Чакан насыяга чак иш жүргүз
Окурмандарга белгилүү болгондой чакан насыя берүүчү компаниялар туурасында кеңири маалымат берип келдик. Элеттик тургундардын жашоо тиричилигинде көбүрөк ажаат ачып жаткан чакан насыя берүүчүлөр туурасында бир канча жакшы пикирлерди бергенибиз бар. Бир чети кардарлар кимдер чакан насыя бергенин билишсе, бир чети аларды жактап жаткандай болгонубузду да тана албайбыз. Ар бир иштин оң терс жактары бар дегендей чакан насыя алып алган соң ага толук маани бербей карызга батып калган,кардарлар да жок эмес. Эгемендүүлүгүн алган өлкөбүздө алгачкылардан болуп чакан насыяларды берип баштаган "Финка" компаниясы болду. Элеттиктердин алгачкылары чакан насыяларды алып үстөгү менен ай сайын төлөй албай карызга батып калган учурлары болуп жаткан эле. Элеттиктерди кызыктырганы, алардын күрөөгө тамын же жерин койбогону эле. Топ түзүп ал топтогулардын бири-бирине ишеним менен мамиле жасап, бири төлөй албай калса топтун калган мүчөлөрү анын ордуна насыяны төлөп кутулушканы болчу. "ФИНКА" компаниясынын ишенимге кирип калган кардарлары ал жерден 100 миң сомго чейин күрөөсү жок экинчи бир адамдын кепилдикке кирип алганы дагы иштин көзүн тапкандарга жакшы жардам болгон. Ал эми алган каражаттары учурунда туш келип калган аш-тойго жумшагандарга төлөөрүндө кыйынчылык жаратып кандай болбосун алган карызынан убагында кутулуп турууга шашаар эле. Ошонун айынан кардарлар кийинки чакан насыя берүүчү компанияларды издеп жөнөшчү болуп калды. Жакында эле айылдан келген замандаштарыбыздын айтканына карасак айыл жеринде бир эле үй-бүлө бир канча чакан насыя берүүчү компаниялардан насыяларды алып улам бирине чуркап жүрүшөт. "ФИНКА" алгачкы алып жаткандарга азыраак суммадан баштап бере баштайт чакан насыя алууга 18 жашка толгон ар бир жарандын укугу бар. Мисалы эң алгач 2000 сом насыя алып жатса биринчи айда төлөбөй турат. Экинчи айдан баштап 717 сомдон төлөп олтуруп баш аягы үч айда кутуласыз 2000 сомго болгону 151 сом үстөк кошуп берген болосуз. Бир караганда оңой кутулчудай болгону менен кээ бир учурда ошону төлөй албаган жагдайларда жок эмес. Бир белгилеп койчу жагдай чакан насыя берген компаниялардын кадрлары кардарларга аябагандай элпек, мээримдүү мамиле жасашат. Ал эми аттуу-баштуу чоң банктарда кырдаал бир аз башкачарак. Ал жерлерде талап кылынган документтер топтому көбүрөөк. Үстөк пайызын айтпаганда дагы милдеттүү түрдө күрөөгө там же үлүш жерин,авто машинасын коюшу шарт.
Ал эми чакан насыя берүүчүлөр эл менен тыкыс иштешүүгө басым жасашаары менен сыймыктанышат. Аны кайсы чакан насыя берүүчү компанияларга барсак да, байкап калган жайыбыз бар."Салым" кредиттик компаниясы чакан насыя берүүнү 2007-жылы Ата Мекендик финансистер менен бизнесмендер тарабынан негизделип кардарларга өздөрүнүн кызматын сунуштай баштаган. "ФИНКА" компаниясынан айрымаланып, алар алгачкы насыя алуучуларына 2-3 күндүн аралыгында эч кандай бизнес план жазууну талап кылган жок.Турмуш-тиричилигин оңдоого арнап чакан насыя берип башташкан. Жарандар бири насыя алса, экинчиси кепилдикке өтүп, аны алууга жардам берет. Эң алгачкы алган кардар өзүнө керектүү сууманы 10000ден тартып 50000 сомго чейин ала алат. "Салым финанс" компаниясы үч айлык мөөнөттөн тартып 24 айга чейинки аралакка бере алышат.Чакан насыянын айлык үстөгү да кардарларга ыңгайлуу деп, билишет. Албетте кардарга канчалык үстөгү аз болгону жакшы деңизчи. "Салым финанс" компаниясынын кызматкерлери ай сайынкы үстөгү 2,75-3,25 пайыз болсо, дагы кардарлардын саны күндөн- күнгө өсүшү пайыздын көңүлгө төп келерлигин билдирет,- дейт.
Түзүлүп -түптөлүп элге өз кызматын көрсөтө баштаган чакан насыя берүүчү компаниялардын дагы бири "Ак-Ордо" кредиттик компаниясы. Чакан насыя берүүчү башка кредиттик компаниялардай эле бул жерде дагы чакан насыяны 3 айдан 24 айга чейин беришет. Чакан насыя алуучу кардарга талап коюлганда анын эмне менен алектенгенин такташып, кардардын келечекте иштешип кетерине ишеним жаралышына карашат. Ошондуктан "Ак-Ордо" чакан насыя берүүчү компания күрөөсүз 40 миң сом беришсе, андан ашык сумманы милдеттүү түрдө күрөө койгондо гана бере алышат. Себеби күрөөгө эч нерсе койбой, насыя алган айрым алдамчы кардар, карызын төлөбөй качып кеткен учурлар болгон дешет. "Сүткө оозун күйгүзгөн, айранды үйлөп ичет" - дегендей, күрөөгө тамын же машинасын койдуруп калышкан. Албетте ишенимге кирип, туруктуу жашаган жери бар адамдардан компания кызматын аяган эмес. Күрөөгө кымбат нерсесин койгон кардар андан ажырап калбайын деп да аябай жоопкерчилик менен мамиле жасашат. Алгач Чүй аймагынын бардыгында жашагандарга беребиз дегени менен компаниянын чама-чаркына ылайык ,азыркы тапта Бишкек шаары менен шаарга жанаша жайгашкан айылдардын тургундарына гана насыя берип калышты.
Учурда кыргызстаныбызда үч жүздөн ашуун чакан насыя берчү компаниялар катталган. Андыктан элибиздин кайсыл компаниядан алам десе дагы таңдоо мүмкүнчүлүгү бар. Чакан насыя берүүчү компаниялар бири-биринен кескин айрымаланып кетпейт. Болгону иштөө тартибинде гана өзгөчөлүк бар десек болчудай.
"ФИНКА" компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчиликке абдан көп маани беришет. Айтканы менен кардарлары банкротко учурап калган жагдайда дагы алардын себептерин изилдеп чыгышат. Жүйөөлүү себептерден улам банкротко учураган болсо анын алган насыясынын үстөгүн кечип койгон учурлары да бар.
Негизгиси чакан насыя алуучу кардардын мурун-кийин иштегенине, банктар менен болгон алакасына көңүл буруу бардык эле насыя берчү компанияларга тийешелүү. Эгер кардар башка чакан насыя берчүү компаниялар менен таза-так иштешкен болсо ал кардарга кайсы компания болбосун насыя берүүгө даяр.
Башка банктардан кардар туурасында анчалык ишенимдүү маалымат болбосо дагы,чакан насыя берүүчү компаниялар келген кардар менен жакындан таанышууга аракет жасагандарын айтып келишет. Болгондо андай тарыхы бар кардар менен ишти азыраак суммадагы насыя берүү менен кайра башташат.
Ошондон улам өлкөбүздөгү чакан насыя берүүчү компаниялардын ана башы болгон "ФИНКА" чакан насыя берүүчү компаниясынын кадыры күндөн-күнгө артылып отурбаса керек. Айрым чакан насыя берчүү компаниялар бир багытты соода сатык тармагында иштегендерге кол учун берсе айрымдары, жер иштетип агро тармакты өнүктрүүгө өбөлгө болуп келишет.
Жалаң акча каражаты менен чектелип калбай турмушта насыя алуу мене бири -бирине жакындашып жардамдашып жүргөн кардарлар бар. Анткени биринин оорчулугуна бири жакындан жардам берип бир топко кошулган кардарлар ага- ини, эже-сиңди болуп алакалашып кеткен учурлар арбын. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай чакан насыяны алып убагында төлөп иштешкен кардарлардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Турмуштун оорчулугуна чыдамдуу жандар орун- очок кутун сактап калууга бар аракеттерин жумшап келет. Алардын колун узартып жардамын берип иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан чакан насыя берүүчү компаниялар тууралуу мындан ары да билип турууну кааласаңыздар биздин гезитибизге байланышып турсаңыздар болот. Кайсы банк тууралуу маалымат алууну кааласаңыз, редакция менен байланышыңыз. тел 0312 54 23 46




