Жайыткерчилик да өнөр
Талас районунун Кара-Суу айыл округундагы жайыт комитетинин төрагасы Улан Баратов буларды айтып берди. Фермерлерге жайыт комитеттерин уюштуруу, алардын иш багыты тууралуу алгач маалымат таратып баштаарыбыз менен "элеттиктерден түшкөн каражат кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетпейби" деген сыяктуу суроолор берилип, деги эле жайыт комитети эмне болгон структура деп кызыгышты.

Ошондуктан АРИСтин кошуундарга колдоо көрсөтүү боюнча эксперттери менен бирдикте түшүндүрүү иштерин мурда колдонулган, ишенимдүү болгон "социалдык мобилизация" ыкмасынын негизинде жүргүзүүнү чечтик.
Менимче, шыктандырчу, дем берчү күчтөрдү туура табуу - ушул башкы идея. Адамдар эмнени каалаганын, ага жетүүнүн жолун так билип, биргелешкен аракеттин зарылдыгын түшүнүү менен ар ким өз катыштыгын баалай билсе - койгон максатка жетүү алда канча жеңил болот. Өзүңүздөр баалап көргүлө, мурда жайыттар үч структуранын: айыл өкмөтү, райондук жана областтык мамлекеттик администрациянын карамагында эле. "Койчусу көптүн кою арам өлөт" деген жакшы макал бар. Анын сыңарындай, жылдан жылга жайыттардын абалы начарлап, жайыт инфраструктурасы кыйрагандан кыйрап баратты. Эми болсо жайыттардын абалы үчүн биз өзүбүз жооптуубуз. Алгач биригүү демилгеси колдоого ээ болбой жаткан болсо, азыр бизди колдогондор арбын, - дейт Улан Шейшенович. Ооба, жүрөктү ооруткан көрүнүш болуп калган эле. Акыркы 20 жылда жолдор, көпүрөлөр, каптаждар, жайлоолордогу мал сугарчу жайлар керектен чыгып, бул көрүнүш эч кимди түйшөлтпөй калган кейиштүү абалга келгенбиз, - деп Улан Баратов сөзүн улады. Азыр кожоюн - фермерлер, алар жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөшөт, албетте, өзүбүздүн колдо каражат бар. Бул каражатты жайыттардын абалын жакшыртууга, тартипти орнотууга жумшап жатабыз. Биз убак-убагы менен жайыт пайдалануучуларга жасалып жаткан иш тууралуу маалымат берүү менен келечекте аткарылчу иштердин багытын биргелешип аныктайбыз.

Жердин чыныгы ээси боло билүү
Биз ата-бабадан калган жайыт жерлерине ээ болгонубузга кубанычтабыз, - деп баса белгиледи Аксы районунун Авлетим айыл округундагы жайыт комитетинин төрагасы Масалбек Токтоболотов мына буларды айтып берди. Биздин негизги милдет - аларды кыргыздардын жерге болгон, жайытка болгон салттуу мамилесинин негизинде коргоого алуу. Бул демек - жерди мал туягына ашыкча тебелетпей, жайыт алмаштырып туруу. Биздин бабаларыбыз чөп бышмайынча эч качан жайытка мал айдап чыккан эмес, себеби малдын туягы жер кыртышына таасир тийгизет, демек чөптүн тамырына зыян. Чөп бышып, жайыт толукшуп турганда мал жайылса - эч кандай зыяны жок. Жайытка чыкчу малдын эттүүлүгү эң ириде жайыт чөбүнүн сапатына байланыштуу. Витаминге, минералдык азыктарга (фосфор, кальций, магний ж.б.) жана белокко бай жаш чөп баалуу тоют болуп эсептелет. Алыскы жайыттар малдын эттүүлүгүн, азыктуулугун гана арттырбастан, арзан тоют да болуп эсептелинет, натыйжада мал чарба азыктарынын өздүк наркы төмөндөйт. Буга кошумча жайытта кармалган малдын организминин ар кыл илдеттерге каршы туруштук берүүсү артып, эрте ирденет, тукуму жакшырат. Жайыт жаш малды багууда өзгөчө мааниге ээ. Койду жакшы жайытка жайса, козулар ири болуп, жүндүн сапаты да жакшырат. Биздин жайыт пайдалануучулар биримдиги иштеп баштаган кыска убакыт ичинде аздыр-көптүр ийгиликтерге жетиштик.
Негизгиси - адамдардын жайытка болгон мамилесин өзгөртүп, алардын атуулдук жигердүүлүгүн ойготуу. Биз кайрадан колдо бар жер аянттарын пайдаланууну үйрөнүп, талкаланган жайыттарды калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

