Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Эмнеге тоолорго
кам көрүшүбүз керек?
Бул күн тоолордун жашоодогу чоң маанисин элге жеткирүүгө, тоолорду өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр менен көйгөйлөрдү аныктоого жана дүйнө жүзүндөгү тоолорго позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келе турган өнөктөштөрдү жаратууга мүмкүндүк берет.


11-декабрь күнү БУУнун 2003-жылы өткөн 57-Генералдук Ассамблеясынын чечими менен "Эл аралык тоолор күнү" деп белгиленген. Генералдык Ассамблеясынын резолюциясында тоолуу региондордун өнүгүүсүнүн туруктуу багыттагы иш-аракеттеринин актуалдуулугунун өзгөчөлүгү белгиленген.


Тоолордо миллиарддай адам жашайт.
Глобалдуу масштабда алганда тоодо көптөгөн кедей адамдардын жашаган жери.
Тоолор дүйнөнүн бир топ бөлүгүндө ыйык деп эсептелет. Мисалга Кытайдагы Кайлаш тоосун, аны Азиянын миллиарддаган адамдары эң касиеттүү тоо деп эсептешет.
Тоонун 15-20 дүйнөдөгү бат өнүгүп жаткан индустриясы - туризмге пайдаланылат. Туризм тоолуу өрөөнгө кирген, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин өнүгүү башаты жана жумуш менен камсыз кылуу аргасы боло баштайт.
Тоолук адамдардын өтө жакыр жашагандыгын эске алып, алардын кирешесинин көбөйүшү үчүн абдан көп аракеттерди жасаш керек. Жашоону диверсификациялоо аргасы бул максатка жетүүнүн болочоктуу варианты болуп эсептелет.
Тоонун келечектеги муунунун жашоосун камсыздандыруу үчүн тоонун экосистемасын сактоого абдан олуттуу көңүл буруш керек, себеби ал келечектеги адамдардын негизги байлыгы болуп эсептелет.
Тоо суусун акыл-эстүү башкаруу фактысын моюнга алуу дүйнөдөгү приоритеттүү курс - суу кризисине байланыштуу болуп эсептелет.
Тоо суусунун ресурстарын башкарууну жакшыртуу үчүн олуттуу чара көрүү мындай жол менен ишке ашышы керек:
Тоолор - дүйнөдөгү суунун башмунарасы
Дүйнөдөгү негизги дарыялардын башаты тоолор.
Тоонун кургакчыл региондору ошол дарыя бассейндерине үстүңкү агымдын 80-100 берет, бул региондордо экономикалык өнүгүү үчүн тоо суусу абдан олуттуу. Жай маалында да жамгыр жааган региондордо тоонун суусу абдан маанилүү нерсе.
Дүйнөдө 1,35 миллиард адам же болбосо калктын 20 Гималайдагы Гиндукуш тоосундагы чоң дарыялардын бассейндеринде отурукташкан. Бул региондогу экономикалык тез өнүгүү да көпчүлүгүндө тоо суусунун шарапатына байланыштуу.
Памир жана Тянь -Шань тоолорундагы мөңгүлөр акыркы 50-60 жылда 14-30га ээрип кеткен. Бул кооптонууну жараткан тенденция Европадагы Алпь жана Кавказ тоолорундагы мөңгүлөрдүн ээришинин темпине тура келет.
Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөрдүн аянты (300 км 2 аянтты ээлеп 170 мөңгү жайгашкан) Өлкөбүздөгү эң ири алтын кени жайгашкан Кум-Төрдө 1943-жылдан 1977-жылга чейин 4 пайызга, 1977-жылдан 2003-жылга чейин мөңгүлөрдүн көлөмү азайган.
Ак-Шыйрак массивиндеги мөңгүлөр кору 10км 2 азайып, калыңдыгы да азайган.
Ак-Шыйрак массивинин түндүк бөлүгүндөгү Петров мөңгүсү (69км 2 ) тартылып, 1957-жылдан 2007-жылга чейин 1.8 км кыскарган.
Акыркы 20 жылда тянь-Шань тоолорунда кардын түшүшү 15 пайызга азайган.
Жай айларында туман түшүп, жаандын жаашы кар жааганга Караганда тоолордо керектүү өлчөмдө суунун топтолушуна терс таасир этет.
Кыргызстандагы токойлор менен токой коруктарында жыл сайын 0,7 млн. тонна көмүр кычкылтеги СО2 өзүнө сиңирип алат. Ал улуттук жараксыз газдардын 10-15 пайызына барабар СО2 ни түзөт.
Тоолуу жергебиздин жалпы аянтынын 4,32 пайызын токойлор ээлеп турат, токой аянты болсо 864миң 900 гектарды түзөт. Бул токойлордун 90 пайызы деңиз деңгээлинен 700 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан




Өзгөргөн аба
ырайына ыңгайлашуу
Тажикстандын Душанбе шаарында Тоолуу аймактардагы аба ырайынын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча атайын стратегиялар иштеп чыкты. Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Монголия жана Тажикстандын өкүлдөрү Душанбеде Исмаилиттердин Борборунда аймактык консультациялык жолугушуу өткөрүштү. "Тажикстан мындай маанайдагы жолугушуунун жайы болгондугунун өзү эле абдан символикалуу", деп билдирди Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Комитеттин төрагасы Талбак Салимов. - "Биздин Республика башка борбор азиядагы мамлекеттердей эле кошуна мамлекеттердин көмүртек газынан кыйналуудабыз, биз "пассивдүү тамеки чегүүчүнүн" жагдайында калдык". Бул аймактык консультациялык жолугушуу Эл аралык тоолуу өлкөлөр шериктештиги, Борбор Азия Университети тарабынан уюшулуп, Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо Комитетинин координациялоосу жана Дүйнөлүк Банктын "Тоолуу аймактардын өнүгүүсү жана адаптациясы, аба-ырайынын өзгөрүүсүнө таасир этүү" аттуу демилгенин алкагында уюшулган. Аймактык жолугушууда Нуробад районуна барышкан катышуучулар адаптациялык практикалардын жергиликтүү шарттарга жараша өзгөчөлүктөргө ээ болоорлугуна көздөрү жетишти.





