Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Мал доктур адамзатты дарылайт
Ветеринария тармагындагы адистердин аброюна ар кандай кептер айтылып жүрөт. Доктур адамды дарылайт, ал эми мал доктур адамзатты дарылайт деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Мал доктурлук кесип кыргыз үчүн керек. Бирок тилекке каршы ал кесиптин ээлеринин айлык маянасы аз болгондуктан бул адистиктин ээлери иштегиси келбейт. Экинчиден иш орундар аз деген кеп калк арасында айтылып жүрөт. Бир нече жыл ветеринария тармагында тажырыйбасы бар Мамлекеттик ветеринария департаментинин эпизоотикалык абалды көзөмөлдө бөлүмүнүн адиси Курман Шаршенович менен маектештик. Сөз арасында тээ тестиер кезинде эле аквариумдагы балыктарга кызыгып, бир нече коен багып чоңойгондугун ошондой эле жан-жаныбарларга аяр мамиле кылганын айтып отурду.


-Ар бир жылы күзүндө вакцина жүргүзүлүп турат эмеспи, а быйыл кандай иштер аткарылды? Вакцинация учурунда кемчиликтер кетээри жашыруун деле эмес. Дегеним баардык адистер эрежени сактайт дегенге ким кепил болот?
-Албетте жаз же күз дебей биздин кызматкерлер жер-жерлерде малчылардын түмөн-түйшүгүн азайтсак деген тилек менен иштеп жатышат. Жылдагыдай эле быйыл да күзгү вакцинация кызуу аракеттер менен ишке ашты. Ар бир адис өз ишинин мыкты чебери болушу керек дегенибиз менен иш болгон жерде сөзсүз кемчилик да болбой койбойт. Барган сайын түзөлүп, оңолот деген иштеничтемин. Мал доктурларыбызга ар бир эрежени туура сакташына аракет кылабыз. "Чегирткеден корккон эгин экпейт" болуп ар бир нерседен шек санай бербей иштин натыйжасына көңүл буруп айылдарда мал доктурлардын санын көбөйтүшүбүз керек.
-Райондордо ветеринарлар жетишпейт ошол көйгөйдөн кантип арылсак болот?
-Бул мамлекеттик ветеринария департаментинин гана эмес, Кыргызстандын көйгөйү десем болот. Мал киндиктүү кыргыз эли үчүн биздин тармакта иштеп жаткан адистердин саны аз. Тээ союз учурундагыдай камкордук жок. Жер-жерлерде жеке ветеринардык сервистер иш алып барып жатышканы менен жамандыгы мамлекеттен акча алган биздин адистерге сөз тийип жатат. Айылдардагы жеке ветеринарлардан кеткен кемчиликти карапайым эл таразалабайт, ким кайсы эле деп сураштырбайт "МАЛ ДОКТУРДУН" күнөөсү деген учурлар жок эмес.
-Мал киндиктүү элбиз деп көкүрөк какканыбыз менен өзүбүз өндүргөн этти неге сыртка сата албайбыз?
-Эң биринчи биз өндүргөн этти экспорттогонду коюп, сыртка сатчу малды кайда союп, кан-жини кайда кетээрин ойлонушубуз керек. Бизде талапка ылайык мал сойчу жайлар жок.
-Учурда эпизоотикалык абалыбыз кандай?
-Албетте айрым ылаңдар жер жерлерде катталууда. Шарп боюнча мамлекеттик деңгээлде иштер аткарылып, айрым күнөөлүлөр жоопкерчилигин сезишти. Эң негизгиси жоопкерчилик менен иштеш керек.

P.S Мисалы бир адам бруцеллеоз болуп оорууканага барса андан алган анализдин негизинде азык-түлүк же төл учурунда малдан жуккан деген жыйынтыкты укканда гана мал доктурлук кесип ээлерин эстегенибиз болбос. Жер-жерлерде алардын айлык маянасы менен катар иш орундарын да көбөйтүү зарылдыгы турмуш чындыгы. Кыргыз жашап турганда мал доктурлук кесипке да талап жогору болушу керек. Башка кызматкерлердей иш алып барышканы менен майрамдачу даталуу күнү жоктугун айтышты.




