Сынакка макала
Кыргызстан "жашыл экологияга"даярбы?
Урматтуу окурмандар, гезитибиздин буга чейинки чыгарылыштарында АГОЦА уюму тарабынан жарыялаган "Рио+20" аттуу сынагыбызга келип түшкөн татыктуу деп табылган макала, радио берүүлөрдү гезитибизге жарыялаган элек . Бул жолу Алмаз радиосунун кабарчысы Ханзаданын Дидоксиналык борбордун координатору Игорь Вахабович Канжанбердиев менен болгон маегине күбө болосуздар.

-Бүгүнкү күндүн башкы көйгөйлөрүнүн бири - экологияга көңүл буруу. Экология тармагын илим катары караганда жаратылыш менен адамдардын байланышынан жаралган көйгөйлөрдүн төркүнү эмнеде?
-Ооба, өзгөчө акыркы эки жүз жылдыкка чейин бул көйгөйлөргө эч кандай көңүл бурулбай келген. Айрыкча калктын санынын өсүшү менен өнөр-жай тармагынын өркүндөшүнөн улам жаратылыштын жабыркашына өбөлгө түзүлө баштады десек болот. Тактап айтканда өнөр-жай тармагынын өнүгүшү менен ар кандай таштандылар,калдыктар эсепсиз көп чыгарылышы курчап турган айлана -чөйрөнүн чексиз булганышына алып келе баштады. Ошол таштандылар менен калдыктардан уулуу заттар бөлүнүп чыгып абанын булганышына, айлананын кескин өзгөрүшүнө түрткү боло баштады.Мына ушундай уулануулардын алдын алып, уулуу заттардан арылтуу боюнча биздин уюм иш алып барып жатат. Мисалы башаты биздин тоолорубуздан башталып кошуна мамлекеттерге агып өтүүчү өзөн суулары аркылуу барып калган уулуу заттар болот. Ошол суулар менен барган уулуу заттардан улам алардын жаратылышы запкы тартып, эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестиктер пайда болушу мүмкүн.
-Биздин негизги темабыз экологияга байланышып турган соң, тоолуу өлкөбүздө деградацияга учуроо коркунучунда турган тармактардын экологиялык абалына токтолуу менен маегибизди улантсак.
-Эгерде илимий көз караш менен алып карай турган болсок, бул географияга тийешелүү суроо болуп калат. Себеби биздин өлкөбүздүн 90 га жакыны тоолуу жерлерде жайгашкан. Тоолор канчалык бийиктеген сайын жер кыртышы өсүмдүктөр менен жука капталган болот. Өсүмдүктөр дагы сейрек жайгашып, тоо башынан көчкү жүрсө тез эле кошо жуулуп кетет. Көчкүлөрдүн тез-тез жүрүшүнөн тоолордун капталдары аңтарылып кетсе, жайыттардын да тез бузулушуна алып келет.Тоолуу жерлерде дайыма үч коркунуч бар. 1) тоолордо көчкүлөрдүн жүрүшү 2) элдин малды дайыма бир жерлерге жайышы 3)кен казуу. Мына ушундай жагдайларда жаратылыштын жабыркашы келип чыгат. Тоолордо кен казуудан кийин бүлгүнгө учурап, көп жылдар түгүлү түбөлүк калыбына келбей калган жерлер бар. Шахталардын орду азыр болсо алтын казуудан кийин канчалаган жер жараксыз абалга келүүдө. Анын ордун алтын менен толтура албайбыз.Ошондон улам жаратылышыбыз деградацияга учурап жатат. Бизде токойлор аз болгону 30га чамалайт, ал эми Швейцарияда 62га барабар токойлуу жерлер бар, алар жер кыртышын бекем сактоого чоң өбөлгө боло алат.
-Тоолор жана адам баласынын саламаттыгы туурасында эмнени айта аласыз?
-Адам баласы аба менен дем алууга жаратылган . Ал эми тоого чыккан ар бир адам кенен дем ала албайт. Тоо бийиктеген сайын деми кыстыгып, кыйналарын ар бир тоого чыгып жүргөндөр байкашат. Бийик тоолордо кан басымы көтөрүлүп, абанын жетишпегени оорчулук жаратат. Адам организиминде микро элементтердин аздыгы буга чоң таасир этет. Тоодо жашагандарга тоо суусунда магний, йоддун, ванадинин жетишпегени анчалык билинбегени менен саламаттыгына терс таасири тийип турат. Анын үстүнө тоолордо жер жемиштин аздыгы да чоң роль ойнойт. Тоолуу аймактарда жашагандардын үчтөн бир бөлүгү йоддун жетишсиздигинен дартка чалдыгышат.
-Кыргызстанда тоо кендеринин калдыктары экологиянын бузулушуна коркунуч жаратары белгилүү, анткени 130дан ашык тоо кен өнөр жайы бар. Ошого байланыштуу радиоактивдүү булгануунун кесепети канчалык?
