Пермакультура деген эмне?


Бүгүнкү күндө акыл-эстүү, экологиялык чарба жүргүзүү өнөрү мына ушундайча аталат. Пермакультура биринчи кезекте жакшы ойлонулган экосистеманы жана түшүм алууну түзүүгө негизделген натыйжалуу айыл чарба жүргүзүү ыкмаларын үйрөтөт жана киргизет.

Бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшүн техникасыз, ГСМ жана химиялык жер семирткичтерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Муну мол түшүм алуунун зарыл шарты катары катары карайбыз . Бирок ошол эле учурда трактор менен жер айдоо аркылуу абаны булгап, жер байлыгы болгон нефтинин түгөнүүсүнө салым кошуп жатканыбыз, химиялык заттарды колдонуу менен жер кыртышына гана зыян келтирбестен, ден-соолукка да пайдасыз азык өндүрүп жатканыбыз эч кимди ойлондурбайт. Ал эми мунун экологияга эбегейсиз терс таасири өзүнчө чоң сөз. Биздин күндөрдө Жер эне адам баласынын атмосферанын чексиз булгануусуна алып келген ишмердигинен жабыркап,энергия жана материалдарга карата тынбай өсүп жаткан керектөөсүн көтөрө албай барат. Адистердин айтымында биз нефть жана башка жерден казып алынчу отун ресурстарын ушунчалык үнөмсүздүк менен жок кылып жатабыз. Айыл чарба өндүрүшүндө өндүрүлгөн продуктылардын 1 калориясына 10 сарпталган энергия туура келет. Жөнөкөйлөтүп айтканда 1 калориялуу продукт өндүрүүгө 10 калория энергия сарпталат. Пермакультура кыймылынын негиздөөчүсү Билл Моллисон деген адам мындайча эскерет: "Мен Тасмания аралдарындагы кичиненкей кыштакта чоңойдум. 28 жашка чейин түштөгүдөй укмуш кооз дүйнөдө жашагандай болдум. Мен токойдо жана деңиз жээгинде көп убакытты өткөрдүм. Балык кармап, ууга чыгып тирилигимди кылдым. 50-жылдардын башында гана мен өзүм жашаган системанын жок болуп бара жатканын сезе баштадым. Балык азайды, жээктеги балыр сыяктуу өсүмдүктөр да ошентти. Токойдун чоң тилкелери жок болду. Ошондо гана булар мен үчүн канчалык кымбат экенин, өзүм жашаган жерди канчалык сүйөөрүмдү аңдадым. Кийин көп жыл бою Жапайы жаратылышты үйрөнүү институтунда талаа изилдөөчү катары жана Тасмания балык департаментинде иштеп мен бизди жана бизди курчап турган чөйрөнү жок кылып жаткан андагы саясий жана индустриалдык системага каршы турууга активдүү катыша баштадым. Бирок мунун пайдасы жоктугун түшүнүп 2 жыл өзүм менен өзүм жүрдүм. Мен жаратылышты кеңири масштабда бузуусуз адамдардын жашоосуна алып келген кандайдыр позитивдүү бир нерсе тапкым келди.
1968-жылдан баштап Тасмания унмверситетинде сабак бере баштадым. 1974-жылы Дэвид Холмгрен менен бирдикте айыл чарбасынын экологиялык максатка ылайыктуу системасын иштеп чыктык".
Сунуш кылынып жаткан пермакультура системасы өсүмдүк, сүт жана эт азыктарын өндүрүү үчүн да колдонууга болот. Аны адам баласы өз ылайыгына жана каалоосуна жараша тандай алат.