"Койлордогу жугуштуу энтеротоксемия ылаңы"
2011-жылы ПСИУнун "Мал чарбасы жана жайыт" долбоорунун негизинде демонстрациялык - көрсөтмө окуулар жүргүзүү максатында "Чүй-Талас АКК" тарабынан Кара-Буура районуна караштуу Ак-Чий айыл округунун Молдоасан айылында маалымат чогулушу өткөрүлгөн. Маалымат чогулушка катышкан фермерлер мал чарбачылыгындагы көйгөйлөрүн айтып, айылда койлордун жугуштуу "энтеротоксемия" ылаңы чыгып мал кырылган мисалдары бар экендигин айтып өтүштү жана ушул ылаңдан сактануу жана дарылоо жолдорун үйрөнүүгө муктаж экендиктерин билдирип, ушул багытта демонстрация өтүүнү сунушташты.
"Былтыр койлорубуз өлө баштаганда ветврачтарды чакырып диагнозун коюп берүүнү сурандык. Алар лабораторияга анализге жөнөтүп "жугуштуу энтеротоксемия ылаңы" деген диагноз коюшту. Вакцинаны таппай койдук. Сураштырсак бул вакцинаны заказ менен Алма-Атада гана чыгарат деген соң, кандай иш чара көрөөрүбүздү билбей турабыз, ушул багытта кеңешке зарылбыз" деген ойлорун билгизишкен мал багуучулар.
Көпчүлүк катышуучулар бул сунушту колдошуп, - демонстрация жүргүзүүчү фермер катары Түлөкул Рысбековду көрсөтүшкөн.
Койлордун жугуштуу энтеротоксемия ылаңы деген эмне?
Бул койлордо жана 14 күндүгүнөн баштап 1 жашка чейинки козуларда кездешүүчү тез өтө турган жугуштуу ылаң.
Жугуу булактары:
Ылаң коргогучу жердин кыртыш микробу болгондуктан ылаң жайыттан жугат. Мал өтө калың чөптүү жерде оттогондо микробдорду көбүрөөк жегендиктен ылаңды козгогуч микроб ичегиде жакшы шарттын натыйжасында дүркүрөп өсүп токсинди бөлүп чыгарып ылаңды пайда кылат.
Клиникалык көрүнүшү:
Ылаң чагылган сыйяктуу өтө тез өөрчүйт, башын кекейтип кежеңдейт, тишин кычыратат. Энтигип дем алат. Ылаң тез өтүүчү түрүндө малдын абалы шылкыйып көп аралаш сасык суюк заң чыгып, чычкактайт. Мал чөп-чарды, топуракты жей баштайт. Мал 1-2 сутка гана ылаңдайт да өлүмгө дуушар болот.
Патанатомиялык өзгөрүүлөрү:
Мал өлгөндөн кийин бат эле ичи көөп кетет. Карындын ичи жинге толот, өт баштыгы өткө толот, боор саргарат, бөйрөктөрү өтө жумшарып ботко сыяктанып былжырап калат. Өпкө абдан чоңоюп шишип калат.
Диагноз:
Ылаңдын тез өтүшү жашына жараша болот. Диагнозду сөзсүз лабораториялык изилдөө менен далилдеш керек.
Дарылоо:
Ылаң өтө тез өткөндүктөн дарылоо натыйжасыз. Ошондуктан ылаңды болтурбоо, алардын алдын алуу абзел.
Профилактика (алдын алуу):
Жазында жана күзүндө биваленттүү же коливаленттүү вакцина менен эмдөө негизги иш чара. Эмдөөнү эки жолу санга куюп жасайт. Малды тоюттандыруу жакшы багуу организмдин чыдамдуулугун жогорулатат. Ылаң байкалган жайыттарда малды эртеңмененки кыроодо жаюуга жарабайт. Чөбү калың жайыттарда жаанда ылаңдын болушу менен байкалат. Ошондуктан жаан-чачын көп учурда чөбү калың жерге жаюуга болбойт.
