Суу жашоо азыгы


"Жети күнкү жаандан, желип өткөн суу артык"- дейт элибизде. Анын сыңарындай жаз алды менен баба -дыйкандар айдоо аянттарына келчү арыктардан баштап, чоң каналдарга чейин оңдоо-жөндөө иштерин башташат. Айрыкча жаз эрте келчү түштүк аймактын дыйкандарынын түйшүктүү күндөрү башталганы качан. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл округундагы СПА(Суу Пайдалануучулар Ассоциациясы) нын кызматкерлери да жазгы жумушка кызуу киришип жатат.

СПА га тийешелүү 1406 гектар сугат жерге суу жеткирүү милдетин алышкан. СПА бул мезгилге чейин карыздан башы чыкпаган ишкана болгон эле. Ал эми карызы бар СПАларга реабилитация жасоого мүмкүн эмес болчу. Ишти жакшы уюштура алгандыктан суу пайдалануучулар суунун акысын өз убагында толук төлөп бере башташты. Карыздан кутулуп, Дүйнөлүк банктын "Ички сугат" долбооруна катышып, 16,5 миллион сомду бөлдүрүп алууга жетишти. Суу пайдалануучулардын талабына жараша биринчи кезекте "Кайрыма -2" ички магистраль каналынын 25 чакырымын оңдошту. Андан тышкары "Керме-Тоо" айылынын этегинен орун алган каналдарды тазалап, каналдын бузулган жерлерин бетондоп чыгууга туура келди. Мурда Куу-Коргон , Күңгөй деген жерлерге селден улам суу жетпей калган . Айылдын этегинде топтолуп калган суунун көптүгүнөн айыл үйлөрүнө дагы зыяны жетип, үйлөрдөн суу чыгып кеткен. Ак- Сай , Керме -Тоо айылдарына дагы селден келген сууларды тосуучу тосмо курулуп,атайын жасалып курулган канал аркылуу суу талааларды көздөй бурулду. Мындан ары сел келсе дагы жаңы жасалган каналдын астынан өтүп кете алат. Мурда 100 литрдей суу биздин суу пайдалануучуларга жетпей Өзбекстандын талааларына агып кетчү. Эми СПА кызматкерлеринин аракети менен Куу-Коргон жана Күңгөйдөгү эгин талааларынын сууга болгон муктаждыктары чечилди. Ашар элдик ыкмасы менен суу пайдалануучулар бир топ ички сугат арыктары менен каналдарды тазалап чыгышты. Кызыл -Байрак айылынын жанындагы 1980- жылдары курулган эски каналдын кеткен жерлерин оңдоп бетондоп чыгышты. Көптөгөн айдоо аянттары эч кыйынчылыксыз суу менен камсыздалып жатат. Кызыл -Кыштак айыл округунун аймагында 275 суу пайдалануучулар бар. Ар бир гектарга суу алганы үчүн 800 сомдон төлөшөт. Ири фермердик -дыйкан чарбалардын карыздары көп болуп келген. Мына ушул жөнгө салынды. Бир өкүнүчтүү жагдай - техникалардын эскилиги жетип тургандыгы. Колдо техникалар жок, андыктан жеке ишкерлерге кайрылууга туура келет. Жеке менчик деген жеке адамдыкы, анын өз кызыкчылыгы бар. Эми СПАларга атайын эксковаторлорду алганга мүмкүнчүлүктөр түзүлсө дейбиз. Айыл жериндеги болгон байлыктын өзөгүн түзгөн сууга астейдил мамилени өркүндөтүп отуруу зарыл. Ошон үчүн айылдагы суу пайдалануучулар сугат сууга акысын убагында төлөп , керек учурда жакындан жардам бергенде гана СПАлардын иши алдыга жыла берет.
Асылбек Калматов.
ОШ облусу. Кара-Суу району





Өгөй бала болбосок


Айыл чарбасындагы кандай өсүмдүк болбосун, суусуз өсүп чыкпасы белгилүү. Бирок сугат сууларын дайыма көзөмөлдөп келген суу пайдалануучулар ассоциациясына мамлекет тарабынан оңгулуктуу көңүл бурулбай жаткандай. Айыл чарбасына пайдаланып жаткан сугат жерлерге суу жеткирчүү каналдарды ички сугатка пайдалануучу арыктарды оңдоп жөндөөгө келгенде СПА кызматкерлери эчак эле тарпы чыккан эски техникалар менен иштешет.

