Малды өз убагында ылаңга каршы дарылоо бул бүгүнкү күндүн талабы
Айыл чарба азык түлүктөрүн, анын ичинде мал чарба продуктыларын көз карандысыздыктарды чечүү максатында жүздөгөн жылдардан бири айыл чарба кызматкерлери (малчылар, дыйкандар, кайра иштетүүчүлөр) бир топ практикалык жана илимий жетишкендиктердин негизинде ар кандай колунан келген аракеттерди жасап элибизда мал чарба азыктары менен камсыз кылып келишкен.

Бул айтылган маселе боюнча азыркы маалда элди эт, сүт, жумуртка жана башка азык түлүктөр менен башка мамлекеттерге көз каранды кылбай, өзүбүз өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигине көзүбүз жетти. Эгерде биз ветеринардык эрежени жалпы калк толук сактап, өз убагында ветеринардык профилактика жүргүзүлүп турса, экспортко чыгууга дагы мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Айтылган азык-түлүктөрдү өндүрүү тоют базасын, малдын кунардуулугуна, алардын ылаңдарын алдын алуусуна, короо-сарайларга, аларды багуу, кароо жана башка табигый шарттарга көз каранды экендигибиз баарыбызга белгилүү.
Бул көз карандылыктардын негизи болуп бул үй жаныбарларынын ылаңдары эсептелет.
Эзелтен бери биздин ата-бабаларыбыз эт, сүт, жумуртка, тери ж.б. мал чарба азыктарын өндүрүп жана пайдаланып жашап келишкен. Бул айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү маалында малдардын арасында ар кандай илдеттердин пайда болуусун байкашып, аны дарылоого түркүн аракеттерди жаcашып, көпчүлүк маалда аларды айыктырып алышкан. Ал эми кээ бир маалда үй жаныбарлары такыр айыкпай кыргын боло баштаганда, өлгөн малдарды өрттөшүп, таш менен үч сыйра корумдап, журт которуп көчө качышкан.
Азыркы маалда мындай көпчүлүк оорулар илимий изилденип, аларга каршы дары-дармектер иштелип чыкты.
Үй жаныбарларынын жаратылыштагы жашоо шарты, сезимдүүлүгү, денесининин жылуулугу, жүрөгүнүн кагуусу, дем алуусу, басканы, заңдаганы, заарасы, жыты, онтогону, терисинин бүтүндүгү, турган турпаты, көзү, кулактары, туяктары малдын ден соолугу кандай экендигин билгизүүчү негизги көрсөткүч болуп эсептелет. Жогорудагы айтылгандардын негизинде малдын түрүнө жараша өзгөрүшү, малдын оорулуу экендигинин белгисин берет.
Оору малдын денесине дем алуу, тоют сиңирүү, заңдоо жана башка бөлүкчөлөрү аркылуу кирген (микробдор, вирустар, бактериялар) буларды жугуштуу дарт (инфекция) дейбиз да. Малга жана адамга коркунучтуусу - бул жугуштуу оорулар.
Оору жугуштуубу же жугуштуу эмеспи, себебин аныктоо анын күнөөкөрүн (оруну чакыргычты) табу (диагностика), аны менен күрөшүүгө жеңилдик берет да, мал чарбасынын жана дарыгерликтин негизи болуп эсептелет.
Өзгөчө айыл чарбасын инвестициялоо жана кызмат көрсөтүү долбоору быйыл малдан адамдарга жуга турган өтө коркунучтуу оорулары боюнча калк арасына толук маалымат жеткирүү максатында фермерлерге, окуучуларга, эт-сүт сатуучуларга маалымат-чогулуш, окуу өткөрүлдү.
Республикабызда көптөгөн убакыттан бери бруцеллез ылаңы, сибирь кулгунасы, кутурма дарты, эхинококкоз оорусу, өтө көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жатат. Жыл сайын бул ылаңдардын саны мал арасында, ошондой эле адамдарда да өсүүсү байкалууда.
АКК тарабынан Чүй облусу боюнча 160 биолог мугалим, 240 ААК төрайымдары, айылдык кеңешчилери жогорку айтылган 4 оору боюнча окуу өтүлүп, толук маалымат берилди.
Эгерде бир районду алсак 20 биолог мугалими 50дөн окучу - 1000 окуучу, 30 ААК төрайымдары 30дан - 900 фермерлерди, айылдык кеңешчилери 5ден- 30 - 150 фермерге окуу өткөрүп, аларга ылаңдар боюнча китепчелер, түстүү плакаттар, түстүү баракчалар таркатылып берилди.
Мындан тышкары, базарларда маалымат-чогулуш өткөрүлүп, аларга, өзгөчө эт сатуучуларга толук түшүнүк берилди. Эт саткан жерлерге ветерианрдык бурч уюштурулду, ошондой эле 4 айыл өкмөтү, 4 ФАПка ветеринардык бурч уюштурулду.
Калк арасына кеңири маалымат берилип, китепчелер таркатылып, ылаңдардын жугушу, таралышы, өсүшү, түзүлүшү, экономикага келтирген зыяны, өнүгүү цикли жана дарылоосу жөнүндө түшүнүк берилди.
Эгерде ар бир жаран өзүнүн үйүндөгү итин, мышыгын өз убагында эмдөөдөн өткөрүп турса, биз айткан эхинококкоз оорусу айлана чөйрөнү булгабайт.Өспүрүмдөр арасында оору азаят эле. Ошол себептен ооруну алдын ала алсак, адамдар кененирээк маалыматка ээ болгон гана бул оорудан сактана алабыз.
Өкмөтүбүздө өнөкөт болуп калган тоо жылы, элет жылы дегендей, 2012 -жыл үй жаныбарларын эмдөө жылы же ветеринардык вакцинация жылы деп жарыяласа эң жакшы натыйжа бермек.
Жаныбек Бейшеналиев,
АКК кеңешчиси
Сүрөттөр долбоордун
архивинен алынды