Насыя алууга болобу?
Алмаз Ниязалиев,
Кара-Буура районуна
караштуу Аманбаев айылынын тургуну:
-Айылда бир азырак үлүш жерим бар. Ар жазда жер иштетүүгө келгенде каражат таппай кыйналып калчумун. Анан досторумдун кеңеши менен чакан насыя берүүчү "Мөл-Булак" компаниясына кайрылдым. Ал жерде насыя алгандар көп экен. Документеримди топтоп кардар болуп калдым. Айлык пайызы 1,9 болгону мага жакты. Ошондон бери ишимде жылыштар болуп келет. Жер иштетсем андан кийинкиде каражат топтоп жеңил машина алдым дегендей. Азыр бир гана айлык акыга карап олтурганга болбойт. Киреше табуучу кошумча булактарды караштырып алган оң . Мен да алган машинам менен жүргүнчүлөрдү ташып ары бери барып жүрөм. Ар качан алган чакан насыямдын убагы келгенде кечиктирбей төгүүгө аракет кылам. Кыргыздардын катышы көп болгондуктан айрым учурда насыяны убагында төгүүгө кыйналып калганга тура келет. Андайда үй-бүлө менен кеңешип иш кылабыз да ишенимди жоготуп койбогонго тырышабыз. Көп эле учурда өлкөбүз жарды деп келебиз, ошол эле учурда көпчүлүк элибиз бакубат-бардар турмушта жашап жатышат. Бул биринчиден үй-үбүлөсүн таштап ,же эне-атасынан алыска Россия, Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыздардын жардамынан болсо.Экинчиден мына ушундай чакан насыя берүүчү компаниялардын көптүгүнөн улам болуп олтурат. Чакан насыя берүүчү компаниялар да өздөрүнө кардар топтоо үчүн ар кандай жеңилдетилген насыялардын түрүн сунушташат эмеспи. Элдин толук муктаждыгын чечүүгө чоң өбөлгө болуп келет.

