"Фермердик Талаа Мектеби"- ийгиликтин негизи
Учурда күз күрөшү бүтүп дыйкандар түшүмүн жыйнап жыйынтыгын чыгарган кез. Ушул алынган түшүмдүн көлөмү, сапаты дыйкандарды канаатандырабы? Же ойдогудай түшүм ала алышабы?

Ал эми алынган түшүмдүн көлөмү жана сапаты дыйкандар үчүн кирешенин негизги булагы эмеспи. Элибизде "Эр эмгегин жер жебейт" деген макал бар эмеспи. Бирок бул эмгек ошол жерге өсүмдүк өстүрүүнү билгичтик менен мамиле кылганда гана ийгилик жаралаарына көпчүлүк дыйкандарыбыз маани бере беришпейт.
Учурда республикабызда эл аралык уюмдардын каржылоосу менен айыл чарба тармактары боюнча кеңеш берүүчү уюмдар жана кызматтар тарабынан, фермерлер үчүн сезондук окуу курстары уюштурулуп, окуулар өткөрүлүүдө. Ушул уюмдар менен катар эле "АгроЛид" коомдук уюму Ысык-Көл, Нарын, Чуй облустарында картошка, алма бак, валериана, томат өстүрүү боюнча окутуу, кеңеш берүү менен дыйкандардын түшүмүн сатуу иштерине көмөк көрсөтүп келет жатат. Кеңеш берүү жана сезондук окуулар ар кайсы кызыккан тармактары боюнча биригишкен фермердик топторго "Фермердик Талаа Мектеби" (ФТМ) аркылуу ишке ашырылат жана алган билимдерин тажрыйбаларын өзүнүн айыл чарба өндүрүшүндө кеңири пайдаланып, түшүмүн жогорулатууга алып келет.
Эми "Фермердик Талаа Мектебине" токтолсок. ФТМдеги окууларда фермерлер атайын программанын негизинде эксперименталдык талаачаларда өсүмдүктөрдү баардык өсүү фазасында изилдешип, анализдешип, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табышат. Эксперименттер чогуу жасалгандыктан тажрыйба жана маалымат алмашууга ыңгайлуу шарт түзүлөт. ФТМде окуулар Паррето принцибинин негизинде 20% (теория), 80% (практика) жүргүзүлөт. ФТМдеги тажрыйба-анализ-жыйынтык циклы фермерлерге баа жеткис билим жана тажрыйба бере алат. Талаа мектебинде фермерлер көптөгөн эксперименттерди өздөрү жасап тажрыйба топтой алышат. Демек эксперименттер окуунун негизги бөлүгү болуп эсептелет. Ал эми окуулардын темасы фермерлердин суроо талаптарына, сезонго карата жасалуучу иштерге жана өсүмдүктүн өсүү фазасына карата негизделет.
Бул багытта иш алып барган "АгроЛид" коомдук уюму жөнүндө айта турган болсок 2011 жылы Нарын областында картошка өндүрүү боюнча 5 ФТМ, Ысык-Көл областы боюнча 17 ФТМ картошка боюнча, 6 ФТМдары чөптөр (валериана) боюнча сезондук окуу курстары Өндүрүштү Интеграциялык Башкаруу (Integrated Production Management - IPM ) Программасынын алкагында өткөрүлдү. Жалпысынан 423 фермер окууга тартылды.
Бул окуулар топурак, топурак анализи жерди асылдандыруу, агроэкосистема анализи, үрөн сапаты, үрөндү даярдоо, картошка отургузуудан баштап, убагында илдет зыянкечтерден коргоо, түшүмдү туура жыйноо эрежелери, экономикалык жактан анализдөө, сактоо эрежелери, сатууда маркетингдик топтордун ролу жөнүндө өткөрүлдү. Ошондой эле бул сезондук окуу курстарында жер семирткичтин түрлөрү, туура колдонуу өлчөмдөрү, колдонуу убактысы жана сугат сууларын туура пайдалануу боюнча өзүнчө темаларды камтыйт..
Маалымат үчүн айтса кетсек, Жети-Өгүз районунан "Саруу" ФТМде топтун лидери Калыкова Салтанат бир сотый эксперимент талаачасынан 432 кг, ал эми фермердик ыкма боюнча 250 кг, Ак-Суу районунан "Ичке-Жергез" ФТМ лидери Жунушалиева Айша бир сотый эксперимент талаачасынан 250 кг, ал эми фермердик ыкма боюнча 206 кг. түшүм алышты. Бул жогорудагы көрсөткүчтөр IPM программасы менен фермердик практиканын ортосундагы түшүм боюнча айырмачылыктар, фермердик талаа мектептери бүгүнкү күндө фермер үчүн зарыл экендигинин айкын далили.
Ал эми, Түп районундагы Шаты айылындагы "Шаты айымдары" фермердик талаа мектебинин (ФТМ) лидери Ишен кызы Аида бул окуулар менен кошо жүргүзгөн иштери өзүнчө алкоого татыйт. Алсак, бул талаа мектебинде эксперименталдык окуу талаачалары менен кошумча фермердик топтун мүчөлөрү ортого бир га жерге картошка, бадыраң, сабиз жана валериана айдашып мол түшүм жыйнап алышты. Кайра бөлүштүрүү жер фондусунун эсебинен бул талаа мектеби үчүн Түп районунун Түп айыл округунун жергиликтүү администрациясы (жетекчиси - К.Кудайбердиев) 4га жерди узак мөөнөткө ижарага берилиши башка айыл округдарына үлгү болоорлук иш десек жаңылышпайбыз. Жогорудагы цифралар айыл чарба өндүрүшүндө аз чыгым жумшап көп киреше тапса болоорлугун тастыктап турат. Жыйынтыктап айтканда, келечекте кызыккан тармактары боюнча фермердик талаа мектептери аркылуу билим жана маалымат алып түшүмүн көбөйтүп кирешесин арттырам деген фермерлерге "АгроЛид" коомдук уюмунун эшиги ар дайым ачык.