Токойлор байлык башаты
Кыргыз Республикасындагы айыл тургундарынын өнүгүүсүндө токой кирешенин башкы булагы. Мына ушундай аталыштагы конференциянын катышуучулары токой чарбасындагы көйгөйлөр менен аткарылып жаткан иштерге токтолушту. Бүгүнкү кеп баа жеткис байлыктарга суктануу эмес, жергебиздеги байлыкты ырааттуу пайдаланып анын анын ырахатын кантип татабыз деген кеп.

Асыл Унделанд Дүйнөлүк банктын консультанты:
-Өз сөзүндө токой байлыктарын пайдалануу жана башкаруу боюнча кеңири айтып берди. Токой чарба саясатына, өкмөт тарабынан токулган токтомдор менен экспертердин жүргүзгөн байкоолоруна көз чаптырып атайын суроо жооптор уюштурулган 5 тандалган токой чарбаларындагы абалды чагылдырып өттү. Чындыгында токой чарбасындагы абал мактанаарлык эмес.

Үмүт Жолдошова, "Айылды өнүктүрүү" фондунун кызматкери:
- Токойдогу башкы байлыктардын бир жаңгак. Баалуулугу боюнча дүйнөлүк рынокто жогору турган жемишти терип, сатууда кыргызстандык багбандар бир топ чабалдык кыларын белгиледи. Чабалдык дегенде жемишти терип, жыйнап сатууда эмес алардын орошон эмгегинин арзан бааланышында болуп турат. Ал эми ортомчулар жаңгакты экспортко чыгарат. Кыргыздар жаңгакты өздөрү деле экспортко чыгарса болмок бирок ага шарт жок. Жакшы жасалган оромо жасалгалары жок. Бизден алынган жаңгактарды Өзбекстандан Түркиядан, Ирандан чагып ылайыктуу, кооз оромдорго, атайын кутуларга салып өздөрүнүн товары катары дүйнөлүк баада базарга алып чыгышат.
Эң өкүнүчтүүсү кыргыз жеринде өсүп кыргыздын багына бүткөн жемиштин грек жаңгагы болуп дүйнөгө таралышы болууда.

Жумабек Кенжекараев, "Токойду коргоо" коомдук фондунун жетекчиси:
-Өлкөбүздө жаңгак токойлору акыркы жылдарда ченемсиз бүлгүнгө учураганы жашыруун эмес. Токойлорго аябагандай сугалактык менен мамиле жасагандар көбөйдү. Жаңгак токойлорун жаңы көчөттөр менен толуктоого көңүл бурулбай калды. Биздин фондун негизги максаты жаңгактардын жаңы ылгамдарын өстүрүп илимий иштерди жүргүзүү. Андыктан Гавинский, Арсланбап, Орток токой чарбаларынан атайын өндүрүштүк аянттарды бөлдүрүп алганбыз. Ошол жерлерде жаңгактардын жаңы ылгамдарын өстүрүүгө көңүл буруп жатабыз. Токой арасындагы чөптөрдү тоютка чаап -жыйнагандар жаңы өсүп келе жаткан көчөттөрдү чөпкө кошуп оруп кетишет. Биздин жаңгак токойлоруун коргоо долбоорубуздун жетекчиси Швейцариялык атуул Жан Пер Сок жакындан жардам берүүгө ынтызаар. Биология илимдеринин кандидаты Мамажанов Давлет жаңгактын "Бомба", "Кыргыз жаңгагы" деген ылгамдарын жаңылап өстүрүп жатат. Токой чарбалары аларды питомниктерде өстүрүп көбөйтүүгө алып жатышат.
Аскат Кысанов, Айлана чөйрөнү коргоо жана мамлекеттик токой чарбачылыгы агентигинин токойдун эко­системасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:
-"Жыгачка болгон муктаждыкты чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз катышуусу менен чечилет. Миллиондон ашык эл токойлордо,токойлорго жанаша жайгашкан айылдарда жашайт. Учурда республикабызда 2,5 млн куб жыгачка болгон муктаждык бар. А биз болгону 0,5 млн куб гана жыгачты бере алабыз. Андыктан сөз башында айткандай ар бир айыл окуругу өздөрүнүн айылында ар кандай жыгачка жарамдуу бак-дарактарды өстүрүүнү колго алуулары зарыл.

Абдымуса Танабаев,
Айлана чөйрөнү коргоо жана мамлекеттик токой чарбачылыгы агенттигинин, токойлорду коргоо жана сактоо бөлүмүнүн башчысы:
-Эң бир кызыгы токойлордун пайдасын көргөндөрдүн түшүнүгүндө токойдун жок болуп кетүү коркунучунун жоктугу. Токойго жанаша жайгашкан айылдарда же токойлордун арасында жашаган элдердин токой байлыктарын ченемсиз пайдаланып жаткандыгына карабай эч кандай кам көрбөгөндөрүнө таң калам. Мисалы Кара-Алма айылы токойдун арасында жайгашкан. Тургундар токойго алардын жеке менчигиндей мамиле жасашат.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??