Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр



п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Картошканы кайра иштетүүгө даярбыз
Экинчи нанга айланган картошканы кыргызстандын дерлик өрөөндөрүнөн кездештирүүгө болот. Ал эми Талас жергесинде өздөрүн гана камсыздап койбостон кошуна казакстанга да сатышат. Чек арасын бекемдеп алган кошуна өлкөгө мурдагыдай кенен-чонон кирип, соода- сатык жасоого мүмкүн болбой калды. Азыр көбүнчөсү казакстандыктар келип, түшүмдөрүн дыйкандардан, жеринен алып кетишет. Албетте алар арзан алышат, андыктан дыйкандардын эмгегинин акыбети кайтып деле жыргатпайт.

Күнүмдүк керектөсүнөн ашпай калган учурлары жок эмес. Мына ушундай жагдайларды эске алган облус жетекчилери өкмөттүн жардамына таянды. Талас шаарындагы мурдагы эт комбинатын кайра оңдоп, жаңыртып индиялык ишкерлер менен бирге картошканы кайра иштетүүчү чакан заводко айландырып жатышат. Бул курулушту ишке киргизсек Талас жергесинде өстрүлгөн картошкадан ай сайын миң тоннасы иштетилет. Картошкадан чипсилер даярдалып, кардарларга сунушталат. Агро прод корпорация тарабынан 38 мллион сом которулду. Заводко керектүү жабдууларды алуу үчүн 3,5 мллион доллар грант алышты. Заводду ишке киргизүү аракети кызуу жүрүп жатканына индиялык ишкерлер атайын адистерди дагы жиберишкен. Мурда таланып-тонолуп кеткен имараттарды кайра калыбына келтирип, бүгүнкү күнгө ылайык куруу иштерин ОсОО "Салым курулуш" жүргүзүп жатат. Иш үстүнөн бир -эки сүрөткө тартканыбыз болбосо кошо барган облус губернаторунун орун басары Анарбек Тургуналиевдин сөзүнө кулак төшөдүк.
-Талас облусунда картошкадан жылына 250 миң тонна түшүм алынат.
Чакан заводду ишке киргизип алсак дыйкандарыбызга бир топ жеңилдик да, пайда дагы алып берген болобуз. Андан ары пюьре даярдоого арналган картошка унтагын ошондой эле картошка крахмалын дагы чыгарууга мүмкүнчүлүк ачылат.
Адистердин айтымында заводдон кайра иштетүүгө картошканын атайын ылгамдары каралышы керек экен. Быйыл колдо болгон түшүм менен ишти ноябрь айында баштаганы турабыз. Жаз алды менен заводко толук жарамдуу картошканын үрөөнү менен дыйкандарды камсыздоону пландаштырып жатабыз.
Быйыл Казакстандык ишкерлер менен келишим түзүүдөбүз дыйкандарыбыздын эмгеги талааага кетпесин жок дегенде картошканы он сомдон сатып алгыла деген шарт коюдук. Алар алгач алты-жети сомго токтолушуп жаткан эле, жемиштүү сүйлөшүүлөр болду, эми алар картошканы он сомго чыгарууга аракетенип жатышат.Ошондон улам келишимдин негизинде облустан 5миң тонна картошка сатылат.
-Талас жергесин чет өлкөгө таанытып жаткан төө буурчактын түшүмдүүлүгү аларды экспортко чыгаруу кандай жүрүп жатат?
-Айыл чарбасындагы орчундуу орун ээлеп калган төө буурчактан дыйкандарыбыз быйыл көңүл толоорлук түшүм ала албагандары белгилүү болуп калды. Анткени облус боюнча 42600 гектар жерге төө бурчак өстрүлүп, 72-75 миң тонна түшүм алынды. Учурда 12683 тонна экспорттолду. Облус дыйкандары менен тыкыз иш алып барып жаткан Азыркы СПК "Талас" жана "Ар-Бель" фирмалары аркылуу Туркияга 10500 тонна жөнөтүлдү .Европа өлкөлөрүнөн Болгарияга 900 тонна түстүү төө буурчак жөнөтүлдү. Эми түстүү төө буурчактан Грузия дагы алмакчы болуп жатат. Жыл санап биздин төө буурчактын кардарлары арбып келе жатат десем жаңылышпайм. Быйыл ылганып тазаланган төө буурчактын бир килограммы 33-37 сомдон айланса тазаланбай комбайындан түшкөн боюнча сатылган баасы 34-33 сомдон болууда. Дыйкандарыбыз төө буурчак картошка менен чектелбестен кант кызылчасын да өстрүүнү колго алып башташты. Мурдагыга караганда быйыл канттуулугун жогору алып, тоннасына 78 килограммдан шекер берүү жагы сүйлөшүлдү. Облус боюнча миң гектар кызылча аянты бар 20-25 миң тонна кант кызылчасын жыйнайбыз деген планыбыз бар. Жыйналган түшүмдү Кайыңды кант заводуна өткөрөбүз. Үстүбүздөгү жылдын берекеси төгүлгөн жыл болуп турат десек болчудай дыйкан -багбандарыбыз да алма өрүктөрүнөн жакшы түшүм алып кубанып турушат. Келечекте жер -жемиштен ширелерди алуучу цехтерди ишке ашырсак деген ойдобуз, аны дагы баштоону көздөп турабыз.Биздин мал киндиктүү жергебизде малдын эти жогору бааланып турат. Жакында эле Ирандык ишкерлер менен сүйлөшүп, бир чечимге келгендей болдук. Мурдагы эт комбинатынын мал соючу цехин оңдоп, ишке киргизип бул жерде союлуп, даярдалган этти жогорку баада Иранга сатабыз. Алар самолет менен ташып кетүүгө болот, деп турушат.
Эгемендикти алган жылдардан бери аксап калган өндүрүш тармагын аздап бутуна тургузуп алсак деген тилегин айтып кубанып турган губернатордун орун басарына биз дагы ийгилик каалап коштоштук.