Пермакультура боюнча Британ тажрыйбасы
Британияда мал чарбачылыгында пермакультура принцибин карманган бир нече фермерлер бар. Алардын бири - Брюс Маршалл. Ал Шотландиянын Пентланд дөңсөөлөрүндө кой багат. Ал биологиялык ресурс - сөөлжандан пайда чыгара алган. Анын участкасы түшүмсүз , саздуу кадимки дөңсөө жер кыртышынан турган. Ал жердин сапатын жакшыртуу үчүн салттуу ыкманы колдонгондо дренаждык желим түтүктөрүн коюу, айдоо жана себүү, акитаж жана химиялык жер семирткичтерди пайдалануу талап кылынмак жана буларды дайым колдонууга туура келмек. Бирок анда да жакшы жыйынтык берери күмөн эле. Ал мунун ордуна экономикалык программаны тандап алды.Ага ылайык беденин өсүүсү жана сөөлжандын жашап кетүүсү үчүн жарактуу болгончо жердин кыртышындагы жетишсиздикти толтуруу үчүн фосфат, кислоталуулукту азайтуу үчүн акитаж менен азыктандырат. Анан участкада өскөн башка чөптөрдүн үстүнө эле беде үрөнүн чачат. Аягында өрөөндүн семиз жеринен сөөлжанды казып келип кое берет. Беде абадан азотту сиңирип, адатта химиялык жер семирткичтен алуучу азотту берсе, сөөлжан курттары кыртыштын кислоталуулугун азайтып, структурасын аябай жакшыртып, жерди кургатуу иштеринин зарылдыгын болбойт. Бул системанын мыктылыгы мында - ал үчүн көп эмес материалдык чыгым кетет жана ал иштей баштагандан кийин эч кандай кошумча салымдар керектелбейт. Жыйынтыгында ферманын өндүрүмдүүлүгү эки эсе өскөн.
Ал эми Шропширлик фермер Артур Холлинз ири мүйүздүү малды жана койду тоюттандыруунун салттуу методу "фоггодж"ды жандандырган. Бул ыкма мал чарба фермасындагы оор жумуштардын көлөмүн кескин азайтат. Себеби, силос жана чөптү даярдоону талап кылбайт, жерди азыктандырып, кык чачып, жер айдап, себүүнүн кереги жок. Малга кышка тоют даярдоо эң эле жөнөкөй. Жай айынын аягында территориянын бир бөлүгүн малдан сактап курчоого алып, тосуп коет. Бул арада жаңы чөптүн запасы топт оло берет. Бул чөп "фоггодж" деп аталат.Себеби, анда тоют өсүмдүктөрүнүн жогорку катышы сакталып, ал кыш бою жегиликтүү жана даамдуу тоют болот. Бул балким анчалык ишеничсиз сезилиши мүмкүн. Ошентсе да ал 10 жылдап Артурга жана анын үй-бүлөсүнө киреше берүүдө. Малды жана жайытты кароо ийкемдүүлүктү талап кылат, бирок көп жумушту эмес. Бардык жумушту жасоо үчүн жылына бир жолу чөп аралашмасын чаап алуу үчүн бир гана трактор жетиштүү. Мындай системада көргөн пайдаң кетирген чыгымыңдан алда канча ашып түшөт.
Адам баласынын азыктануусу үчүн жаңгак, мисте, бадам жана башка көптөгөн дан мөмөлөрү өсөт. Алардын азыктык баалуулугу да жогору жана аны өстүрүү анчалык көп чыгымдарды деле талап кылбайт. Ошого карабай биз дан эгиндерине көбүрөөк ыктайбыз жана ал биздин рациондо дагы көпкө чейин негизги орунду ээлери бышык.

Жерди айдабай эгин
эккен Масанобу Фукока
Дан эгиндерин өстүрүү үчүн япон фермери Масанобу Фукоканын пермакультуралык ыкмасына да токтоло кетели.
Анын ыкмасынын маңызы табигыйлыкка максималдуу түрдө жакын. Жер айдоо зарылчылыгы жок. Себеби, ыңгайлуу шартта үрөн жер үстүнөн эле жакшы өнөт. Мында да өсүмдүктүн ар түрдүүлүгү көп байкалат: буудайдын түбүнө азот берүүчү беде кошо өсө берет, отоо чөптөр да экосистеманын бир бөлүгү болуп эсептелет жана аларды убагы менен жулуп, азык заттары кайра кыртышка кайтуусу үчүн жердин үстүнө таштап коет. Жылдын белгилүү бир мезгилинде эгин талаага өрдөктөрдү слизняк жана зыянкечтерди жеп жок кылышы үчүн кое берет. (бул ыкма техниканы кеңири колдонгон ири өлчөмдөгү эгин өндүрүүгө туура келбейт). Жер бети дайым жабылып турат. Беде жана отоо чөптөр менен катар эле мульча катары өткөн жылдын түшүмүнөн калган саман пайдаланылат. А бышкан эгинди жыйноо жаңыны сепкенден кийин болот. Үрөндү ошол эле өсүп турган өсүмдүктүн үстүнө чачып себет. Мында традициялык себүүгө караганда үрөн аз керектелет. Ошол эле учурда өсүмдүк да азыраак өсүп, даны чоң болот. Бирок мындай эгиндин негизги бөлүгү малга тоютка кетет. Адамдар аз көлөмдөгү гана эгинди керектейт, аны болсо Фукока ыкмасы боюнча өстүрүүгө болот. Фукуока методу менен традициялык методдун ортосундагы методдор да бар: Эгиндин үрөнү көп жылдык беде аянтынын үстүнө же аралаш чоп аянтынын үстүнө эле жерди айдабай туруп себилет. Мында албетте, техниканын жардамы керектелет . Бул өткөөл технологияда иштөө маанилүү, себеби дароо эле бир жээктен экинчи жээкке өтүү өтө татаалдыраак болушу мүмкүн.
Көп жылдык өсүмдүктөр пермакультура үчүн жакшы вариант. Аларды себүүдө жерди айдоонун кереги жок. Жер айдаганга көп энергия талап кылынат. Ошондой эле кыртыш эрозияга туш болуп, жерди оодарганда күн нурларынын терс таасиринен улам түшүмдүүлүгүн көтөрүүчү көптөгөн микроорганизмдерди жок кылабыз. Аларды калыбына келтирүүгө көп эмгек жана чыгым талап кылынат. Атүгүл пермакультура бир жылдык өсүмдүктү өстүрүүдө да мүмкүн болушунча жерди айдабоону туура көрөт.

