Yч кылдын бүтпөс сырлары
Жакында жарык көргөн Асан Кайбылда уулунун "Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор, пикирлер" китебинен утур­лап берип турууну туура көрдүк.
Башы өткөн санда)

Сыбызгы . Өрүк, тыт, алмурут сыяктуу катуу жыгачтан жасалат. Пластмасса, түстүү металлдан жасоого да болот. Жезден жасалгандар "жезнай" деп аталат. Мурда 6-7 гана көзөнөк болсо, өркүндөтүлгөн сыбызгыда алардын саны 10го барабар. Yн чыгаруу ыкмасы европалык флейтага окшош.
Керней. Өткөн замандарда ат чабыш, эр сайыш, үйлөнүү ж.б. майрам, тойлор керней, сурнайсыз өткөн эмес. Ошондой эле согуш учурунда кеңири пайдаланышкан. Yйлөмө аспаптар алыс аралыкка кабар, белги берүү үчүн колдонулган. Аспапты тик кармап, өйдө көздөй багыттап ойношот. Керней мүйүздөн жана жезден жасалат. Бул аспап үчүн кийиктин текесинин мүйүзү пайдаланылат. Мүйүздүн көңдөй бөлүгү аяктаган жерден кесип ташталып, оюлат. Yн өзгөртүүчү көзөнөктөр болбойт.
Жез керней. Жезден жасалып эки бөлүктөн турат: түтүгү, аягы. Түтүгүнө мүштөк ширетилет, үн чыгаруу ыкмасы мүйүз кернейдикиндей, көзөнөктөрү болбойт.
Сурнай. Конус формасындагы кош чымылдактуу үйлөмө аспап. өрүк, тыт жыгачтарынан жана камыштан жасалат, үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү 8. Ойноордун алдында чымылдагы суу менен нымдалат. Жарылып кетпес үчүн маалы менен ичине май сыйпалат.
2. Жаргактуу
урма аспаптар
Добулбас. Формасы эки башы кесилген ашкабакка окшош. Yстүңкү кырына буканын же төөнүн терисинен жасалган жаргак кере тартылат. Тулкусуна арча, тал, кайың материалдар колдонулат. Илгери добулбасты камчынын сабы менен ургулашкан. Азыр учуна кийиз капталган таякчалар колдонулат.
Доол. Аспаптын түспөлү баатырлардын баш кийими туулгага окшоп кетет. Оюу салып кооздолгон тулкусу жезден же латундан жасалат. Кармап жүрүүгө же ээрдин кашына илип коюуга ыңгайлуу болуш үчүн, учуна жазы кайыш тагылат. Доолдун таякчасы болуп табылгы өсүмдүгүнүн сөңгөгү пайдаланылат.
Дап. өткөн заманда көбүнчө бакшылар колдонушкан. Майда жандыктардын териси тартылган жыгач алкакка шыгырата темир шакекчелер илинет. Дапты титиреткен жана алакан менен ургулашкан.

