Окурманы болсо гана гезит болот


Гезит жана окурман. Бул экөөн бири-биринен бөлүп кароого мүмкүн эмес. Окурманы болсо гана гезит болот. Бүгүнкү маалымат майданындагы түркүн-түс гезиттерден баш адашат. Сөзсүз , ар бир гезиттин өз багыты, максаты бар. Алардын баарынан айырмаланып "Айыл деми" гезити айылдык карапайым окурман үчүн окумал гезит болсок, айыл калкына керектүү жана пайдалуу маалыматтарды жеткирип, сырдашы да, санаалашы да болсок деген бир гана максатты аркалайбыз. Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгүн айыл калкы түзөт. Тилибизди да, улуттук каада-салтыбызды да алып жүрүүчүлөр айылдыктар. Андыктан биз мамлекетүүлүгүбүздүн башаты , кыргыз журтунун куттуу уюткусу болгон касиеттүү айыл жерине ыкылас кылуу менен биздин багытыбыз, биздин миссиябыз келечектүү да, керек да экенине чын көңүлүбүздөн канааттанганыбызды жашыргыбыз келбейт. Биз сиздер менен бир дем алып, бир болсок деген аруу тилегибиз бар. Ал үчүн сиздин жардамыңызга муктажбыз, окурман. Гезитибиздин окумдуу болушуна сиз да салым кошо аласыз. Гезитибиз канчалык деңгээлде биз жана сиз ойлогондой чыгып жатат, бул да сиздин сыныңызда. Же болбосо гезит бетинен кандай темалардагы материалдарды окугуңуз келет, аны да жазыңыз. Гезит үчүн сиздердин ар бир кеп-кеңешиңиздер, сын-пикирлериңиздер баалуу. Гезиттин негиздөөчүлөрү да элдик кабарчылардын командасына чоң үмүт арта тургандыгын айтып коюуга тийишмин. Андыктан бизге өз айылыңызда болуп жаткан маанилүү окуялар, эл турмушунун урунттуу көрүнүштөрү, дегеле айылдыктар эмне менен дем алып, кантип оокат кылып жатканы жөнүндөгү кызыктуу кабарларды жиберсеңиз бизди кубанткан болосуз. Ал үчүн редакция атайын акысы төлөнгөн купон-конверт уюштуруп , ага оригиналдуу ой-пикир, сунуш жазып, гезитке жазылууда салым кошкон окурмандарыбыз үчүн конкурс жарыялаганынан кабарыңыздар бар деп ойлойбуз . Конкурстун жыйынтыгы жыл аягында чыгарылып, жеңүүчүлөр үчүн атайын баалуу белектерибиз бар экендигин эсиңизге салабыз. Купон-открытканы бизге почта аркылуу акысыз жөнөтө аласыз. Ал эми биздин гезитке жазылуу баасы эң эле арзан. Биз сиздерди биздин гезитке жазылууга жана биз менен дайыма байланышта болууга чакырабыз. "Айыл деми" өз окурмандарынан кат-кабарларды чыдамсыздык менен күтөөрүн эстен чыгарбаңыз, окурман!

