Дартка даба 7 тамак-аш өсүмдүгү



Ооруну дарылагандан анын алдын алган жеңил. Төмөндөгү тамак-аш өсүмдүктөрүн тамактануу режимиңизде үзбөй колдонсоңуз илдет сизге илешпей, айланып өтөт.

1. Төө буурчак диабетти дарылоого жардам берет.
Төө буурчак кандын курамындагы канттын деңгээлин кармап турууга жардам берчү углевод жана белокторго ээ. Экинчи типтеги диабет менен ооруганда кандан клеткаларга түшүүчү глюкозага жардам берүүчү инсулин иштелип чыкпай калат. Төө буурчакты мүмкүн болушунча көп жеш керек. Протеинге бай төө буурчак жана чечевица күрүч же картошкага караганда гарнир катары алда канча жакшы .

2. Ашкабак жашылчалардын ханышасы
Ал адам организми үчүн эч нерсеге алмаштыргыс дарылык касиетке ээ.
Анда көптөгөн витаминдер бар. Ичеги, өт жана башка ички органдар үчүн жумасына бир жолу ашкабактан пюре жеген пайдалуу. Ал суукка чыдамы жок болгондуктан колдон келсе күзүндө кышка жетерлик ашкабакты сактап алганыңыз жакшы.

3. Кызыл болгар калемпири организмди
С витаминине байытат
Анда каротиноид чоң өлчөмдө жана С витаминине өтө бай. Адистер артрит менен ушул витамин жетишпегенде оору мүмкүнчүлүгү чоң экендигин божомолдошот.
Күнүнө 3 кызыл болгар калемпирин жеш керек. Аны бадыраң, фета сыры жана нут(буурчак өсүмдүгү) менен аралаштырып жеңил салат кылса жегиликтүү болот.

4. Жаңгак жүрөк оорусунун алдын алат
Жаңгактын бардык түрлөрү - арахис, грек жаңгагы, кешью (индия жаңгагы)жана башкалар жүрөккө пайдалуу майлар жана белоктордон турат. Алар кандагы канттын деңгээлин сактап, углеводдордун жок болуусун жайлатат. Диабет менен ооруган учурда жүрөккө терс таасири болушу мүмкүн, андыктан жаңгак анын алдын алуучу жакшы азык. Андыктан жаңгакты басып-туруп жей бериңиз.

5. Бадам - шакыйга каршы күрөшөт
Ал баш ооруну жеңилдетчү жана маанайды жакшыртчу магнийдин булагы.
Күнүнө 22 бадам данегин жеңиз. Мындан тышкары өзүңүздүн тамак-ашыңыздын катарын магнийи көп ашкабак, күн карама, буурчак сыяктуу азыктар менен байытыңыз.

6. Сулу кан тамырларды чыңдайт
Сулу сиздин организми-ңиздеги холестеринди эритип алып чыгуучу тамак-аш булаларына бай. Башкача айтканда күнүнө 2,5 порция сулу данын жесеңиз жүрөк оорусун жана инсультту 21%ке төмөндөтөт.


7. Шпинат баш ооруга жардам берет
Анда баш оорулардын күчүн жана жыштыгын азайтуучу магний жана В2 витамини көп.
Жумасына 3 жолу шпинатты жана майы жок уй этин, козу карынды жана спаржаны жеңиз.





Жогорку билимдүү врачтар кайда?

Чүй облусунун эң ири райондорунун бири Сокулук. Сокулуктун райондук борборлоштурулган ооруканасына келгенимде элдин көптүгүнөн кыргызстанды оорулуу адамдар каптап кеткендей сезимде калдым. Кайсы жагыңды караба кезекте тургандар, айтор врачтардын кароосуна муктаждар. Залдагы элди аралап өтүп башкы врачтын иш бөлмөсүнө баш бактым. Майрамдык маанайда олтурган токтоо айым Светлана Макиевна Омуралиева болуп чыкты. Светлана Макиевна райондогу медициналык тейлөөнүн абалына токтолуу менен буларды айтып берди.