P.S. "Шаты айымдары" фермердик талаа мектебинин аткарган иштери тууралуу гезиттин №4(04) чыгарылышынын 8-бетинде кеңири маалымат берилген.

Кызыккан сурооңуздар
болсо, 0312 680818 номери
аркылуу кеңири маалымат алсаңыздар болот.




Аракеттер арбын
АРИС коомдогу кыймылдаткыч күчтөрдү элет жериндеги жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү үчүн аракетке келтирүү максатын койгон. Бул максатты ишке ашырууга келечекке ишенимин жоготуп бараткан элеттиктердин кенебестиги кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук жаратты.

Келечекке
ишеним менен
Элет жериндеги учурдун эң көйгөйлүү маселеси - жумушсуздук экендиги белгилүү. Мурда эл негизинен колхоз-совхоздордо иштеп келсе, азыр алар жок. АРИС Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен эки жылдан бери айыл-чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүүлөрү Долбоорунун 2-компонентин ишке ашырып келатат. Бул долбоордун алкагында республика боюнча фермерлердин кошууну - тигил же бул айылдык кеңештин аймагындагы фермерлердин бирикмеси түзүлүүдө. Алардын ишмердүүлүгү фермерлик чарбалардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат. Бул долбоор Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда да натыйжалуу иштеп жатат. Базар-Коргон айыл округундагы фермерлердин Кошуунунун жетекчиси Рабия Эргешова төмөнкүлөрдү айтып берди.

- 1992-жылдан тартып мен элет жерине жана айыл-чарбасына көмөк көрсөтүү тармагында алектенген өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келдим. Бирок күнүмдүк иштин түйшүгү башталгандан кийин милдеттерге тереңирээк баа берип, Кошуун кеңешинин аткарчу вазийпасы маанилүү жана жоопкерчиликтүү экенин толук аңдап-түшүндүм. Биз ар бир айылда бир нече фокус-топторду түздүк. Маселелер жетиштүү эле, маселелердин бардыгын болбосо да, негизгилерин чече ала тургандай иштин натыйжалуу багыттарын аныктоого аракет кылдык.
Жергиликтүү фермерлердин курч көйгөйү - кайра иштетүүчү ишканалар менен байланыштын жана маркетингдин жоктугу. Бул негизинен калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү жана кошуна мамлекеттердин рыногу менен байланыштын жоктугу менен түшүндүрүлөт. Анан дагы жеке сатып алуучуларга майда өндүрүүчүлөр менен иштеш кыйын. Ошентип, майда фермерлер продукцияны канчалык көп өндүрбөсүн аны сатып өткөрүү кыйынчылыгын баштан кечиришет. Бирок, эң чоң маселе - фермерлердин көпчүлүгү тажрыйбасыз, кесиптик даярдыгы жок. Чарба жүргүзүүнүн салттуу формалары совет доорунда дээрлик унутулган, ал эми колхоз-совхоздордун өндүрүү ыкмасы майда фермерлик чарбаларга туура келбейт. Фермаларды өз алдынча ийгиликтүү жетектеп кете турган адистер өтө аз. Фермерлик чарбалар өндүрүштү материалдык-техникалык жактан жабдуу, айыл-чарба техникасын лизингге берүү жана техникалык жактан тейлөө, фермерлерден даяр продукцияны сатып алуу, аны кайра иштетүү, сатуу менен алектенген бир канча кооперативдик компанияларга бириккен Даниянын мисалын үйрөнсө болот. Мындай система ортомчулардын таасирин жоготуп, фермерлерге кардарды өздөрү тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Өлкөдөгү дээрлик бардык фермерлер бир же бир нече кооперативдин ээси болуу менен рыноктогу бааларга таасир этип, кирешеден үлүшүн алат. Өлкөнүн агро-өнөр-жай комплексинде 300дөй кооперативдик бирикмелер, союздар, ишканалар жана ассоциациялар бар. Булар мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги фермерлер тарабынан түзүлгөн. Биздин бирикменин да келечеги кең деп ишенебиз, үмүтүбүз бар. Фермерлердин кошууну айыл-чарбасында эмгектенгендердин кызыкчылыгын иш жүзүндө коргогон институт катары жакында гана түзүлдү. Ошого карабастан, алар турмушка керектигин далилдей алышты. Экономиканын өнүгүүсү негизинен агрардык сектордогу жетишкендиктерге байланыштуу болгон Кыргызстанда фермерлердин Кошуундарынын мааниси жана ролу өсө бермекчи деп ишенем.