Ылаңдын жогорудагы көрсө­түлгөн мүнөздөмөнүн негизинде фермер Түлөкул Рысбеков менен демонстрация өткөрүү планы түзүлүп, Молдоасан айылында кой баккан фермерлерге "койлордун инфекциялуу энтеротоксемия ылаңы" темасында окуу өтүлгөн. Күзүндө октябрь айында "Алтын тамыр" биолабораториядан алынган вакцина менен биринчисинде 3 мл, 15 күн өткөндөн кийин экинчи жолу 2 мл ден санга (жүнү жок жерге) эмдөө жүргүзүлгөн.
Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып иштин жыйынтыгын чыгарганда, фермер төмөнкүлөргө токтолду: "Чүй-Талас АККнын Кара-Буура райондук кеңешчиси Медетбек Жаманкулов менен бирдикте бул демонстрация жүргүзүүдө биргелешип иш алып бардык көйгөйүбүздү айтканда ал 75 000 өлчөмүндө вакцина менен камсыздады. Элге көрсөтүп-үйрөтүү максатында 560 баш койду октябрь айында 2 жолу эмдедик. Кудайга шүгүр, былтыр ушул ылаңдан 64 баш кой өлдү эле, быйыл өлүм токтоп 2 эле баш чыгым болду. "Чүй-Талас АККда" иштеген жамаатка көктөн издегенибизди жерден таап, жол көрсөтүп бергени үчүн терең ыраазычылыгык билдиребиз".
Медетбек Жаманкулов,
Чүй-Талас АККнын кеңешчи си




Таштанбектен алган таасир
Максат бала кезинен эле мал менен чоңойду. Анын кумири ошол кездеги мал бакан адамдардын эң кадырлуусу Ысык-Көл өрөөнүнүн кулуну, Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматов эле. Тээ кичине кезинде чаң-топурак болуп ойноп жүргөндө "чоңойгондо ким болосуң" деп сурай калгандарга буйдалбай "Таштанбек атамдай болом. Жакшы иштесем телевизордон сүйлөйм" дечү булдуруктап. Ошол тестиер бала эми минтип эрезеге жетти. А тургай балдары өзүндөй болду. Нарынбаев Максат, Жети-Өгүз районундагы Ак-Дөбө айыл округунда жеке ветеринардык сервис иштетип эл кызматында.
Алгач Ысык-Көл зоотехникалык окуу жайын аяктап эми эмне кылсам деп турганда Максатка Армияга чакыруу келген. Сарыбай ата менен Советкан апа жан-алы калбай кошуналарды чакырып балабызга батаңарды берип койгула, аман-эсен келип эл-жери үчүн иштесин дешкен. Андагы келгендер коштошуп жатып "бир орус келин ошол жактан ала кел" деп тамашалашкан. Кум-Төрдүн алтыны, аймактарыбыздагы баалуу кендер түгөнөт. Ал эми мал чарбачылыгы эч качан түгөнбөгөн, жоголбогон кесип мен ошондуктан ушул кесипти тандагам дейт Максат. Таштанбек Акматовдон таасирленип тандап алган кесиби союз тараганы көз жаздымда калганына өкүнөт. Максат мал артынан ээрчип мал баккысы келчү эмес. Аларды дарылап, малчыларга жардам берсем деп ойлочу. Мына иштейм деп турганда союз менен кошо мал тарады. Ар ким өз менчигине ээ болуп мал доктурдун кызматына талап деле жок болду. Жаш аялмент бүлө эгемендүүлүктүн алдыңкы жылдары абдан кыйналышты. Акыры бир чечимге келип, жеке ветеринардык сервис уюштурушту. Ошол алгачкы күндөрү элге пайдабыз тийип өзүбүз да капчыктуу жашайбыз деп ойлогонбуз бирок андай деле болгон жок дейт Максат. Анда кепке