Чаткал элине жардам


Чалкып жаткан Чаткалым,- деп Токон Эшпаев ырдагандай Чаткалда дайыма эле жашоо жыргал эмес. Кышы катаал аймакта быйылкы кыш өзгөчө болду. Демейкиде беш айга созулчу кыш өткөн жылдын күз айларында эле келип калды. Колдогу малы менен оокат кылган элеттиктер быйылкы кыштын узактыгына кейип олтурат. Камдап алган жем -чөптөрү беш айга эсептелген болсо, калган эки айын катип өткөрөт? Чаткалга кар оор түшкөнүнө тынчсызданган элдин көйгөйүн чечүү максатында тез аранын ичинде тоют жеткирүүнүн жолдору караштырылды. Берекелүү Чүй аймагынан топтолгон тоют корду алыскы Алай, Чаткал райондорунун малчыларына жеткирүүгө өкмөтүбүз жол акысын көтөрүү менен ыкчам аракетке киришти. Натыйжада 100 тонна чөп, 10 тонна жемди Чаткалдык малчыларга жеткирилди. Андан тышкары Терек -Сай, Ак-Таш айылдарынын жолун тазалоого 2 трактор бөлүнгөн. Курулуш, Каныш-Кыя, Башкы-Терек айылдарына кетчү жолдор ачылып, калың түшкөн кар тазаланып жатат. Чаткалдык айыл округ башчылары айылдыктардын өкүлдөрү менен бирге келип, бул жактан тоют сатып алышкан. Аларды жеткирип берүүнү өкмөт колго алып, 390 миң сом каражат бөлдү. Чаткалда кен казып алектенген Россиялык, Казакстандык, Кытайлык ишкерлер да карап турбастан жардамга келишти. Алар элди ун, жылуу кийимдер менен камсыздап беришти. Чаткалдык тургундардын дагы бир өтүнүчү токой тилкелеринен майда бутактарды тоют үчүн бутап алууга уруксат берүү болду. Бул маселеге да оң жооп аларлыгына ишенип турушат. Топтолгон тоютту жеткирүүгө Айыл чарба жана мелиорация министирлигинин мал чарбасын асылдандыруу жана ветеринария өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, айыл чарба илимдеринин кандидаты Мамаев Сулайман жетектеп барып келди. Анын сөзүнө караганда Чаткалдык малчылар тоюттун жетишсиздигинен кыйналып турганы менен малды каптаган эч кандай ылаң жок. Жалал-Абад облустук админстрация жетекчилигинин өкүлдөрү менен бирге келген аймактык ветеринар Аскаров Жумабек малдын ылаңы боюнча көзөмөл жүргүзүп кайтышканын айтты. Колго жеткен тоютту үнөмдүү пайдаланып жаздын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат,-дейт Сулайман Мамаев.
Календарда жаз айынын күндөрү турат. Көп күттүргөн жаз өкүмүн жүргүзүп, айлана жашыл желек жамынаар. Чаткалдыктар эле эмес, жалпы республикабыздын баба-дыйкандары да жазды күтүүдө.

Н.КУРМАНКУЛОВА


Келечекти


ойлогон кем


болбойт


1992-жылы Бразилиянын Рио-де Жанейро шаарында бүт дүйнө жүзүнөн 178 өкмөттүк делегациянын катышуусу менен БУУнун курчап турган чөйрө жана өнүгүү боюнча чоң саммити өтүп, анын 103 делегациясын мамлекет жана өкмөт башчылары жетектеп келген. Саммиттин жыйынтыгында туруктуу өнүгүү концепциясы мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан расмий жактырылган. Туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү өз ара байланышта жана алардын тең салмактуулугун сактоо аркылуу чечүү зарылдыгы белгиленген. Ал эми туруктуу өнүгүү деген эмне? Туруктуу өнүгүү - бул келечек муундарга жаратылыш ресурстарды сактап, ошол эле учурда азыркы муундун керектөөсүн да канааттандырган өнүгүү дегендик. БУУнун аталган саммитинде климаттын өзгөрүшү, биоартүрдүүлүктү, токойлорду сактоо сыяктуу экологиялык маанидеги негиз болуучу бир катар документтерге кол коюлган. Мындан тышкары саммиттин башкы жыйынтыктарынын бири туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн адамзаттын иш-аркеттеринин глобалдуу планы - 21-кылымга күн тартиби кабыл алынышы болгон. Андан бери 20 жыл өттү. 2012-жылы июнь айында ошол эле Рио-де- Жанейродо БУУнун туруктуу өнүгүү боюнча экинчи саммити өтмөкчү. Бул жөнүндө 2009-жылы БУУнун генералдык ассамблеясынын пленардык жыйынында атайын резолюция кабыл алынган. Бүгүнкү күндө июнда өтүүчү саммит РИО+20 деп расмий айтылып жүрөт. Жолугушуунун өзөгүн 1992-жылы өткөн тарыхый саммиттин чечимдерин ишке ашырууда дүйнөлүк коомчулук тарабынан жетишилгендерге баа берүү жана адамзат коомунун көз жеткен келечегинин андан ары өнүгүү жолдорун аныктоо жана макулдашуу түзмөкчү. БУУнун резолюциясында даярдык көрүү процессинин жүрүшүндө талкууланып жана такталчу негизги темалар да аныкталган. Алардын негизгиси жана маанилүүсү жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүү алкагында "жашыл экономика" болуп саналат. Биз гезитибиздин кийинки сандарында теманы улантып, бул жана башка багыттары боюнча кеңири материалдарды жарыяламакчыбыз.

