Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Малчылар үчүн колдонмо
Жакында жарык көргөн "Малчылар үчүн колдонмо" китебинен гезиттин
ар бир чыгарылышында берип турмакчыбыз. Бул колдонмо баардык малчылар
үчүн абдан пайдалуу экени талашсыз.


(Башталышы өткөн санда )
Керектөө режими
Үй жаныбарлары бардык эле тоют өсүмдүктөрүн бирдей жактырып жей бербейт. Кээ бир өсүмдүктөр башкаларга салыштырганда көбүрөөк желиши мүмкүн, кээ бирлери болсо, башкаларга караганда тоюмдуураак, ал эми кээ бирлери белгилүү бир жаныбарлар үчүн уулуу болуп, жада калса өлүмгө да дуушар кылышы ыктымал. Демек, жайыттардагы бардык биомасса жалпысынан эле керектөөгө жарамдуу боло бербейт, жараксыздары да кездешет. Жайыттардын жогорку өндүрүмдүүлүгүн камсыздап жана начарлатпай сактап туруу үчүн пайдалануусу көзөмөлгө алынган жайыттарда жайылган малдын кулк-мүнөзүн үйрөнүү жана түшүнө билүү талап кылынат.

Түшүндүрмө
А тибиндеги өсүмдүктөр мал абдан жактырып жей турган өсүмдүктөр, алар жогорку тоюмдуу тоют болуп саналат. Б тибиндеги өсүмдүктөр да керектөөгө жарамдуу. Ал эми В жана Г типтериндеги өсүмдүктөрдүн тоюмдуулугу төмөн, канткени менен алардын баары желе турган өсүмдүктөр, ошондуктан аларды мал азыраак болсо да жейт. Д тибиндеги өсүмдүктөр адатта мал жебейт; алар желбей турган өсүмдүктөр болуп саналышат, ал эми кээ бирлери уулуу болгондуктан, аларды жеген мал өлүмгө да дуушарланышы мүмкүн.
А жана Б типтериндеги өсүмдүктөр чогуу "жогорку тоюмдуу көк биомассаны" (ЖТКБ) түзүшөт. Аталган типтер жайыттын жакшы шарттарын камсыздаган ар түрдүүлүктүн негизги көрсөткүчү болуп саналат. В жана Г типтериндеги өсүмдүктөр "начар тоюмдуу көк биомассаны" (НТКБ) түзүшөт да, жайыттардагы пайдалуу жана желбей турган өсүмдүктөрдүн ортосундагы буфер катары кызмат аткарат. Д тибиндеги өсүмдүктөр "отоо чөптүк көк биомассаны" (ОЧКБ) түзүшөт, алар колдонууга жарактуу жайыт участокторунда гана же болбосо тоют өсүмдүктөрү абдан кыскарып кеткен учурларда гана керектелет; алардын көп кездешүүсү жайыттын абдан катуу тепселенип, бузулушунун көрсөткүчү болуп эсептелет.
