Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Тоолор күнү өттү
Борбордук Азия Университетинин башкы имаратында 11-декабрда чоң салтанат болуп өттү. Бул салтанат 2003-жылдан бери белгиленип келе жаткан тоолор күнүнүн кезектеги майрамы. Дүйнө жүзүндөгү кургак материктердин көп бөлүгүн алып жаткан тоолордун, адам баласынын жашоо турмушунда алган орду зор.

Ал эми тоолордун кылымдан -кылым карытып сакталып турушунда, токойлордун таасири эбегейсиз терең мааниге ээ. Эл аралык тоолуу өлкөлөр шериктештигинин координатору Олман Серрано айткандай, токойсуз тоолор жарыгы жок үйгө окшойт. Тоолор күнүндө кыргызстандыктар да токойлордун бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегине кеңири токтолушту. Анын далили катары Кыргызстандагы токойчулар менен жер пайдалануучулар ассоциациясынын директору Айткул Бурханов, токойлорду сактоо, абалын жакшыртуу боюнча жасаган презентациясында айтып өттү. Борбордук Азиядагы тоолуу коомчулуктардын Альянсынын башкы катчысы Гүлзада Илипбаева тоолуу жерлерди өнүктүрүүгө кошкон салымы туурасында кызыктуу презентация жасады.
Салтанатты Эл аралык Тоолуу өлкөлөр шериктештигинин Борбордук Азиядагы филиалынын, Борбордук Азия боюнча аймактык координатору Эльбегзаяа Батжаргал жана аталган уюмдун кызматкери Алма Карсымбек уюштурган. Ошондой эле тоолуу өлкөбүздүдөгү жашоо шартты жакшыртууга кызыкдар бир топ уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Чет өлкөлүк донорлор менен тыкыз иш алпарып жаткан кол өнөрчүлөрдүн тобунун нукура кийизден жасаган буюмдары көргөзмөгө коюлду. Кыргыз жергесиндеги керемет кооздукка арналган бир канча фото сүрөттөр дагы көргөн жанды кайдыгер калтырбады. Салтанаттуу жыйындын катышуучулары түштөнүү учурунда унут калып бара жаткан кыргыз даамдарынын нукура түрлөрүнүн даамын татыша алды.Чет өлкөлүктөр гана эмес бул күнү кыргыз жарандары дагы эски рецептер менен даярдалган тамак-аштардын түрлөрүн көрүп кандайча жасалганына кызыгып жатышты. Ал гана эмес тоо койнунунан терилип даярдалган дары өсүмдүктөрдүн көргөзмөсүнө кызыгуучулар ошол жерден сатып алууга да жетишти. Ошентип негизинен тоолордун адам баласынын жашоосунда алган ордун кеңири белгилөөгө арналган бул күндү биздин жарандарыбыз да турмушка сиңирүүгө өз салымдарын кошуп жатышат. Бул күнү жартылыш байлыктарына жасалган кайдыгер мамилени оңдоого мезгил жеткендигин баса белгилешти. Асман мелжиген бийик тоолордун абалын жакшыртып сактап калуудагы адам баласынын аткараар иштерине токтолгон презентациясын, Алма Карсымбек чет өлкөлүктөрдүн катышып олтурганын эске алып, англис тилинде жасады. Салтанаттуу жыйындын катышуучулары таза суулардын мекени болгон мөңгүлөрдөн тартып эчен түркүн жер-жемиштин түрлөрү катылган тоолордо жашоо кечиргендерди тоолордун тиреги болгон токойлорго астейдил мамиле жасоого чакырышты.




Кылым көйгөйү климат өзгөрүшү
Адам зат жаралгандан тартып алдыга умтулуп келет. Улам жаңы табылгаларды таап, турмуш шартын оңдоого үйрөнүүгө ашыгат. Ошентип олтуруп айлана чөйрөгө кандай таасир этип жатканын анчалык этибарга албай келет. Биз аны байкабаганыбыз менен жаратылыш өзү жабыркаганын, ар кандай шарттарда эскертип келет.