Анан дагы бир айта кетчүү жагдай жеке менчикке чыгып кеткен техникалардын ээсине жалынып жатып иштеткен учурлар арбын. Ошондон улам суу пайдалангандар СПА кызматкерлерин тек гана эгинин суугаруу учурунда издеп калышат. Жакында болуп өткөн Суу Пайдалануучулар Ассоцациясынын кеңейтилген жыйынына өлкөбүздүн туш тарабындагы СПА лардын жетекчилери менен башка да тийешелүү тармактардын өкүлдөрү катышты. Ички Сугат тармактарын колдогон дүйнөлүк банктын иштеп жаткан долбоорлорунун ийгиликтери белгиленди. Ошондой эле кетип жаткан кемчиликтер менен катар, мындан ары ишти алдыга жылдыруунун пландары талкууланды. Катышуучулардын көкөй кести көйгөйлөрүнүн бири техникалар тууралуу сөз болгондо, өгөй баладай болуп, четтен келип жаткан техникалардан куру калбасак деген ой айтылып жаты.
Мындай пикирди биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде Сузак райондук кеңештин төрагасы Бекболот Ибрагимов дагы мындайча айтты:
Сузак районунда 49 миң гектар айдоо аянтыбыз бар алардын 31 миң гектары суу менен камсыз болот. Биздин райондогу бирден бир көйгөйүбүз "Көгарт" каналына сууну жакшы чыгара албай кыйналабыз. Сууду сайдан каналга түз алабыз тосмо жок болгондуктан суу ойноп кетип каналга чыгышы өтө кыйын. Тосмо куруп аны иштетүү өтө эле чоң түйшүк жаратат. Суу көп болгон учурда каналдын башын алып кетет, айтоор суунун каналда бир калыпта агып турушу дыйкандардын чоң кубанычы. УОС то техникалар жетишпейт. Колдо болгон техникалардын моралдык да , материялдык да эскирип бүткөн убагы. Аны жаңылап алууга өзүбүздүн чамабыз жетпейт. Сугат иштерин жөнгө салууда мураптарыбыз менен бирге 300 гө чамалаш адам эмгектенет. САП нын кызматкерлеринин айлык акылары да төмөн. Болгону 3 миң ден 5 миңге чейин алышат. Аткарган иштери арбын, суу пайдалангандар менен түздөн - түз иштешип элге түшүндүрүү иштерин да ушулар жүргүзүшөт. СПА лардын аракети менен бир канча ички сугат тармагындагы каналдар оңдолуп , арыктар тазаланып келет. Суу пайдалангандардан төлөм акыларын да чогултушат. Биз бул жыйынга катышып учурда СПА лардын эң эле керектүү экендигин түшүнүп бир топ пайдалуу маалыматтарды алдык. Биздин райондун суу пайдалануучулары суунун акысын убагында төлөп беришет деген ойдомун . Анткени эми райондук кеңештин да таасири болот .





Жашоого наар берген СПАлар


Союз тараганда көзөмөлсүз калып аяесуз таланып -тонолгон тармактын бири бул ички сугат тармагы болгону жашыруун эмес. Дыйкандардын түшүмдүү талаларына сууну үзгүлтүксүз жеткирип турган каналдар , арыктардын абалы адам ыйларлыктай эле. Бир айылдарда бетондорун чыгарып кетсе кээ бир айылдарда латокторду мал байлоочу акырга айлантып алгандар да жок эмес.

Мурдагы колхоз -совхоздордун чегине чейинки сугат тармагын (каналдарды жана суу чарба курулмаларын ) тейлөө суу мамлекеттик суу чарбасынын карамагында калып, ички сугат тармактарына көңүл бурулбай калды. Мамлекттик камсыздоо ирригациялык кызмат акысы үчүн каражат эсебинен мамлекеттик сугат тармагы тейленет. Ички сугат тармагын кармоого жана тейлөөгө мамалекет тарабынан акча каражаты бюджете каралган эмес. Ошентип ички сугат тармактарында жаралган көйгөйлөрдү четтетүү үчүн СПА ларды түзүп чыгышты. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып түзүлгөн СПАны анын тейлөө алкагында жашаган жана айыл чарба жери бар дыйкандар менен биргеликте түзүшүп, өз алдынча жааматтык чечим менен башкаруу каралган. Ар кандай башка уюмдар катары эле СПАлар дагы өз башкаруу органдарына ээ болот. Анын көп жылдардан бери иштеп, турмушта сыналып такталган моделин төмөнкү схемадан көрө аласыздар.

Көрсөтүлгөн моделдин негизинде иштеп жаткан суу пайдалануучуларга бириккен дыйкандардын иш аракети техникалык жана финансалык жактан турмушта туруктуу болуп келет. Суу пайдалануучулардын кызыкчылыгы үчүн иштеген бул уюмдун жогорку жетекчилиги жалпы чогулуш эсептелип анын башында тургандар СПАнын төрагасы айлык акы албайт. Кыргызстанда суу пайдалануучулар өтө эле көп болгондуктан республика боюнча жалпы чогулуш өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок . Андыктан өкүлдөр шайланып алардын катышуусу менен чогулуш өткөрүлөт.
Ал эми жер -жерлердеги СПАлардын директорлору жана бухгалтерлери айлык акы алып иштешет, алар болгону үч жылга шайланат. Элге тең көз карштагы калыс адамдар таңдалып, алар акыйкат кызмат кылышы шарт. Ошондо гана СПАга болгон элдин ишеними артып, дыйкандардын эмгеги да үзүрлүү болот. Жер- жерлердеги СПА өкүлдөрү өздөрү иштеген аймактын суу пайдалануучуларынын кызыкчылыгы үчүн иштеп, аларга Өкүлдөр жыйынынын чечимдерин жеткирүүгө милдеттүү. Ошол эле мезгилде дыйкандардын суроо -талабын жогорку өкүлдөр жыйынына жеткирип, толук маалымат берип туруусу зарыл. Биздин республикада суу пайдалануучулар сууга болгон кызмат акы жогору деген түшүнүктү айтып келишет. Бүгүнкү күндөгү бекитилген тариф өтө эле төмөн . Ички чарбалык сугат тармагын кармоонуу Жана тейлөөнүү толук камтыбайт . Сууга ченелген тариф дүйнөлүк тажрыйбада өндүрүлгөн айыл чарба продукциялардын өздүк наркынын 5-8% түзөт. Бизде болгону бул көрсөткүч 1,5-3% ти гана түзөт. Сууга болгон төлөмдүн жогорулашы сугат тармагын кармоого жана тейлөөгө кеткен чыгымды толук камтууга жетишүүсү - ийгиликтин негизи болмокчу.

Кожоев Эркинбек,
КРнын Суу пайдалануучулар
Ассоциацынын төрагасы