Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Туулган айылым-туурум
Казактардын кең талаасын артка таштап, кара -тоосун аралап, Кичи -Капкадан чыкканда эле Манас -Атанын айтылуу ак кар көк музу көрүнөт. Мөңгү сууларынан куралып өрөөндү жаңыртып агып жаткан Күркүрөө өзөнүн бойлоп Көк-Сай айыл округу жайгашкан. Союз мезгилинде асыл тукум мал өстрүү чарбасы болуп атагы алыска кетип турар эле.
Андан берки жылдары турмуштун өйдө -ылдыйында калчанып, өзүнүн даңкы менен даңазасын унутуп да калган. Жаман нерсе жугуштуу дегендей, союздун чачырашы менен чабал айыл өкмөттөрүнүн бирине айланып, саясаттын сасык оюндары менен алек боло, элдин турмуш шарты оорлоп көп кыйынынчылыкты баштан өткөрүштү.
Айыл округунун башчылыгына айылдын кулуну Шамуратбек Мамбетов келгенден тартып, жаңылануунун жел аргысы жүргөндөй болду. Алган билими менен буга чейин топтогон иш тажырыйбасын туулган айлынын өсүп-өркүндөшүнө арнады.
Айылдын бүгүнкү келбетине токтолуу үчүн кабарчыбыз уюштурган фото репортажга орун берели.
1 млн. 677миң сомго айыл округунун кеңсеси жана маалымат борбору оңдолду.
4 млн. 566 миң сомго Кайнар айылында Күчүкпаев Керимбай атындагы мектептин жаңы имараты салынды. 902 миң сомго Көк- Сай айылында бассейиндүү мончо ишке киргизилди. 2 млн. 896 миң сомго Кайнар айылындагы Маданият үйү салынып, ишке берилди. 2 млн. 146 миң сом жумшалып, МТМдин бүлүнүп -тонолуп кеткен имаратынын профилин өзгөртүп, оңдоп чыгып татынакай спорт Сарайына айландырды. 380,0 сомго Көк-Сай айылынын кире беришиндеги арка реконструкцияланып жаңы түстө жасалды. 2 млн 127 миң сом жумшалып 200 орундуу Көк -Сай айылдык Маданият үйүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
45 миң сомду Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго тургузулган эстеликти реконструкциялоого жумшаган. Мындан тышкары 9млн 876 миң сом жумшап Көк-Сай айылына "Туюк -Төр таза суу" ИСКАБ курулду.
1млн 443 миң сом менен Көк- Сай орто мектебинин жылуулугу электр энергиясы менен жылытууга өткөрүлдү. 2 млн 247 миң сом жумшалып Кайнар айылынын үстүндө сел тосмо курулду.350 миң сомго Көк-Сай айылынын экинчи бөлүгүнө типтүү мончо курулду. 350 миң сомго Кайнар айылында мончо курулуп ишке берилди.
Аталган долбоорлорду ишке ашырууда Түрткү берчү грант аркылуу колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине Көк-Сай айыл округунун эли терең ыраазычылык билдиришет.




Бакытка толгон балалык
"Көк-Сай" айылынын чок ортосунан орун алган "Гүлбадам" бала бакчасынын астанасын аттаганда эле ырааттуулук менен тазалыкка көңүл толот. Бала бакчанын короосунда түркүн түскө боелгон жомок каармандарынын кейипкерлеринин жасалышы, кичинекей үйчөлөр менен көлөкөсү барпайган бак-дарактар көзгө сүйкүм көрүнөт. Имараттын ичине баш бакканыбызда тыпыйган бут кийимдер тизилип балдардын тартипке баш ийгендигинен кабар берет. Бизди жылуу тосуп алган бала бакчанын башчысы Анара Мааткулова эже бала бакчанын жашоо тиричилиги менен тааныштыра баштады.

Ар бир балага арналган шкафтарга кийимдери илинет алардын өздөрүнүн сүрөттөрү чапталган. Барынан ойноочу бөлмөдөгү баланын таанымын жогорулатуучу усулдарына ылайык чакан бөлмөчөлөр жасалып, ар бирине көрнөктөр чапталыптыр. "Кут" дүкөнүндө балдар дүкөнчү болуп ойносо, "Сулуулук салонунда" чач жасалгалап ар кандай боекторду колдонууну үйрөнүшөт. "Үлгүлүү үй" бул жерде кыздар үй тиричилигине керектүү буюмдарды көрүп, көздөрү каныкса, конок тосуп кыргыздын улуттук кийимдери менен туш кийиздерин ,шырдак төшөнчүлөрүн кандай колдонууну өздөштүрө алышат. Албетте балалык бал курактагы таалим-тарбия алардын келечегине бир багыт болуп калаар. Усулдук бөлмөдөн улуттук оюндарга керектүү чүкө, камчы , томпой, сыяктуу заттарды көрүп наристелер нукура элдик каада- салтардын айрымдары менен бала бакчадан тааныш болорун болжодум. Ал эми уктоочу бөлмөдөгү керебеттерди эч кандай дүкөндөрдү кыдырып убара болбостон айылдагы жыгачка жан киргизген чебер уста Жусуп Эгембердиев жасап бергендигин мактаныч ыраазы болуу менен айтып берди. Дүкөндөрдөн кымбат баада сатып алып, аны жеткирип алуу канча түйшүк жаратмак. Фабрикада жасалган эмеректен да сапатуу жана балдарга ыңгайлуу жасалганына биз да, ынанып турдук. Ашканада заманбап эмеректер коюлуп,жаңы электр плитасы иштейт. Муздаткычында витаминдүү азыктар сакталып атайын түзүлгөн менюга карата балдарга берилет. Токсонунчу жылдары жабылып калган бала бакчанын керектүү инвентарлары да чачылып кеткен экен . Анара эже жаш келиндердин балдары кол байлоо болуп ишке чыга албай жүргөнүнө көп эле күбө болгон. Ошондон улам айыл өкмөт башчысы менен макулдашып, райондук жетекчилерге чейин кирип жүрүп, жаңы бала бакча ачууну колго алган. Он экиден бири жок кантип иштетесиң дегендер да болгон. Антсе да Анара эженин балдарга болгон сүйүүсү жеңип кетип ,күндөп-түндөп чуркаган эмгеги жанып, алгач 25 бала келчү бала бакчага бүгүнкү күндө 55 бала келип тарбияланып жатат. Алгач эски дарыкананын бир бөлмөсүнөн орун алса, азыр мурдагы айыл өкмөттүн кеңсесин кошуп алышты. Менин баламды бала бакчага алсаңыздар, деген арыз менен учурда жүздөн ашык ата-эне арыз жазып койгон, бирок алардын барын кабыл алууга орун жетпейт. Айыл округ башчысынын маселени тура түшүнгөнүнөн улам келерки жылдан баштап типтүү бала бакчанын курулушу пландалып жатат. Албетте айыл тургундары да четте карап турбастыгы белгилүү. Колдон келген жардамдарын берип, айылдын наристелеринин жаркыраган кенен бөлмөлүү бала бакчада тарбияланышына жетишебиз деген тилегин айтты.
Нуржамал Курманкулова








кыргыз тилиндеги гезит "Айыл деми"









??.??