Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Малчылар үчүн колдонмо
Жакында жарык көргөн "Малчылар үчүн колдонмо" китебинен гезиттин
ар бир чыгарылышында берип турмакчыбыз. Бул колдонмо баардык малчылар
үчүн абдан пайдалуу экени талашсыз.

Мал жаюуну туура уюштуруу жана мал башынын санын жайыт аянтынын бирдигине дал келчудөй кылып жайгаштыруу
Мал көбүнчө жакынкы зоналарга жайылат, ал эми тоюту мол бирок жетүүгө татаалыраак болгон зоналарда жайыт пайдаланылбастан калып калат. Туура уюштурулган жайыт иши-бул тен салмактуу жаюу жана ар кайсы жайыттарды туура пайдалануу дегенди тушундурет. Малды сугаруу үчүн суу булактары менен туздуу жерлер жайыт ишин туура уюштурууда маанилүү ролду ойнойт. Жайыт ишин туура уюштурууда төмөнкү кадамдарды эске алуу зарыл:
(Бир малчы же малчылардын тобу пайдаланып жаткан) жайыт зонасында, бир сезондун ичинде мал жайып, оттотуу үчүн, аны 4 участокко бөлгүлө
Жайыттарды участокторго бөлүү, ошондой эле малды жайып-оттотуу, оной болсун үчүн тоо кыркалары, дайра-өзөндөр жана жарлар сыяктуу табигыйчек араларды колдонгула.
Эскертүү. Участоктор сөзсүз түрдө эле бир кылка, текши болушу шарт эмес. Ошондой эле малды жаюу мезгили да жайыт участогунун көлөмүнө жана сапатына жараша бири-биринен айырмаланышы мүмкүн.
Төрт участокту пайдаланууну ар жыл же сезон сайын малды ар башка участокко жаюудан баштагыла. Жайыт участокторун которуштуруп пайдалануу мисалы төмөнкү таблицада келтирилет.
Малды жаюу үчүн пландалып жаткан күндөрдүн санына жараша ар бир участокту бөлүктөргө бөлгүлө; мисалы, эгер мал 8 күн жайыла турган болсо, бир участокту бир күндө пайдалангыдай кылып, 8 бөлүкчөгө бөлүп койгула.
Малды жайыт зонасын бойлото (саатына 200-300 м.
басып өткүдөй) жай айдагыла, ошондо мал жайытты тепселебей, мал жаюу бир калыпта жүргүзүлөт.
Малды айдап бара жатканда кундун нуру малдын жонуна же каптал ына тийги-дей кылып уюштуруп, күндүн жарыгы көздөрүнө чагылып, тынчын албоо керек, антпесе алардын сейрек кездешкен тоют өсүмдүктөрүн таап,оттоо мүмкүнчүлүгү начарлап калат.
Эртең менен, күн жылый элек мезгилде малды шамалдын багыты менен айдап, ал эми чак түштө, күн ысып чыкканда шамалга каршы айдап жайгыла.
Жайыттардагы өсүмдүктөрдүн жок дегенде жарымы гүлдөп калган мезгилде гана малды жайып-оттоткула; мындайда колдо бар биомассанын болгон бардык көлөмүн пайдаланууга мүмкүндүк түзүлөт жана тоют өсүмдүктөрүнүн малга жагаарлык түрлөрүнүн табигый түрдө жетишээрлик даражада кайра себилип, өсүшү камсыздалат.
Ар бир участокто, мал жайылган төрт сезондун ар биринен кийин, жайыттарда көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн кайра калыбына келип, өсүп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Зыянкечтердин көбөйүү циклин бузулуп, жайыттарды паразитардык булгануу булагы болуп калуудан сактайт. Малды туура жаюуну уюштуруу колдо бар биомассанын көлөмүн эске алуу менен малды жайыттарга чыгаруу боюнча график түзүүнү, б.а. жайыт аянттарын убакыт боюнча бөлүштүрүүнү талап кылат. График күн мурунтан пландалып, малды жаюуга керектелген малчынын эмгеги тийешелүү түрдө уюштурулууга тийиш.
Мал башынын санын жайыт аянтынын бирдигине дал келгидей кылып жайгаштыруу үчүн төмөн кул орду билуу зарыл:

"Малчылар үчүн колдонмо" китебинен алынды.
71-74 беттерде.