-Мурдагы СССРдин убагында Кыргызстан, Тажикстан уран калдыктары көп жайгашкан өлкөлөр болуп келгендиктен, "урандуу казан"- деген атка конгон. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймактарында иштетилген шахталардан алынган заттар Тажикстандын Чкалов шаарындагы кенди кайра иштетүүчү заводко жеткирилүүчү. Калдыгы ал кездеги Россиялык технология менен жабдылган жайларда сакталчу. Кийин союз тарагандан соң алар кароосуз калды десек болот.Урандын радиоактивдүүлүгү узак сакталгандыктан адамдардын ден -соолугуна терс тасирин тийгизет. Дагы бир жаман жери 60-70-жылдары уран калдыктарын сактоочу жайларды курууда Россияга таандык усулдар менен курулгандыгы. Өзүңүздөр билгендей Россияда жер силкинүү болбойт, тоолу өлкөлөрдө жер силкинүүлөрү тез-тез катталып турат. Калдыктарды сактоочу жайларга жердин силкинүүсү чоң таасир этет. Ошондой эле көчкүнүн түшүшүнөн да калдыктарды сактоочу жайларга доо кетип, алардан бөлүнүп чыккан уулуу заттар адамдарды ууландырган учурлар бар. Мисалы 1966-жылы Ак-Түздө, 1994-жылы Майлы-Сууда, 2002-жылы ошол эле Майлы-Суу өзөндөрүндөгү калдыктардын сыртка чыгып кетүүсүн айтсак болот. Майлы-Суу өзөнү кошуна Өзбекстанга агып барарын эске алсак кошуна мамлекет менен экологиялык эле эмес, саясий дагы чырдын чыгышы мүмкүн эле.
-Кыргызстандын 50 дөн ашык өндүрүш жайларында күчтүү уулуу заттарды пайдаланаары белгилүү. Анын ичинен 18ге жакыны калк жашаган аймакта болуп, химиялык коркунуч жаратаарын айтып келет. Ушул маселелердин чечилүү жолдорун кандай түшүндүрө аласыз?
-Жогоруда радио активдүү калдыктар туурасында айттык. Учурда пестициддердин 4чү мууну колдонулуп жүрөт. 1чи, 2чи муундарынын калдыктары ар кайсы жерде аңдарда, чуңкурларда жатат. Алар 60-70-жылдары колдонулган пестициддер. Алар дагы бир топ коркунучтарды жаратарын элес албайбыз. Европада аларды утилге чыгарып атайын жогорку температурада өрттөшөт, кадыресе эле өрттөп жиберүү да зыян алып келет. Ошону менен Кыргызстанда уулуу заттардын калдыктары уран калдыктары, эски пестициддер, тери- булгаары иштетүүдө колдонулуучу химиялык кошулмалар жана желимдөө заводдордон чыккан калдыктар уулуу болуп эсептелинет.
-Кыргызстандагы башкы байлыктын бири - тоо суулары туурасында эмнени айтасыз?
-Кыргызстанда тоо сууларынын мол кору бар. Өзгөчө тоо башындагы мөңгүлөрдө сакталып тазаланган суулар Кыргызстандын эле эмес Борбордук Азия мамлекеттеринин сугат жерлеринин 40 ына жетет. Кыргызстандын агын суулары электро энергиянын дагы чоң булагы болуп турат. Гидроэлектр станциялардын жаны болгон суулар да аба ырайынын жылууланышынан улам азайып бара жатат.
-Анын экологиялык коркунучу эмнеде?
-Сууларды азайышы айыл чарбасына олуттуу жоготууларды алып келээри турган иш. Андан ары гидро энергиянын азайышы да бар. Ошондой эле жерлердин кургакчылыкка кептелиш коркунучу келип чыгат.
-Чечүүнүн жолдору барбы?
-Бул көйгөйдүн чечилишин эл аралык мааниде кароо керек. Сугат тармактарында сууну үнөмдүү пайдалануунун жолдорун караганыбыз оң. Суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жеткендиктен аны алмаштыруучу темир түтүкчөлөрдүн кескин кымбатташы да терс таасир тийгизет.
-Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктрүүнүн улуттук басымдуулугу эмнеде жана айлана чөйрөгө болгон улуттук өзгөчөлүгү эмнеде болушу керек?
-Мамлекет улуттук жетишкендиктерге жетүүдөгү жемиштүү пландарды түзгүсү келсе, анда жаратылышты корун коромжуга учуратпай, сактоону колго алышы кажет. Ал үчүн майда -чүйдө арзан нерселерге алаксыбай, ар кандай өндүрүш калдыктарынан зыяндуу өнөр-жай тармагынан, бак-дарактардын эсепсиз кыйылышын алдын алуулары зарыл. Эгер стратегиялык пландарга стратегиялык маани берип, аны ондогон жылдарга түзүү керек. Жаратылышта 3-5 жылга деген план болбойт. Анткени жаратылышта 50 жылдык бактар бар. Алардын өсүшү да жай болуп келет. Жер катмарынын туруктуулугун сактоого жөндөмдүү. Мындай дарактарды оңой-олтоң өстүрө албайсың. Мындай пландар айыл чарба, жаратылышты коргоо министрлигинин пландарында ар бир отчетторунда болушу зарыл. Биз билгендей Европада улуттук жаратылышты коргоого өтө зор маани берип гана койбостон, алар жаратылыш тартылган картинкаларда ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген жаратылыштагы өзгөчө жайларын да көздүн карегиндей сактоого аракеттенишет.Тилекке каршы биздин өлкөдө эми гана бул жөнүндө кам көрө баштадык.
