Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Айылдыктарга жардам көрсөтүлдү
2007-жылдан бери Ачык Коом институтунун Менталдык саламаттык бөлүмү тарабынан (Будапешт, Венгрия), "Хабитат Адамзаты үчүн" жана "Сорос-Кыргызстан" фондулары, "Хабитат-Кыргызстан" фонду жана "Семья и Общество (Үй-бүлө жана Коом) " Коомдук Бирикмелер сыяктуу өнөктөштөрү менен бирдикте менталдык көйгөйлөрү бар кишилердин турак-жай шарттарын оңоо жолу менен тобокелдик мамилени төмөндөтүү үчүн ишке ашырылууда.

Менталдык көйгөйлөрү бар кишиси бар үй-бүлөлөр, эреже катары, төмөн үй-бүлөлүк кирешеге ээ. Көп учурда мындай үй-бүлөлөр мамлекет бөлүп берген өтөаз пенсия жана жөлөк пулдардын жардамы менен тирлик кылышат, мында турак-жай шарттарын оңоо үчүн үйүн оңдоо же акырына чейин салуу жөнүндө сөз болбойт. Тилекке каршы, көп учурларда мындай үй-бүлөнү багуу бардык жагынан жалгыз бой энелердин мойнуна жүктөлөт. 2007-жылдан бери долбоордун алкагында, 59 үй-бүлө оңдолгон турак-жай түрүндөгү жардам алышты. Каражаттар үйдө санитардык-гигиеналык шарттарын түзүү, энергия үнөмдөөчү жылытуучу систем, жабууну жайгаштыруу, эски терезелерди заманбап пластик терезелерине алмаштыруу, үйдү ичинен жана тышынан жылуулоо, турак-жайды тышынан жана ичинен жасоо, бөлмөлөр аралык жана тышкы эшиктерди алмаштыруу жана коюп берүүгө сарпталган.
"Хабитат-Кыргызстан" фонду да алгылыктуу иштерди аткарып канчалаган адамдардын алкышына татып келет. Дегеним жакында болуп өткөн жыйында катышуучулар кубанычтан, толкундануудан өз пикирлерин айтып жатышты бир муктаждыгы чечилип жылуу жумшак үйдө жашаганына сүйүнсө дагы бири, бизге да көңүл бургандар бар экен дешет. Тунгучбаева Кезбандын үй бүлөсү бышырылбаган чопо кирпичтен салынган эки бөлмөлүү жер тамда жашачу. Үйдүн жертаманы жыгачтан жасалбай, дубалдары жука жана терезелери эски болгондуктан ичи суук болчу. Үй бүлө өз күчү менен жаңы 3 бөлмөлүү үй курганы менен үстүн жабууга мүмкүнчүлүктөрү жеткен эмес. Ушул учурда "Хабитат-Кыргызстан" фондуна кайрылып жыгач жер тамандуу жана пластикалык эшик терезелүү болушканын жашырышпайт.

Сыдыгалиева Айымгүл:
-"Хабитат-Кыргызстан" фондуна ыраазымын. Биздин социалдык абалыбызды түшүнүп көптөгөн жардамдарды берди. Эң негизгиси жылуу үйдө балдарыбыз менен кубанып жашап жатабыз. Мен жардамга муктаж адамдар көп болсун дебейм, бирок ошол адамдардын маселесин чечип берген адамдарга канча ырахмат айтсак да жарашат. Андан сырткары "Сорос-Кыргызстан" фондунун жамаатына жана жетекчилерине ыраазымын.
Жардамга муктаждардын көй­гөйүнүн чечилишине өз салымын кошкон өнөктөштөрдүн ишине ийгилик. Жүздөрүндөгү кубанычы ылайым өчпөй балдарынын урматына ээ болчу күндү күтөлү.

Жылуулук жанга кубат
Энергияны үнөмдөгөн печкаларга кимдер кызыкпайт. Албетте, капчыгы калыңдарга гана кызыксыз болбосо, карапайым элет эли үчүн пайдалуу экени талашсыз. Жыл санап отун-сууга болгон талап менен кошо баалар жогорулоодо. "САМР Ала- Тоо" коомдук фондунун энергияны үнөөмдөөчү печкаларды куруу долбоору бир канча жылдан бери натыйжалуу иштеп келе жатканын, анын үзүрүн көргөн элеттиктер жашырбайт. Эң негизгиси элдин талабына ылайык иш болгондуктан, кызыккандар да жок эмес. Энергияны гана үнөмдөбөстөн капчыгыңызды да үнөмдөөнү кааласаңыз мына ушул печка жардамга келет. Кыштын камын жайында көрүп кыштан жылуу, ашыкча чыгымсыз чыкканга не жетсин. "Айрымдардын каражаты тартыш болсо албетте, андайда Компаньон жардамга келет. Башкалардан айырмаланып ары-бери документ толтуруп чуркабай бир эле жерден ишиңизди бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк бар"- дейт "САМР Ала-Тоо" коомдук фондунун энергияны үнөмдөөчү печкаларды куруу долбоорунун адиси Руслан Исаев.

Сүрөт брошюрадан алынды




Саманды пайдаланып дубалды жылуулоо
Урматтуу окурмандар эсиңизде болсо, биз үйлөрдү жылуулоонун усулдарынан кабар берип келебиз. Өткөн чыгарылыштарыбызда үйдүн полун жылуулоодон кабар берсек, бүгүн тамдын дубалын кантип жылуулоо туурасында кеп козгойбуз. Тамдын дубалдарын жылуулоонун ар кандай ыкмалары бар антседа биз турмушта көп колдонуп келген кадимки саманды жылуулук сактоочу каражат катары пайдалануунун бир ыкмасына токтолууну чечтик.

