Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Грипп- мээни жабыркатат
Кыш келип күндүн илеби кайтып, суук күч алган сайын элдин көпчүлүгү чүчкүрүп, жөтөлүп жүргөнү адатка айланат. Бул сасык тумоонун таасиринен кабар берет. "Грипп болуп калыптырмын" деп маани бербей жүрө берсеңиз, бара-бара чоң дартка айланат. Андыктан анын алдын алып же убагында дарылап калганыңыз оң.

Эпидемиянын "королу"
Башка оорулардын көбү дал ушу сасык тумоо учурунда өрчүп, козголуп, андан айрыкча кары-картаңдар, балдар көп жабыр тартышат. Мындай эпидемиядан жүрөк оорусу бар адамдар өлүмгө дуушар болгон фактылар да катталган. Вирус адамдын организмине киргенден тартып башка адамдарга да тез жайыла баштайт. Эгер вирусу бар адам жөтөлсө, чүчкүрсө, аба менен башкаларга жугат.
Сасык тумоонун жеңил түрү менен жабыркаганда адамдын температурасы нормалдуу болот же 38 С чейин көтөрүлөт. Мында шалдыроо, муун-булчуң, баш оорулары, тамак оорусу, жөтөл менен коштолот. Сасык тумоонун экинчи түрүндө абдоминалдык синдром, тактап айтканда ич оору, диарея оорулары да күч алат. Оорулунун температурасы 40-45 С көтөрүлүп, чыйрыгуу, галлюцинация болот жана мурун канап, кусуп адам өзүн алсыз сезет. Сасык тумоонун өтө жугуштуу экендигин да эстен чыгарбаңыз.
Көпчүлүк учурларда мурун жана ооз көңдөйүнүн ириңдеп кетүүсү менен да коштолот. Мындай учурда адамдын температурасы жогорулап, деми кыстыгып, жөтөл күч алат. Ооздун ичи кургайт. Тынч уктай албай, дайыма чарчап, маанай суз болот. Сасык тумоо нерв ооруларынын пайда болушуна да жол түзөт. Мисалы, менингит, менингоэнцефалит жана энцефалит, невралгия, неврит сыяктуу башка оорулар да пайда болушу ыктымал.

Назгүл Каркабатова,
врач-инфекционист:
-Алдын-ала эмдөө жасатуу үчүн жашоочулар кайда кайрылуусу керек?
-Мындай учурда ар бир адам вирустан сактануу үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, сасык тумоого каршы вакцинанын акысын төлөп жасатууга укуктуу. Тилекке каршы бүгүнкү күндө мамлекеттин бардык жарандарды акысыз эмдөөгө каражаты жетишпейт. Акысыз эмдөө балдар үйүндөгүлөргө, карылар үйүндөгү адамдарга, төрөт үйлөрүндөгүлөргө жүргүзүлөт. Ошондой эле реанимациялык бөлүмдөрүнүн медициналык кызматкерлерине да эмдөө бекер жасалат.
-Көпчүлүгү үйдө жатып дарыланууну каалайт эмеспи, сиз буга кандай кеңеш берет элеңиз?
-Сасык тумоо болгон жаш балдарды жана кары адамдарды үй шартында дарылоо туура эмес. Ал медицинада дагы каршы көрсөтүлгөн. Анткени, бул оорунун өтүшүп кетүүсү ар кандай болушу мүмкүн. Вирус жуккан соң, биринчи эле күнү пневмония оорусуна чалдыгышы ыктымал. Андыктан, үй шартында дарылап жүрө бербестен дарыгерге кайрылуу шарт. Бир гана дарыгер оорулуу адамдын абалын туура аныктай алат. Сасык тумоо менен ооругандар медкызматкерлердин көзөмөлүндө болгону дурус. Бирок, жабыр тарткандардын 30ы бизге оору башталган соң, 6-7 күн өтүп кеткенден кийин кайрылышат. Мындай учурда жогоруда айткан оорулардын пайда болушуна алып келет. Ата-энелер ооруп калган балдарына өз алдынча антибиотиктерди колдонууга дагы тыюу салынат. Мындай учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө бактериялар жугуп, кээ бир учурларда аллергия да козголушу ыктымал.

