Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Жазылууну унутпаңыздар
Урматтуу "Айыл деми" гезитинин окурмандары өзүңүздөргө белгилүү болгондой аталган басылма жарыкка чыкканы өз окурмандарын табууда десек болот. Буга сиздерден келген каттар, ой-сунуш, пикирлер, каалоо-тилектер күбө. Элеттеги элдин кызыкчылыгын көздөгөн басылмага карапайым калк кайдыгер эмес. Учурдагы экономикалык шартты, коомдук пикирди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык аймактык башкармалыгы тууралуу иштерин калыс чагылдыруучу бирден бир басылма экендигин эске алуу менен мээнети менен элине жаккан, атуулдук сезими бийик инсандарыбыз жазылууну да колго алабыз деп турушат. "Айыл деми" гезити жарыкка чыкканы айылдардан көптөгөн телефон чалуулар менен катар каттар келди. Айрымдары байланыш түйүнүнө барып кат жөнөтсө кээ бирлер иш сапар учурунда ойлорун кагазга түшүрүп берип жатышты. Келген каттарды санай турган болсок. Ош облусунан - 2, Жалал-Абад облусунан - 2, Баткен облусунан - 2, Талас облусунан - 2, Ысык-Көл облусунан - 2, Нарын облусунан - 4, Чүй облусунан- 3 Бишкек шаарынан - 2 кат келген. Айрымдар биздин айылды көрүп кеткиле десе, Кочкор районундагы Талаа-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Алыш айылынын тургуну Сагынбүбү апа илгерки киши да барганыбызда бала тарбиялоонун сырын айтты. Түшүмү мол айыл тургундары менен да баарлаштык. Кышка болгон даярдыктарын божурап отурушту.
Адатка айланып калгандай басылманын ар бир чыгарылышында статистика берилет. Бул жолу 11-декабрда Эл аралык тоолор күнүн утурлай тоолор тууралуу статистика бердик. Айылдагы эмгекчил элдин көптөгөн тажырыйбалары да айтканга арзыйт. Мына ушул багытта редакцияга кат жөнөтүп, каалаган суроолоруңарга жооп алсаңар болот. Уюткулуу элибиздин улуттук көрөнгөсүн таба билүүбүз зарыл. Дыйкан-фермердин деги эле элеттин кызыкчылыгын жогору коюп анын өнүгүшүнө өз салымын кошсом деген "Айыл деми" гезити сиздердин кеңешиңерди да укканга даярбыз. Сиздердин да пикириңиздерди билип туралы деп купонду уюштурдук. Гезиттин 15- бетиндеги акысы төлөнгөн купонго өз сунуш, пикириңизди, түйшөлткөн сурооңузду, кубанткан кубанычыңызды жазып бизге жөнөтсөңүздөр болот. Айыл деминин ар бир чыгарылышын калтырбай окуйм десеңиз жазылуу да жүргүзүлүп жатат. 15 беттеги жазылууга да кайдыгер болбоңуз. Бир айлык гезит үчүн болгону 6 сом, 36 тыйын гана төлөйсүз. Айыл тургундары үчүн саптык жарнамалар бекер. Ал эми модулдук жарнамалардан түшкөн каражат гезиттин келечекте туруктуу басылма болушуна жумшалат.
Гезиттин биринчи бетиндеги сүрөт Эл аралык тоолор күнүнө арналды.
Кундуз Исмаилова


Олман Серрано, Эл аралык Тоолуу өлкөлөр
шериктештигинин координатору
Токойсуз тоолор, электр жарыгы жок үйдөй
Чоң шаарларда жашаган миллиондогон эл Борбордук Азиянын улуу тоолорунан агып түшкөн суулардан ичип жатып, ал суулар кайдан кантип келгени тууралуу ойлоруна алышпайт.
Бүгүн Эл аралык тоолор күнү- ушул күнү дүйнө элдеринин бары жаратылыш байлык корун коромжусуз пайдаланууга сезимин күчөтүшү зарыл. Тунук суулар башатын, башка да жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдаланууну тоолуктар эле эмес талаа-түздө жашагандар да билип туруусу керек.
Быйыл дагы бир өзгөчөлүк Эл аралык токой жылы белгиленет. Тоолор менен токойлор бири-бирисиз кунары качып кетет. Токойсуз тоолор бул электр жарыгы жок үйдөй же суу жок калган менен бирдей.
Биздин келечекте тоолордон алаарыбыз мол болушу үчүн, келгиле токойлорду сактап коргойбуз!