Бегим ТУРДАЛИЕВА




Адамдар миллиарддап саналса да


Баарыбыз үчүн жер бирөө


Кадырлуу окурманым, кыш өз сапарын карытып, биз сиздер менен жадыраган жаз мезгилинин алгачкы айында кездешип отурабыз. Ушул айда биз үчүн эң бир жаркын майрамдардын бири болгон Ноорузду белгилейбиз. Күн менен түн теңелип, мааниси боюнча жаңы күн, жаңы жылдын башталышын түшүндүргөн Нооруздун шаң-салтанаты жана ырым-жырымдары биздин күндөрдө кеңири колдонулуп келет. Илгертен эле элибиз улуу Нооруз күнү барыдан мурда түшүмдүн мол болушун, мал-жандын аман болушун тилек кылышкан. Биз баба дыйкандарыбыздын ак тилеги ылайым ишке ашуусун каалап, баарыңыздарды улуу Нооруз майрамыңыздар менен ак дилден куттуктайбыз.
Жаздын бир күнү жылга тете дегендей бул күндөрдө биздин мээнеткеч дыйкандарыбыз талаачылык иштерине шымаланып киришип, жаңы түшүм үчүн күрөш башталды. Былтыр да ошенткен. Жашоо барда бул кайталана берчү көрүнүш. Жыл бою бел чечпей кылган мээнети жанып, дыйкан кирешеге тунса бул, албетте, жакшы. А эгерде андай болбосо бул өзүнчө көйгөй. Дыйкандарыбыз бул көйгөй менен дээрлик ар жылы тигил же бул тармакта кездешип келет. Өкмөт дыйкандарга жардам кылып, жеңилин жерден, оорун колдон алган реалдуу иштерди жасаса бул чечилчү маселе. Гезитибиз дыйкандарыбыздын асыл эмгегин даңазалап, алар турмушта туш болгон проблемалар жөнүндө мындан ары да жаза бермекчи.
Кыргызстан бүтүн дүйнөнүн бир бөлүгү. Бүгүн дүйнө эли климаттын өзгөрүшү менен пайда болгон ар кандай терс кесепеттерди сезе баштады. Бул ушул темп менен улана берсе жалпы эле адамзаттын жашоосу үчүн чоң коркунучту жана кыйроолорду алып келери кадиксиз. Адам баласы жаратылыш байлыктарын эч аесуз талап-тоноо менен бизди курчап турган чөйрөнү жабыркатып, жаратылыштын көндүм көрүнүшүнө, өсүп-өнүү эволюциясына өз эркин таңуулап, тамтыракайын чыгарууда. Биз адамдар миллиарддап саналсак да, баарыбыз үчүн жер бирөө. Жер үстүндөгү жаратылыш кубулуштары өз ара тыгыз байланышта жана ажырагыс. Андыктан дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабасын адам баласы биргелешип Жер энени коргоо аракетин көрүүсү керек. Биз гезитибизде мындан ары климаттын өзгөрүшү, анын айыл чарбасына жана дегеле адам турмушуна тийгизген таасирлери жөнүндө материалдарды жарыялап турмакчыбыз. Бул темадагы макаланы сиздер гезитибиздин бүгүнкү санынан да окуй аласыздар. Биз муну менен бизди курчап турган чөйрөгө карата адам баласынын мамилесинин өзгөрүүсүнө аз да болсо салым кошкубуз келет.
Мына ушул теманы улай эле экологиялык чарба жүргүзүү , агрокультура эрежелери боюнча да материалдарды берип турсак дейбиз. Бул саныбызда басылган пермакультура жөнүндөгү материал сиздин чарбачылдык ишиңизде кандайдыр бир жаңы, түзүүчүлүк ойлордун пайда болуусуна түрткү болот деген үмүттөбүз.
Кантсе да биздин коомубузда жаңычылдыкка ык койгон мекендештерибиз аз эмес. Бизге көнүмүш эмес ишти колго алып, анын ысык-суугуна чыдап, көздөгөнүнөн кайтпаган мээнеткеч адамдарыбыздын кылган ишин уксаң кулак, көрсөң көз сүйүнөт. Бүгүнкү саныбызда басылган Сузак районундагы биздин шартта апельсин, лимон өстүргөн асыл колдуу дыйкандарыбыз жөнүндө материалга кош көңүл болбойсуз деп ойлойм.
Кыргызстан кезегинде уяң жүндүү койлору, таңдайдан кетпеген таттуу шекери жана башка көптөгөн теңдешсиз продукциялары менен Союз аймагында даңкталган. Бүгүнкү абал кандай, бул туурасындагы материалдарды да бул сандан окуй аласыздар. Мындан тышкары гезитибизде жамааттык радио жана анын өзгөчөлүгү, мал ооруларынын алдын-алуу жаатындагы бүгүнкү абал жана башка темалар дагы орун алган.

Бегим ТУРДАЛИЕВА