-Тоолуу жердеги өзгөчө маанилүү био ар түрдүүлүк боюнча эмнени айтасыз?
-Кыргызстанда дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү ар кандай өсүмдүктөр менен жаныбарлар бар. Алар бийик тоолуу аймактардын ар кайсы жеринде кездешет. Айрым жерлер адам аралап бара алгыс жайлар болгондугу үчүн сакталып калган учурлар да жок эмес. Андыктан ар кандай системада көп түрдүү, сейрек кездешчүү өсүмдүктөр сакталып калган. Бирок "колдо бар алтындын баркы жок"-дегендей биз анчалык маани бере бербейбиз. Жаратылыш байлыгын сактоодо жеке бир өсүмдүктү же бир түрдөгү жаныбарды сактоо туура болбой калат. Жаратылышты сактоодо баарын чып-чыргасын коротпой сактоо маанилүү. Мисалы бир жерде коңуздарды жоготуп жибергенде, ал жердеги бакалар да, канаттуулар да жоголо түшкөн. Көп өтпөй бактар да куурай баштаган. Био ар түрдүүлүктү сактоого чоң маани бериши зарыл. Канчалык Ысык-Көлдү "био резерувуар" деп аталганы менен, ал жерде жаратылыш байлыгын сактоого анчалык көңүл бурулбайт. Оңой олжого эгедер болуу менен туристтерди көбөйтүүнү көздөп, жолду оңдоп жатышат. Бул анчалык туура чечим деп ойлобойм. Керек болсо Акаевдин тушунда Илимдер Академиясында мындай чечимге каршы добуш берилген. Бирок азыр бул чечим иштеп жатат.
-А, сиз "жашыл экономикага" өтүү туруктуу өнүгүүнүн жолу деген идеяны колдойсузбу. Эгер ошондой болсо биздин өлкөбүздүн "жашыл экономикага" өтүшү кандай болот. Кандай тоскоолдуктар кездешет? Жашыл экономикага өтүү менен кандай ийгиликтерге жетишебиз?
-Менин түшүнүгүмдө туруктуу өнүктүрүү деген термин, батыштын экологиялык саясатында ой максатына жетпей калды го деймин. Муну мындай түшүндүрсөк болчудай: бул кандайдыр макулдашууга барчу идея . Жаратылыштагы кандайдыр бир өсүмдүктү же жаныбардын түрүн коргоо элдин көз карашын калыптандырууга үндөө.
Туруктуу өнүктрүү бул жөн эле саясий уран, ошондой эле "жашыл экономикада" уран болуп саналат. Жаратылышка залал келтирбей айыл-чарбасын өнүктүрүү жана экономиканы өнүктүрүү жана башкалар. Ошондуктан мамлекет да, эл да жаратылыштын айрым бир түрлөрүн колдонууда акыл эстүүлүк менен пайдаланууга көнүшөт. Элдер кийимдерди транспортту, тамак-ашты ашыкча пайдалануудан качып калышат. "Жашыл экономикада" жартылышка зыяны тийбеген жашыл автомобилдер колдонулат. Мисалы алар же суунун энергиясы менен же шамалдын энергиясынан кубат алат. Биздин өлкөбүздө бул реалдуу эмес, буга чамасы жетпейт. Голландияда, Данияда 20-25 коопсуз энергияны колдонушат. Бизде жасасак болот, бирок Бишкектеги ТЭСти алмаштырсак, коопсуз энергия үчүн төлөөгө элдин даярдыгы барбы,чамасы жетеби… Же желге учуп келген кыял болобу ал али белгисиз.
-Экологияны сактоодо өлкөгө жардам берүү мүмкүнчүлүгү барбы?
-Биз бул жерде кайрадан социологиялык саясатка кайрылабыз. Бизде кабыл алынган сонун мыйзамдарды турмушка ашырууга аракеттенишибиз керек. Себеби бизди курчап турган өсүмдүктөр дүйнөсү тууралуу мекенибиздин жаратылышын сактоо кыргыз бермети Ысык-Көлдү коргоо боюнча жазылган мыйзамдарды турмушка ашырууга далалат күч болушу керек. Мындан 5 жыл мурда бир депутат айткандай "Ар түркүн мыйзамдар кабыл алынганы менен алардын турмушка ашырылышы кыйын болуп кагаз бетинде калып, ЖК нын ичинен сыртка чыкпай калып жатат". Ал эми сыртта башка мыйзамдар иштөөдө. Өлкөдө кабыл алынган мыйзамдарга эрк берип жашасак, эч кандай тааныштык- жердешчиликке баш ийбей, таза жашоо кечирмекпиз.