Өсүмдүктү А дан Дга чейинки типтердин бирөөсүнө киргизип, аныктоо алардын түрлүк окшоштугуна карабастан, жайгашкан жерине жараша ажыратылат. Тоюмдуулугу ал өскөн чөйрөсүнөн көз каранды болуп, малдын түрүнө карата өзгөрүлүп турат; тоюмдуулук көбүнчө мейкиндикке жана мезгилге жараша өзгөрүлүп, айырмаланат. Өсүмдүктүн сабактарына караганда жаш бутактары жакшы желет, ошол себептен, уй жаныбарлары алгач жакшы желе турган өсүмдүктөрдүн жаш бутактарын биринчи кезекте жеп, анан начар желе турган өсүмдүктөрдүн жаш бутактарын жеп, ошондон кийин гана тоюмдуулугуна жараша биринчи кезекте желе турган өсүмдүктөрдүн сабактары менен тамырларын жегенге киришет.
Таптакыр мал жайыла элек жерге жаңыдан келгенде жаныбарлар, албетте, Л тибиндеги өсүмдүктөрдүн жаш бутактарын жеп башташат (1-кадам, аракет). Бирок А тибиндеги өсүмдүктөрдүн сабактарын жегенге киришүүдөн мурун, алар Б тибиндеги өсүмдүктөрдүн жаш бутактарын жегенге өтүшөт. Жаныбарлар өздөрүнүн табитине жараша тоют өсүмдүктөрдүн бир тибинен экинчи тибине, ошондой эле өсүмдүктүн бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө кантип өтөөрү чагылдырылат.
Жайыттардын начарлашын жана тепселип, бузулушун болтурбоо үчүн белгилүү бир чектерди сактоо талап кылынат. 9-кадамдан кийин, б.а. азыраак тоюмдуу Д тибиндеги өсүмдүктөрдүн жаш бутактарын жеп баштаганга чейин үй жаны-барлары 10-кадамда көрсөтүлгөндөй А тибиндеги өсүмдүктөрдүн тамырлары менен азыктанышат. Жайыттарда А тибиндеги өсүмдүктөр үзгүлтүксүз негизде өсүп чыгып турушун камсыз кылуу максатында, мүмкүн болгон бардык аракеттерди көрүү менен так ушул 10-кадамды болтурбоо талап кылынат. Кургап калган өсүмдүк калдыктарынын ашыкча чогулуп калышына жана бою бийигирээк жана продуктивдүүлүгү төмөнүрөөк болгон бадал сымал өсүмдүктөр басып кетишине жол бербөө үчүн адатта, эгерде мал жаюуга башка жайыт аянттары жетиштүү болсо, малдын 7-кадамдан ары өткөрбө сунуш кылынат. Эгер малды жаюуга башка жайыт аянттары жок болсо, жайыттын начарлашына жол бербөө үчүн, балким бир жайыт аянтына жайылган мал башынын санын кыс­картуу керек болот.
Малды жаюу ушундай жолдо жөнгө салынганда жакшы тоют өсүмдүктөрүнүн био-массасынын жарымы гана керектелет, ал эми калган жарымы керектелбеген бойдон калат да, натыйжада жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга алып келет.
(Уландысы кийинки санда)
"Малчылар үчүн колдонмо" китебинен алынды.
74-76 беттер.