Жайыт департаментинде
жаңы толуктоо
Канчаланган жылдан бери "Сен салаарда мен салаар атка жүгөн ким салаар?"-дегендей үч тепкичте жайыт ээси болуп бирок жайыттын абалын жакшыртууга олуттуу мамиле болбой келбеди беле. Жайыт мыйзамынын кабыл алынышы менен КРнын Айыл чарба минстрлигине караштуу жайыт департаментинин кызматкерлери билек түрүнө ишке киришти . Ар бир айыл округунда жайыт комитеттери түзүлүп,жайыттарынын чек аралары тактала баштады. Натыйжада 445 айыл округунунда иш жандануу менен жүрө баштаган. Жайыт комитетинин ырааттуу иш алпаргандыгы үчүн жайыттарга баруучу ички жолдор оңдолуп,канчалаган айыл округунун аймагында мал айдап өтчү көпүрөлөр жаңырды.
Жайытты пайдалануучулардын арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп,жайыт акылары чогултулуп жатты. Жайыт мыйзамын ишке ашырууда элдин да активдүүлүгү байкалды жана алар жайыт акылары ошол эле өздөрүнүн жайыттарынын абалын оңдоого жумшаларына терең ишенип калышты. Жайыт департаменти да карап турбастан жайыттардын инфраструктурасын оңдоого салым кошо алар бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга зор аракеттерди көрүп жатат. Алардын бири гислабаратория ачылды.АРИС аркалуу ар бир айыл округка 200 миң сомдон грант катары берип инфраструктураны оңоого жумшаса. Айрым курулуш ишканалары менен келишим түзүп, суу топтоочу жайларды, мал суу ичүүгө ыгайлашкан жайларды курууну колго алышты. Албетте жайыт пайдалануучулар менен түздөн-түз байланышып иштөөчү жайыт комитеттеринин төр агаларынын билим деңгээлин көтөрүүгө да терең маани берип, ар кандай окуу- семинарларды көп өткөрүштү.Жакында эле жайыт пайдалануучуларга дагы бир жакшы шарт түзүүчү жаңы аппаратураны сатып алышты . Жайыт департаментиндеги жакшы жаңылык менен жеринен таанышуу үчүн КРнын Айыл чарбасынын министри Төрөгул Беков келди. Жайыт департаментиндеги көңүл кубантарлык жаңылыктар менен аткарылган иштерге жакшы баа берүү менен өзүнүн сунуштарын ортого салды.
Жыйындын соңунда Жайыт депатраментинин директору А. Эгембердиев айтылган сунуш пикирге толук кошуларын жаштарды ишке тартууда аракеттер болуп жатканын айтуу менен учурда жети дубанда жети жаш адис иштеп жаткандыгын аларды атайын семинарларга чакырып турушаарын айтып өттү. Эң башкысы жайыт пайдалануучулар чек араларын тактап аларына, көптөгөн чырлардын алдын алууга жетишүүгө болоруна ишеним жаралды. Лабороториянын иштеши менен чек араларды гана тактап койбостон ал белгиленген аймактарда кандай өсүмдүктөр өсүп, жапайы жаныбарлар жашаарынан да кабар алууга болот.
Нуржамал Курманкулова





Жылуу мамиле жыланга да жагат
Эзелтеден кошуна жашаган кош мамлекеттин, чек арасын бекемдеп тосуп алганы айылдаштарымдын кабыргасын кайыштырып турганы тана алгыс чындык. Бири кудасына саламдашууга зар болсо, бири карачечекей жээндеринин жытына жете албаган күндөр келгендей болду. Баягы "жаздыктагы башы бирге, короодогу малы бирге"- деген заман кол булгалап алыс кете берди. Айылдаштарым кол созум жердеги мал жайытына жетүү үчүн он-он беш чакырым айланып өтүүгө мажбур болуп чыга келди.

Кайсы заманга экени белгисиз кыргыздын жери болуп аталыштары да Чоң-Кара, Күркүрөө деген айылдар казактарга карап кеткенине көп жылдар болгону менен ал мезгилде чек ара тоскон эч ким жок аралашып эле жатышчу. Түштүк тамагын казак досунун үйүнөн ичсе кечки ашын өз үйүнөн ичишчүү эмес беле. Анан эле эгемендик алганы бери чек араны бөлүп тосмолорду койгон заман дагы бир дурус экен. Эми кийинки революциядан соң алар таптакыр тор тосмо менен жылчык калтырбай бекитип алышты. Өзгөчө Кайнар айылынын үстүндөгү "Чоң Клин" аталыштагы 4013 гектар жер курчалганы жайытка жетчү жолду тосуп калып элдин нааразылыгы артып чыкты. Район жетекчилеринен тартып өлкө башчыларына чейин кат артынан кат жөнөтүп келишет. Көк-Сай каналынын 11 чакырымы кыргыздарга тиешелүү болуп башкасы казактарга тиешелүү болот ал дагы талаш маселени жаратат. Айтоор Кайнарлыктар менен казакстандын чек арасынын бөлүнүшү көйгөй үстүнө көйгөй кошуп жаткан учуру. Мына ушул суроо менен облус губернаторунун биринчи орун басары Анарбек Тургуналиев менен барлашууга туура келди.
Ооба, Кайнарлык туугандардын бул маселесин чечүүгө биз дагы аябай кызыкдар болчубуз. Бир канча ирет ал жерде болуп кошуна мамлекеттин өкүлдөрү менен кездешип, такташууга бардык. "Чоң клинден" башка дагы Аманбаев айыл округунда, ошондой талаш жерлер бар эмеспи, ошол жерлерди жана Маймак айылындагы талаш жерлерди алмашуу жолу менен маселесин чечип берсекпи дегенбиз. Бирок ар кандай жагдайлардан улам ал максатыбыз ишке ашпай келет. Кошуна Жамбыл облусунун башчылары, райондук атка минерлери макул болушканы менен Астана, андай алмашып алууларга кескин каршылык көрсөтүп койду. Биз Жамбыл облустук архивинен тээ 1926-жылы, 1938-жылы чийилген карталарын карап көргөнүбүздө алардын маалыматы так болуп чыкты. Бирок 2001-жылы Казакстан менен чек араны тактаганда келишимдик негизде чек араларды кайра түзүү мүмкүнчүлүгү болгон, ошондой болсо дагы биздин өкмөт башындагылар буга анчейин маани бербей, чек араны баштапкы бойдон калтырып коюшкан. Эмки жалгыз үмүт, бажы биримдигине кирсек чек аралардагы маселелерди оң жагына чечүү мүмкүнчүлүгү ачылат ко деп турабыз.