Бактыгүл Шерова, Бишкек шаарынын тургуну:
-Жолдошум Ош базарында иштейт. Өзүм болсо балдар менен үйдөмүн. Биз Буга чейин бир да жолу чакан насыя алып же, бирөөдөн чоң суммада карызга акча алып көргөн эмеспиз. Өзүбүздүн тапканыбыз менен эле жашап келе жатабыз. Чынын айтсам чоң суммадагы акчаны кантип коркпой алышат билбейм. Мисалы менин жеке түшүнүгүмдө төлөй албай кыйналып жашагандан көрө башынан эле акча албай кыйналып жашаган жакшы болуш керек. Негизи соода-тармагында иштегендер үчүн эле пайдалуу болбосо башка тармактагылар үчүчн пайдасыз деп ойлойм. Насыяга акча алып зер буюмдарды же модалуу кийимдерди кийип алгандарга таң каласың.

Айжан Мамгазиева,тигүү цехин иштетет:
-Биз топ түзүп, бизнес план жазып САМР Ала-Тоо коомдук фондунан социалдык абалыбызга жардам болсо деген ой менен акча алганбыз. Буюрса алганыбыздын акыбети кайтып тигүү цехибиз иштеп жатат. Айылдыктар үчүн пайдалуу, ар кандай буйрутмалар түшүп турат. Төрт тигүүчү машинабыз бар. Чебер колдуу келиндер кандай гана буйрутмалар болбосун буйдалбай, сапаттуу тейлөө менен алек. Негизи бул коомдук уюм тууралуу көп уккам. Минтип алар менен иштегенден бери эл үчүн пайдалуу коомдук уюм экенине ынандым. Энергияны үнөмдөөчү печкаларды куруу тууралуу окутулган окуусунда менин балам барып окуган. Учурда буйрутма жок башка тармакта иштеп жатат. Башка чакан насыядан көрө биздей элеттиктер үчүн ӨЖТлар ыңгайлуу.

Зуура Токтокунова, айыл тургуну:
Башкалардан айырмаланып жер иштетүү боюнча план жаздык. Эми жерди иштетип азык-түлүк камдоо менен, өзүбүздүн бюжетибизди да толуктай алабыз. САМР Ала-Тоо коомдук фондунун жамаатына ырахмат. Элетти эстен чыгарбай бизге кам көргөн долбоорлордун иши илгерилей берсин.

Айнура Садыкова, айыл тургуну:
-Биз каражат алсак деп бизнес план жаздык. Өзүм да тигүүчүмүн, мага бул иш жат болбогондуктан ушул багытта иш алып барууну көздөдүм. Буюрса буйрутмаларды сапатуу тейлеп өзүбүзгө көп кардар топтойбуз деп ойлойм. Башка жакка чуркап документ топтоп убара болбойбуз. САМР Ала-Тоо коомдук фондусунун кызматкерлери өзү келип акча беришип, өздөрү кайра чогултуп кетишет. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып калусму гана керек.

Зарыл Байбосунова, Нарын районунун тургуну:
-САМР Ала-Тоо коомдук фондуна канча алкыш айтсак да жарашат. Алгач элден угуп анан бизнес план жазып акча алып иштетүүдөбүз. Бири мал чарбачылыгына ыктаса, дагы бири жер иштетүү үчүн, кээ бирлер кол өнөрчүлүккө план жазганбыз. Буюрса баары жакшы. Айыл үчүн иштеп жатат. Айылда ошол каражаттын жардамы менен мончо да курулган. Ал алтынчы, дем алыш күндөрү айылдыктардын кызматында. Кызмат көрсөтүү акысы 30 сом. Топ, топ болуп иштешип бир-бирибизге жол көрсөтүп иш тажырыйбабыздан да бөлүшүп турабыз. Ден соолук комитетибизде иштегендер да ынтымактуу. Ар кандай оорулардын алдын алуу жолдорун, түшүндүрүү иштерин айылды кыдырып түшүндүрөбүз. Мен жашмын же мен пенсиядамын дебей элдин кызыкчылыгы үчүн колдон келген иштерди аткаруудабыз.