Биздин райондук борборлоштурулган үй- бүлөлүк дарыгерлердин тобу 14. Андан тышкары 12 тез жардам бригадасы иштейт. Айылдарда 29 ФАП үзүрлүү иштеп жатат. Статистика боюнча районубузда 158 600 адам катталган .Военно-Антоновка, Ново -Павловка жана башка айылдардын тегерегиндеги жаңы конуштагы жашоочулар, андан тышкары батирде жашагандардын каттоосу жоктору болуп олтуруп биздин кардарларыбыз 200 миңден ашып кетет. Ушундай чоң аймакта болгонубуз менен автомашиналардын жоктугунан улам дарыгерлерибиз жөө барып тейлешет. Ошого карабастан биздин жааматта жалаң өз кесибин сүйгөндөр иштейт десем жаңылбайм. Жакшы жаңылыктардан айта турган болсом жакында эле эки ФАП ишке киргизилди. Лесное айылындагы ФАПты ГАНСИ авиа базасы салып берди.Гавриловкада Агрардык Университеттин бир имаратынын биринчи кабатын алып, оңдоо-жөндөө иштерин жүргүздүк. Андан тышкары дагы Военно -Антоновка, Ново-Павловка айылдарында, Шопоков шаарчасындагы ФАПтарды шаар башкармалыгынын көмөгү менен оңдоп алдык. Анткени менен биздин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда жогорку билимдүү дарыгерлер аз, жетишпейт. Ошондуктан айрым айылдарда пенсия курагындагы дарыгерлер иштеп жатат. Мисалы: Төш-Булак айылында 82 жаштагы дарыгер элди тейлейт. Асылбаш айылында да пенсионер эмгектенип жатат. Медициналык жабдуулар да жетишсиз , гастроскоптун жоктугу ишке бир топ кедерги болууда. Жаштар айыл жерлеринде аз айлык менен иштөөгө келбей жатышат. Учурда жогорку билимдүү дарыгердин орточо айлык акысы 7 миң сомду түзөт. Антсе да азыркы заманда бул жетишсиз болот экен.
Бардык эле аймактардагыдай кант диабети, кан басымынын көтөрүлүшү, кургак учук оорулары менен жабыркагандарга дарылануу бекер жүргүзүлөт. Ошондой эле капилет кырсыктап ооруканага түшкөндөргө алгачкы жардамдар бекер жүргүзүлөт. Боюнда бар аялдар, беш жашка чейинки наристелер дагы медициналык кароолордон бекер пайдаланышат. Атайын дарылар рецептер аркылуу айрым эмгектин ардагерлерине, согуштун катышуучуларына да жеңилдетилген түрдө берилет. Биздеги башкы көйгөй жана кеп кылгандай жогорку билимдүү дарыгерлердин жоктугу болууда. Жыл сайын медакадемияны аяктаганы менен жаш кадрлар айыл жерлерине келбей жаткандыгы бизди өкүндүрөт. Ошол багытта кандайдыр бир чечимдер чыкса жакшы болор беле?..
Ооба, Светлана айым айткандай айыл жерлеринде тээ союз мезгилинде келип иштеп калган дарыгерлер болбосо жаштар дээрлик көрүнбөйт. Базар экономикасы, демократия деп олтуруп элеттик жашоочулардын саламаттыгын ишенип тапшыраар дарыгерлерибиз жок калганбы деген ой эрксиз келип турат. 82 жаштагы дарыгердин иш тажрыйбасы мол болгону менен баягыдай элди тейлөө ал адамга деле оор болсо керек. Климаттын кескин өзгөрүшү, айлана чөйрөгө бараандуу таасир этип турган мезгилде адам угуп биле элек жаңы дарттардын пайда болушу да тана алгыс нерсе. Заманбап технологиянын дараметин таанып билген дарыгерлерге айыл эли суусап тургандыгын өкмөтүбүз эске алса, жаш кадрларды өлкөдө калтырууга көңүл бурат ко деген тилек менен макалага чекит койгум келди.
Нуржамал Курманкулова




Саамалык


Бишкекте жана Нарын областында Борбордук Азия Университети уюштурган "Тянь-Шандын байыркы эстеликтери" деген аталышта жакында жарык көргөн басылманын бет ачаары болуп өттү. Албетте, бул басылма Кыргызстандын археологиялык тарыхын коргоодо бараандуу салымын кошууда. Бул эмгек Нарын жана Ысык-Көл областтарындагы 20 жылдык археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы. Андыктан китепте байыркы таш, коло, темир доорлору жана орто кылымдагы бай тарыхый жана маданий мурастар камтылган. Китептин автору Кубат Табалдыев. Ал Теңир-Тоо аймагында археологиялык эстеликтер туурасындагы материалдарды чогултуп, жергиликтүү карыялар менен баарлашып, бараандуу салымын кошкон.
"- Элибиздин байыркы материалдык жана руханий эстеликтери салттуу маданий мурастарыбыздын тарыхый окуяларга бай экендигинин эң сонун үлгүсү!" дейт китептин автору.
- Дегинкиси Борбордук Азия Университети уюштурулгандан бери бул окуу жайы маданий жана тарыхый изилдөөчүлөрдү колдоп келет. Бул китептин жарык көрүшүнүн максаты - Нарын олбастындагы байыркы эстеликтерди таанытып, жайылтуу гана эмес, ошол эле учурда туризмди өнүктүрүү менен тарыхый жерлерди коргой билүү туурасында нарындыктардын аң-сезимин көтөрүү болуп саналат,-дейт Борбордук Азия университетинин генералдык директору Богдан Кравченко.
Бишкекте өткөн китептин бет ачаар аземин чыгармачылыгында тоолук кыргыздын көчмөн рухун чагылдырып келаткан "Тенир-Тоо" фольлордук ансамбли коштоду. Бул ансамблге музыкалык демилгеси менен Ага Хан колдоо көрсөтүп келет.
Ал эми китепти Нарын шаарында презентациялоодо Борбордук Азия университети тарыхый эстеликтерди коргоонун маанисин, аны коргоодо жергиликтүү элдин катышынын ролун баса көрсөткөн бир топ иш чараларды сунуш кылды. Мисалы, Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылдык мектебинин директору Замир Алдаяров областтык тарых музейин ачууну максат кылып жатат. Ошондой эле көптөгөн нарындыктар тарыхый эстеликтерди коргоо ишине тартылып катышып жатышат.
Өткөн жылы эле аталган окуу жайы "Кыргыз күүлөрү: анализ, ойлор жана сунуштар" аттуу 2 томдон турган китепти, Тажикстандын Памир аймагындагы фольклордук музыкасына жана оозеки чыгармачылык менен театралдык традицияга арналган "Памирдин музыкалык искусствосу" аттуу 3 томдукту чыгарууга колдоо көрсөткөн. Ошону менен бир катар Кыргыз Республикасындагы мал чарбачылыгындагы жакшы өзгөрүүлөрдү жана элетте жайыт башкарууну практикалоо боюнча "Малчылар үчүн колдонмо" китебин кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарып беришти.
Окуу жай алдыда дагы бир топ тарыхый жана маданий мурастарыбызга байланышкан китептерди чыгаруу алдында турат.

Китепти сатып алууну каалоочулар Елена Бослер-Гусевага (0312) 910822 (207) телефону аркылуу кайрылса болот.