Эң алгач тамдын эски шыбагын кырып түшүрүп алабыз. Андан кийин пайдубалдын деңгээли менен бирдей кылып 5*5 өлчөмүндөгү жыгач рейкаларды кагып чыгат. Эң үстүнкү рейка карниздей калыңдыкта жайгашкан рейка кагылышы керек. Рейкаларды бири-бирине карматкан жерине атайын шруптар менен бекитүүгө ылайыкталган рейкалардын кесиндилери кагылат. Рейкалардын аралыгы 60-70 см болуп жайгашканы туура. Бул рейкалар каркастын ролун аткарат. Дубал менен каркастын аралыгы 10 см болуш керек.
Туурасынан кагылган рейкаларга майда көздүү темир тор кагылат да зымдар менен бекитилет. Эми дубал менен каркастын аралыгын кургак саман менен толтуруп баштайт. Саманга кургак али иштетилбеген аки таштын унтагын аралаштырып коет. Бул ыкма саманды ар кандай курт-кумурскалардын уялап алышынан сактайт. Катмардын үстүнкү жагын тамдын төбөсүн жапкан жерге чейин карниздик тактайча менен тегиздеп бекитет. Андан кийин үйдүн дубалын калыңдыгы 2,5 см кылып даяр аралашма менен шыбап чыгат.Ылай шыбак кургап тоборсуй баштаганда,шыбактын бетине жука дакини чаптайт. Ал тамдын дубалында майда жаракалардын кетишине жол бербейт. Ошондон кийин экинчи аралашманы даярдайт. Өтө коюу эмес акиташ менен майда кумдунаралашмасына чоң аш кашык суу май кошот,бир чака аралашмага 200- 300 грамм айранды аралаштырып алуу керек. Андан кийин тамдын дубалын экинчи ирет акилеп койсоңуз сиз каалаган аппак түскө ээ болуп чыга келет.
Эми мындай ыкма менен үйдөгү жылуулук көпкө сакталып турат. Бул жумуштарды аткаруу үчүн кандай курулуш каражаты пайдаланылат.
1. Топурак.
2. Пайдубал таштан тургузулат.
3. Даяр дубал.
4. Тигинен кагылуучу рейкалар.
5. Туурасынан кагылуучу рейкалар.
6. Ылай шыбакка керектелүүчү саман, камыштан же жүгөрүнүн бакалы.
7. Жылуулоочу каражат (саман, опилка, самандын топону)
8. Тышкы шыбагы үчүн кум менен топурак аралашмасы.
Жылуулоочу каражатын калыңдыгы 100-150 мм болгон учурда жылуулуктун сыртка чыгышы 77 га чейин кыскарат.
Мына окурман, сиз үйүңүздү жылуулоонун бир ыкмасын билип алдыңыз. Эгер сиз СИИБА менен байланышкан болсоңуз анда мындан башка дагы ыкмаларды өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз. СИИБАнын адистерине байланышкыңыз келсе төмөнкү телефонго кайрылсаңыз болот.
Тел.: 0312 89 07 10





Жаңы долбоор Аракетте
Өлкө аймагында элибиздин турмуш-шартын жакшыртуу максатында жаш кадрлар менен жаңы долбоорлор аракеттенип жатат.

Изденген адам сөзсүз бир ийгиликке жетери айтпасак да белгилүү. Мына ошондой жарандарыбыздын бири Ысык-Көл обулусунун Ак-Суу айылында жашап жаткан Катрин Улиман аттуу айымдын үйүнөн башталган жаркын ой турмуш чындыгына айланып отурат. Жыгач каркастардын негизинде жылуулукту көпкө сактоочу үй курууну алар Швейцариялык адистин ыкмасында ишке ашырган. Жер титрөөгө туруштук берүүгө ыңгайлуу бул үйдүн курулушун аяктаган.Айым тынчып олтуруп калбастан мындай үйлөрдө башкалардын да жашаганын каалаган эле. Өзү көздөгөн максатына жетүүнү көздөгөн айым менен СИИБА коомдук фонду тыкыс байланышта иштеп келет. Өлкөбүздүн башкы байлыгы адам баласы болгондуктан ар бир кыргызстандык жарандар ыңгайлуулуктары жетиштүү үйлөрдө жашашы керек. Мына ушул багытта Ак-Суу айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак мектебин заманбап үлгүдөгү, ыңгайлуу курулуш менен курууну пландап калышты. Анткени аталган айылда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын бала бакчасы бар. Алар бала бакчадан кийин мектепке барышы керек да,андыктан мектеп куруу оюу пайда болгон. Албетте мындай энерго эффективдүү курулушту куруп бир топ тажырыйба жыйнап калган СИИБА коомдук Фонду Глобалдык Экология Фондунун Чакан Гранттар Программасына кайрылууну туура көрүштү.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак мектебин энергияны үнөмдөөчү ыкма менен печка курууну документтештирип, сметалык долбоорун даярдоо. Энерго үнөмдөөнүн технологиясын ишке ашырууну жергиликтүү коомдук уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен мамлекеттик органдардын жеке секторлор менен иштөө мүмкүнчүлүгүн демонстрациялоо боюнча сунуштаган долбоорду иштеп чыгуу деген ат берилди.
Эми бул долбоор Чакан Гранттар Программасынан колдоо тапса келерки жылдын жаз айларында курулуш ишин баштап жаңы окуу жылына аяктоону көздөп турушат.
Нуржамал
Курманкулова









кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??