Суусамырды сумсайтпагылачы
Асман менен талашкан Төө-Ашуудан ашып түштүктү көздөй сапар алсаңыз,ашуунун туу белине чыкканыңызда келберсип, керилип жаткан Суусамыр өрөнүнө туш келесиз. Бетегеси белден буралган кең алкапта миңдеген мал жайылып, береке, байлыкка тунуп жатат. Кышы катаал болгону менен бул аймакта кыргыз эли кылымдарды карытып жашап келет. Береке, байлык демекчи Суусамырда мал жайгандан тышкары алтын кенин тапкандар да, аркар-кийик аткандар да көзүн кубантып толкуп ташып алаары чын.

Акыркы жылдары элибизде мал башы көбөйүп, жайыт маселеси курч коюула баштагандан бери Суусамыр жайлоосуна мал чыгарабыз дегендер арбып чыга келди. Ошого жараша Суусамырда иш алып барып жаткан ПРООНдун "Суусамыр өрөөнүндө тоолуу жайыттарды туруктуу башкарууну жайылтуу" долбоору ат көтөргүс иштерди аткарып келди. Долбоордун алкагында өрөөндө мал жайган 80 айыл округдун бардыгынын жайыт чек арасын тактоо иштерин жүргүзүү, жайыт пайдалануучулар менен тыгыз иш алып баруу каралган. Жайыт пайдаланган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун айыл округдары, Талас, Чүй облусунун айыл округдарынын өкүлдөрү жергиликтүү жайыт пайдалануучуларга бир топ машакат алып келип жаткандыгына кейишет.
Жайкысын жайлоого чыгарда малдарын ар кандай ылаңдарга каршы вакцинациялабай алып келишет. Ошонун айынан өрөөндөгү малдарга жугуштуу оорулар жугуп калат. Суусамырлыктар аталган долбоордун негизинде айыл округдун аймагында ветаптекаларды ачып, иштетип коюшкан. Башка аймактардан келген малчылардын малын жайлоого текшерип өткөрүүгө укук берилген болсо жакшы болмок. Анда атайын тосмо орнотуп, Суусамырга киргизилиүүчү малдын ар бирин веткароодон өткөрүп текшерип чыкмакпыз дешет. Чындыгында эле жайлоого келе жаткан ар бир малды ветеринардык кароодон өткөрүп, ал дарыланбаган болсо ошол жерден дарылоо, профилактикалык иштерди жүргүзүп, андан кийин гана жайлоого уруксат берилгени талапка ылайык болмок.
Өрөөн тургундарына дагы бир түйшүк жараткан жагдай - жайытты мал жайгандан башка багыттарга пайдалангандар болууда. Мисалы бал аарыларын баккандар менен келишпөөчүлүктөр чыгат. Себеби алар бал аарылары өсүмдүктөрдү чаңдаштырып, жайытка пайда алып келип жатабыз дешет. Бир четинен ал да туура, бирок аарылардын уяларын жайгаштырган ар бир ящиги орто эсеп менен бир квадрат метр жерди басып калат да, ал жердин деградацияга учурашына алып келет. Ошондо бал аары баккан он ишкер келип, жайлоодо туруктаган болсо жыл сайын канча жер жарактан чыга баштайт? Ошону менен алар жайыт акысын да төлөгөнгө макул болбой турушат. Ошондой жайытты башка багытта пайдалангандардан жайыт акысын талап кылганда кыйынчылык туулууда. Жайыт мыйзамынын кайсы беренесине карап, жайыт акысын сурарыбызды билбей калабыз дешет алар.
Жыл он эки айдын жети айында кышкы ызгаарды башынан өткөрүп туруучу Суусамыр өрөөнүндө жайыт пайдаланууда гана эмес турмуш-тиричилик кечүүдө дагы түйшүктөр арбын. Ошентсе да ата-бабасы жердеп келген мекенин ыйык туткан айылдыктарга кошумча түйшүк жаратпаса дешет. Ансыз деле Суусамырда жайыттын көпчүлүгүн күндөн-күнгө алтыгана каптап келе жатат. Суусамырдагы жайыты ээлеген, тамыры тереңге кетип, оңойлук менен жоготууга болбогон, бул өсүмдүктүн азайышына көптөп кам көрүү кажет. Келечекте табияттын татынакай белеги болгон асыл жерибиздин кунары качып кетери бышык. Андыктан "жабыла көтөргөн жүк жеңил" - деген ата-бабалар сөзүн эске алып, жайлоону пайдаланып жүргөн 80 айыл округунун малчылары, мал чарба адистери, илимпоздор менен биргелешип аракеттенүүсү зарылдыгын баса белгилегибиз келди.


Ийкемдүү долбоор ийгилиги
Эркин Республикабызда 20 жыл аралыгында көптөгөн жаңы мыйзамдар кабыл алынып жатты. Анын айрымдары жаралбай жатып жалп өчсө, айрымдары турмушка терең сиңип, элге кызмат кылууда турат. Элдин эңсеп күткөн мыйзамдарынын бири бул "Жайыт мыйзамы". Мыйзам кабыл алынгандан баштап КРнын Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыт департаменти аталган мыйзамды элге жеткирүүгө билек түрүнө киришип кетти. Жакында эле борбор калаабыздын белгилүү "Жаннат" мейманканасынын конференц-залында өткөн чоң жыйында дагы жайыт мыйзамынын ийгилиги туурасында кеңири сөз болду. Жыйынга боордош Казакстан, Тажикстандан өкүлдөр келди.