Ирена Абдрахманова





Тобокелчиликтерди азайтуу
жолу менен жакырчылык деңгээлин төмөндөтүү
MSDSP KG (Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасынын Коомдук Фонду) бийик тоолуу тобокелчиликтерди азайтуу жолу менен жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүгө арналган - "ПАМИР" долбоорун баштады. Памир долбоору Кыргызстанда, Тажикистанда жана Афганистанда март айынын 2013 жылына чейин өтөт.

Долбоордун максаты формалдуу изилдөөлөр жана тоо аймактарынын жамааттарынын жергиликтүү билимдерине баа берүү жолу менен Миң жылдык өнүгүү Максаттарынын "Жакырчылыкты жана ачкачылыкты жоюу жана жокко чыгаруу" (МӨМ 1) жана "Курчап турган чөйрөнүн экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу" (МӨМ 7) программаларына салым кошуу болуп саналат.

Долбоордун милдетине жергиликтүү жамааттардын жаратылыш кырсыктарына каршы туруу туруктуулугун жогорулатуу үчүн Пяндж дарыясынын суусунун жээгинде (тажик-афган чек арасы) жана Алай өрөөнүндө (Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында) жайгашкан экология, кырсыктуу учурлар жана жакырчылык менен өз ара байланыштуу болгон билимдерди түзүү жана баа берүү кирет.
Тоолуу аймактар азык-түлүк коопсуздугун, суу ресурстарын алгылыксыз башкаруу, жаратылыш кырсыктары тобокелчилигинин жогорулоосу, рынокторго жеткиликтүүлүк, саламаттыкты сактоо жана билим берүү системасы, изоляция, микрокамсыздоонун жетишсиздиги, жакырчылык деңгээли жана башкаларды кошо алганда, жалпы экономикалык өнүгүүгө таасирин тийгизген көптөгөн тобокелчиликтерге дуушар болушат. Натыйжалуу долбоорлор көп баскычтуу ыкмага ээ болууга жана экологиялык, социалдык жана институционалдык сыяктуу бардык аспекттерди көңүлгө алууга тийиш.
Биздин көп баскычтуу ыкмабыз биринчи кезекте, илимий жана дээрлик нукура элдик билимдерди бириктирип турган жамааттардын деңгээлинде жаратылыш кырсыктарына жана аялуулукка (HVRA) тобокелчиликтерге баа берүүнү колдонуу аркылуу тобокелчиликтерди аныктоого багытталган.
Долбоор өнөктөштөрү менен кызматташтыкта Hilfswerk Austria International тарабынан аткарылат. Долбоор Европа Союзу тарабынан каржыланат.
MSDSP KG Фонду (Кыргызстандын Тоолуу Аймактарындагы Жамааттардын Өнүгүүсүн Колдоо Программасынын Коомдук) өлкөнүн айрым тоо аймактарында жашоо шарттарды жакшыртуу максатында 2003-жылы Ага Хан фонду тарабынан демилгеленген. 2006-жылы MSDSP KG Коомдук фонд катары каттоодон өткөн. Аталган максатка жетишүү үчүн фонд максаттуу аймактарда көп секторду программаларды жүзөгө ашырат, алар өзүнө жаратылыш ресурстарын башкаруу, мектепке чейинки жаштагы балдардын өнүгүшү жана коомдук саламаттыкты сактоону камтыйт. Фонд ишкердигин жаратылыш кырсыктарынын тобокелчилдиктерин төмөндөтүү боюнча стратегиялардын интеграцияланган ыкмаларынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүүнүн негизинде жүзөгө ашырат. 2009-жылдан тартып фонд Жаратылыш Кырсыктарын Башкаруу компоненттерин өнүгүү боюнча утурумдук программаларга киргизүүнү жакшыртуу үчүн жаратылыш кырсыктарын төмөндөтүү жана ошону менен катар максаттуу жамааттардын жакырчылыгынын жана аялуулугунун негизги факторлорун төмөндөтүү боюнча интеграцияланган долбоорлорду жүзөгө ашырууга киришкен.

Мавлюда ЖАПАРОВА