Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Биздин сунуш - сиздин утуш
Бардыгыбыз зооноздук
ооруулардан кабардар бололу
"Чүй-Талас Айылдык Кеңеш Кызматы" коомдук фондусу 2011-жылдын ноябрында усулдук кызмат катары Европа бирлиги тарабынан каржыланып жаткан "Зооноздук (мал жана адам ооруй турган) дарттардын алдын-алуу боюнча чаралар жөнүндө фермерлерге, мектеп окуучуларына жана эт-сүт азыктарын сатуучуларга маалымат берүү жана окутуу боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү" деген темадагы "Айыл чарьба инвестициялары жана кызматтары" долбоорунун "Жаныбарлардын ден соолугу" деген чакан компоненти боюнча зооноздук дарттар боюнча программанын алкагында ишке ашырууда.
Кыргызстандагы башкы тармактардын бири мал чарбасы болуп эсептелет, ал эми мал чарба продукцияларын өндүрүү айылдык калктын өзөктүү экономикалык иши жана жана алардын пайда алышынын жана иш менен камсыз болушунун негизги булагы болуп саналат. Айыл чарбасынын, атап айтканда мал чарба тармагынын өнүгүшүн токтотуп жана жана адамга зыян келтирип жаткан негизги факторлордун бири - айыл чарба малдарынын зооноздук дарттары, ошондой эле калктын билиминин жана маалымат алышынын жоктугу жана жетишсиздиги болуп саналат. Анын натыйжасында малдын жугуштуу ооруларынын адамга жугушунун пайызы жогору болуп жатат. Азыркы мезгилде республикада эпизоотикалык кырдаал кыйын болуп турат. Бруцеллез, сибирь жарасы, кутурма жана эхинококкоз сыяктуу зооноздук дарттардын саны өстү. Алда канча аялуу топ катары балдар коркунучтун өзгөчө тобуна таандык кылынат. Айыл жериндеги балдардын негизги бөлүгү мал багууда ата-энесине жардам беришет, иттер жана мышыктар менен көп ойношот. Ал эми булар болсо, эхинококкозду түздөн-түз жуктуруучулар болуп эсептелишет. Акыркы жылдарда эхинококкозу өтүшүп кеткен, боорунда, өпкөсүндө жана баш мээсинде эхинококкоз былжырлары пайда болгон балдардын ооруканаларга түшүшү көбөйүп кетти.
Зооноздук дарттардын алдын-алуу үчүн адамдардын жугуштуу дарттарды жуктуруп албоого жол бербөө жана аларды дарылоонун ыкмалары жөнүндө кабардар болушу маанилүү ролду ойнойт.

Долбоордун максаты
Долбоордун негизги максаты негизги максаттуу топтор аркылуу, аларды окутуу жана адамдар көп чогулган жерлерде массалык маалымат каражаттары аркылуу, анын ичинде жергиликтүү коомчулуктарды, мамлекеттик ар кандай структураларды жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен маалымат жайылтуу болуп саналат.

Ишке ашыруунун жолдору
Максаттуу топторго көп көңүл бурулат, ал топтор үч категорияга бөлүнөт:
1. Мектеп окуучулары
2. Фермерлер (мал ээлери)
3. Эт-сүт азыктарын сатуучулар
Бардык максаттуу топтор үчүн зооноздук дарттар боюнча, жугуштуу дарттардын алдын-алуу, малды кароодогу жана аны союудагы жеке гигиенанын эрежелери жөнүндө, этти, сүттү жана эт-сүт азыктарын сатуу тууралуу эрежелер жөнүндө билимдерин жогорулатуу үчүн маалыматтык-билим берүүчү иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Долбоордун максатына жана күтүлгөн натыйжаларына жетишүү үчүн Чүй-Талас Айылдык Кеңеш Кызматы иштердин календарлык планын иштеп чыкты, ал төмөндөгү иш-чараларды камтып турат:
-маалыматтык-билим берүү иш-чараларын даярдоо
-машыктыруучу-консуль­танттарды даярдоо
-кеңешчилер тарабынан мультипликаторлорду (фермерлерди, мугалимдерди, эт-сүт азыктарын сатуучуларды) окутуу.
- мал базарларда жана азык-түлүк базарларында мал чарба продукцияларын сатуучулар үчүн маалыматтык чогулуштарды өткөрүү
- мультипликаторлор тарабынан өзүнүн максаттуу топторун окутуу
- консультанттардын максаттуу топторго барышы, өткөрүлгөн окутуулар боюнча мониторинг жүргүзүү жана кошумча консультацияларды берүү
- калк жана мектептердин жана жогорку окуу жайларынын окуучуларынын арасында зооноздук дарттар боюнча маалымат жайылтуу
- окуу класстарын, айыл өкмөттөрүн жана базарларды тиешелүү маалыматтык материалдар менен камсыз кылуу.
Айылдык кенеш кызмат долбоор боюнча Кыргызстандын бардык региондорунда жана райондорунда иштеп жатат жана мультипликатор катары 2070 адамды жана максаттуу топтордун катышуучулары катары 75 000 адамды тартууну пландаштырууда.
Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2011-жылдын октябрь-декабрына эсептелген.
Шерип Бердалиев,
Чүй-Талас АККнын менеджеринин орун басары
Сүрөттөр АККнын
архивинен алынды






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??