Акыркы жылдары климаттын кескин түрдө өзгөрүп жатышы, жаратылышка аяр мамиле жасаганга үйрөн деп добулбас согуп жаткандай. Жартылышыбызды жабыркатып жаткан көрүнүштөр менен күрөш күч алып келе жатканы да бекеринен эместир. Жакында эле Бишкекте болуп өткөн "Кыргызстандын саясатындагы климаттын өзгөрүшүндөгү интегрициялык көйгөйлөр" - деп аталган конференция ушунун бир мисалы боло алат.
Улуттук конференцияга мамлекеттик тармактардан, жарандык коомдордон, улуттук жана чет өлкөлүк эксперттер уюмунан ошондой эле ӨЭУнун климаттык байланыш тармактарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандагы тоолуу экосистеманын өзгөрүшүнө, айлана -чөйрөгө климаттын кескин глобалдуу өзгөрүшү терс таасирин тийгизип жаткандыгын моюндаган жыйынтыкка келишти. Андыктан кыргызстандын саяасатында бул темага кайрылууга мезгил жеткендигин баса белгилөө менен мыйзамдар кабыл алынышы керектинин айтышты. Чындыгында климаттын өзгөрүшүнөн улам айлана -чөйрөнүн, ар кандай жагадайларга кабылганына карата мыйзамдар бар болгонү. Бирок бул күндө анын чабалдыгы билинип отурат.
Ар кыл тематикада жасалган прзентациялардан кийин конференциянын катышуучулар кабыл алган резолюцияда буларга токтолду.
КРнын Өкмөтүндө жана Парламентти климаттын өзгөрүшүнө карата улуттук позициясын түзүүгө умтулуусун белгилешти. Ошондой эле улуттук конференцияанын катышуучулары улуттук саясатта таасирдүүлүккө жетишүү үчүн алгач мыйзамдуулукту негиздеп иниституттук негиздеги түзүлүштү түптөш керектигин такташты.




Арышыбыз бирге болсун окурман
Урматтуу окурман журтчулугу Сиздер менен "Айыл деми" гезити аркылуу бир жыл бирге болдук. Ошол көз ирмемчелик убакытта окурмандар үчүн пайдалуу маалымат берүүгө аракеттендик. "Айыл деми" гезити жарык көргөнү, калк арасында кеңири тарап өз окурмандарын табууда. Басылманын жарык көрүшүн жалпы эле карапайым калкыбыз жылуу тосуп алышып, окурмандарыбыз кат кабар, каалоо-тилектерин жөнөтүп байланышып келе жатышат. Буга чейин басма сөзү жок болуп келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери айыл арасында жүзөгө ашырып жаткан алгылыктуу иштерин, көкөй кескен көйгөйлөрүн Өкмөт жана кесиптештери менен тең бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Басылма Тоолуу өлкөлөрдүн шериктештиги долбоорунун негизинде каржыланып келе жаткандыгына ыраазычылык билдиребиз.
Өлкөбүздөгү баардык айыл өкмөттөрүнө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик жана Кыргыз почтасы аркылуу бекер таркатып келдик. Мындан нары да тилектеш бололу айылдаштарым. Бардык нерсенин башаты болот. Анын сыңарындай биздин башатыбыз да айыл. Ар бир айылдагы карапайым калктын добушун, айылдын ажайып кооз ажарын, көз жаздымда калган көйгөйлөрүн ачык билдиргенге аталган басылмада мүмкүнчүлүк бар. Айылдагы эмгекчил элдин көптөгөн тажрыйбалары да айтканга арзыйт. Мына ушул багытта редакцияга кат жөнөтүп, каалаган суроолоруңуздарга жооп алсаңыздар болот. Албетте, ар бир адистин өз кеңеши бар, эгер сиз да кесипкөйлүк чеберчилигиңиз менен бөлүшүүнү кааласаңыз биз менен байланышыңыз. Гезит окумдуу болушу үчүн сиздердин, тактап айтканда окурман журтчулугунун ой-пикирине муктажбыз. Мына ушуну эске алып, мүмкүн болсо кабарлашып туруңуздар. Массалык маалымат каражатынын бир өкүлү, анан да ошол айыл элинин дыйкан-фермердин деги эле элеттин кызыкчылыгын жогору коюп, анын өнүгүшүнө өз салымын кошсом деген "Айыл деми" гезити сиздердин кеңешиңерди да укканга даярбыз. Жаңырган жылда гезиттин ар бир санын калтырбай окуйм десеңиз, жергиликтүү почта түйүндөрү менен байланышыңыз. Бир жылдык жазылуу 77 сом 84 тыйын сом. Эч нерсеге арзыбаган каражатка карабай элине мээнети менен жаккан атуулдардын иштери, айыл турмушу, учурдагы экономикалык абал, маданияттын туу чокусу, ден соолукта болуунун сырлары тууралуу маалымат алууну кааласаңыз биздин гезитке жазылыңыз Мекенине мээнети менен жаккан, өзүнүн атуулдук сезимин бийик туткан инсан катары "Айыл деми" гезитине жазылууга кайдыгер карабайт деп ишенебиз.
Жакындап кирип келе жаткан балык жылы элибизге жакшылык алып келсин. Ар бир Кыргызстандыктын алдыга койгон ой-максаты ишке ашсын. Анткени, ар бир үй-бүлөнүн бакубат турмушу - бул мамлекеттин ийгилиги. Жыл тогошкон мезгилде сиздерге бакыт-таалай, бекем ден-соолук, эң башкысы тынчтык-амандык тилейм. Жаңы жыл улуттук ынтымактын, жакшылыктын, ырыс жылоологон бейпилдиктин, тынчтыктын, албан-албан ийгиликтердин, молчулуктун, боорукерликтин, ишкерликтин жылы болушун каалайм.

Кундуз Исмаилова




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??