Ирена Абдрахманова
Сүрөт автордуку




Жаштык жигер жайытка арналат
Мезгилдин өтүшү менен улам жашы өйдөлөгөндөр төргө жылып, ишти жаштар колго алуусу шарт. Турмуш агымына жаңы аралаша баштаган жайыт мыйзамын ишке ашырууда жаштык дем зарыл болуп турду.

Ошондон улам КРнын Айыл жана суу чарба минстирлигинин алдындагы жайыт департаменти жаш адистерди ишке чакырган жарыя беришти. "Вечерный Бишкек" гезитине жарыяланган мындай кабардан кийин жайыт департаменти жаш адистерди тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Учурда өлкөбүздүн жети дубанындагы областык жайыт департаментинде жаш адистер жетекчи болуп отурат. Баткен облусунун жайыт департаментинин жетекчиси Эшмадов Баатырбек, Талас облусунун жайыт департаментинин жетекчиси Кулманова Бермет, Чүй облусунун жайыт департаментинин жетекчиси Нурбек Дооранов сыяктуу жаштар иштин майын чыгара иштеп алдыңкылардын сабына илинип калышты. Жайыт пайдалануучулар менен тыгыз иштешүүдөн улам алар жетектеген облус аймактарында жайыт акылары убагында төлөнүп инфраструктураны жакшыртууда алгылыктуу иштер арбып чыга келди. Талас областынын бир катар жайыт комитеттери алдыга суурулуп чыгышты. Бул облустун аймагындагы төрт райондун алдынкы жайыт комитеттеринин алгылыктуу иштерин баса белгилеп артта калгандары аларга теңелүүгө чакырылып жатат. Талас районунун Долоно жайыт комитетинде бекитилген бюджетин 100 пайызга аткарышып, Жер салыгын убагында төлөп, инфраструктураны жакшыртууга кам көрүштү. Балыкты өзөнүндө көпүрө, каптаждар оңдолду. Малдын вет кароодон өз убагында өтүп турушу жайыттан башка малдарга ылаңдардын жугушунун алдын алат. Жайыт комитеттеринин башкы көйгөйлөрүнүн бири алардын жайыттарынын чек арасын такталышынын кечиктирилип жатышы. Жайыт пайдалануучулардын жайыт мыйзамын терең түшүнүшүнө теледен берилип жаткан роликтердин жардамы чоң болуп жатат,- деди Бермет Кулманова.
Чүй областынын бардык жайыт комитеттери менен иш алып барып жаткан жаш адистин бир Нурбек Дооранов республикалык жайыт департаментинин улуу муундагы адистеринин сүймөнчүлүгүнө айланган. Жайыт департаментинде адистердин билимин өркүндөтчү семинар -кеңешмелерди уюштуруп өткөрүүдө да жакындан жардам берип, өзү дагы тажрыйба топтогоо дилгирлигин көрсөтүп келет. Кандай деген күндө да Жайыт департаментинин ишин алдыга жылдырууда тандалып алынган жаш адистер ишенимди актоодо дешке толук негиз бар






Жайыттын үнөмдүү болушун асыл тукум мал шарттайт
Өлкөбүздө ийгиликтүү иштеп жаткан мыйзамдардын бири - жайыт мыйзамы. Күндөн-күнгө турмушка сиңип бара жаткан мыйзамдын ийгиликтүү ишке ашышына жайыт комитеттеринин аракети зор. Жайыт мыйзамы кабыл алынгандан тартып республиканын бардык айыл округтарында, жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүнөн турган жайыт комитеттери түзүлдү. Ар бир жаңы башталган иште кездешчүү кыйынчылыктарга жайыт комитет мүчөлөрү да туш болду.