Күндөн кубат алган "Күн челек"
Кара -Буура районунун борборуна жакын жайгашкан Чоң Кара - Буура айылындагы жаңылык район аймагына эле эмес бүтүндөй облуска тарады . Күн нуру менен жылыган суудан пайдалануу айылдыктарга бир топ жеңилдик берерин көрүштү. Жайды жайлата талаада иштеп келип, суу жылытып отурбастан даяр жылуу сууга кир чайкап же ырахаттана жуунуп алашат. Изденген адам ийгиликке жетет,- демекчи жаңылыкка жакын Жаныбек республикабызда ишке ашып жаткан долбоорлордун кайсынысы менен байланышсак, айылдыктардын турмушун жеңилдетүүгө болор экен деп жүрдү. Ошондой күндөрүн биринде күн нуру менен жылытуучу коллекторлор бар экенин угуп калды да, өзү да долбоор жазып катышууга бел байлады. Чындыгында эле ГЭФ тин жардамы менен алгачкы "Күн челекке" ээ болду.

Он адамдын башын кошуп, өздөрү "Алтын алкак" жааматын түзүштү. Бак-даракка чулганган 20 сотых жерде боз үй тигишип алгачкы конокторун кабыл ала башташканынына көп жыл боло элек. Райондун аймагындагы мекеме -ишканалардан жааматтар келип эс алып кетишет. Бардык шартын даярдап беришет. Алыстан келген коноктор үчүн салынган имаратта беш керебет коюлган Мындан тышкары эс алуу бөлмөсүндө телевизору жана башка заман бап эмеректер коюлган. Бир бөлмөнү атайын улуттук стилде жасалгалашып шырдактарды төшөп, улуттук колоритдеги туш кийиздер менен жасалгалашкан. Эко туризмди өнүктрүүгө багытталган бул жерде чет өлкөдөн келген коноктордун да аягы тыйылбайт десек болот. Имаратты жылытуу үчүн отун керектелингени менен башка керектөөлөр үчүн "күн челектин" жардамы чоң. Кир жууп, жуунганга суу жылытуу убаракерчилигин тартпайбыз -дейт жаамат башчысы Жаныбек Таласбаев. Албетте имараттын заман бап эмеректер менен жасалгаланышына да ГЭФтин долбоору аркалуу жетиштик. Бизге 300 миң сомдук грантка ээ болуу бактысы туш келди. "Күн челек" атка конгон күн нуру менен жылытуучу коллектордун жардамы менен жайкысын 90 градуска чейин суу ысытсак, кышкысын да жетишерлик өлчөмдө суу жылытууга болот. Бул биздин алгачкы долбоорубуздун жыйынтыгы болгон. Ал эми долбоордун жүрүшүнүн экинчи этабында биз дагы эле ГЭФтин колдоосу менен район аймагында кулактандырууларды таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп "Күн челекке" кызыгуучуларды окутуп үйрөтүүнү жүргүздүк. Биздин максатыбыз район аймагына таратсак деген эле ой болгон .Бирок кызыгуучулар облустун бардык аймактарынан катышты. Андыктан семинар сабактарыбыз жандуу -кызыгуу менен өттү. Облустук масштабта өткөрүлгөн семинардан кийин "Күн челекти" алууга ынтызаарлардын саны арбыды. Учурда долбоордун үчүнчү этабын ишке ашырып "Күн челекти" каалоочуларга чакан насыя аркылуу алууну уюштуруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бизге жүздөн ашык кардаардан арыз түшүп кезекте турушат. "Күн челектин" жөнөкөй түрлөрүн элет жеринде да жасап алууга болоорлугун айтып жатабыз. Заводдо жасалган "Күн челектин" сыйымдуулугу ар кандай эң аз дегенинде 100 литр суу болот. Баасы дагы элеттиктерге анчалык оор эмес,болгону 300 доллар чамасы.
Айылда азыр көп эле үйлөрдө колдон жасалган мындай "күн челектер" ийгиликтүү иштеп жатат. Чамасына жараша "күн челек суунун жылуулугун эки-үч күнгө чейин кармап турууга жөндөмдүү. Айрымдар мончолорунун үстүнө ыңгайлаштырып орнотуп алышкандыктан даяр душ болуп жатат.
Ушул күн челектин түрүн өркүндөтүп, сууну көп өлчөмдө ысытсак, анда чакан бөлмөнү да жылытууга болор, деген ойдобуз, деп сөзүн аяктаган Жаныбек Таласбаев чарбачылыгына шашып жатты.
Изденүүдөн талбай аракет кылгандар элет жериндеги жашоочулардын түйшүгүн жеңилдетүүгө салым кошо аларына ишенип турушат. ПРООНдун Чакан Гранттар Программасы элеттиктердин турмуш -тиричилигин, экономикалык абалын жогорулатууда алгылыктуу аракеттер менен иш алып барып жаткандыгынын бир күбөсү болуп кайттык.
Нуржамал Курманкулова









кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??