Алдын алуу жолдору:
*Алыстан учурашуу абзел, анткени кол микробдорду ташуучу катары маанилүү роль ойнойт. Андыктан сасык тумоо менен жабыркаган адам менен кол алып учурашпастан, баш ийкеп учурашуу зарыл. Аны менен сиз вирустардан качкан болосуз.
*Таза абада чуркаңыз, басыңыз. Мындай учурда сиз сасык тумоо оорусуна туш болуу коркунучунан кутулган болосуз.
*Үйүңүздөгү кичинекей эмеректерди дезинфекциялоону унутпаңыз. Эшиктин туткасы, телевизордун пульту, муздаткычтын эшиги, кол жуучу чорголор жана телефон, компьютер микробдордун уясы.
*Туура тамактануу жана көнүгүүлөрдү жасоо: витаминдүү жашылча-жемиштерди көп колдонуңуз. Эртең менен турганда 10-15 мүнөт убактыңызды көнүгүүлөргө арнаңыз.




Сурагыла, жооп беребиз
Урматтуу окурмандар, сиздерде турмуштук кандай гана суроо болбосун бизге кайрылсаңыздар болот. Адистердин жардамы менен сиздин жүрөгүңүздү өйүгөн суроолорго жооп алып берүүгө даярбыз. Суроолоруңар болсо акысы төлөнгөн купон аркылуу же редакциянын дарегине кайрылыңыздар.
Бишкек шаары, Ош көчөсү 36. Байланыш телефону: (0312) 54 23 46.
Сиздердин сурооңуздарга юрист-кеңешчи Айнура Токтобекова жооп берет.

- Акыркы убакта кээ бир иш берүүчүлөр боюнда бар аялдарды жумушка кабыл алуудан баш тартып жатышат жана мындай көрүнүштөр көбөйүүдө. Негизи мыйзам боюнда бар аялдарды жумушка кабыл албоого жол береби?
Калия, Ала-Бука району.

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 305-беренесине ылайык аялдарды ишке алууда анын кош бойлуулугу же балдарынын бардыгы менен байланышкан жүйөлөр боюнча баш тартууга тыюу салынат. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жүйөлөр боюнча ишке алуудан иш берүүчүнүн баш тартуусу тиешелүү мамлекеттик эмгек инспекциясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
ooo ooo ooo
- Айылдагы жайгашкан аянтчаларды жеке менчике чыгарып алса болобу?
-Биринчиден, аянттар кайсыл жерлердин категориясына кирет экендигин түшүндүрө кетсем. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 85-беренесинин 1-пунктунда калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жол катнашы катары пайдаланылуучу, же болбосо калктын маданий-турмуш-тиричилик керектөөлөрүн ка­наат­тандыруучу (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, автомобиль жолдорунун жээгинде жайгашкан жана аны бойлоп өтүүчү жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, газондор, арыктар жана башка сугат тармактары, өткөөлдөр, бульварлар, скверлер, көлмөлөр ж.б.) жерлерден турат деп көрсөтүлгөн. Ал эми аянтттарды жеке менчикке чыгарып алууга мыйзам жол бербейт. Себеби Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 85-беренесинин 2-пунктуна ылайык калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда алар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан беш жылга чейин ижара шартында жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
ooo ooo ooo
- Кайрак жери болуп эсептелген, өзүбүздүн жер үлүштөрүбүзгө үй куруп алсак болобу?
Асан, Кочкор району

-Жок. Болбойт анткени Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 74-беренесинин 1-пунктуна ылайык сугат жана кайрак жерлер, кен чыккан жерлер, көп жылдык мөмө дарактар өскөн жерлер, маданий жайыттар, түп тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет. Ал эми Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 74-беренесинин 2-пунктунда болсо өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт деп так белгиленип жазылган. Эгерде өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин жеке менчик ээси ал жерине гидротехникалык курулуштардан башка кандайдыр бир курулуш курса анда ыйгарым укуктуу орган эскертүү бергенден кийин сот аркылуу жер участокторун алып коюуга укуктуу болот.

