Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Окуган уздар ордун табат
Өлкөбүздө экономика өксүк тартып турганда очорулган ордунан жылдырууга локомотив болуп жеңил өнөр жай тармагы баш көтөрүп турганына канимет. Албетте республикабыздын калааларында гана эмес, айыл жерлеринде дагы чебер уз кыз-келиндер атайын тигүү цехтерин иштеп жатышат. Эгемендик менен кошо келген жумушсуздукта эр жигиттерибиз шалдырай түшкөн мезгилде ийне-жибине кубат тилеп, көз майын коротуп иштерман келин-кыздар кесиптик лицейлерден окуп атайын адистиктерге ээ болушат. Ошондой адистиктерге даярдоочу №43 Кесипчилик лицейи Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан.
Жаңы-Жер айылынын түштүк тарабында жайгашкан окуу жайы өзүнүн тазалыгы, жетекчиликтин ишкердүүлүгү менен оозго алынып келет. Чындыгында эле бул жерге келген адамды кандайдыр бир жагымдуулук өзүнө тартып турат. Окуу корпустарына баш багасызбы же жатаканасына киресизби сиздин көзүңүзгө чебер колдордон чыккан не бир сонун курактардан жасалган бут алдындагы төшөнчүлөр менен дубалга илинген паннолор урунат. Ал түгүл тирүү гүлдөрдөн анчалык айырмаланбаган кооз гүлдөр да окуучулардын колунан чыккан.
Жатаканада республиканын туш-тарабынан келген окуучулар жашап, бирдей тартипке баш ийет. Ошондой бул жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын да билим алып жаткандарын жолуктурууга болот. Биз лицейдин тигүүчүлүк боюнча окуп билим алып жаткан группасына кеңири токтолуп кетүүнү чечтик. Абылкасымова Нургүл бул лицейде көп жылдардан бери устат окутуучу болуп келет. Сөзсүз тарагандан тартып мамлекеттик каржылоо солгундай түшкөн лицейдин окутуучу устаттарынан түзүлгөн ынтымактуу жамаатты кыйынчылыктан чыгуунун жолдорун караштырган. Тигүүчүлүккө даярданып жаткан окуучуларга окутуп үйрөтүү үчүн да түркүн түстөгү маталар керектелет. Андан тышкары атайын машиналар ийне-жип дегендерди сатып алууга каражат тартыш болот. Мындай жагдайда кол куушуруп отуруп калбастан, эки иштен бир иш дешип жергиликтүү элден ар кандай тапшырыктар алып иштей башташат. Окуу жайдын жетекчисинин ишкер айым экендиги ушул жерден көрүнөт. Жаңы-Жерге жакын жайгашкан "Манас" аэропортунан атайын соода жасоочу бөлүм ачып, ал жерден окуу жайда даярдалган буюмдарды сата баштайт. Бул өзүнчө киреше булагына айланат. Ийгилик иш улана берет. 2006-2007-окуу жылдарында тигүүчүлүк кесипти улуттук колориттеги буюмдарды жасоо чеберчилигине багыттап түзүшөт. Бул группанын окуучулары сайма, оюу, курак түшүрүлгөн туш кийиздер, төшөктөр атайын сувенирлерди жасап машыгат. Атайын тажрыйба топтогону бөлүнгөн мезгил аралыгында кыздар кийинки мезгилде бирден экиден уландар аралашып окуп жатышат.
Дагы бир айта кетчү жагдай 37 улуттун өкүл ынтымактуу жашаган айыл округунда кыз узатып, келин алгандар сепке берчү жууркан-төшөк, жаздыктар менен ар кандай кийим-кечени мыкты үлгүлөрүн да ушул окуу жайдын чеберлеринен алышат. Кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөгү көшөгөлөрү, туш кийиз, төшөктөрүн жасап чеберчиликке үйрөнсө, айрымдары алардан түшкөн кыйкындылардан ар түркүн сувенерлерди жасоону да өздөштүрө алышат. Окуучулар ар бир кесипке өз алдынча атайын формаларды кийишет. Бул формалар дагы мында окуган тигүүчүлөрдүн колунан чыгат.
Окуу жайда 9-классты аяктаган балдар дагы окушуп, атайын адистиктен тышкары орто мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат алышат.