Панфилов районунун Вознесеновка айыл округундагы түзүлгөн жайыт комитетинин төрагасы Нуржанов Салмоорбек да жайыт мыйзамынын элге тийгизер пайдасын кеңири түшүндүрүп, алардын укуктарын айтып берди. Жайыт пайдалануучулардын жалпы катышуусу менен шайланган жайыт комитет мүчөлөрүнө зор ишеним көрсөтүп шайлап алышты. Жайыт комитеттин мүчөлөрү жайыт акысын убагында төлөө менен жайыттын инфраструктурасын тезирек оңдоп алууга болорун элге түшүндүрө алышты. Башында жайыттарды ижарага узак жылдарга алган фермердик чарбалардын жетекчилери каршылык көрсөтүшкөнү менен элдин ыгынан чыга албай калышты. Эми малы көбү да, малы азы да жайыттарды бирдей пайдаланат. Ар бир мал башына айылдык депутаттар менен макулдашып бекитилген бааны коет. Жайыт билеттерин ошол баада сатып алышат. Вознесеновка айыл округуна Эркин-Сай айылы да кирет. Жалпысынан 10739 га жайыт жери бар. Малдын жалпы санын тынымсыз такташып, эл менен эриш-аркак иштөөгө жайыт комитетинин мүчөлөрү да көнүп калышты. Бодо малга 80 сомдон жайыт акысын чегеришсе, кой-эчкиге 16 сомдон белгилешти. Жайыт акысын чогултуп жайытка барчу жолдордогу мал айдап өтүүчү 4 көпүрөнү оңдошту. Жайыттагы инфраструктураны оңдоого кам көрүүдө. Салмоорбек Нуржановдун өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасагандыгын баалаган көпчүлүк жайыт пайдалануучулар дагы ишеним көрсөтүштү. Салмоорбек мырзаны Суусамырдагы жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын ревизиялык комиссиясына да шайлап алышты, дейт Суусамырдагы тоолуу жайыттарды туруктуу башкарууну жайылтуу долбоорунун менеджери Байбек Усубалиев.
Вознесеновка айыл округунда да атайын вет аптеканы ачып, ишке киргизишкен. 2011-жылдын эсебинен жайыт пайдалануучулардан 80 миң сомдон ашык жайыт акысы жыйналды. Жайыттарды туруктуу пайдалануу менен анын деградацияга учурабашына кам көрүүдө малдын санына эмес, анын асылдуулугуна кам көрүү керектигин, бул күндө мал ээлери да, терең түшүнө баштаганы кубанычтуу.






Көлдүктөр жайытка кайдыгер эмес
Түп району Карасаев айыл округу Жайыт комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө мыйзамына жана аны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн токтомун аткарууда жайыт комитети тарабынан бир катар иш-чаралар аткарылып келе жатат.

Айтчу иштер арбын Тасма, Чоң-Тогузбай, Токтоян айылдарында жайытка малды айдап өтүү, керектүү тоюттарды ташып, трактор, комбайн, айыл чарба шаймандарын сүйрөп өтүүгө ыңгайлуу үч көпүрө салынды.
Ошондой эле Каркыра жайлоосунун ичиндеги кар-көчкүлөрдү тазалоо, жолдорду оңдоп-түздөлүп, Турук жайлоосуна кетчү жолго темир трубадан көпүрө салынды. Жалпы 20 км. жолду оңдоп-түздөө иштери аткарылды. Ысык-Көл облмамадминистрациясынын губернаторуна кат менен кайрылып, бузулган жолдор оңдолду. Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке жалпы элдин атынан кат жазып кайрылуу жолдоп 9 км. жолго кум, топурак төшөлүп реабилитация иштерине 1 млн. 20 миң сом акча каражаты жумшалып аткарылды. Ал эми 2010-2011-жылдары жайыт акы чогултуу өтө чоң кыйынчылыктарды жаракан жок.