Жайыт комитеттеринде
семинарлар өтүүдө
Канаданын адиси Брант Кирычук Кыргызстандын шарттарын эске алуу менен Жайыттарды башкаруунун жамааттык планын түзүү боюнча колдонмо иштеп чыккан.
Дүйнөлүк банк ЖБЖПнын Кыргызстандын ар бир А/О болгон ЖК иштеп чыгуу үчүн организациялардын арасында тендер жарыялаган. Ушул тендерде САМР Ала-Тоо коомдук фонду катышып, Нарын районундагы болгон Жайыт комитеттери менен тыкыс иштеп планды иштеп чыгуу үчүн милдеттин алган.
Азыркы убакытта САМР Алатоонун мадераторлору Нарын обласынын, бардык райондоруна жана айыл округдарындао. ЖБЖП иштеп чыгуу боюнча үч күндүк семинарларды өткөрүүдө.
ЖБЖПнын түзүү үчүн көп деген маалыматтарды чогултуу керек: жамааттын жайгашкан орду жана жалпы мүнөздөмөсү, жамааттын ландшафтынын мүнөздөмөсү, жайыттардын, малдын жана тоют ресурстарынын учурдагы абалына инвентаризациялоону жүргүзүүнү, жайыт пайдалануу планын түзүү талап кылган проблемаларды аныктоо, ал эми андан кийин жайыттарды жакшыртуу жана малдын продуктуулугун жогорулатуу жана ошол чогулган маалыматтарды кандай жолдор менен иштеп чыгарын САМР Алатоонун алып баручуулары үч күндүк семинарда түшүндүрүп, биргелешип эсебин чыгарып ЖБЖП планын иштеп чыгууда.




Жайыт мыйзамынын аракети
Жайыт мыйзамы кабыл алынып турмушка кадам шилтегени менен кемчилиги айкындалып билине баштады. Бирде токойчулар менен малчылар чырдашса бирде кен казгандар көйгөй жаратат. Мергенчилер өз укуктарын талашса, бирде бал аарысын кармагандар менен түшүнбөстүктөр келип чыгат. Мына ушундай жагдайдан улам жайыт мыйзамын жакшыртып өлкөбүздүн бардык жайыт пайдалануучуларынын өкүлдөрү баш кошуп бир максатта баш кошуп бир жыйынтыкка келиши турмуш талабы болду. КР нын Айыл чарба министирлигинин алдындагы Жайыт департаменти демилге көтөрүп жайыттарды башка багыттарда пайдалануучулардын өкүлдөрүн чакырып тегерек стол өткөрүштү. Дүйнөлүк банктын каржылоосундагы "Айыл чарбасын инвестициялоо жана тейлөө" долбоору, КР нын Улуттук Илимдер Академиясы, ЮНЕП тин Борбордук Азиядагы " Жапайы жер -жемиштер менен түшүм берүүчү маданий өсүмдүктөр"-долбоорунун өкүлдөрү менен катар САМР Ала-Тоо коомдук фондусу катышты.
Дүйнөлүк Банктын консультанты Асыл Унделанд "Жайытты башка багытта пайдалануудагы көйгөйлөр жана жыйынтыктар боюнча баяндама" -деген аталышта презентация жасады. САМР Ала-Тоо коомдук фондунан координатор Аида Гареева "Жерге-Тал, Он-Арча өзөндөрүндөгү суу бассейиндеринин деңгээлинде жайыттар кору үчүн болгон кагылышуулар менен тирешүүлөрдү башкаруу" долбоорунун ишке ашыруу тажрыйбасы боюнча кызыктуу презентация жасады. Андан башка да бир топ кызыктуу жана маанилүү презентациялар жыйындын катышуучуларын жандуу талкууга алып келди.
Тегерек столдун катышуучулары жыйын аягында бир пикирге келишип кыргыз элинин башкы байлыгы болгон жайыттардын абалын жакшыртып үнөмдүү пайдаланууга карата өз ой-пикирлерин ортого салышып бир жыйынтыкка келгендей болушту.






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??