Ар бир окуу жылында бүтүрүүчү курстун окуучулары дипломдук ишин жакташып ар түркүн буюмдарды жасашат. Тигүүчүлөрдүн группасында 30 окуучу окуса, 28 тигүү машиналары бар. Анын ичинде оверлок жасоочу, беш жип өткөрүлүүчү машинелер дагы орун алган. Окуучуларга атайын ашканада тамак-аш даярдалат. Мамлекет тарабынан бир балага күнүнө 30 сомго чейинки гана тамак-аштык каражат бөлүнгөн. Бирок ишти мыкты уюштура билген жетекчилик балдардын курсагын ачырбай, көрсөтмө окуу куралдары менен да толук камсыздоо көйгөйүн өздөрү чечүүгө аракет жасашат.
Окуу жайдын карамагында чакан өздүк мал чарбасы, теплицасы жайгашып, балдарга азык-түлүк камсыздоо чоң өбөлгө болуп келет.
Элет жеринде жайгашып заман талабына ылайык кесипчиликке тарбияланган окуу жайларынын зор аракеттерине күбө болуп кайттык.
Өлкө аймагында көптөгөн жаш жеткинчектер мектептерден окубай жүрүп, турмуш кыйынчылыгына тушукканда бир адистикке ээ болгулары келет. Аларды кагып-силкпестен окуу жайга кабыл алып, камкор мамиле жасагандар да атайын кесипчилик лицейлери болуп отурат. Көбүнчөсү аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары анан да турмуш соккусуна кабылган тубаса майып болгон балдардын да айрымдары мына ушундай кесипчилик лицейлерден өз ордуларын табууга аракет жасашат.
Өлкөбүздүн экономикалык абалын оңдоого зор салым кошор жумушчулар тобун үзгүлтүксүз даярдап келе жаткан кесипчилик окуу жайларын эмгек жамааттарына ийгиликтерди гана каалайбыз.
Нуржамал Курманкулова
Сүрөттөр автордуку




Көз жоосун алган кол өнөрчүлүк
Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинин 2-кабатындагы залда көздүн жоосун алган кооз туш кийиздер, шырдактар, килем, шалчалар көргөзмөгө коюлган. Кыргызстан жана Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөрдү колдоо боюнча Кристенсен Фондунун каржылоосунда эки жылдык экспедиция уюштурулган.

Анын натыйжасында отуз жылдан бери биринчи жолу музейдин кору кытайлык, түркиялык, улуу памирдик кыргыздардын кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары менен толукталды. Бул тууралуу музейдин илимий катчысы Бактыгүл Капалова билдирди:
-Негизи 25-30 жылдан бери музейге жаңы буюм ала элек болчубуз.
Кыргызстандын 7 дубанында, алыскы Чоң-Алай, Чаткал, Ат-Башы, Улуу Памир, Түркиянын Ван көлүндөгү, Кытайдагы Ак-Тоо, Улуу Чат, Тажикстандын Мургаб, Канибадам, Жерге-Тал, Исфарада жашаган кыргыздарга экспедиция уюштуруп, алардын жасаган туш кийиз, шалча, шырдак, ала кийиз жана башка буюмдарын алып келдик. Өзбекстанга саясий кырдаалга байланыштуу бара албай калдык.
Бактыгүл Капалова белгилегендей, ар бир аймактарда жасалган буюмдардын жасалуу ыкмалары, оймо-чиймелери, бойоктун түзүлүшү бири-бирине окшобойт. Анын себептерин Музейдин кол өнөрчүлүк боюнча сүрөтчүсү Гүлзат Абдырахаманова мындайча чечмеледи: - Кыргыз тилинде диалектика бар сымалы, буюмдарды жасоодо да өз-өзүнчө техникалар менен айырмаланат.
Мисалы, Нарын жакта шырдактарды жасоодо оймолору, кийиздин жасалышы башкачараак. Ош, Жалал-Абад, таластык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарды жасоо ыкмалары башкачарак болот. Музейдин илимий катчысы Бактыгүл Капалова белгилегендей, шырдак менен ала кийизди кыргыздардын улуттук буюму катары дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү сунушу ЮНЕСКОго берилген. Ал ошондой эле экспедициянын максаты жеке эле көргөзмө ачуу эмес, илимий маалыматтарды, сүрөттөрдү, видео маалыматтарды чогултуп, даректүү 12 тасма тартылганын билдирди.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??