3. Шыңгыратма аспаптар
Темир ооз комуз. Дүйнө жүзүнө кеңири тараган аспап. Кылдарын термелтүү аркылуу добуш чыгарылат. Аспаптын тулкусу темир, жез, колодон жасалат. Темир комуздун тилине болот металлы гана жарайт. Аспап ар кандай формадагы жыгач кутуларда сакталат.
Жыгач ооз комуз. Аса-муса, шилби, сары жыгач сыяктуу өзөгү катуу бадалдардан жасалат. Узундугу 15-20 см. келген жука тактайчанын бир жак башы ичкерээк келет, ортосунан добуш берүүчү тили оюлат. Тилинин баш жагында көзөнөккө боо, ичкерээк башына илмек жип тагылат. Аткаруучу аны сол колунун манжаларына илип, комузду эринге такай күүгө киргизет.
Тай туяк. Жаныбарлардын туягынан жасалган урма аспап. Эки туякты кырып жышып, тазалап, кайыш боого кошоктоп, бирин төрт манжага кийгизип, экинчисин бармакка кысып ургулоодон ар кандай ыргактар чыгат.
Аса-муса. Өткөн замандарда бакшылар, дербиштер алып жүрүүчү таяк Аса-муса деп аталган. Ага кичинекей коңгуроолорду, темир шакекчелерди тагып алышкан. Аса-муса таягы көбүнчө бадалдан тандалып, бийиктиги ар кандай, 1-2 метрге чейин жеткени да болгон. Азыркы учурда ансамблдерде пайдаланууда.
Аса-мусаны "аса таяк" деп да коюшат.
4. Кыл аспаптар
Кыл кыяк. Скрипкага түспөлдөш келгени менен кыргыздын кыл кыягында ойноонун жол жобосу кескин айырмаланат. Мисалы, скрипка ийинге коюп тартылса, кыл кыякты мандаш ура тизеге такап, тикесинен кармап, кылдарын аспап мойнуна тийгизбей, жумшак басып ойнолот. Кыл кыяк өрүктөн, жаңгактан, арчадан чабылат. Чарасынын үстүңкү жарымы ачык калтырылып, жарымына кургатылган төө териси капталат. Кылдары жылкынын кыл куйругунан тандалат. Кыякты тарта турган дого сымал таякча үчүн катуу табылгы жыгачы тандалып, жаага жылкынын кыл куйругу байланыштырылат.
Комуз. Кой ичегисинен кылдары тагылган, карагай капкак жабылган, өрүктөн оюп чабылган "үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз" жөнүндөгү сөз кезегин кеңири козгомокчубуз. Жердигинде сөөгү таза жыгач табылбаса, көөрү төгүлгөн усталардын колунан чабылбаса, кынабы менен кылы тагылбаса, комуз жарыктык коңгуроодой кооз добушту бере албасы белгилүү. Кыргызстандын түштүгүндө комуздун формасы кичирээк жана ичкерээк келгендиктен, аны "Токтогул комуз" деп да коюшат.
Жылаажын. Аспап жезден, темирден, колодон жасалып, ичине бүдүр салынат. Жылаажынды кулундун мойнуна, алгыр куштардын бутуна тагышат. Түштүктө бул аспап "Зыңгырооч" деп да аталат. Памир, Алайда "Буум түймө", "Куш коңгуроо" деген аталыштар да белгилүү.
Коңгуроо. Илгери үй жаныбарларына тагышкан. Көч башындагы төөнүн же аттын мойнуна байлап коюшкан. Түштүктө "Зыңгырооч" деп да жүрүшөт. Колдонулушуна карай коңгуроонун көлөмү ар кандай: көлөмү чоң жасалгандарды "Жекесан" деп коюшат. Кыргызстандын түндүгүндө "Төө коңгуроо" дешет.
Шалдырак. Өткөн заманда шалдыракты думана, бакшылар зикир чалганда колдонушкан. Бүгүнкү күндө анын өркүндөтүлгөн түрү музыкалык ансамблдерде колдонулууда. Элдик оозеки чыгармачылыктын эң байыркы катмарында "Дамбыр таш", "Бекбекей", "Шырылдаң", "Койчулардын коңур күү", "Думананын зикири" сыяктуу ыр-күүлөрдү синкреттик үлгүдө жарата келген аса таяк, шаңгырак, коңгуроо, ышкырык, сыбызгы өткөн замандагы аш-той, шаани-шөкөттөрдү тегиз аралап, айкаштарда душман жүрөгүн жаралап, жоокерлерди эрдикке сүрөп салып келген болсо, азыр анча баркка алынбай бараткан абал баарына дайын. Айта кетели, тембри тегиз, добушу жылаажын "Тагылдыр-Тоодой" таза, татына ыргактарды тапкан темир ооз комузубуздун, боз үйдүн түндүгүнөн буралып чыккан түтүн сымал, түрмөк-түрмөк ыргактарды ырастай алган жыгач ооз комузубуздун, ат куйругу кылга кере тартылган, күүлөрүнө атпай журт табынган кыл кыягыбыздын күү өнөрүн өркүндөтүүдө өзүн-өзү таануу мүмкүнчүлүгүн көңүлгө ала жүрсөк. Бул атуулдук негизги тилек. Yч кыл комузубуз жөнүндө ой оролу дагы алдыда, ага кененирээк токтоло кетмекчибиз.

Китеп сатып алууга кызыккандар 0770 82 28 32 номерине же elmira.kuchumkulova@ucentralasia.org дарегине кайрылыңыздар.
(Уландысы бар)





Табыйгат мыйзамына моюн толгоо

Жаратылыштын керемет сырларын али да адам баласы ачып бүтпөй келет. Айланага көрк берип кулпурган гүл да, мезгили жеткенде саргарып куурап түшүп кийинкисине орун берет тура. Адам баласы дагы табыйгатын мыйзамына эриксиз, эрктүү баш ийип өз ордуларын кийинкилерге бошотуп келет. Кайсы жерде болбосун иштин көзүн таап ишти алдыга жылдырган, акыл эстүү адамдар сый-урматка ээ болуп кары жаштын көңүлүнөн орун алат. Кай бирде гана адамдардын ач көздүгү же өзүмчүлдүгү ашынып кеткенде бул мыйзам ченемдүү көрүнүш четке кагылып калат тура. Мындай ойлорго кээде аргасыз берилесиң . Өзгөчө биздин театрлардагы коюлган спектакльдерге көрүүчүлөрдүн өтө аз каттаганынан улам ушул ойлор келип туруп алды.


