Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Урматтуу кадырман маанайы жаркын,
ак көңүл, кең пейил кыргыз элим!

Элбегзаяа
Батжаргал,
Эл аралык Тоолуу
өлкөлөр шериктештигинин, Борбордук Азиядагы
филиалынын Борбордук Азия боюнча аймактык координатору:
Урматтуу "Айыл Деми" гезитинин окурмандары, Сиздерди Эл аралык тоолуу өлкөлөр шериктештиги ( www.mountainpartnership.org) эл аралык туруктуу өнүктүрүү тармагында иштеп жаткандардын атынан босогодогу 2012-жыл Жаңы-Жылыңыздар менен куттуктайм. Бул жыл сиздердин үй-бүлөңүздөр жана айлыңыздар үчүн гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун.
Биз сиздер менен "Айыл деми" гезитинин 2011-жылдагы 8 чыгырылышында бирге болгонубузга кубанычтабыз. Басылманын мазмуну сиздер күткөн талаптарга жооп беришине аракеттендик. ДОБУШ рубрикасынын алкагында, сиздерден келген каттардын негизинде, бекер купонду пайдаланып сунуш-пикириңиздерди биздин журналистерге билдирип турганыңыздар гезиттин окумдуу болушуна кошкон зор салымыңыздар. Биз менен тыкыс байланышта болушуңуздарды өтүнөбүз.
Жаңырган жылда сиздерге жакшы жаңылыктарды, жаңы жетишкендиктерди чагылдыруу менен Элдик кабарчылардан окурмандар үчүн кызыктуу, окумдуу маалыматтарды күтөбүз. Биздин ишибизге, басылманын окумдуу болушуна элеттеги эмгекчил айылдаштардын салымы чоң. Борбордук Азиядагы тоолуу өлкөлөр шериктештигинин өкүлчүлүгүнүн, өзүмдүн жана Алма Карсымбектин атынан "Айыл Деми" гезитинин редакциялык кеңешинин мүчөлөрүнө, басылманын жамаатына гезитин ийгилиги үчүн кошкон зор салымыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Жаңы жыл ишиңиздерге ийгилик, жеке жашооңуздарга бакыт алып келсин.

Саламат
Маданбеков,
Борбордук Азиядагы
тоолуу коомчулуктардын Альянсынын президенти:
Эски жыл эсеп-чотун кагып, жыл жаңыраар мезгилге жетип, Жаңы Жыл каалгабызды каккылап жаткан учурдан пайдаланып, ушул келээрки жылда мен кыргыз элиме байыртадан мүнөздүү болгон ынтымак-ырашкерликти, достук маанайды, татыктуу жана бакубат жашоону, айттырбай келчү табийгаттын бөөдө кырсыктарынан, апааттарынан алыс болууну, мал-жаныбыз аман, оору-сыркоодон сырткары түгөл болууну, үстүбүздө ачык асман болуусун, тынчтык бейпил турмуш орун алышын каалайм, жана да бул ак, аруу тилектерибиздин орун алышын жараткандан тилеп кетем!
Кыргыз 2200 жылдап жашап, кылым карытып, "кыргыз" деген улуу атты ыйык сактап, ата-бабаларыбыз мурастарын муундан-муунга жоготпой, аздектеп өткөрүп келе жатканы чоң тарых. Ошол жылдардын арасынан быйылкы коен жылы канчалык түйшүктүү болсо дагы ар бир атуул өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо алды деп ойлойм. Эми алдыда келе жаткан балык жылында да элиме кажыбас кайрат, карыларыбызга узак, нарктуу карылык, жаштарга талыкпас эмгек, билим каалайм. Ден-соолукта, аманчылыкта кездешип туралы. Жаркырап келген Жаңы Жыл жергебизге жакшылыктарды тартуулап, жаркын маанай чачкан, берекесин төккөн жылдардан болсун.
Бак-таалай жана ынтымак ичинде аруу тилектер ишке ашып, жогорку жетишкендиктерди алып келишине тилектешмин. Кыргызстан элинин жаркын келечеги жана өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди ийгиликтер коштоп, үй- бүлөңүздөр менен бакубатчылыкта жашап, ден-соолукта болуңуздар.

Бахтияржан
Фаттахов,
Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу
иштери боюнча Улуттук
агенттиктин
директору:
Урматтуу айылдагы күжүрмөн карапайым элим келе жаткан 2012-жаңы жылыңыздар кут болсун! Жаңылануунун салтанаты болгон бул майрам сиздерге жана сиздердин үй-бүлөөңүздөргө бекем денсоолук, ырыс-ынтымак алып келсин!
Өзүңүздөр билгендей, үстүбүздөгү жылы республикабыз өз эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилеп, Мекенибиздин баардык булуң-бурчтарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күн сайын каармандык менен элдин күндөлүк жашоо-тиричилигине, өз аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө байланышкан жергиликтүү жана мамлекеттик маанидеги өтө жооптуу, татаал маселелерди чечип, калкка ар түрдүү кызмат көрсөтүп, ийгиликтүү иштер жүргүзүлүп бул жылды баардыгыбыз мөмөлүү болду деп айта алабыз.
Кыргызстан элинин келечеги жана өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерди ийгиликтер коштоп, эмгектин аркасында эл урматына бөлөнгөн бакыт-таалайды каалап, ар дайым асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Жаңырган жыл элибизге жакшы башталыштарды, жакшы маанай чачып, берекесин төккөн ак жолтой жыл болуусуна жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин жамаатынын атынан куттуктайм!