Пермакультура - ишти уюштуруу системасы
Балким бул жөн гана органикалык өсүмдүк өстүрүү ыкмасы болуп саналбайбы? - деген суроо туулушу мүмкүн. Жок. Органикалык өстүрүү бул ыкма. Ал эми пермакультура бул уюштуруу системасы. Алар бирин-бири толуктайт жана ар бири жалпы системанын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда химиялык жер семирткичтерди колдонгон фермер бир өсүмдүктү бир эле жерге өстүрүү менен иш кылса, органикалык фермер ар кандай өсүмдүктү которуштуруп айдоону колдонот. Ал эми пермакултуранын жактоочулары ар кандай өсүмдүктөрдү дайыма бир эле жерде жана бир эле убакта өстүрүүнү оң көрөт. Мындай мамиле табигый экосистеманы көбүрөөк эске салып, өсүмдүктөр ортосундагы маанилүү байланышка жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи өзгөчөлүгү, органикалык жер иштетүүдө пермакультуранын негизин түзгөн жерди айдоону талап кылбаган ыкмаларга жана көп жылдык өсүмдүктөргө кызыгуу же көңүл бөлүү болбойт. Бул энергетикалык чыгымдарды азайтууну караган келечек стратегиянын маанилүү бөлүгү.
Айта кетчү нерсе -пермакультура ыкмасы тамак-аш продуктыларын алуу үчүн гана колдонулбайт. Анын принциптерин социалдык жана экономикалык тармактарда да колдонууга болот. Иш жүзүндө ал адам турмушунун кайсы чөйрөсүндө болбосун колдонууга жарактуу.

Редакциядан: Биз пермакультураны дүйнөлүк айрым тажрыйбалардын мисалында чечмелеп, анын маанисин жана актуалдуулугун окурманга жеткирүүгө аракет жасадык. Азыркы күндө бизди курчап турган чөйрөнү коргоп, табиятка терс таасирди азайтуу маселеси бүгүнкү адамзат коомунун алдындагы улуу парз болууда. Пермакультура идеясы мына ушул улуу максатка үндөш болуусу менен актуалдуу. Пермакультура идеясы жоктон бар болуп табылган жаңы идея эмес. Кыргыз эли эзелтен эле табиятка аяр мамиле жасай билген улуу журт. Бизге Манас бабабыз бекеринен "табият менен таттуу бол" деген осуятын калтырган эмес.
Кыргызстанда 2008-жылдан баштап Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен " Азиялык пермакультура жана экология борбору" долбоору иштей баштаган. Биз гезитибиздин кийинки сандарынын биринде пермакультурнын кыргыз тажрыйбасы менен тааныштырмакчыбыз.

Бегим ТУРДАЛИЕВА




Томаттын көчөтүн өстүрүү


Бүгүнкү күндө дыйкандар жашылча өсүмдүктөрдүн көчөттөрүн өстүрүүнүн түрдүү ыкмаларын колдонушат. Каржы шартына жараша уруктарын сатып алуу менен көчөттөрдү өстүрүшөт. Баасына жараша сапаттуу, түшүмдүү, азыктуулугу жогору болгон сортторду жана гибриддерди тандашат. Көчөт өстүрүү менен алектенген дыйкандар өздөрү үчүн ишенимдүү болгон сорттордун көчөттөрүн өстүрүшөт. Ошону менен катар эле ар жылы үрөнчүлүк компаниялар жашылча өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору, азыктуулугу сапаттуу, жергиликтүү аба-ырайынын шартына туруктуу болгон сорттордун жана гибриддердин түрлөрүн сунуштоодо.