Албетте сахнанын корифейлери болгон улуу муундагы актерлорго баш ийип таазим этем. Ошол улуу муундагы актерлор кыргыз искусствосун көккө көтөрүп ааламга даңкын чыгарганы тана алгыс чындык. Ал туурасында талаш жок. Бирок деймин аргасыз талантарды таптап ,туура жолго баштаган андагы улуу муундагылардын өнөгөсүн кийинкилери татыктуу улай албай келеби? Себеп дегенде азыркы учурдун улуу аксакалдары жаштарды тарбиялоодо чабалдыкка орун бергендей таасир калтырат. Айрыкча элеттик театрларда жаштардын карааны жокко эсе. Кантип эле ушундай болсун? Сен калп айтып жатасың дечүлөр четтен табылар. Антседа бул чындыктын чет бучкагын окурмандар менен бөлүшө кетким келди. Туура, замандын алга арышташы менен театр актерлорун даярдоочу окуу жайлар көбөйүп, сахнанын босогосун аттачу жаштар арбын эле болуп турат. Ал эми ишке келгенде ар түркүн тоскоолдуктар келип чыгат. Анын башкы себеби баягы эле акча каражатына барып такалат. Албетте театрда иштеген, бир канча өкмөтүк сыйлыктарга арзыган актерлор, мен пенсияга чыккам жарым ставкамды жаштарга бер, болбосо жаштарга үлгү көрсөтүп силердин сыйыңарга татысам болду дебейт да… Ал эми театрга келген жаш актердо иш тажырыйбасы аз болгону менен анын да каражатка муктаждыгы бар. Жашсың айлык акы албай иштей бер деп ким айта алат? Менимче эч кимдин антүүгө дити барбаса керек. Аргасыз кээ бир элеттик театрда кездешкендей ролдун сөздөрүн жакшы жаттаган улгайган актер жаш кыздын же уландын ролун ойносо айрым учурда рольго туура келип турганы менен унутчактыгынан же рольдун сөздөрүн жакшы жаттай албагандыгынан орто жаштагы актер четтеги ролдо ойноп, эпизодту толукташат экен. Роль бөлүштүрүүдө режиссеру келбетине карап эмес, сөздү туура жаттоосуна карап бөлүштүрүүгө аргасыз болгону театр­дын ички сыры болуп калса керек. Андыктан айрым учурда театрга барып спектакль көрүп эс алууга чакырылган жаштар, койчу силердин баягыл эле абышка- кемпирлерди көргүбүз келбейт,- деген жоопторду айтпастыр. Чындыгында элеттик айтылуу театрларга жаштар керек болуп тургандыр. Ооба, өтүгү менен суу кечип, белин чечпей араба менен кээде жөө- жалаңдап жүрүп театрдын ирегесин көтөрдү, пайдубалын түптөштү анткени менен мезгилдин өтүшү менен муундун алмашышына жол ачып койсо болор беле? Макаланын башында айткандай табыйгат мыйзамына баш ийсе, жаштардын сыйын көрүп, урматка бөлөнөр беле дейсиң да. Кээде ойго берилесиң оо, опол тоодой эмгек жасагандарга урмат даңктын чеги жок, кандай сый тартууласаң да жарашат. Ошону түшүнгөндөргө ырахмат дейсиң. Кээде капыраай, бул адам карыганын сезип жаштарга орун бербейби, тигил устуканды да ээледи, жамбаш, башты мүлжүгөнү аздай экинчи табактын устуканына көз артып, эч болбосо кабыргасын жылдырып койбойбу,- деп жатат деп таң каласың. Бул эми адам баласынын ач көздүгүнөн кабар берген көрүнүштүн бир чети гана. Ошол сыңары элеттик театрлардын кээ биринде жаш адам босогону атагандан тартып эле итатайы тутулуп, "акырын басса аксак болуп катуу басса таскак"- болуп улгайган аксакал актерлор тырчыйып калышат экен. Кийген кийиминен өйдө сындашып, жаш кадрды чүнчүтүп, айтоор кетиргиче шашып калышат тура. Кокус эле жетекчиси жаш болуп келсе "бөрү карыса бир койлук алы бар"-деген усулга салышып, туш-туштан таламайга алышып, аягында сыртка чыгарып, эшикти тарс жаап алышат. Керек болсо мына сага, деп ачкычын да бербей коюшкандарын укканым бар.
Биз бул макалабызда театр ишмерлеринин, актерлорунун аткарып жаткан иштерине, алардын спектакльдерине нааразычылык билдирип, эмгектерине шек келтирүүдөн алыспыз. Болгону театрларда жаштарды жээрибей, аларга татыктуу үлгү көрсөтүп, кемчилигин түздөп жөлөк-таяк болушуна, алдыга жылып заман талабына жооп берсе деген тилек.
Нуржамал Курманкулова