Экономика
Кымбатчылыктан качан чыгабыз?
Кымбатчылык жондон басып турган базар экономикасынын тушунда, карапайым кыргыз эли кыйла эле кыйналып турган учуру. Дүйнөлүк азык-түлүккө болгон баанын кымбатташынан, ансыз деле өлкөбүз экономикалык кыйын абалда турганда кымбатчылыктын иттин кара капталындай болгон карааны арабызга аралап киргени даана байкала баштады. Мамлекетибиздеги 1миллиондон ашык адам жакырчылыктын сазына батып турганын эске алсак, калайман журттун мындан дагы кымбатчылыктын өсүп кетишине туруштук берээри күмөн.

Базарга барсаң баары кымбат, баягыдай бул май көбүрөт, мунусу жыттанат деген жок колго тийгенин алмай. Нандардын баасы 8-10 сомду чапчыганы аз келгенсип камгактай, уучтасаң уучуңа толбойт. Өкмөт канчалык азык-түлүк бааларына чабуул жасоо аракетин күчөткөн сайын, баалар да ылдамдыгын жогорулатып, күн эмес саат сайын өсүүдө. Сатсаң арзан, алсаң кымбат деп кейигендер арбын. Төрт түлүк менен оокат кылган элет элинин тилегин таш каап, малдан ар кандай ылаңдар чыгып, мал базарлар эки күндүн биринде карантин. Мал базарда мал арзандаса да эт арзандаган жок азык - түлүккө болгон баанын өсүшүнө көптөгөн себептер бар экендигин баарыбыз эле билсек керек. Акыркы убакта дүйнө жүзүндө мунайга болгон баанын асман чапчып баратышы да азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө өз кедергесин тийгизбей койбойт. Кыргызстанга келген импорт, экспорттон үч эсе көптүк кылып, азык-түлүктүн 70 импорттолуп турганын эске алганыбызда, башка өлкөлөрдөн келген азык-түлүктүн кымбатташы да ушул себептен. Кыргызстандагы көмүрдүн баасы быйыл жылдагыдан да кымбатташы толук мүмкүн. 1979 - жылы 4,5 миллион тонна казылса, жылдан - жылга көмүр казуу азайып отуруп, 2007-жылы 353 миң тоннага түшкөн. Быйыл ким кайдан көмүр сатып алса да таш экен дешүүдө. Карапайым элеттегилердин эбип таап, көмүрдү саткан сатармандар таш сатып жатканын аны пайдалангандар гана билет.
Азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнүн объективдүү да, субъективдүү да себептери бар экендиги айдан ачык эле көрүнүп турат. Калктын саны күндөн-күнгө тездик менен өсүп бара жаткандыгы, шаар, кыштактар, ал тургай завод, фабрикалардын укмуштуудай өсүшү менен айдоо аянттар жыл сайын тарып баратат. Базарга барсаң баары кымбат. Ким бирөө айткандай, жашаган жашообуз өзү кымбат.

Жылдан жылга кымбаттап
Жыл сайын жаңы жыл алдында азык-түлүктүн кымбатташы көнүмүш эле нерсе. Казакстан менен Россияда жашоо кымбат дегенибиз менен биздин өлкөдөгү кымбатчылык алардан кем калышпай келе жатат. Күн эмес саат сайын тамак-ашка болгон баанын өсүшү баарыбызды тынчсыздандырууда.

Эмне мынча кымбаттап кеткен деген сурообузга сатуучулардын таңыркай карап "акыркы жолу базарга качан келдиң эле" дешсе, айрымдары өздөрү дүңүнөн кымбат алып жатканын баса белгилешти. "Кымбат деп эл наалыганы менен көпчүлүктө өтө берет экен" дейт сатуучу. Көпчүлүктө өтө берет деп эле кымбаттата берсе болобу дегенибизге, жашоо ушундай деп ийинин куушуруп тим болду. Кайда барба бири-бирине шылтап, эч ким май жебегенин айтып наалышат. Айланып келип эле элдин башына түшкөн мүшкүл күндөн күнгө курчуп бара жатканын көрүп зээниң кейийт.

PS. Шаарда кымбатчылык өкүм сүрүп турган мезгил. Бул көйгөйдү миң жолу айтсаң деле чечилбейт. Анткени бүткүл өлкөдө кымбатчылык болуп жаткан учур эмеспи. Аба-ырайы кескин сууп кеткенине байланыштуу кышка даяр болбогон карапайым калк бир топ жүдөп калды.
Кундуз Исмаилова




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??