- Айылдаштарым болуп айылдын деңгээлиндеги жамаат түзөлү деп жатабыз. Жамаатты түзгөндөн кийин юстиция Министирлигинен каттоодон өтүүңүр тийиш деп жатышат. Деги жамаатты каяктан каттоодон өткөрүш керек?
Сагынбек, Нарын району

-Кыргыз Республикасынын "Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктунун негизинде жамаат өз мүчөлөрүнүн арыздарынын, жалпы чогулушунун протоколунун жана уставынын негизинде аны айылдык, шаарчалык, шаардык кеңеште каттаган учурдан тартып юридикалык жактын статусун алат. Демек Сиздин учурда жамаатты каттоодон айылдык кенештен өткөртөсүңөр.
ooo ooo ooo
- Мен бирөөнө канча сомдон ашык акча карызга берсем расписка жаздырып алышым керек?
Жыргал, Кадамжай району
-Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 177-беренесинин 1-пунктунун негизинде нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылуучу бүтүмдөрдөн башка, төмөндөгүлөр:
1) юридикалык жактардын жана граждандардын ортосундагы бүтүмдөр;
2) граждандардын ортосунда өз ара эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе ашкан суммада белгиленген, ал эми мыйзамда каралган учурларда бүтүмдүн суммасына карабастан түзүлгөн бүтүмдөр жөнөкөй кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июну N 1115-III
"Эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык 2006-жылдын 1-январынан тартып эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү айына 100 сом суммасында бекитилген.
ooo ooo ooo
- Нотариалдык иш-аракеттер деген эмне жана нотариалдык иш-аракеттердин кандай турлору бар?
Каниет, Сокулук району

-Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндөгү" мыйзамынын 3-беренесине ылайык нотариалдык аракеттер юридикалык мааниси бар талашсыз фактыларды, укуктук окуяларды ырастоону, документтерди күбөлөндүрүүнү, документтерге аткаруу күчүн жана юридикалык аныктык берүү боюнча нотариустун иш-аракетин жана граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын, алардын ушул Мыйзамда каралган мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган башка аракеттерин билдирет.
Кыргыз Республикасында нотариалдык аракеттерди мамлекеттик жана жеке нотариустар аткарат.
Калктуу пунктта нотариус болбогон учурларда нотариалдык аракеттерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучусу-тескөөчү органдарынын (айыл окмоттун) ушундай аракеттерди жасоого ыйгарым укугу бар кызмат адамдары (жооптуу катчылар) жүргүзөт.
Жеке нотариустар бүтүмдөрдү (келишимдерди, керээздерди, ишеним каттарды ж.б.) күбөлөндүрөт, жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүштү менчиктөө укугу жөнүндө күбөлүк берет, документтердин нус­каларынын жана алардын көчүрмөлөрүнүн тууралыгын, документтердеги колдордун аныктыгын, документтердин бир тилден экинчи тилге котормолорунун аныктыгын күбөлөндүрөт, жарандын тирүү экендигин, жарандын белгилүү бир жерде тургандыгын, жарандын сүрөттөгү адам менен окшоштугун, документтерди көрсөткөн учурду ырастайт, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын башка жеке жана юридикалык жактарга берет, акчаны жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат, аткаруу талабын ишке ашырат, вексель протесттерин аткарат, чектерди төлөөгө берет жана чектердин төлөнбөгөндүгүн ырастайт, документтерди сактоого кабыл алат, деңиз нааразылыктарын (протесттерин) ишке ашырат, далилдерди камсыз кылат.
Жогоруда саналып өткөндөрдөн сырткары, мамлекеттик нотариус­тар жаран каза болгондон кийин анын мураскерлерине мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берет, мүлктү ажыратууга тыюу салат жана аны алып коет, мураска калган мүлктү коргоо жагынан чара көрөт.





кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??