Ошондой эле Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды пайдалануучулар менен бирге КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Айыл чарба министри, ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн орун басары Прадип Шарма баштаган тобу катышты. Жыйындын катышуучулары жайыт мыйзамынын турмушка сиңип кетишине чоң салым кошуп келе жаткан ПРООНдун Суусамырдагы "Тоолуу жайыттарды туруктуу башкаруу, жайылтуу" долбоорунун иши менен кеңири таанышып, алардын аткарган жумуштарына терең ыраазычылык билдирди. Жыйындын ачылышында сүйлөгөн Айыл чарба министри Т.Н.Беков ПРООН тарабынан түзүлгөн долбоор өтө жогорку деңгээлде иштеп жаткандыгына токтолду. Кошуна мамлекеттен келген өкүлдөр өздөрүндө мындай жайыт мыйзамы кабыл алына электигин айтышып, Суусамырлыктардын иш тажрыйбасын үйрөнүп жаткандыктарын айтып чыгышты. Кезегинде өздөрүнө бүдөмүк болгон жагдайлар туурасында суроо берүүгө да үлгүрүштү. Суусамыр айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы Нурдасан Кулматов электрондук жайыт комитети тууралуу ачык-айкын презентация жасап өттү. Жайыт билетинин экинчи бетине жайыт пайдалануучуларга бөлүнгөн жердин картасы түшүрүлгөндүгү келгендердин кызыгуусун туудурду. Людмила Пенкина жасаган "Жайыт мониторинги" аталыштагы презентациясы жайытка болгон көз карашты тереңдетүүгө үндөдү. Бул презентациядан кийин Суусамыр өрөөнүндөгү ар бир өсүмдүк, жан-жаныбар, курт-кумурска тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп, өздөрү да так ушундай иштей алсак деген асыл тилекте болгондору талашсыз. Долбоордун менеджери Байбек Усубалиев жасаган презентациядан улам кышы узакка созулган аймактагы жайыт пайдалануучулардын экинчи көйгөйүн чечүүгө арналгандыгын байкашты. Кышкы катаалда, алыскы аймакта мал колго карап калган учурда берилүүчү тоют корун кантип түзүп жаткандыгына ынанышты. Андыктан айыл округ аймагында 96 жамаат түзүлүп, анда 509 адам мүчө болуп кирген. Жамааттар кезек-кезеги менен үрөн алышып өрөөндө өсүүгө ыңгайлашкан арпанын, экспарцеттин ылгамдарын эгишет. 2011-жылы 55 гектар жерге арпа, 24га жерге экспарцети эгилген. 2010-жылы 4 тонна экспарцеттин үрөнү жыйналган. Быйыл алар 100 тонна арпа жыйнап алышты. Демек кг сын 10 сомдон сатканда 11 млн. сом тапты деген сөз. Ошондой эле жайыттын инфраструктурасын оңдоодо дагы алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, 56 көпүрө оңдолуп 30 миң баш малды кошумча жайганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2011-жылы Чүй облусунун үч районунан өкүлдөр келишип жайыт пайдаланууну башкаруу сырларынан үйрөнүшсө жайыт мыйзамынын аракеттерин үйрөнүүгө Тажикстан, Казакстандан жана республикабыздын башка аймактарынан да өкүлдөр келип жатышат. Ошентип "Суусамыр өрөөнүндө жайыт пайдалануудагы ийгиликтүү тажрыйба" деген аталышта өткөн чоң жыйында жайыт мыйзамынын ийгиликтери менен чала жерине оңдоолорду, түзөтүүлөрдү, толук­тоолоду киргизүү туурасында талкуу болду. Айтылган пикирлер менен орчундуу сунуштар ЖКнын депуттатарына жеткирилмекчи болду.








кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??