Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Добуш
Сабыркул, Ормон-Хан
айылынын тургуну:

-Айылда мал менен окат кылабыз. Минтип кыш күрөө кирип келди. Элдин жашоосу эмгектенсе жаман эмес. Заманыбыз тынч болуп, элде нан болсун. Малдардан оору чыга калды деп чуулдаганыбыз менен эл өз малына өзү жоопкер болуш керек .Тээ илгеркидей колхоз-совхоз болбогон соң короодогу малдын ылаңын эртели кеч байкап, алгачкы белгилери болсо дарыгерге айтып же өздөрү деле эмдесе неге болбосун.

Ансар Чапанидзе, Аламүдүн районундагы Таш -Дөбө жайыт комитетинин мүчөсү:

-Колдо мал болгондон кийин каалап, каалабасак да жайыт маселесине кийлигишүүгө туура келет. Биздин айыл борбор калаага жакын жайгашып малдан алынган өнүмдөрдү тезирээк соодалап алууга ыңгайлуу. Айылыбыз тоо этектей жайгашкандыктан малды өтө алыска айдап жайган түйшүктөн да алыспыз. Бирок акыркы мезгилде элде малдын башы көбөйүп кетти. Ошондон улам жайыт тарый баштады десек болот. Тоо булактары бир нукка салынбагандыктан күн катуу ысыган кезде жерге бат сиңип кетүү коркунучу бар. Быйыл жайында Таш -Дөбө айыл округунун жайыт комитетинин төрагаснын демилгеси менен суу топтоочу жайды куруп алдык. Мурда булак башында мал суу ичип тебелеп-тепсеп тапталып жатчу жер эми тосулуп калды. Биринчиден тазалыкты камсыз кылып адамдардын ден соолугуна кам көрсөк, экинчиден мал үчүн да суу жетиштүү болуп, жайытка камкордук көрдүк десек болот. Кыргыз жери берекеси төгүлгөн жер. Жайытты ысырапкорчулук менен пайдалана берсек жайыттар тозуп чаңы сапырылып такырга айланарын унутпашыбыз керек. Жайыт мыйзамына ылайык белгиленген жайыт акыларын өз убагында төлөп берип жайыттардын инфраструктурасын өнүктрүүгө камкордук көрүү ар бир малы бар адамдын милдети. Жайытарды пайдаланып тим болбостон малды колдо багууга дагы маани берип техникалык тоют корун түзүп алсак жайыттын чексиз корошуна тоскоол болор элек.

Мырзабек Тыныбеков,
Суусамыр айылындагы
ветеринардык дарыкананын башчысы:

-Учурашканда эле кыргыздар мал -жаның аманбы? -дешет. Жесе тамак - кийсе кийим, башка керектүүнү бары ушул малга байланган кыргызга малы ооруса катуу тийгендиги чындык. Малды убагында дарылап, ар кандай жугуштуу ылаңдардын алдын алуу болуп саналат. Ал үчүн жер-жерлерде ветеринардык дарыканалар жайгашып мал доктурлар үзгүлтүксүз иш алып барышы зарыл. Мына ушул жагдайды эске алып, Жайыл районунун Суусамыр айыл округунда иштеп жаткан ПРООН дун "Суусамыр өрөөнүндө тоолуу жайыттарды туруктуу башкарууну жайылтуу долбоору" бар. Долбоордун менеджери Байбек Усубалиевдин аракети менен Суусамыр өрөөнүндө жети ветеринардык дарыкана ишке кирди. Чындыгында союз тарагандан бери мал доктурлар анчалык баркталбай да калып келген. Мал көбөйгөн сайын малды дарылоо дагы колго алына баштады. Борбордон алыс жайгашкан айылдарда дарыларды таап алыш кыйынга турчу. Эми минтип иштеп жатам. .

Аликан Даданова, Ак-Талаа районунун тургуну:

-Мен Нарын облусунун Акталаа районунунда жашайм . Көп жылдар бою партиялык кызматтарда иштегем. Пенсияга чыккандан кийин да отуруп калбастан жаштарга үлгү көрсөтүп иштеп келем. БӨУ түзүп иштеп жатам, дыйкан -чарба түздүк. Балдарымдын күчү менен суу чыкпаган 50 гектар жерге суу чыгарып, ал жерден көңүлдөгүдөй түшүм алдым. Иштеп мээнет кылсаң анын акыбети сөзсүз кайтат. Жаштарды кыйынчылыктардан качпай эмгектенсе деймин.
Роза Отунбаевага алкыш айтаар элем. Ноябрь айында президентибиздин колу коюлган Ардак грамотаны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кесиптик майрамына карата алдым. Кыргызга кыйынчылык күн түшкөндө да майтарылбай эрктүүлүк менен иштеп берди. Эми кызматын татыктуу тапшырдым деп,токтоп калбастан эли үчүн, дагы эмгектенип, иштеп берсин. Баатырлык берип узатыш керек дегендерге кошулуп, сизердин гезит аркылуу ошол ойду колдойт элем. Айыл жеринде сиздердин гезит бир топ белгилүү болуп калгандыктан өз оюмду айтып коюну туура көрдүм.

Антонина Гриценко, Москва районундагы Садавой айылынын тургуну:

-Москва районундагы Садовой айыл округунда кирешелер боюнча бөлүм башчы болуп эмгектенем. Айыл округунда эмгектенгениме 32 жыл болду айылдын өсүп-өнүгүшү айылдыктардын колунда дегенге толук кошулам. Жерге мээрим төгүп, мээнет кылсак жер эмгекти жебейт. Антсе да өкмөттөн колдоо болуп турса жакшы болмок. Өкмөт башчыларыбыз мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акыларын көтөрүп койду, бирок айыл округунда иштеген кызматкерлердин айлык акылары ошол бойдон калды. Мисалы менин айлыгым болгону үч миң сомду түзсө башка кызматкерлерибиздин айлыгы эки-эки жарым миң сом эле болуп жатпайбы. Өкүмөтүбүз ушул жагын эске алып айыл жериндеги иштеген кызматкерлердин айлык маяналарын жогорулатууга көңүл бурса дейм.

Сагынбек Аденов, Дөң-Алыш айылынын тургуну:

-Айылда жашоо жаман эмес, эмгек кылгандардын иши жүрүшүп жатат. Элдин кышка даярдыгы жаман эмес. Тээ Кара-Кечеден келчү көмүр биздин жол аркылуу өтөт. Каалачулар андан алып калышууда. Бирок биздин аймак мал чарбачылыгына ыктагандыктан көбүнчөсү көң менен эле кыштан чыгып кетишет. Айылдаштарым айткандай көмүрдөн кем калбаган көң турганда, кышка элибиз даяр десем жаңылышпайм.

Нияз Эсеналиев, Дөң-Алыш айылынын тургуну:

-Айылдаштарым мал чарбачылыгына ыктап мал менен оокат кылышат. Биздин айылдын суусу касеттүү. Айылдан чыккан атактуу кыргыз үчүн кызмат кылган айылдаштарыбыз менен сыймыктанабыз. Аттарын айтуунун деле кажети жок болсо керек. (А.Жекшенкулов, А. Рыскулова,ж.б)











кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??