аралашкан жубайы "неге андай болгон жок дейсиң, эң негизгиси бирөөгө бересе эмес аласабыз бар" дейт тамаша аралаш. Максат жакын туугандарынын балдары же айылдаштары мектепти аяктаса эле мал доктур бол дей берет. Неге андай дейсиз алар сизге атаандаш болот да десек "жок атаандаш болбойт Тескерисинче бири-бирибизге жардамдашабыз. Кыргыз үчүчн ар бир үйдө бирден мал доктур болсо аздык кылбайт. Мал ылаңы азаят, асылдуулугуна көңүл бурулат"-дейт. Ак-Дөбө айыл округу төрт айылдан турат Тилекмат, Аңөстөн, Мундуз, Ак-Дөбө айылдарынын башын бириктирип, мал ылаңын алдын алып иштеп жаткан Максаттын жардамчылары бар. Аскат, Турдубек, Максатты айылдагылар атынан айтышпайт, тергеп мал доктур деп алышкан. 2008-жыл мал доктурларга камкордук болгон. Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү долбоорунун алкагында Бүткүл Дүйнөлүк банктын колдоосу менен берилген бир термо чемодан колуна тийгенде сүйүнгөнүн айтпа. Ага чейин дары-дармектерин ороо казып салкын деп ошол жерде сактачу. Бир чети кызыгы тарабай бир чети сүйүнүп бир топко термо чемоданды үйүнө келген адамдарга мактанып жүрдү. Андан кийин 2009-жылы 1, 2010-жылы 3 термо чемоданга ээ болуп ар биринин өзүнчө дары сактачу жайы болуп колдору узарып калды. REV1 эмдөөсүндө 8320 баш малга бруцеллез ылаңына каршы эмдөө жүргүздү. Башка мал доктурлар сыяктуу эле Максаттын да байлыгы көк дептерде. Аны ачсаң береке дейт жубайы кубана. Узун тизмеде нечендеген аттар менен катар утур кошулуп кайра чийилген аласа береселердин тизмеги. Мал доктурларды эле эмес карапайым элдин да сүйүнгөнү бруцеллезго каршы эмдеген ваксинациянын акысын чет мамлекеттик донорлордун каржылап жатканы сүйүнтөт. Бири пенсияны күтсө дагы бири жөлөк пулду күтүп мал доктурдун кызматы үчүн төлөнчү акыны төлөй албай убара тартышат. "Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү" долбоорунун алкагында биздин өрөөнгө да бруцеллезго каршы эмдөө жүргүзүлдү. Албетте аталган ылаңдан тап-такыр арылдык дебесем да алдын алуу үчүн абдан жакшы экен. Бирок аталган вакцинациянын мөөнөтү бүтүп жаткандыгына бир аз ичибиз аачышып турат. Себеби REV-1 вакцинасы кой-эчкилер арасында бекер жүргүзүлгөн. Элеттеги элдин баары эле акчасын төлөп вакцинация кылдырбайт. Кайрадан бруцеллез ылаңы көбөйбөсө экен"дейт. Карамагындагы 1200 уйдун канын ар алты ай сайын текшерип турат. "Менин жүрөгүмдү өйүп жүргөн бир маселе быйыл чечилди. Кай бирде бир бүлөнү баккан уйдун бруцеллез болуп ооруганын көрүп абдан кейичүмүн.Өткөндө облуста жыйын болуп, малы бруцеллез болгон ээсине Өкмөт тараптан кандайдыр бир деңгээлде камкордук болот дегенди угуп сүйүндүк. Жалпы чыгымы 650 АКШ долларынын негизинде бөлүнгөн акча ылайым карапайым элеттиктердин кызыкчылыгына жумшалат деп ойлойм"- дейт.
Кундуз Исмаилова







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??