Айткул Бурханов, Кыргызстандагы токой пайдалануучулар
жана жер пайдалануучулар Ассоциациясынын генералдык директору
Мекенибиз тоодон башталат
-11-декбарь Тоолор күнү деп белгиленип келүүдө ушул майрамдын Кыргызстанда белгиленишинин кажети барбы?
-Биздин күнөстүү мамлекетибиздин дээрлик 93и тоодо жайгашкан, андыктан тоолук эл катары жашоо тирилигибиз, табиятыбыз ошол улуу тоолор менен тыгыз байланышканы ырас. 2003-жылы Кыргызстанда эл аралык тоолор жылында ЮНЕСКОнун чечими менен атайын саммит өтүп, ага бүткүл дүйнө жүзүнөн делегаттар катышып, БУУнун жакшы пикирин жараткан. Тоолуу жердин өзүнүн кыйынчылыктары бар, мисалы тоолуу бийиктик анда жашаган адамдардын ден-соолугуна да өз таасирин тийгизет, бекеринен бизде ар бир үчүнчү адам жүрөк кан тамыр дартына чалдыгып, кан басымы жогору келет. Ошол тоодо жашаган элдин социалдык турмушун жеңилдетүү жагы ар убак курч коюлуп келет. Негизинен тоолук эл мал жана айыл чарбачылыгы менен оокат кылышат. Тирилик бүтүндөй таза суу, таза аба, жашыл токой, жер менен байланышкан, кыскасын айтканда ар бир жаран табигый ресурстарды пайдаланат.Кыргызстандагы токой пайдалануучулардын жана жер пайдалануучулардын Ассоциациясы аты айтып тургандай эле аткарган кызматыбыз, алдыга койгон негизги максатыбыз деле ошол тоолуу жердеги табигый ресурстарды туура пайдаланууда элет элине көмөктөшүү.
-Кыргызстандагы сууларды дайыма биздин байлыгыбыз деп келебиз. Бирок токой чарбачылыгы тууралуу да айтсаңыз. Кыргызстандын канча пайызын токойлор ээлейт. Климаттын өзгөрүшү токой чарбачылыгына кандай таасир тийгизүүдө?
- Табиятта бардыгы бири-бирине тыгыз байланышкан, андагы баланс бузулчу болсо аны оңдоо абдан кыйынга туруп калат. Жашыл токойлорубузду алалы. Биздин токойлор Борбордук Азияда табигыйлыгын сактап калгандыгы менен баалуу, азыр тоолуу жергебиздин жалпы аянтынын 4,32 пайызын токойлор ээлеп турат, токой аянты болсо 864миң 900 гектарды түзөт. Бул токойлордун 90 пайызы деңиз деңгээлинен 700 метрден 3600 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Биздин токойлор Борбордук Азияда таза суунун жана нымдуулуктун сакталышынын аккумулятору болуп саналышат. Токой - жер кыртышынын бекем болушуна өбөлгө түзүү менен сел, жер жана кар көчкү сыяктуу ар кандай табигый кырсыктардын алдын алат. Абаны тазартып, жашартып турат. Ошондой эле табиятта биологиялык жана генетикалык көп түрдүүлүктүн сакталып калуусуна, анын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Эгер биз тиричилик деп эле кыска көз карашта токойго балта көтөрүп, аны өрттөп жок кылсак табияттагы баланс бузулат да климаттын өзгөрүшүнө алып келет. Ансыз да согуш маалында жана кайсы кыйын кырдаал болсо да токойлор элди багып келген, али да бага берет. Экономиканы акырындап оңдоп аларбыз, асты кудай экологиялык кооптуулукту алып келбесин дейли.
-Тоолор күнүн утурлай тоолуктарга каалоңуз?
-Тоолор күнү деп эл аралык деңгээлде бекеринен белгиленип жаткан жери жок. Анткени биз дагы тоолук элбиз. Тоолуктарга али көп камкордук керек. Тоолуу өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, жакшы иштерибиз менен таанышалы.




Сыйлыктар
Ыйгарылды
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана өзүмдүн атымдан сиздерди 15-ноябрь Айыл чарба кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бул жылыбыз айыл калкы үчүн оор, бирок жемиштүү жылдардан болду. Дыйканчылыкта жакшы натыйжаларга жетиштик, мал чарбачылыгында динамикалуу өсүү байкалды, негизги айыл чарба азыктарын өндүрүү көбөйдү, инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда, өлкөбүздүн фермерлери жаңы-жаңы ийгиликтерге жетишүүдө, мунун баары эртеөки күнгө ишеничтүү карап, жаөы ойлорду жана маселелерди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет деп ойлойм.
Урматтуу айыл чарбасынын иштермандары! Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктаймын, сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, ачык асман жана ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министри
Т.Беков

P.S. Бул күнү айыл чарбасына кошкон салымына жараша кызматкерлерге сыйлыктар ыйгарылды. Бири мактоо баракчасыны дагы бири төш белгиге ыраазы болушса, калгандарына акчалай сыйлык берилди. Министир өз сөзүндө биринин устаканы кичине дагы бириники чоң болбосун деп баарыңарга бирдей үч миң сом көлөмүндөгү сыйлык берилет деп кубандырды.





Күз берекеси
менен кошо келген майрамдар
"Жаз жарыш, күз күрөш"- деген элибиз кыш алдында жайлата жасаган мээнет үзүрүн көрүп бар түшүмүн жыйнап алышат. Анан бир серпилип кенен басышып аш -тойдун кызыгында дуулашат. Учурда кыргыз эли майрамдарга Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун улуттук агенттиги да өз кызматкерлери менен бирге бул кесиптин түйшүгүн кошо тартышкандарды чогултуп, майрамдык маанай тартуулап, колдон келген белек- бечкегин берип, жылуу сөздөрүн бири- бирине арнашты. Бир кызыгы сыйлык өлкөнүн бардык аймагынан келгендерге тапшырылды дегени менен Талас облусунун Бакай -Ата районунан бир гана катчы айымдан башка кызматкерлери мындай урмат -сыйга татыктуу эмгектенишпеген окшойт. Эч кимиси ардак грамота дагы, төш белги да алышпады,демек Таластык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү иштесе иштегендей иштеп, же өз ордуларын татыктууларга өткөрүп бергендери оң окшоп калды.







кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??