Дыйкан базардан сатып алган уруктардан өстүрүлгөн көчөттөрдүн сапаттуу болушунун кепилдиги албетте азыраак болот. Анткени базардан алынган уруктардан көчөттөрдү өстүрүп даярдоо көп иш аракетти талап кылат. Башкача айтканда, сатып алган урукту кайнатма туз же аммиак селитра аралашмасына салып майда, чон уруктарды бөлүп алып, себиле турган урукту кайра суу менен жууп кургатуу иштерин жүргүзүшөт. Андан сырткары кээде уруктун өнүп чыгуучулугун текшерүү иштерин да жүргүзүүгө туура келип калат.
Жогорудагы иш чаранын жүрүшүнүн узактыгы сиздин бир топ убактынызды ээлегендиктен, атайын текшерилген, дарыланган, ишеничтүү болгон даяр уруктарды агродүкөндөрдөн сатып алсаныздар уттурбайсыздар деп ойлойбуз.
Үрөөнчүлүк компаниялары тарабынан тастыкталган уруктардан көчөттөрдүн өнүп чыгуусу жогору жана көчөттөрү күчтүү болот.
Мисалы, томатты өстүрүү үчүн көчөт даярдоо иштерин эки мезгил үчүн жүргүзсө болот. Биринчи мезгил көчөттөрдү эртерээк түшүм алуу үчүн колдонулат. Мындай иш чарада даярдалган көчөт тээ күзгө чейин түшүм алууга шарт түзөт. Андыктан көчөттөрдү өстүрүү үчүн болгон иш чараларга азыртан даярдык көрүү зарыл.
Көчөт өстүрүүдө көбүнчө эрте түшүм алуу же өнүп өсүү мезгилди узартуу үчүн томаттын көчөтү атайын жайларда, жылытма парниктерде өстүрүлөт. Мында сортту туура тандоо керек. Көчөттү алуу мезгили 40-50 күндү түзөт. Көчөттү өстүрүүчү топурактын аралашмасы жеткиликтүү азыктын түрлөрүнө ээ болушу керек. Аралашма түрдүү кошулмалардан даярдалат.

Көчөттүк топуракты узак
даярдоонун жолдору
Көчөттүк топурактын курамынын жалпы көлөмгө карата пайыздык катышы: 50%-чым топурак, 50% - аттын кыгын кошуп 1 челек аралашмага 0,5 кг күл туура келгендей кылып аралаштырылат. Мындан сырткары көчөттүк топуракты бир - үч жылда даярдоонун ыкмалары да бар. Көчөттү өстүрүүнүн негизги учуру бул көчөттүн өнүп чыгуусу:
24-25 температуурада 4-5 суткада;
20-22 градуста 6-7 суткада болот.
өнүп чыккандан кийин күндүз температура 12-15 градус; түнү 8-12 градус болуусу керек.
Ушундай температуралык режим күчтүү көчөттү алууга өбөлгө түзөт. 5-7 күндөн кийин температураны көтөрүү керек: ачык күндөрү 20-26 градус, бүркөө күндөрү 17-19 градус, түнү 10-12 градуска чейин көчөттүк топурактын оптималдуу температурасы 10 градус.
Биринчи жалбыракча пайда болгондо, өнүп чыккан көчөттөрдү суюлтуп (пикировка), алар ошондой эле көчөттүк топуракка отургузулат. Мындай отургузууну кагаз, полиэтилен пленка жана башка материалдан жасалган идиштерге (горшок), атайын кутуларга жана парник, теплицаларга жүргүзүшөт.
Горшоктогу өстүрүлгөн көчөт тез калыптанып, эрте жана жогорураак түшүм берет, анткени ар бир горшокко бирден көчөт отургузулат. Эгерде көчөттөр парник, теплица же атайын кутуларга отургузулса, анда отургузуу схемасы 7х7, 8х8, 10х10 (см) кылса болот.
Өсүмдүктүн азыктануу аянты канчалык чон болсо, көчөттүн сапаты жакшы болот. Пикировкалангандан кийин көчөттү дароо сугаруу зарыл. Пикировканы бүркөө күндөрү же түштөн кийин өткөрүү керек.
Көчөттү өстүрүүдө аны туура сугарып туруу да чон мааниге ээ. Негизинен сууну жылуу күндөрү беришет. Күн бүркөк учурда сугаруунун зарылчылыгы жок. Көчөт өскөн сайын анын сууга болгон талабы да өсөт. Бирок көчөттүк топуракты жана абаны көп нымдуу болушуна жол бербөө керек. Томат үчүн абанын салыштырма нымдуулугу 60-65% дан жогору болбой тургандай кармалат. Көчөттү өстүрүү мезгилинде томат 3 жолу азыктандырылат. Экинчи чыныгы жалбыракчасы пайда болгондо, пикировкалангандан 8-12 күн өткөндө, андан кийин 10-12 күн өткөндө 1 чака сууга 1 аш кашык нитроаммофостун аралашмасы, тооктун кыгынын (1:15) аралашмасы менен сугаруу мезгилинде азыктандырса болот.
Азыктандырууну эртең менен жүргүзөт, көчөттүн жалбырагындагы аралашманы сөзсүз суу менен жууп коюу керек.
Көчөттү бекемдөө талаага отургузууга 10-12 күн калганда башталат. Бул ишти акырындык менен башында пленканы күндүз ачып коюуп, бара-бара түнү да ачып коюу керек. Отургузууга 2-3 күн калганда пленканы толугу менен алып коюшат.

У. Абдуллаев