Бюджеттик жаңы система шыр эле иштеп кетет деп ойлойсузбу?
- Шыр эле иштеп кетет дегенден алысмын. Ал үчүн тажрыйба жана билим керек. Жергиликтүү башкаруунун адистерин, финансисттерин бюджетти кантип өркүндөтүп өстүрөбүз деп окутуп, үйрөтүш керек. Анан айылдык жамаатты да кантип айылдын деңгээлинде коомдук угуу өткөрүп, бюджетти башкарууга үйрөтүү зарыл.

- Эки тепкичтүү бюджет жөнүндөгү мыйзамда өлкөбүздүн алыскы тоолуу райондорундагы салыктык базасы аз айыл өкмөттөрү үчүн кандайдыр кошумча колдоолор каралганбы?
- Ооба , аларга борбордук бюджеттен теңдөөчү жана түрткү берүүчү гранттар калтырылды. Чынында эле алыскы салыктык базасы чектелүү кээ бир айыл өкмөттөрүндө 500-1000 адам жашагандар бар. Өзүн-өзү каржылоо үчүн 5 миңден кем эмес адам жашоосу керек. Аларга административдик реформа болгонго чейин жогоруда айтылган гранттарды берүү мыйзамда каралган. Мындан тышкары капиталдык ондоолор үчүн быйыл бюджеттен 2 млрд. сом каралган. Бул каражаттар да өзүн-өзү каржылай албаган алыскы айыл өкмөттөргө биринчи кезекте берилет.

Бегим ТУРДАЛИЕВА




АДИЛЕТТҮҮ БАШКАРУУ - БУЛ НАТЫЙЖАГА ЖЕТҮҮ


Бул макаланын автору материалды баштоону ойлоп жатканда, ал сөз адилеттүү башкаруунун олуттуулугу жөнүндө болот деп ойлогон. Бирок ал кызыктуу адамдар менен таанышып, алар менен адилеттүү иштин принциптеринин тамырлашы жөнүндө сүйлөшкөндөн кийин автор чынында да сөз адамдардын тагдырлары жөнүндө болуп жаткандыгын түшүндү.

Тажрыйба көрсөтүп жаткандай эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары элдин социалдык аярлуу катмарларынын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын толугу менен канааттандыра алышпайт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын финансылык каражаттарынын жетишпестиги жана элге өзүнүн кызматтары жөнүндө маалыматты туура берүүнү билбегендиги, ошондой эле калк менен байланышууга көңүл бурбоосу алардын мындай абалга кептелишине себеп болду.
Кыргызстанда, 2012-жылдын 31-мартында MSDSP KG фонду (Ага Хан фондунун демилгеси) Tiri (Making Integrity Work) эл аралык уюмдун колдоосу менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн Эл аралык өнүгүү боюнча департаментинин (UKAID) каражатына ишке ашырып жаткан "Адилеттүү башкарууну жогорулатуу" долбоору боюнча иш-чара аягына чыкты.
Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы "Демилгелүү кадам" жана Ош шаарындагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы "Айкын кызмат" аттуу жарандык коомчулуктун уюмдарынын тармагы элдин керектөөлөрү менен муниципалитеттин ортосундагы байланышты жөнгө салуу үчүн көпүрө болуп калды. Алардын негизги иши калктын аялуу катмарларын социалдык жактан коргоо, суу менен камсыздоо жана санитария боюнча коомдук кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

"Баары өз деңгээлине "милдеттүү"


"Ошшаарводоканал" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүгүнүн жетекчиси Шевченко Суфия өзүнүн ишинде адилеттүү башкаруу принциптерин киргизе баштады: "Мен адилеттүү башкаруу - бул директор кандайдыр бир нерсени жасап, иштеши керек деп ойлогом. Эми бул ар бир кызматкерге милдет экендигин түшүндүм. Мурда мен бул нерселерди жеке туюмум менен эле колдончумун, ал эми азыр кандай болуш керектигин так билем. Мисалы, ошол эле каттарга жоопту: "Биз бул менен алектенбейбиз" деп эле жазып койбойбуз. Биз арызданган адамды керектүү инстанцияларга багыттайбыз, каттарды өзүбүз эле жиберишибиз мүмкүн же кай жакка кантип арыздануу керектигин түшүндүрөбүз. Анткени адилеттүү башкаруу - бул бардык муниципалдык ишканалардын байланышы, бул мамлекеттик кызматкерлердин адилеттүү иш-аракети".

"Мен - ак каргамын"


Ош шаарынын аймактык кеңешинин жооптуу катчысы жана "Айкын Кызмат" тармагынын активдүү мүчөсү Кулбаева Ширинболсун өз укугу менен адамдардын тагдырынын өзгөрүүсүнө себепкер болуп жатам деп ойлойт. Өзгөчө аялдардын тагдырлары. 2010-жылга чейин жооптуу катчы документтеринин бары-жогуна карабай бардык кайрылгандарга справка берчү. Кулбаева Ширинболсун "Адилеттүү башкарууну жогорулатуу" долбоордун алкагында уюшулган бир нече семинарга баргандан кийин өзүнүн жумушун жана ролун кайтадан карады.
Эми ал башкалардан айырмалана баштады. Кулбаева Ширинболсун справканы шак бере койбойт. Учурда документтерди тартипке келтирүү же жетишпегендерди алуу үчүн справканы алуу процесси узагыраак болуп калды.
"Справка сурагандар кыжырланып, бизге жиндери келип жатат, бирок биз аларга документ алууга, никесин каттоого, мүлкүн каттоого жардам берип жатабыз. Мен аялдардын тагдырлары женилдөөсү, балким, жакшы жакка өзгөрүүсүнө себебкер болушум да мүмкүн. Өзүңөр ойлосоңор, бир аял келип справка сурайт дейли, бирок анын никеси катталган эмес, анын балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок. Анда болгон эле нерсеси кыйылган "нике", андан сырткары ал күйөөсүнүн мүлкүнө эч кандай укугу жок. Бирок бул жалгыз эле проблема болсочу! Анын күйөөсүнүн да документтери так болбосо, балдарына туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү кантип алмак эле?! Адамды жыйырма жыл Дүйшөн деп атап, бирок анын күбөлүгүндө Икрам деп жазылып турган учурлар да болот. Ат болсо да макул эмеспи, кээ бирлеринин фамилиялары туура эмес жазылат. Бир үй-бүлөдө балдар ар түрлүү фамилия менен жазылышат: Хакимов, Хакимжонов, Хакимбаев", - деп таң калат ой бөлүшүп жатып жооптуу катчы.
Ал иштеген эки жылдын ичинде көптөгөн аялдар никесинин катталгандыгы жөнүндө күбөлүк, мындан маанилүүсү - мүлккө ээ болгон укукту өз атынан каттаганга мүмкүнчүлүк алышты.
Кулбаева Ширинболсун иштеги адилеттүүлүк оң натыйжаларга жеткенде гана күмөнү жок болот. Азырынча ал жетишкендиктери менен канааттанып отуруп калбастан, эми адамдарды уюштуруп, өзүнө окшош "ак-каргалардын" катарын түзөйүн деп чечти.

Мавлюда Джапарова